Гороскоп

5-июлдан
11-июлга чейин
Кой (21.03 - 20.04)
Керт башыңызга тиешелүү иштердин майын чыгара билиңиз. Анткени кызматтагы даражаңыздын көтөрүлүшүнө өбөлгө түзөт. Коңулда жата бербей, жакынкы өлкөгө барып, эс алып келсеңиз болот.

Букачар (21.04 - 20.05)
Жумушта сак болуңуз. Сизди бирөөлөр артыңыздан сөз айтып, сатып ийиши ыктымал. Ачууга алдырып, балдарыңызга катуу тийип албаңыз. Башыңызга үйүп алган кээ бир иштер чекесинен аткарыла баштайт.

Эгиздер (21.05 - 21.06)
Биринчи кезекте маанайыңызды көтөрүп, жаман ойлордон арылыңыз. Көңүлүңүзгө жакпаган иштерден оолак болушуңуз керек. Жума аягында мурунку жасаган иштериңизге жакшы баа берилет.

Бөйөн (22.06 - 22.07)
Алыңыз келбеген иштерге барбай турганыңыз оң. Башаламандыкка жол бербеңиз. Терс таасирин тийгизип коюшу ыктымал. Демалыш күнү жакшылап майрамдап, көңүлдүү эс алып алганыңыз дурус.

Арстан (23.07 - 23.08)
Ар кандай окуяларга туш болосуз. Анын баары сиздин жеке жана кызматтагы иштериңизге байланыштуу болот. Досторду эстен чыгарбай, аларга колуңуздан келген жардамыңызды аябаңыз.

Бийкеч (24.08 - 23.09)
Жума башында жакшылап эс алып алганыңыз оң. Сиз ага муктажсыз. Убактыңызды жакын адамдарыңызга бөлүп, алардын да сөздөрүн угуп койгонуңуз кажет. Демалыш күндөрү үйдө болуңуз.

Тараза (24.09 - 23.10)
Күтүүсүз иштерге кабыласыз. Андан коркпой эле койсоңуз болот. Жаңы жумушка которулууну сунушташат. Ал жакка бараардан мурда бир аз алды-артыңызды ойлонуп койгонуңуз оң.

Чаян (24.10 - 21.11)
Чечилбей аткан кээ бир маселелер өз алдынча чечилет. Жыйынтыгы да жакшы болот. Ачууга алдырып, аша чаап кетпеңиз. "Сабырдын түбү сары алтын" дейт эмеспи. Ызы-чуудан оолак болуңуз.

Жаачы (22.11- 21.12)
Жумушка кечикпей барып, жетекчинин тапшырмаларын так аткарганга умтулуңуз. Маанилүү иштерге басым жасап, өнөктөштөр менен байланышка чыгыңыз. Жакын адамдар жакшы сөз айтышат.

Текечер (22.12 - 20.01)
Жума ичинде мурунку карыздардан кутулуңуз. Бардык иштерге кең пейилдик менен мамиле кылууну унутпаңыз. Кызматтагы кылган кээ бир жумуштарыңыз бааланбай калбашы керек.

Суупери (21.01 - 19.02)
Азыркы учурдагы кыйчалыш абалдар сизди түйшөлтүп келет. Убактылуу нерсеге кейибеш керек. Жакында баары ордуна келерине ишенип койсоңуз болот. Пайдалуу киши менен таанышасыз.

Балык (20.02 - 20.03)
Турмуштун кыйынчылыктарына кыжалат боло бербей, алдыга умтула бериңиз. Күжүрмөндүгүңүздүн акыбети кайтат. Жетекчиңиз колдоо көрсөтүү менен бирге жаңы жумуш сунуштайт.