Там-туң

"Республика" партиясынын тушоосу кесилди
Кечээ ордо калаабызда "Республика" саясый партиясы көз жарды. Өмүрбек Бабанов, Актан Арым Кубат, Бакыт Төрөбаев, Чолпон Султанбековага окшогон Кыргызстанга белгилүү адамдар партиянын бет ачар аземине катышып, коомчулукка билдирүү жасашты. Алгач Өмүрбек Бабанов партиянын лидери катары кыскача төмөндөгүлөргө токтолду.

- Урматтуу мекендештер, биз буга чейин мынчалык референдумга көп киши келип добуш бергенин көргөн эмеспиз. Элибиз тынччылык үчүн, мыйзамдуулук, алдыга өнүгүү үчүн добуш берди. 7-апрелде Бишкекте, июнь айында Ошто, Жалал-Абадда, кыргыз элинин эркиндиги, биримдиги үчүн күрөшүп, чоң алааматка туш болду. Бир топ кан төгүүлөр болуп кетти. Азыркы күндө өлкөнүн абалын сыртта кайдыгер карап туруу биздин партия үчүн чыккынчылыкка жатат. Биз бир туунун астында биригишибиз керек. Партия оозу менен орок орбостон, Кыргызтандын жыргалчылыгына иштегендер үчүн эшигин кеңири ачат. Коомубуздагы бардык дени сак, сергек күчтөрдүн ынтымагын колдоо менен бирге аймактардын өнүгүшүн жана унитардык мамлекет болууну жактайбыз! Демократиялык реформаларды кубаттап, алдынкы дүйнөлүк тажрыйбаны жана өзүбүзгө гана таандык өзгөчөлүктү карманабыз. Биз эки ирет революциянын өлкөсү болуу менен мындан алган эркиндиктин жана ар-намыстын күч-кубатын пайдаланууга тийишпиз. Буга чейинки аңгектерге үчүнчү жолу түшпөйбүз! Ордолуу Ошту кайра куруп, Жалал-Абадды жаңыртабыз! Борбор Азия өлкөлөрүнүн экономикалык, саясый бирлигин калыбына келтирүүнү жактап, Россия менен стратегиялык биримдикти жана биздин бардык өнөктөштөр менен кызматташууну тилейбиз.
Кыргызстан каатчылыкты башынан өткөрүп, кыйналып кысталууда. Адамдарда эртенкиге ишеними күмөн бойдон турат. Андыктан биздин партия экономиканын тезинен кайра жаралышына басым кылып, бүгүнтөн баштап инвестициялык кырдаалды калыбына келтирүүнүн жолун табууда. Андан тышкары, биздин жарандардын бардыгын ыңгайлуу турак-жай менен камсыз кылууну жактайбыз. Социалдык ипотеканы иштетебиз. Мөөнөтүн 10-15 жылга узартуу менен турак-жай сатып алгыдай шарт түзүп беребиз. Өлкөбүздүн тышкы карызын 20 жылдын ичинде жою - эң негизги максатыбыз болуп кала бермекчи.
Сурат Жылкычиев




  Үйбүлө былыгы

Акмат Бакиев:
"Макс бизди абдан таарынтты"
"Дело№" гезитинин редакциясы Курманбек Бакиевдин иниси Акмат Бакиевдин 2007-жылдын декабры 2009-жылдын март айларынын аралыгында жазылган күндөлүгүнүн жазуусунун көчүрмөсүн басып чыгарды.

