Warning: include(../bash.htm): failed to open stream: No such file or directory in /var/www/u0658628/data/www/presskg.com/uch/10/0722_10.htm on line 2

Warning: include(../bash.htm): failed to open stream: No such file or directory in /var/www/u0658628/data/www/presskg.com/uch/10/0722_10.htm on line 2

Warning: include(): Failed opening '../bash.htm' for inclusion (include_path='.:') in /var/www/u0658628/data/www/presskg.com/uch/10/0722_10.htm on line 2


п»ї

  Оомат келди ордобузга!

Манас руху кут болуп куюлууда
Азыр Кыргызстанда дүйнөнү дүңгүрөткөн окуялар болуп жатканда, ага саясый боёк берип, анын чыныгы маңызын бурмалаганга аракеттенгендер кут болуп куюлуп келаткан рухту да табигый өзөгүнөн ажыраткысы бар. Азыр "Теңирчилик", "Манас доору", "кайыптан", "нур болуп" деген сөздөр көп айтылып, атеизм жүрөгүнө берч болуп катып калган, коммунисттик идеялар аңсезимин ширедей матап алган маңкуртбайлар ал сөздөрдүн маанисин жете түшүнө бербей, баягы "совет элинин" сересинен баалап атыры. Атүгүл дүйнөлүк цивилизациянын башында турган, керек болсо ошол көчмөндөр цивилизациясынын туундусу болуп эсептелген европа маданиятынын классикалык үлгүлөрүнүн түпкү теги, түп нускасы кыргыздай көрөңгөлүү элдин энчиси болгонун эми дүйнөлүк билермандар моюнга алып жатканда, жандүйнөсү жакырланып калган кыргызбайлар камырабай, ошол пикирлерди да колдоп кеткенге жарабай, рухий кыртышыбыздан ажырап, кайдагы көртирликтин курмандыгы болуп бараткансыйт. Рим империясынан да байыркы Ош шаарынын 3000 жылдыгын өткөргөндө, анын Улуу жибек жолунун толтосу болгону, айрым кытай тарыхчылары тымызын айтып жүргөндөй, Улуу кытай чебинин түндүк жагы Өгүзкандан, батышы Манастан коргонуу үчүн курулганы, 8-кылымга чейин башкача аталган азыркы Манас шаарын (Үрүмчүдөн 60 чакырымдай биз тарапта) душманын эрдигин сыйлап атаганы, анын чок ортосунда курулган Манастын атчан айкели Тургунбай Садыков Кыргыз филармониясынын алдына кырчаңгы атка мингизип койгон Манас айкелинен алдаганча айбаттуу да, салмактуу да экени мекенчил кыргыздарды ардантып, "курама жыйнап журт кылган" атабыздын арбагы алдында ага татыктуу жашоо үчүн, биринчи кезекте, ынтымак менен биримдикте жашоо керектиги коогалаңдуу ушул заманда аба менен суудай керек болуп туру. Ошон үчүн кыргыздын нукура каада-салты, адеп-ахлагы, насили менен ошол улуу биримдикке чакырган "Айкөл Ордо" маданий-этнографиялык борборунун ачылышы, андагы жаңыдан колго алына баштаган жөрөлгөлөр коомчулуктун көңүлүн бурууда. Ал айрыкча Алтайдан Алатоого "Манас жолу - улуу жүрүш" деген ат менен маалым болгон кыймылдын жанданышы менен оозго илине баштады. "Дасмия" комплексиндеги ошол борбордун ээси Турусбек Мамашевди жана анын демилгесин колдоп жаткан журналист Бөкөнбай Боркеевди кепке тартканыбыздын жөнү да ушу.
