Warning: include(../bash.htm): failed to open stream: No such file or directory in /var/www/u0658628/data/www/presskg.com/uch/10/0722_12.htm on line 2

Warning: include(../bash.htm): failed to open stream: No such file or directory in /var/www/u0658628/data/www/presskg.com/uch/10/0722_12.htm on line 2

Warning: include(): Failed opening '../bash.htm' for inclusion (include_path='.:') in /var/www/u0658628/data/www/presskg.com/uch/10/0722_12.htm on line 2


п»ї

Сиз менен кумарга баткым келет…
Эгерде сиз сыйлаган, баалаган, же жүрөгүңүздөн түнөк тапкан атактуу адамыңыз болсо, анда "Арзуу" рубрикасына жан сырыңызды жазып, бугуңузду чыгарып алсаңыз болот. Бул сиздин жандүйнө жолдошуңуз болуп берет.

(Гүлжан Кулмамбетовага!)
Түн бир оокум… Сизди эстеп отурам. Жаным тынч албай. Жалгызсырайм. Бу дүйнөдө ансыз да өмүр кунарсыз экенин жүрөгүм менен сезип. Өзүмчө туйлайм. Үйүргө жаңы кошула турган аргымак сымал. Көөдөнүмөн толкуп-ташып. Айтор, жандүйнө жайында эмес. А сизчи? Кептин баары ушунда да. Атаңдынгөрү, оргуп турган мендей жигиттин дареметин байкабадыңыз да. Кызык, бир чети өзүм да күнөөлүүмүн. Сиз менен бир кечеден таанышып, бирок, эмнегедир жакындан сүйлөшүүгө даабай койдум. Менден улуу экенсиз, анүстүнө сулуусуз. Кулпуруп, көз кумарын алып. Эх, жанып турган оттой болуп, чын эле…
Бир курдай дагы жолугуштук. Эмнеге билбейм, сиз менин ички сезимимди сезбей койдуңуз. Же атайын эле ой түйшүгүнө салайын дедиңизби? Билбедим. Чайналганымчы? Неге сезбейсиз? Ушунча да түйшүк жаратасызбы? Суроолор көп, чайналам. Жаным дирилдеп. Себеби, сиз менен кумарга баткым келет… Кечириңиз, жалган жашоодо махабатты жашырууга болобу? Ансыз да өмүр аз. Түшүнөсүз деп ойлойм, мен үчүн…
Ким билет? Жакында Кудай буйруп, кайрадан кезигебиз. Мен сизди бышып турган мөмөгө салыштырам…
Гүлжан эже, тамшанганды билесизби?..
Жигиттин гүлү




  Жөрөлгө

Кут кармалдыбы?
Башынан кайгы кечирген улут ой-ниетин жакшылыкка буруп, жакшылыкка жооруган жөрөлгөлөргө берилет. Бири ишенип, бири табынып, кай бири ишенбей да коер. Жалпыны ынандыруу эмес, маалымат майданынын өкүлдөрү катары өлкө ичиндеги ар кандай көрүнүштөн калкка маалымдоо - биздин вазыйпа.
"Кыргызга кут түштү, кармап калгыла" деген чакырык менен жер соорусу атыккан Соң-Көлдө 41 күн "Манас" айтылып, дастан жаңырмак. Ага улам күбө болуп, көл менен тоонун жаратылышы айкалышкан ыйык жерде "Манас" угуп, дастан тыңдап келаткандардын саны арбууда. Өткөн дем алыш күндөрү биз да "Кут кармачу" таш туулганы тегеректедик. Коломтонун куту болгон айымдар, алардын сыртынан мырзалар тегеректеп, "Улутум - кыргыз, урааным - Манас" деп жаңыртышты. Артынан кезек-кезеги менен "Манас" айтылды, кыздардын дастандары жаңырды. Каныкей эненин Семетей уулуна Манас жана өз тегинен баян салганы айтылды.
Аталган иш-чаранын өткөн жумадагы бөлүмү анын демөөрчүсү "Замандаш" партиясы жана лидери Мухтар Өмүракунов каржылаган күрөш, улак тартыш оюндары менен жыйынтыкталды.
Ошондой эле Мухтар мырза кыйын аткыч катары да өзүн көрсөттү...
Айым НУРЖИГИТОВА




  "Жети өлчөп, бир кесип..."

