Футбол спорт падышасы
Испандыктар Чемпион!
Кезектеги дүйнөлүк чемпионат аяктады. Ал Түштүк Африка өлкөсүндө 32 команданын ортосунда өттү. Чет-четтен алынан тайыгандар үйүнө кетип отуруп, акырында негизги мөрөй үчүн күтүүсүз күчтүү эки команда калды. Дүйнөнү дүңгүрөтүп жүргөн, ааламдын чаңын асманга сапырган Аргентина, Германия, Франция, Италия, Бразилия, Англия командалары орто жолдо калды. Ошентип финалдык оюнга Испания менен Голландия командалары чыгып, эки саат бою салгылашты. Негизги убакыт кыл чайнашкан кырдаалда өтүп, командалар жандуу оюн көргөзүп, кошумча чектелген таймашка чейин бири-бирин ута албады. Стадиондун ичи "түтөп", сүрөөнчүлөрдүн вувузелдеринин (керней) үнү катуулап, 80 миңден ашуун футбол ышкыбоздору тикеден-тике тура чыйпылыктай баштады. Кошумча берилген убакыттын экинчи бөлүгүндө (116-минутада), Испаниянын жарым коргоочусу Андрес Иньеста Голландиянын дарбазасына топ киргизип кетти. Көз ачып жумгуча да оюн бүттү. Голланддар нөшөрлөтө көз жаштарын төгө баштады. Ызаларына чыдабай, жашыл майсанга көмкөрөсүнөн көмүлүп алып, өңгүрөп ыйлап аткандарын көрүп бооруң ачыйт. Ал эми Испандар кубанычына батпай, стадионду чарк айлана чаңын сапырып жатып калышты. Аларды да туура түшүнсө болот. Биринчи жолу дүйнө чемпиону наамын жеңип атса, алар кубанбаганда ким кубанат? Стадиондун булуң-бурчтарынан салюттар дүйнө чемпионунун урматына атылып, Испаниянын топ тепкичтери алтындан ширетилген кубокту колдон-колго ала кубанып жүрүштү. Испан өлкөсүндө бүгүнкү күнгө чейин майрам болуп, сөздөрдү чоң сүйлөп аткан чагы.




Мыкчыгерлер көчү

Томас Мюллер, Германия (5топ)
Давид Вилья, Испания (5топ)
Весли Снейдер, Голландия (5 топ)
Диего Форлан, Уругвай (5топ)
Гонсало Игуаин, Аргентина (4топ)
Мирослав Клозе, Германия (4топ)
Роберт Виттек,Словакия (4топ)

Үчүнчү көрсөткүч
Дүйнөлүк чемпионат санжырасында, стадионго келип футбол оюнун көргөнү келген көрөрмандардын саны боюнча 2010-жылы өткөн чемпионат үчүнчү көрсөткүчтү көрсөттү. Баш аягы 3 млн.180 миң сүрөөнчү боло алган. Мындайча айтканда 64 оюндун ар бирине 49 миң 670 адамдан келип турган.

Испаниянын өкмөтбашына эмне болду?
Испаниянын премьер-министри Хосе Луис Родригес Салатеро өлкөнүн топ тепкичтери дүйнө чемпиону болгонуна эреркеп, токтоно албай, элдин көзүнчө шолоктоп ыйлап ийиптир. Өмүрү көзүнөн жаш чыкпаган неменин кантип ыйлап ийгенин коомчулук түшүнө албай турган кези.

Италиялыктар осьминогго жаңы ат коюшту
Италиядан чыккан бир гезиттин журналисти Германия жергесине барып, осьминог баккан Верена Бартш менен маек кылган. Маекте осьминог Паульдун өмүр таржымалына кенен токтолушуп, дүйнөлүк чемпионаттагы чечүүчү 8 оюндун жыйынтыгын туура божомол кылгандыгын, быйыл эки жашка чыкканын жана аны Италия жээгинен кармалганы тууралуу кеп козголуптур. Бул маекти окуган италиялыктар осьминогго жаңы Паоло деген ат коюптур.