Турусбек Мамашев: - Ар бирибиздин бешенебизге жазмыштын жазып койгон энчиси, милдети болот окшобойбу. Мен деле башкаларчылап советтик мектепте окугам, замандаштарыма окшоп "Манасты" мектеп программасын ылайык билчүмүн, студенттик куракта бир кесим нанга зар болгон учурларды эстеп каңырыгым түтөйт. Анан эемендүүлүктү алып, базар мамилесине өтө баштаганда тириликти нөлдөн баштоого туура келди. Бирок анда ушул күндөр уктасам түшүмө кирген эмес. Анан бир күнү эле аян келди. Келди да, сезимимди матап алып, кайда жүрбөйүн, кандай көйгөйдүн сазына белчемден батпайын, Манас руху чакырык таштаган Бакай насаатындай, алыстан бүлбүл жанып көрүнгөн маяктай азгырып туруп алды да, ошо рухий күлазыктын даамын качан жана кантип татканымды, көргөн-билгеним Манас болуп, азгыргы менен жашап жүргөнүмдү сезбей калдым. Бир күнү Замир досумдун иниси "какаганга муштаган болуп", мага Манастын чакан айкелин апкелип: "Таластагы Бакай-Ата конушунда Михаил Фёдорович Тур деген бедизчинин короосунда 2002-жылдан бери Айкөлдүн чоң айкели турат" деп калбайбы. Аны көргөндөн кийин көөнүм ошону эле дегдеп туруп алды. Анан 2010-жылдын 30-апрелинде "Дасмия" комплексинин бозүйлөр турчу ыптасына куду кут конгондой болуп, ошол айкел орноп калды. Анын ачылуу асемине аттуу-баштуу кишилер, бедизчинин өзү да катышты. Ошондо 250дөй санаалаш кишим келип, бул жерди Мекке сыяктуу ыйык жайга айлантуу сунушун билдиргенден кийин ойлогонум эле ошол болуп калды. Небир түн уйкусунан кечип, маарыйын деген машакат башыман чар учкандай чачырап, түйшүктүн түгөнбөс ташпиши менен азыркы абалына апкелдим. Ошол ачылышка Жайсаң манасчынын Айкөлүн жаңыча өңүттөн жазып чыкканы менен менин дитимди биротоло бийлеп алган рухий зыяратчым Бүбүмариям да келген. Ошондон тарта менин турмушумда, жандүйнөмдө жаңы бурулуш башталды. Мен өзү ишеним менен жашаган кишимин. Тарбиям ошондой. Анан Манас руху кошул-ташыл болуп, эс-дартымдын баары ошол болуп калды. Канткен менен "Дасмия" комплексинде тамак-ашыма жетер бизнесим бар эле, аны жөндөгөнгө да убакыт керек. Туризмди жетектеп жүргөндө түйшүк андан бетер басты. Анан "оорумду колдон алар" санаалаш Акылбек Мураталиевди таптым. Ал ушу тапта Алтай-Алатоо жүрүшүнүн штаб башчысы катары уюштуруу иштери менен башмалдак атып жүргөн кез. Маданий-этнографиялык борбор болуп аткан соң, ошол иштин көзүн билген, сыналгыда көптөн бери элдик өнөр менен кошо "Манасты" ийне-жибине чейин иликтеп жүргөн Бөкөнбай Боркеев туурума келип конду.
Бөкөнбай Боркеев: - Ар бирибиздин жүрөгүбүздө ата-бабабыздан уккан, эне сүтү менен каныбызга сиңген өзүбүздүн Манасыбыз бар го. Мына, академиянын колжазма корунда "Манастын" сексенден ашык варианты турат. Демек, ошол манасчылардын ар биринин өз "Манасы" болгондон улам бири-бирин кайталабаган варианттар жаралып жатат. "Манас" айтпаган, бирок ар бирибиздин көкүрөгүбүздө жашап жаткан Манасыбыздын урпактарыбыз, дүйнөдө теңдеши жок улуу дастаныбыз деп сыймыктана айтуучу даражага жеткирип, акыры минтип Манас доору башталып, кыргыздын ооматы келип турганда, өзүнчө бир аалам кереметине айланып барат. Билермандар дүйнөдө жети керемет бар деп, мурда эле баалуулуктардын наркын бычып койсо, алардан да ашкан дөөлөт кыргыздай гана көрөңгөлүү элде жаралып, дүйнөлүк цивилизациянын башатында турган көчмөндөр цивилизациясынын булагы, уюткусу кыргыздай гана жаратман элдин колунан келерин башка көөнөрбөс өнөрлөрүбүздү айтпаганда да жалгыз "Манасыбыз" айгинелеп койбодубу. Дүйнөнүн 27 жеринде Манастын аты коюлган топонимдер бар. Демек, аларды кандайдыр Манаска тиешеси бар деп эсептешибиз керек да. Аердеги элдер ошо Манаска тиешеси бар үчүн атын ардактап коюп жатат. Маселен, Алматы областынын аймагындагы