Наполеонум бакыйган чиновник болуп...
Эгерде сиз сыйлаган, баалаган, же жүрөгүңүздөн түнөк тапкан атактуу адамыңыз болсо, анда "Арзуу" рубрикасына жан сырыңызды жазып, бугуңузду чыгарып алсаңыз болот. Бул сиздин жандүйнө жолдошуңуз болуп берет.

(Алмамбет Шыкмаматовго!)
Алман байке, кандайсыз? Сизге мындан ары жазбай эле коеюн деп чечкем. Сезимдерди капаска салган болбойт экен. Чүнчүп кеттим... Кыйын кырдаалдарда сизге жан тартып, Кудайдан амандыгыңызды тилеп жүрдүм. Мына эми буюруп, заман өзгөрүп, менин Наполеонум дагы бакыйган чиновник болуп отурат. (Мен сизди Наполеонум деп эркелетсем, баары ошентип атап алганын угуп жүрөм). Буга чын дилимден сүйүндүм. Барып куттуктагым келди. Бирок мен киммин? Сиз үчүн мен эч ким эмесмин. А сиз мен үчүн бүтүндөй дүйнөсүз... Өзүмдү жоопсуз сүйүүнүн тузагынан бошоно албай жүргөн бир байкуш сезем. Качанкыга чейин ушинтип жүрө берем? Болду, жетет! Бир күнү Мамкаттоого түз эле кирип барам. Ошол жерден бар же жок кылабыз. Сиз дагы өз оюңузду айтасыз. Мен ушинтип чечтим...
Гүлбурак




  Океан ар жагынан...

ОМАР:
"Буюрса, келерки айда Кыргызстанга кайтам"
Бир жылга чукул убакыттан бери Америка кошмо штаттарында тил үйрөнүүнү өрчүтүп келаткан ырчы жигит Омар менен дүйнөлүк жөргөмүш желеси аркылуу байланышка чыгып, маек курдук.

