"Баланын үйү - бапанын алачыгы" Нифадьев чууну баштайбы?
Байыртан келаткан тирешүүнүн "чырагына май тамды", Түштүк канга боелду. Миңдеген адамдар кырылып, аз жерден мамлекеттүүлүгүбүздөн айрылып кала жаздадык. Ушунун баары Акаевдин заманынан бери келе жаткан "обший дом" идеясынын саркындысынан чыккан жокпу? Акыбетинде кутургандай этникалык партиялардын жаралышы пайда болду, натыйжада, өлкөдө "ашыңды ичейин, кадырыңа чычайын" деген абал жаралып, мамлекетибиз "баланын үйү - бапанын алачыгы" болуп калды. Бүгүн эптеп Түштүктөгү кырдаалды жөнгө салып, "Ватан" партиясынын "куйругун" кыстырдык деп отурсак, бияктан кыргыздын саткынчыларынын таманын жалап күн көргөн Нифадьев деген неме чыга калыптыр. Бу "чулдук" маркум Садыркуловдун "Содружество" партиясын көтөрүп чыгып, башыбызды оорутканы калды окшойт. Баса, "Елциндин эстелигин алып салалы" деп бир да кыргыз айтпайт болуш керек, бирок, ушу Нифадьевге окшогон шовинизмдин терисин жамынгандар кылтыңдаса (кокус улуттарды бөлсө), анда эле Манастын тукумунан бирди көрөт! Мындай орусу же жөөтү белгисиз саясатчы сөөрөйлөрдү тайраңдатууга кыргыздар жол бербейт. Давайте, андан көрө өзүбүздүн кан-жаныбызга окшош Юра Бобковго окшогон орустар менен содружество курабыз!
Мыйзам укуругу... Акмат Бакиев камакка алынды
Кечээ кечинде ИИМдин атайын кызматкерлери тарабынан Акмат Бакиев Жалал-Абаддан кармалып, колго түшкөнү маалымдалды. Аны кармоо үчүн министр Кубатбек Байболов тымызын аракеттерди жасап, натыйжада, эл мүдөөсүнүн өтөөсүнө чыктыбы? Эсиңерде болсо, Акмат Бакиев Түштүк регионунда хандык вазыйпаны аркалап келген. Бирок, мыйзам укуругунан узай албады...
март:4-март.; o
7-март.; o
11-март.; o
14-март.; o
18-март.; o
21-март.; o
25-март.; o
28-март.; o
PDF формат
Warning: include(../../azattyk/az.htm): failed to open stream: No such file or directory in /var/www/u0658628/data/www/presskg.com/uch/10/0722_1.htm on line 118
Warning: include(../../azattyk/az.htm): failed to open stream: No such file or directory in /var/www/u0658628/data/www/presskg.com/uch/10/0722_1.htm on line 118
Warning: include(): Failed opening '../../azattyk/az.htm' for inclusion (include_path='.:') in /var/www/u0658628/data/www/presskg.com/uch/10/0722_1.htm on line 118