Иле Алатоосунда Манас чокусу, Эртиштеги жайлоо, Жамбыл аймагындагы мазар, Талдыкоргондогу Манас ашуу, Арал деңизинин чыгышындагы Манас арал деген топонимдер бар. Манастаануу илиминин башатында турган казак илимпозу жана этнографы Чокан Валихановдун, "Манас" - кыргыздардын баатырдык эпосу" деген фундаменталдык эмгек жазып, 1952-жылы өткөрүлгөн бүткүлсоюздук конференцияда кыргыз окумуштууларына караганда "Манастын" элдик эпос экенин жанын үрөп далилдеп, анын элдүүлүгүн сактап калган Мухтар Аузовдун мекенинде Сагымбай, Саякбайды мындай кой, азыр "Дасмия" комплексиндеги "Айкөл ордо" маданий-этнографиялык борборунда өзүнүн "Манасын" айта баштаган Шайлоо Алымбек уулунчалык "Манас" айтып калган казак боордошторубузду көрөлекмин. Мен муну менен казактардын кадырын түшүрөйүн дегеним жок. Тек гана кыргыздын бешенесине жазылган, канына сиңген, тагдырына тамырлаш, кыргыздай гана көрөңгөлүү эл айталат дегим келди. Совет доорунда, анан кийин элибизди көрүнгөнгө жем кылып таштай качкан теги казак Аскар Акаевдин, элибизди канга боёп кеткен теги дуңган Закиржан-Курманбек Бакиевдин тушунда "Манас" мектептерде, жогорку окуу жайларында керектүү деңгээлде окулбай жатат деп наалычы эле, эми "киргиздер" окубаса койсун, а чыныгы кыргыздар кыйноо-кыстоосуз эле өз алдынча билүүгө дилгирлене баштады. Бул-ааламды акырындап багынтып келаткан Манас доорунун башталышынын бир белгиси. Эми ошол кут, ошол белги ушул "Айкөл Ордо" маданий-этнографиялык борборуна, чыныгы кыргыз айылына конгон сыяктуу. Мени биерге жетелеп келген дагы бир азгырык - мен Таластагы Манас Ордо маданий-этнографилык компекстине жакын Кырк-Казык айылында төрөлгөм. Менин жандүйнөмдө ата-энемдин каны менен кошо оошкон өзүмдүн Манасымдан тышкары акыл-эс киргенден тарта атам Борке кулагыма кыт куйгандай уюткан Айкөлдүн элеси, карегимден карыш жылбаган Манас күмбөсү менин бүткүл аңсезимдүү турмушумда маяк сыяктуу бүлбүлдөп турган руханий азгырык, күлазык болуп калды. Ошон үчүн, анан да сыналгыда "Манасты" менчелик көп насыяттаган, жеке гана эмес, мамлекеттин казынама "Манасты" менчелик көп сактабаган инсан же манастаануучу болбогондугу үчүн сыймыктанам. Түбөлүк руханий пирим болуп калган Манас атамдын жетеги менен келдим мен бу кут конгон жерге.
Турусбек Мамашев: - Менин да тилегеним ошол эле. Бөкөм айткандай, чын эле кут конгон жер болсо, анда ошо кутту кушка окшоп таптап алчу, аздектеп барктап алчу бардык рухий дөөлөттөрдү, аң сезим башаттарын ушул жерге топтомоюн, айылдын ажары ачылбай турганын туйдум. Баарынан кызыгы, биерге келип, жыт чыгарып, түлөө кылып, жөн эле бата тилеп жаткан аттуу-баштуу кишилер, Манастын руху менен жашаган мекенчил атуулдар, окумал аалымдар Меккеге окшогон ыйык жерге айлантуу керектигин айтканда, жандүйнөмдө кандайдыр бир жылуулук пайда болуп, балким, мен пир катары тутунган Манас-атанын жагымдуу нуру даарып жаткандыр, көзкарашымда жаңы жышаандын, жаңы жөрөлгөнүн жүлгөлөрү пайда болду. Мен бул бийик пафостуу сөздү ошондой ыйык жер мен жетектеген "Дасмия" комплекстинде болуп жатканы үчүн эмес, Манас рухуна болгон муктаждык бүтүндөй кыргыз элинде ойгонуп келатканы үчүн айттым. Качандыр бир ушундай демилгени мекенчил атуулдар башташы керек эле. Ошол милдет менин бактыма туш келгенине курсантмын. Ушундай кут конгон ыйык жер Кыргызстанда огеле көп. Маселен, Таластагы "Манас Ордо", Атбашыдагы "Кошой-Коргон", көлдөгү "Рух Ордо" менен "Аалам Ордо" ж.