- Өлкөдө болуп аткан акыркы окуяларды кандай кабылдоодосуң?
- Абдан оор. Өлкөдө болуп жаткан көрүнүштөр кыргыздарды гана эмес, бул жактагы америкалыктарды да таң калтырууда. Интернеттен жаңылыктарды казып окуп, тасмаларды көрүп жаттым. Теледен абдан эле оор абалды көрсөтүп жатты. Абдан өкүнүчтүү... Бейкүнөө адамдардын ажал тапканына кейидим. Жакындарын жоготкон мекендештериме чын дилден көңүл айтам. Биз кыйын калкпыз, башка түшкөн кыйынчылыктардын баарын жеңерибизге жүз пайыз ишенем! Мындан ары жергебизде тынчтык болушун тилейм! Алыста жүрсөм да жүрөгүм Кыргызстанда!..
- Сыртта жүргөндөн бери кыргыздардын кайсы сапаты өзүңө көбүрөөк жагып баратат?
- Албетте, бардык улуттарда жаманы да, жакшылары да бар. Бирок, кыргыз болгондугум үчүн кыргызды мактагандык эмес, чындап эле биздин улут бөтөнчө улут. Биздин эл ыймандуу келет. Улууну урматтай, кичүүнү ызаттай билет. Бул жакта мындай түшүнүк жок. Бирок, коомчулук абдан тартиптүү.
- Мыйзамды сыйлайт...
- Ооба, бул жакта мыйзам баарынан бийик. Ал тек америкалыктарды гана эмес, бардык элдерди коргоп, укуктарын баалайт. Көчөдө баратсаң, чоочун эле адамдар учураша берет. Сүйлөшүп, достошуп кетсең да болот. Муктаж болуп турсаң, жардам берүүдөн баш тартышпайт.
- Алардын кайсы жактарын өзүңө ала алдың?
- Алардан кандайдыр бир сапаттарга үйрөндүм деп айта албайм, бирок, мага бул жактагы бир жыл турмуштук чоң сабак болууда.
- Англис тилин канчалык деңгээлде өздөштүрүп калдың?
- Эң эле эркин сүйлөп калдым дебейм. Анүчүн кеминде үч жыл талап кылынат. Бирок, күндөлүк турмушта баарлашып калдым.
- Репертуарыңда англис тилинде ырлар көбөйгөндүр...
- Жок, жаңы ырларым азыр жокко эсе. Бирок, чет элдик ырларды азырынча жаттоодомун. Себеби, тил үйрөнүүдөн сырткары, жумушума зарыл.
- Дегеле, Америка сага не берди?
- Оголе көп нерсе. Туура жолго түшүүнүн сырын аз-маз үйрөндүм. Себеби, Америка бизден алда канча алга кеткен. Бизге жаңыдан келип же жаңы келе турган нерселердин убагы бул жакта эбак өткөн. Курбалдаш замандаштарымдын баарын өз өлкөңүздүн келечегине салым кошуу үчүн сырт дүйнөнү да көрүп, ал жактардагы жакшы нерселерди өлкөгө киргизүүгө аракеттенүүгө чакырып кетмекчимин. Тыш дүйнөнү көрүштүн өзү эле адамга чоң сабак экен.
- Бир жылга жакын убакыт сени кандай өзгөртө алды?
- Көзүмдү кең ачып, көөдөндү толтура алды. Албетте, алга карай умтулуума, жакшы нерселерге багыт алууга үндөдү.
- Кыргызстандагы сахналаштарыңдан байланыш үзгөн жоксуңбу?
- Мурдагыдан кыйла сейрек боло түшкөнү менен байланышты үзбөөгө аракет кылдым. Дайым иш менен алек, аларды да түшүнөм. Интернет аркылуу, достордун жакшы жаңылыгын уксам, кубанып калам.
- Микаэлдин өлүмү оор тийгендир...
- Айтпаңыз. Азыркыга чейин ишене албайм. Кечээ күнү эле Нью-Йорк аэропортунан узаткан досумдан айрылдым. Гезит аркылуу ата-энеси, бир туугандарына көңүл айтам. Кыргыз шоу-бизнесинде Миканын баары бир өз чыйыры салынып калган, бул шоу дүйнөсү үчүн, анын күйөрмандары үчүн чоң жоготуу.
- Сыртта достун баркы ого бетер арта түшөр... Жанында жардам берип, кеңеш берип турган досторуң барбы?
- Экинчи класстан бери келаткан Жанузак аттуу досум азыр жанымда. Америкага келишиме да анын демилгеси чоң роль ойногон. Бул досум менен бир мектепте, бир окуу жайда билип алып, бир көчөдө чоңойгонбуз.
- Бишкектеги досторуң менен тез-тез кабарлашып турасыңбы?
- Кандай болсо да, аракет кылам!
- Мурдагы кыял, пландарың дагы кеңейе түшкөндүр...
- Албетте! Баарын өз көзүң менен көрө баштаганда мурдагыдан көз ачыла түшөт экен. Бирок, өз мүмкүнчүлүктөрүмдү туура колдонууга мындан ары да болушунча аракет кылам.
- Мурда "Новая волна", анан Америкада окуу болсо, эми не болот, маселен?
- Кыргызстан жана болгон мүмкүнчүлүктөрдүн бардыгы! Адам бул жашоого бир келген соң, алдында жаралган ниет-максаттардын баарын, албетте, башкаларга зыян келтирбегендей, ишке ашырууга бар күчүн жумшоого тийиш.
- Сахна жаатындабы же башка бир сферага да аракет жасайсыңбы?
- Көрө жатаарбыз. Бирок, алгач сахна! Кийин балким, бизнесте да өзүмдү сынап көрөөрмүн.
- Азыркы тапта Америкада популярдуулугу артып турган кандай ырчылар бар?
- Андай ырчы жок. Бул жакта эл да ар кыл, Ага жараша ар кимдин табити ар түрдүү. Бир ырчы менен экинчисин салыштыруу мүмкүн эмес. Бул жакта эптеп-септеп эч чыга албайсың, баары биздин тил менен "фирмачтар".
- Кыргызстанга качан кайтасың?
- Буюрса 23-июлда, ошол күнгө билет алгам.
- Кыргызстанда аман-эсен, тынч күндө кезигели, жакшы тур!
- Рахмат, айтканыңыз келсин! Баарына менден ысык салам! Кыргызстанда кырдаал тынчып, өлкөнүн өнүгүшү үчүн баарыбыз жапа-тырмак киришели!
Баарлашкан
Айым НУРЖИГИТОВА