Жылдыз Рахимдинова, экс-депутат:
"Тажрыйбалуу айымдардын үйдө отурганы өкүнүчтүү"
- Жылдыз айым, учурдагы жер жайнаган партиялардын арасынан "Акыйкат" партиясынын тандооңузга эмне түрткү болду?
- Эң оболу, "Акыйкат" партиясына киргендигимдин себеби, лидерине ишенгендигим менен байланыштырсам болот. Кыргызда "сүткө оозу күйгөн айранды үйлөп ичет" деген жакшы кеп бар эмеспи. Биз мурдагы качкан бийлик менен иштешкендигибиз үчүн гана эл алдында уят болуп калдык. Болбосо, биз тигиндей-мындай интригаларга аралашпай, тек гана парламентте социалдык иштер, мыйзам долбоорлору менен иш алып барчубуз. Жеке өзүм тууралуу айтсам, мен парламентке барбай эле өзүмдүн билимимди, тажрыйбамды элиме арнап, өзүм билген структура боюнча эле иштесемби деп ойлогом. Бирок, азыркы өлкөдөгү аябай оор, кыйын шарттарды көрүп туруп, 7-апрелден кийинки бейкүнөө төгүлгөн кандарды билген соң, ойлонуп, андан соң мындай көрүнүштөрдүн баардыгын бейкапар карап тургум келген жок. "Акыйкат" партиясына киргенге чейин эле мага ар кайсы партиялардан бир катар чакыруулар келип түшкөн. Албетте, мындай чакырыктардан соң өзүмчө ойлонуп, ушул партияны тандап алдым десем болот.
- Сөзүңүзгө аралжы сиз партиянын уставына карап келдиңизби же лидерине карап түздөнүп келдиңизби?
- Көп нерсесине карап келдим десем болот. Лидерине дагы ишендим деп айта алам. Өзүңөр билсеңер керек, Аликбек Жекшенкулов кыргыз саясатчыларынын арасындагы билимдүү, эң башкысы, таза инсандардан экендиги маалым. Партиянын устав, программасына андагы иштеген адамдарга да карап келдим деп айта алам. Эң негизгиси, "жети өлчөп, бир кесип", бул сапар да эл алдына уят болбогондой ойлондум десем болот. Мурдагы чакырылышта баштап кеткен иштеримди дагы аягына чыгарайын деп максат коюп турам.
- Аталган партияга өзүңүздүн кандай ой-пикир, сунуштарыңыз бар?
- Мен мурда-кийин билим берүү системасында иштеген адам катары учурдагы билим берүү тармагындагы аксап жаткан иштерге өз үлүшүмдү кошсомбу(?) деп колуман келген аракетимди жумшоого бел байлап жатам. Ошол эле мугалимдерибиздин айлык-маяналарынын аздыгы боюнча жаңы бир программа иштесекпи дегендей. Анткени, билим берүү баардыгыбыздын келечегибиз, аны туура багытка бурушубуз керек. Айтор, парламентке келип калсак, билим-берүү, социалдык иштер боюнча көптөгөн алгылыктуу асыл максаттарга жетишебиз.
- Азыр коомчулукта парламентке келген айымдар жөн гана гендердик теңчиликти багындырыш үчүн келет. Алар парламенттен эч бир маселе чечпейт. Буга акыркы чакырылыштагы айым депутаттардын иши күбө деген пикирлерге кандай карайсыз?
- Мен буга таптакыр кошула албайм. Парламентте деле гендердик комиттетте иштедим. Албетте, аялдарды көтөрүш керек. Өкүнүчтүүсү, бизде азыр көптөгөн билимдүү, тажрыйбалуу, акылдуу айымдарыбыз эч жерде иштебей үйдө отурушат. Ошол себептенби, бизде башкаруу системабызда көбүнчө эркектер иштеп, күчтүү делген айымдарыбыз четте калышууда. Биздин каалообуз: ошондой башкаруу системаларыбызга айымдар да көбүрөк тартылса дейт элек. Баягы кыргызда айтылчу "бир баш жакшы, эки баш андан да жакшы" деген кептин сыңарындай. Ал эми 3-чакырылыштагы депутаттарды көрбөдүкпү, бир дагы аялзатынын жоктугунан кандай ызы-чуулардын болгондугун. Аялзатынын өкүлдөрү болгондо андай иштер болбойт эле деп ойлойм.
Калыгул Бейшекеев




кыргыз тилиндеги гезит "Учур"
email • архив • редакция 
22-июль, 2010-ж.:
1-бет
"Баланын үйү - бапанын алачыгы"
Нифадьев чууну баштайбы?
2-бет
"УЧУР" гезити Бегалыдан кечирим сурабайт!
3-бет
Итзамандан
4-бет
Жээнбек КУЛУБАЕВ:
"Эки элдин кызматташуусунун жемиши жеке президенттин энчиси эмес"

5-бет
Кайсы партияга добуш бересиң?
6-бет
С.Абдукаримов кантип министр болот?
7-бет
Сотторду мөөнөтүнөн мурда бошотуу негизсиз
8-бет
Темике, сага ушундай келечек керекпи?..
9-бет
Жоругу жорго Ким Чен Ир
10-бет
Оомат келди ордобузга!
12-бет
Сиз менен кумарга баткым келет…
13-бет
Жаш талант
14-бет
Сезимдер "сандыгынан"
15-бет
Түштүк Африка өлкөсүнө таасирленген Улугбек
16-бет
Айласы кеткен абитуриенттер
17-бет
Назми таарынса, Талант гүл алып келет
18-бет
Кундуз КАНАТБЕК кызы:
"Кооз жерлерде сүйгөн адамым менен..."

19-бет
Айнурага айымдар тең келе албай...
20-бет
Кыздар, К.Жолдошбаевден тукум алгыла, балдарыңар зоот болот!
22-бет
Эрозона
24-бет
Кубанычтын Ак кушу ким?










??.??