б. Ар биринин өзүнчө орду жана аткарар милдети бар. Ошолордун кенжеси "Айкөл Ордо" башкалаада болгондуктан, эл бир эле руханий уюктан бардык өнөргө карк болуп, байыркы элибиздин байманасы ашып-ташкан бай казынасына, бай мурасына күбө болуп кайткыдай, куру-кол кетпегидей деңгээлге жетишүүбүз керек. Куда кааласа, кыргызды улут катары башкалардан айырмалап турган колөнөрчүлүк кенен узканасын ачалы деген ниет бар. Туризмди жетектеп турганда, чет элде кыргыздын колөнөрчүлүк буюмдарына канчалык кызыгарын, суктанарын көрүп, биз дүйнө элин "Манасыбыз" жана башка элдерден өзгөчөлөп турган эң кооз элдик буюм-тайымдарыбыз менен багындыра турганыбызды сездим. Бул оюмду бекемдеген Айдай Асангулова деген чебердин айтканы болду. Ал минтет: "Борбордук Азия боюнча кийизчилик Кыргызстанда гана катуу өнүккөн. Биздин салтыбыз менен маданиятыбыздын тереңдиги жана кенендиги кийизчилик өнөрүнөн эле байкалат. Уз чеберлерибиздин кийиз буюмдарын Бишкекте сатуу деңгээли өтө төмөн, ошондуктан, көбүнчөсү Алматы шаарына алпарып өткөрүп келишет. Ал жерден болсо биздин мыкты буюмдарыбыз казактардыкына катар чет элдиктерге сатылып кетет". Мына, бешенебизге жазган "Манасыбызды" кытайларга тарттырып жибергенибиз аз келгенсип, эми кол өнөрчүлүк буюмдарыбыз казактардын атынан кетип жатыптыр. Намыстана турган ишпи? Азыр базар баасы бапырата басып турган шартта небир уздар, айрыкча элеттиктер көз жоосун алган кооз, азем буюмдарын өзүбүздүн эле далдалчыларга болбогон баага кармата берип, же анысынын жарытпаган акысын учурунда алалбай кыйналып жатканын көрүп, ушул "Айкөл Ордо" маданий-этнографиялык борборунда адегенде колөнөрчүлөрдүн атайын узканасын ачып, аны келечекте буюмдардын түрүнө жараша ишкана-цехтер менен жабдып, өндүрүштүк негизге өткөрөлү деген ниет бар. Чеберлердин колунан жаралган буюмдар эч кандай ортомчусу жок эле ушу кыргыз айылында уюшулган көргөзмө-базарда кардарлар тикелей уздардын өз колунан сатып алып кетүүгө мүмкүнчүлүк алгыдай шарт түзөбүз. Алардын эң мыктыларын топтоп, көчмө ажайыпкана (музей) уюштуруп, чет элге жаңы жаралып жаткан "Дасмия" фольклордук тобу менен соода-саякатына чыгабыз. Ал эми жыл бою жылбай иштеген даарымчы, батачы, манасчыларыбыз элдин денсоолугу, рухий азыктануусу, аруулануусу үчүн кызмат кылат. "Бата менен эл көгөрөт" дегендей, Абдумуталип уулу Жапаркулдун күнүгө агылып келип жаткан элге Теңирим оозуна сала берген батасынын сообу тийип атат го. Анын ар бир жолу жаңыланып айтылып жаткан батасында ынтымак менен биримдиктин, ишеним менен тилектин жышааны өз шооратын берип жаткандай. Алымбек уулу Шайлообектин өз жандүйнөсүнөн сыгылып чыгып жаткан "Манасында" жаратмандык амири менен ааламдан кайып болуп келип жаткан бабабыздын нуру көкүрөгүбүзгө жаңыча бир элес болуп муюп жатыры. Колунда оту, үнүндө Теңирдин кырааты турган Нишарап даарымчы кеселман кишилердеги кара нурду сүрүп, ордун ак, кызыл, сыя ирең нурлар менен толуктап, дартына шыпаа болууда. Багыш кызы Гүлзакира болсо наристеден баштап элүү жашка чейинки аялдарды эмдеп, аларга илешкен кара күчтөрдү айдап жатыры. Айтор, агылып келип жаткан кеселман кишилердин суроо-талабы көп болсо, бир бозүйдү шыпааканага айландыруу аракети алдыда турат. Мында касиеттүү адамдар Алатоо аймагында ондоп саналат. Ошолор менен байланышып, "Айкөл Ордосун" шыпаагерлердин очогуна айландыруу ниетибиз бар. Азыр расмий медицина менен катар элдик тааптардын касиетине болуп жаткан ишенимди кыргыздар гана эмес, Орусиянын сыналгысынан да көрүп жатпайбызбы. Тек гана биздин милдет - элдин мээсин жөн эле тегереткен шарлатандарга жол бербөө, "Манастай" теңдеши жок улуу дастанды жараткан көрөңгөлүү элдибиздин дагы бир касиетине ынандыруу, биримдикти ширеткен ынтымактын данакерине айландыруу, кеселмандардын дартына дабаа болуу, атабыздын алдында аруулануу ниетине көмөктөш болуу. Ал аракетибиздин канчалык туура экенин дабаа тапкан кишилердин жылуу сөзүнөн, жазып калтырган каалоо-тилектеринен билсе болот.