Мыктынын мыктылар кимдер?

Мыкчыгер
Германиянын жарым коргоочусу Томас Мюллер чемпионатта көп гол соккон мыкчыгер катары таанылды. Андан сырткары, "Алтын бутсы" сыйлыгына ээ болду. Бул топ тепкич чемпионатта 6 оюн ойноп, 5 гол соккон. Күмүшкө - Давид Вилья, колого - Весли Снейдер татыды.


Оюнчу
Уругвай командасынын чабуулчусу Диего Форлан чемпионаттын мыкты оюнчусу аталды жана "Алтын топ" ээсине татыды. Жалпы добуш берүүдө астыга озуп, Давид Вильяны жана Весли Снейдерди артка калтырды.


Дарбазачы
"Алтын мээлей" сыйлыгына Испания дарбазачысы Икер Касильяс татыды. Бул сыйлыкка ал татыктуу экенин оюнда тастыктады. Түштүк Африка өлкөсүндө өткөн дүйнөлүк чемпионатта болгону эки гана топ киргизген. Калган учурларда "кургак" калган.


"Учур" утуш тотализатор оюнун жыйынтыгы
Урматтуу байге ээлери, сиздерди 16-июль күнү редакциядан саат 15.00дө күтөбүз. Келип байгеңерди алып кеткиле!
Канат Иманбаев, Бишкек шаары Ибраимов көчөсү 35-24
Руслан Алыбаев,Бишкек шаары Литовская көчөсү 82
Малик Эришалиев,Талас шаары Лесная көчөсү 94
Санжар Турсунов, Бишкек шаары Т.Молдо көчөсү 39-3

Өлгөн досуна арнап
Испаниянын жарым коргоочусу Андрес Иньеста Голландияга киргизген жеңиштүү тобун 2009-жылы август айында машыгуу учурунда күтүүсүздөн каза болуп калган топ тепкич досу Даниел Харкеге арнады. "Менин бул досум мага жакын эле. Жан кыйышпастардан болуп көнүп калыптырбыз. Эч качан унутпайм досумду жана чемпиондук тобумду ошого арнадым" деп билдирүү жасады.


Чемпионаттын баатырлары жана эргулдары

Баатырлары
Биринчи тизмеге Адрес Иньеста чыкты. Себеби, Испаниянын жарым коргоочусу, Голландия дарбазасына чечүүчү топту тээп киргизүү менен бирге, команданы дүйнө чемпиондугу тактысына алып чыкты.
Экинчи, үчүнчү тепкичте Давид Вилья менен Весли Снейдер турушат. Себеби, бул эки оюнчу чемпионатта 5 топтон атаандаштын дарбазасына гол соккондордон. Тизмени улай Йоахим Лев турат. Себеби, немистердин ага машыктыруучусу команданы күтүүсүздөн жарым финалга чейин сүйрөп барган.

Эргулдары
Биринчи тизмеге Бразилиянын жарым коргоочусу Фелипе Мело чыккан. Бул эргул чейрек финалда Голландиянын оюнчусуна эрежеден сырткары ыкма колдонуп, талаа калысы кызыл айып кагазын көрсөткөн. Натыйжасында, Бразилия курамы жарым финалга чыкпай калган.
Экинчи тизмеде италиялык калыс Роберто Розетти турат. Себеби, сегиздик финалда Аргентина менен Мексиканын таймашында чоң жаңылыштык кетирген. Анткени, Аргентина оюнчусу эрежеден тышкары гол согуп кеткенин көрбөй калган. Тизменин кийинки тепкичинде дагы бир калыс турат. Ал - Хорхе Лариондо. Англия менен Германия таймашында Лэмпарддын тепкен тобу дарбазанын үстүнкү шыргыйына тийип, кирип кеткен топту, "кирген жок" деп койгон.