Эссе ордуна

"Анда Азике чыт курсак,
мен суйсалган келин…"
2008-жылы жай айы болсо керек, "Замана" студиясынын башкы редактору, продюсери Т.Жаманбаеванын кабинетинде отурсак, Доке карпа-күрп кирип келип, адатынча экөөбүздү бетибизден өөп, жылуу саламдашты. Тамара Кусеиновна эмне берээрин билбей, көпөлөктөй чарк айланат "Тамарочка, мага уча тартмак белең, көк чай демде",- деп бурулдатып папиросун тартты.
"Доке, кыргыз деп ыйлап, кыргыз деп ырдап, элиңе калтырган эмгегиң белен. Ордуңузду басар саясатта шакиртиңиз барбы?" десем, "Мен өлсөм мага окшоп бакылдап, бешенесине бак-дөөлөт конбогон шордуу кыргыздын таламын талашаар Азимбек турат, Чиркештин Өмүрбеги мендей болсун деп, оозуна түкүрүп койдум" деп каргылданган үнү менен каткырып күлүп калды. "эй, сулуулар, шакиртим экени ырас, бирок оозуна түкүргөнүм тамаша" деп койду.

Доке, Азимбек соңку тарыхта Үзөнгү-Кууш үчүн жанын аябай күрөшкөнү менен калайык калкыбызга да, келерки муунга да үлгү, ал эми Өмүрбек да өзүңдү тарткан азамат болду.
Сонунбүбү жеңебиздин багы тоодой экен, ушундай алп мухит менен өмүр сүргөн. "Жамандын аялы болгуча, жакшынын жесири бол" деп кыргыз бекеринен айтпаптыр. 95-жылы болсо керек, "Наамарттык" деген макаласын окуп алып, интеллектуалдык көрөңгөсүнө, тилинин курчтугуна таң калгам. А кишинин ар бир жазган макаласы көркөм публицистикалык чыгарма эле. Докемдин арбагын сыйлап, Азимбек Анаркулович Өкмөткө келери менен, демилге көтөрүп, өкмөт мүчөлөрү менен кеңешип, эскерүү кечесин филармонияда өткөрүп, "Кыргызтелефильм" студиясына ысмы ыйгарылды. "Кыргыз Республикасынын Баатыры" наамын алып берүүгө чоң эмгек сиңирди. Энергетика министри О.Артыкбаев Дооронбек Садырбаев жөнүндөгү китепке сүрөөнчү болду. Ошто, Бишкектин Бах көчөсүнө Д.Садырбаевдин аты берилди. Ноокенде ыраматылык Докемдин ашы өткөрүлдү. Атаганат, былтыр БЭКтин алгырлары кичи мекенинде залкар инсандын ашын өткөрөлү десе, бийликтин билермандары кызганып, же өздөрү өткөрбөдү, же оппозицияга өткөртпөдү. Маркум Докенин арбагы ыраазы болуп, сообу кыргыз элине тийсин.
К.Байболов Америкага кетеринде "Мен өз өмүрүмдү курмандыкка чалсам дагы, үйбүлөмдүн тагдырын курмандыкка чалууга акым жок" дегени эске түштү. Азике чет өлкө түгүл, Аксыдагы үйүнө да качып кетпей, Бакиевдин баш кесерлеринен коркпой, чоң муштум желдеттеринен айбыкпай, бийликтин ур-токмогунан чочуп калган элдин аң-сезимин ойготконго эмгеги опол тоодой. Али карасаң Петровкада, ана карасаң Балыкчыда, мына карасаң генерал Исмаил Исаковдун сотунда жактоочу болуп, оппозицияда жүрүп, жапа чеккен инсандардын баарына далбастап чуркап жүрдү.
БЭКтин курултайын региондордо өткөрүп, артынан сая түшкөн УКМКнын коркутуп- үркүтүүсүнөн кебелбей, азыркы жаңы бийликтин келишине мээнети күч. Сокем (Жусуев) жазмакчы, Азике төрөгө комуз болуп чертилбеди, төбөлгө кыяк болуп тартылбады.
Төркүнүмө барып, Жуман жезде өтүп кеткен экен, жесири Дүдапанын үйүнө куран окутканы барсам, Аксынын Кара-Суусунан келген кайненеси Суусар Султанова менен аркы-беркини сүйлөшүп отуруп, Азике жөнүндө сөз козголуп кетти:
- Азикең анда мотурайган чыт курсак бала экен. Мен бечара суйсалган сулуу келин кезим. Жайлоодобуз, бир күнү айыл ичи ызы-чуу түшүп, Азимбекти таба албай, ата-энеси ыйлап-сыктап, чырак менен кокту-колотту издеп, аябай убара болдук. Элдин баары "Азимбекти албарсты же азыткы азгырып кетти" деген күбүң-шыбың сөз желдей тарап кетти. Эртеси таңга маал кирип келет, "катыгүн, кайда кеттиң?" деп алдап сураса, "сакалы аппак болгон бир аксакал менен жүрдүм, курсагымды тойгузду, балдар менен ырасса ойнодум" деп коет. Ошондо көптү көргөн кексе, тегенелик Шабданов Акимжан деген аксакал, мал издеп, боз үйгө түшүп, чаңкаган неме бал кымызды кере жутуп: "Кыдыр абасына жолуккан го, жөлөмөсү бар болсо, оңой жигит болбойт" деп батасын берип, чыгып кеткен экен.
Азимбек Анаркулович, апрелдин жетисинде, эч бир баш-көз болоор саясатчы табылбай калганда, БЭКтин штаб башчысы катары аерге өзүм барам деп, Нарынга аттанып кетерде, "уул-келиндерине, туугандарына эл менен бирге болгула, бул бийлик эч кимден коркпой калды, мен силерди Кудайга тапшырдым" деп коюп кете берди. Бакиевдер Садыркуловдой эле Бекназаровду өлтүрүп, сөөгүн өрттөп, жайлап салмак, бирок, аксылыктардын айбаттуу сүрүнөн коркту. Азике кечээ шейит кеткен 86 кыраандардын жетим-жесирлерине, Бишкекте салынып жаткан жаңы үйдөн, Аксыда ок жеген 6 баланын үйбүлөсүнө, ачкачылык жарыялап каза болгон Шераалы Назаркуловдун жесирин квартира менен камсыз кылуу маселесин тизмеге киргизип, чечип берди.
Азимбек мырзанын ачуусу бар, кеги жок, арстандай айбаты болгон менен түлкүдөй куулугу жок. Тың саясатчынын жубайы болуш оңой эмес, келим-кетими көп болот, кайын журт, куда-сөөк, төркүн-төштүн жамандык жакшылыгына каттап, баарынын көңүлүн алуу аябагандай түйшүктүү иш. Эми Кудай бетин салбасын, кээ бир аттуу-баштуу саясатчылардын аялдары гезит бетине үйдөгү кыбыр эткендин баарын жазып, бала-чакасы, жети атасына чейин мактап жактай берип идеалдаштырып жиберет. Үйбүлөлүк мамиле катылуу сырдай ачыкка чыкпаш керек, үйбүлөнүн жеке турмушу купуя болушу абзел, бул жагына келгенде Гүлүмкан жеңе оңой менен сыр ачпаган эстүү зайып, барына топук, жогуна кайыл. Барга көппөйт, жокко чөкпөйт.
Канткен күндө да, Азимбек Анаркулович кашкөй, тайбас, айтканынан кайтпаган, болгонун тайсалдабай бетке айткан, көкжал саясатчы. 2005-жылдын 24-марты. Акүйдү көздөй келатабыз шартылдап. Саясатчылар бакылдап, тарых музейинин желкесинде чечен тилин безейт. Бир убакта карасак, КЭКтеги башчыбыз Бакиев жок, көрсө "Азимбек, менин кан басымым көтөрүлүп кетти, элге баш-көз болуп тур" деп, куулукка салып кетип калат. "Акаев кетсин эле кетсин" деп тамагыбыз айрылганча кыйкыра берип, шайыбыз ооду. Аңгычакты ак кепкачан сүр сөөлөттүү, алибеттүү жигиттер топтошуп, драмтеатрдын жанында турган. Ай-буйга келбей таш ыргыта баштады, ошондо эки жаат болуп согушмайга өттүк. Азике элдин арасынан суурулуп чыгып, эки колун өйдө көтөрүп алып, "койгула, балдар, силерди Кудай урган го, кыргызды кырып алып, шерменде болбойлу!" деп эки жааттын так ортосуна арачы болуп тура калды. Ошол кезде каны суюк чагымчы жигиттер кадимкидей эсине келе түштү. Самандай жааган таштардан аман-эсен чыкканын көрүп, муну Кудайдын назары түшкөн адамыбы деп ойлоп калдым.
Азимбек Анаркулович, кыргыздын келечеги үчүн түрмөгө түшүп сынбады, мокободу, өмүрүн тобокелге салып, башын канжыгага байлап, эки жолу жасалган ыңкылаптын алдыңкы сабында болду. Азыр ошол эмгегинин үзүрүн көрүп, эл намысын коргогон башынан сыймык кетпесин, эли тынч, журту аман болсун, Манас бабабыздын арбагы колдосун!

Нураян ЗАЛКАРОВА, бекназаровед