Бөкөнбай Боркеев: - Азыр Агахан кору уюштуруп жаткан элдик өнөрпоздор жолдомосу көптөгөн чеберлердин багын ачып жатпайбы. Ошол озуйпаны колго алуу кезеги келди. Биздин элдик өнөрдүн баркын, деңгээлин өзүбүздөн артык эч ким баалай албайт, анын кадырына өзүбүзчөлүк эч ким жеталбайт. Мына, адам-оркестр атанган Курмангазы Азыкбаев кыргыздын байыркы жана бай элдик аспаптары менен үйбүлөсү аркылуу бүт дүйнөнү таңгалтырып келет го. Канында ошондой элдик өнөр оргуштап турган жаштардан тандап, "Дасмия" деген ат менен таанылып калган комплекстин аты менен фольклордук топ түзөлү деген ниет да ошондон келип чыккан.
Анда элдик өнөрдүн бардык жанрын камтыган 12-17 өнөрпоз дыкат тандоо менен алынат. Ага, биринчи кезекте, кыргызды кыргыз кылган манасчылык өнөргө эки киши, жар салууга жана жаакташууга эки акын, ырдап да, чертип да, коштоп да бергенге эки комузчу, бир кылкыякчы, бир темир жана жыгач оозкомузчу, топтун атын чыгарып, жүзүн тааныта турган эки солист, төрт бийчи жана ошолордун баарына чыгарма тандап, керек болсо өзү жазып, аранжировкалап, техника менен иштей турган музыкалык жетекчи керек. Бул топтун өзгөчөлүгү - коштоого кыргыздын бүт элдик музыкалык аспаптары катышат да, топтун арбир мүчөсү 4-5 өнөрдү алмаштырып, жогорку чеберчиликте аткарууга тийиш. Айтор, арбир концерттик номер бүтүндөй бир постановка болуп, аткарылып жаткан элдик мүнөздөгү чыгарманын образына жараша өзүнчө бир театр сахнасындай сезилүүгө тийиш. Кыргыздын болгон байыркы музыкалык аспаптарын, улуттук ажайып кийимдерди заказ берип, репертуары даяр болуп бышып жетилгенде, кыштан тарта колөнөрчүлүк ажайыпканасы менен кошо чет элге жолдомо менен чыгып, кайда барсак, ошол элдин чыгармаларынан репертуар түзүп, улуттук аспаптарыбыздын "музыкага тилмечти кереги жок" деген мүмкүнчүлүктөрүн таанытуу милдети турат. Албетте, азыркы базар мамилесинин шартына жараша, угуучулардын табитине карата эстрадалык-фольклордук багытты да колдон чыгарбайбыз. Дегеним, заман талабына жараша өзүн өзү каржылоо менен өнөрпоздордун да тирилигин жакшыртуу маселесин чечүү зарылдыгы турат. Ошондуктан, жогорку талаптарды аткарууга көзү жана жөндөмү жеткен, нукура кыргыз музыкасын бүтүндөй сонундугу менен дүйнө элине таанытам деген ниети бар өнөрпоздор "Дасмия" комплексине каалаган убакта кайрылса болот. Дарегибиз: Горький көчөсү -2. Мурдагы Алматы көчөсү менен кесилишкен жерде. Телефонум: 0700-52-10-07.
