Күч берен

Ильястын ийгилигин Сингапурдан күтөбүзбү?
Ильяс Бактыбеков спорттун заманбап бешилтик түрүнөн машыгат. Ал КРнын бир нече жолку жана эл аралык мелдештердин жеңүүчүсү. Жакында Сингапурда өтүүчү уландар арасындагы олимпиада оюндарына жолдомо утуп алды. Эми бул мелдешке билек түрө катуу даярданып аткан чагы.


Блиц - анкета

Кичи мекени - Бишкек
Жашы - 17
Бою - 176 см
Салмагы - 65 кг
Спорттогу жетишкендиктери - КРнын бир нече жолку чемпиону
Спорт даражасы - КРнын спорт чебери
Эңсеп жеген тамагы - Бешбармак
Эс алганда - Достор менен
Устаттары - Ольга Сурина, Вячеслав Закутний
Спорттогу эң жакшы өздөштүргөн көнүгүүсү - Сууда сүзүү жана чуркоо

- Спорттун заманбап бешилтик түрүн кандай себептен улам тандап алдың?
- Башында агам менен сууда сүзүү жагына келип жүрдүм. Ден-соолукту чыңдап. Чоң спорт жөнүндө деле элес албагам. 11 жашымдан баштап, үч жыл катары сууда сүзүп жүрүп, жакшы көрсөткүчтөргө жетише баштадым. Биз менен суу көлмөдө бешилтик боюнча спортчулар машыгаар эле. Кызыгып калдым. Машыктыруучума айтсам, ал киши да көнүп, каршы болгон жок. Тескерисинче, мени кубаттап, туура багытын берип койду.
- Спорттун бул түрүнө кайсыл көнүгүүлөр камтылат?
- Сууда сүзүү, шпага, чуркоо, тапанча атмай, ат менен тоскоолдуктан секирүү.
- Сингапурга жолдомону качан алдың?
- 2009-жылы Сингапурдун өзүндө мелдеш болгон. Ал жерден рейтинг боюнча ар бир спортчуну аныктап, быйылкы уландар арасында өтө турган олимпиадага жолдомо берген. Мен алардын катарына кирип калгам. Жолдомону жакында жаш курактар арасында өткөн дүйнөлүк биринчиликте мага угузушту. Мелдеш Швеция өлкөсүндө өттү.
- Олимпиададагы мүмкүнчүлүктөрүң кандай?
- Сингапурга дүйнө жүзүндөгү мыктынын-мыктылары келишет. Кытай, Америка, Япония спортчулары өтө эле күчтүү болуп эсептелинет. Жалпы жонунан 24 атлет катышат. Алтын медалды жеңем дегенден алысмын. Бирок, байгелүү орун үчүн кызуу күрөшкө ашыгам. Болбоду дегенде жоон орто жерин чапчыганга күч аракетимди жумшайм.
- Бешилтикти чечмелеп, ар бирине токтоло кетпейсиңби?
- Сууда 200 метр эркин түрүндө сүзүп баруу. Кылычтан шпага боюнча салгылашабыз. Чуркоодо биатлон сыяктуу. Үч километрге чуркамай. Анын ичинде үч жолу тапанча менен ар биринде 5тен бутаны жок кыласың. Тактап айтканда, эки көнүгүү бири-бири менен байланыштуу. Ат менен тоскоолдуктан өтүүсү бар, минген атың менен шыргыйлардан секирип, белгиленген аралыкты тез убакта өтүү болуп эсептелет. Эскерте кетчү жагдай бар. Ат менен болгон көнүгүүнү уландар арасында көп эле өткөрө беришпейт. Көбүнчө жаштар жана чоңдор арасында өткөрүп жүрүшөт.
- Ушул көнүгүүлөрдүн кайсынысы сага ыңгайлуу жана жакшы көрсөткүчтөрдү көрсөтүп жүрөсүң?
- Сууда сүзүү жагы мага жагат. Себеби, кичинемден суудан чыкпай, чабак ургандан тажабай келем. Андан сырткары чуркоо жагын да жактырам. Ушу эки көнүгүүдөн мен курактуулардын арасынан жакшы көрсөткүчтөрүм бар.
- Машыгуу табити кандай тартипте өтөт?
- Күн сайын машыгууга 3 саат арналат. Бир күндө эки көнүгүү боюнча машыгабыз. Устатым көрсөткүчтөрүмдү талдап, ошого жараша график коет. Ар бир машыгуу жандуу өтүп, спортко деген шыгың артканың көз көрүнөө байкалып турат.
- Шарты тууралуу кичине токтолсоң?
- Кептин баары ушу жерде жатат. Эптеп эле күн кечиребиз. Заманбап суу бассейни жокко тете, тапанчаны эки спортчу бөлүп алганбыз. Бир күнү ал, бир күнү мен болуп. Жада калса, жеке керт башымда мине турган атым жок. Булардын баарын айта берсе арман көп. Кимге барып арыз-муңумду айтмак элем? Аны ким угуп, ким тыянак чыгарат? Эл аралык мелдештерге барууга, кээде чама-чаркыбыз да жетпей калат.
- Кээ бир спортчулар талапка жооп бере албаган шартка байланыштуу чоң спорт менен коштошуп кеткендери четтен чыгат. Сенде андай ой жокпу?
- Эл аралык мелдештерге барганда, башка жактын спортчуларынын шарттарын көрүп, арданып кетем. "Спорту жок эле оокат кылайын" деп бир түйүлүп, кайра эле жазылып кетем. Досторду, машыгууну, суу көлмөсүн, кылыч чабышууну сагынам. Менин денеме, көкүрөгүмө спорт сиңип калганын байкайм. Жакынкы арада спорт менен коштошуу оюмда да жок.

Даярдаган Сурат Жылкычиев