"Жогорку Кеңеште канча МЧС келесоолору отурат. Ошондо шайлоодо Макс бизди абдан таарынтты. Бул ини-жээндер башка сорттогу адамдар, алар бизди эч качан түшүнбөйт, "ии, ооба" деп коюп өздөрү билгенин кылышат. Биз - ага-инилер жана президент элдин сөзүн угушубуз керек - кыргыздар бир-эки жолу кечирет, анан таза кыргыздар баарыбызга көрсөтөт көргүлүктү... Кыргыздардын ханы АДИЛЕТТҮҮ болсо, ага чын ниетинен берилген болушат. Азыр отуруп алып чындыкты айта албай жатабыз, аткени афера жана коррупцияга президенттин үйбүлөсү аралашкан. Марат-чекист "ал жана башкар" дегендей болуп жатат. Алып жатканда биз, инилери маанилүү роль ойногонбуз. Бул биринчиден! Маратта да, Максимде да бир грамм тууганчылык деген жок. Экөө тең ачыктан-ачык бизге каршы иштерди кылып жатат, чоочун адамдарды колдоп, аларга кымбат үйлөрдү сатып берип... Биздин чекист элдин сөзүн, нааразычылыгын укпай жатабы, бүт бажы, салык, финпол органдарын Марат-СНБ көзөмөлдөп жатат дегендери. Кана акыйкаттык? Акаевдердин үй-бүлөсү да ич ара уруш-талаштан утулбадыбы. Бирок алардын экиге бөлүнүүсү 10-12 жылдык бийликтен кийин башталды. Ал эми биздики болсо 2,5 жылдан кийин эле. Бирдеме айтсаң эле мунун баары ушак, чындык эмес дешет. Агам 1-2 ай сайын жолугуп турабыз деген, кана ошол? Ал өзү бизден качып, көргүсү келбей жатат. Эл "акчанын баарын жеп жатышат" деген кептерди айтууда. Марат-СНБ бул кептерди өзү сакал коюп алып, жөнөкөй кийинип текшерип көрбөйбү? Элге чык, ашкана, бильярд, базарларга барып көр, өзүң угасың бизди эл кандай тилдеп жатканын. Биз агама МЧС жөнүндө айтып жатканда ал уккусу келген жок, менден көрө эл аны тилдесин деп. Эл болсо шефти, Максты, Ширшовду жана Балкыбековду тилдеп жатат, сууну сатып, чоң акча кылып жатат деп. Эмне үчүн шеф күнөөлүүлөрдү жазалабайт, анткени, ал жерде Макс аралашкан. Эгерде Макс 2010-жылдагы шайлоого ишенип жатса, абдан чоң ката кылып атканы ошол. Эл биздин араздашуу жөнүндө билсе, акчаң да, фальсификацияң да жардам бербейт. Ошондуктан биз таза, чын шайлоого басым кылабыз. Эл 2005-жылдагыдай кубаныч менен жүрөгүнөн шайлаш керек. Бирок, ошондой болот дегенге ишенбейм".
"Учур" пресс




А.Тургамбаевдин арымы күчөдүбү?
Ош областы боюнча Аскер прокуратурасы 758 кылмыш ишин козгоду. Бул тууралуу Башпрокуратуранын маалымат кызматы билдирди. Козголгон кылмыш иштери өлтүрүү, массалык башаламандык, ден-соолукка оор залал келтирүү, адамды уурдоо, зордуктоо, уурулук жана башка иштерге байланыштуу. Дал ушул күндөрү жаңжал болгон Ош шаарына аскер прокурору Айбек Тургамбаев өзү барып, кылмыш иштер менен таанышып, иликтөөгө алып атканын уктук. Ошондой болсо аскер прокурору катуу иштеп аткан го...

Ош областында 223 дене табылды
Башкы прокуратуранын маалыматына ылайык, 29-июнга карата Ош шаары жана областы боюнча 223 өлүк дене табылды. Алардын ичинен 138и окко учурап каза болгон, 85и жараттардан жана күйүктөрдөн. Денелердин 139унун өздүгү такталды, 84 дененин ким экендиги белгисиз. Ош окуяларынын башынан бери дайынсыз жоголду деп 69 арыз түшкөн, алардын ичинен 49 кылмыш иши козголду. Кылмышка шектүү деп 77 адам кармалды, алардын 72си камакка алынды.

Ошто спирт сатканга болбойт
Ош облусунун айрым жерлеринде спирт ичимдигин сатууга тыюу салынды. Бул тууралуу Ош облусунун комендантынын басма сөз кызматынан билдиришти. Маалыматка караганда, Ош облусунун коменданты Бактыбек Алымбековдун буйругуна ылайык 10-августка чейин Ош облусунун чукул кырдаал киргизилген аймактарында спирт ичимдиктерин сатууга тыюу салынды. 28-июнда Ош, Өзгөн, Кара-Суу шаарларында, Араван районунда , Жалал-Абад облусу боюнча чыр-чатак чыгып тынчыган аймактарда 10-августка дейре кечки 22.00дон таңкы 06.00гө дейре коменданттык саат кайра киргизилген. Бул чара түштүк тургундарынын суранычы менен кабыл алынган.