Турусбек Мамашев: - Ушул дарекке колөнөрчү уздар да кайрылса болот. Баса, ушул борборду расмий түрдө ачарда, каргаша болуп, Ош окуясы башталып кетпедиби. Эми элдин биримдиги кайрадан баштапкы калыбына келе баштаган соң, кайгылуу окуянын кыркы өткөндөн кийин "Айкөл Ордо" маданий-этнографиялык борборун толук кандуу иштетүүгө киришебиз. Дегеним, борбордон окчун Баткен менен Лейлекте узанышкан не бир чеберлер, алардын колунан жаралган, башка эч жерде жок асем буюмдар ушерден орночок алат. Алар түз эле келип узана турган аянтты, узкана-бозүйдү белендеп койдук. Кеп, ишти баштап алышта, андан калганы камырдан кыл сууруп алгандай шыр кетерине күмөнүм жок. Себеби, элеттин кай жерине барба, балпайган байбичеден тарта алардын этегине эрмешип, чеберчилик мектебинен өтүп жаткан жаштар четинен табылат. Азыр ушул уюштуруу иштери менен кошо штабы биздин жети бозүйдү, №5-бозүйүндө жайгашкан, 27-июлда Алтай - Алатоо Улуу Жүрүшүнүн уюштуруу тобунун мүчөсү катары нукура элдик, улуттук кыймылга колуман келген жардамымды берип жатам. Үй ээси катары штабга ыңгайлуу шарт түзгөндөн башка күнүгө эл үзүлбөй келип жаткан соң, түлөө кылып, жыт чыгарганы келгендерден тышкары кырк канат хан ордого тамагымды жайып, ар бейшембиде ошол ата-бабаларыбызга, дегеле арбактарга арнап кой союп, куран окутуп жатам. Муну мен Манастын урпагы катары парзым деп түшүнөм. Мындан тышкары, жакында жентек, тушоо той, үйлөнүү үлпөтүн ушерде өткөрөлү деген каалоочулардан өтүнүч келип түштү. Куда кааласа, бу Бөкөм, кыргыздын салттарын, ырым-жырымдарын жогорку көркөмдүк деңгээлде өткөрүп, тасмага тартып жүргөн тажрыйбалуу тележурналист-режиссёр катары майын чыгара иштеп берет деген ишенимдемин. Албетте, ал тасмаларды кынаптап топтогондон кийин ээсине берип, жалпы эле кыргыз маданиятынын тарыхына керектүү булак катары өзүбүздүн тасмакорубузга да сактап коёбуз. Ал башаттарыбызга тарыхый, маданый даректеме катары кайрыла турган кез келет. Анткени "Айкөл Ордо" - жалпы маданий очогубуздун бир орчундуу бутагы болуп калар милдетти жүктөп жатабыз.

Дарярдаган Бекбол Айдаров





кыргыз тилиндеги гезит "Учур"
email • архив • редакция 
22-июль, 2010-ж.:
1-бет
"Баланын үйү - бапанын алачыгы"
Нифадьев чууну баштайбы?
2-бет
"УЧУР" гезити Бегалыдан кечирим сурабайт!
3-бет
Итзамандан
4-бет
Жээнбек КУЛУБАЕВ:
"Эки элдин кызматташуусунун жемиши жеке президенттин энчиси эмес"

5-бет
Кайсы партияга добуш бересиң?
6-бет
С.Абдукаримов кантип министр болот?
7-бет
Сотторду мөөнөтүнөн мурда бошотуу негизсиз
8-бет
Темике, сага ушундай келечек керекпи?..
9-бет
Жоругу жорго Ким Чен Ир
10-бет
Оомат келди ордобузга!
12-бет
Сиз менен кумарга баткым келет…
13-бет
Жаш талант
14-бет
Сезимдер "сандыгынан"
15-бет
Түштүк Африка өлкөсүнө таасирленген Улугбек
16-бет
Айласы кеткен абитуриенттер
17-бет
Назми таарынса, Талант гүл алып келет
18-бет
Кундуз КАНАТБЕК кызы:
"Кооз жерлерде сүйгөн адамым менен..."

19-бет
Айнурага айымдар тең келе албай...
20-бет
Кыздар, К.Жолдошбаевден тукум алгыла, балдарыңар зоот болот!
22-бет
Эрозона
24-бет
Кубанычтын Ак кушу ким?










??.??