Ийгилик

"Аю" Кытайды багындырууда, бул дагы чек эмес
Буга чейин азык-түлүктөр Кыргызстанга Кытайдан алынып келинсе, эми тескерисинче, биздин өлкөдөн Кытайга кете баштады. Муну "Аю" компаниясынын алкоголдук продукцияларынын коңшу өлкөгө экспорттолуп жатканы менен түшүндүрүүгө болот. Ал гана эмес бул компания кытайлык бизнесмендер менен биргеликте жылуулукту сактоого жөндөмдүү курулуш материалдарын чыгаруу алдында турат.

Алкоголдук продукцияларды экспорттоону Кытайда катталган "Адеми" компаниясы жүргүзөт. Бул компаниянын генералдык директору Джао Теппингдин айтымында, 2009-жылы Кытайда өткөн көргөзмөгө алар "Альфа" спиртинен жасалган ичимдиктер менен катышкан. Бул ичимдиктер дегустаторлордун арасында чоң популярдуулукка ээ болуп, аябагандай кызыгууну жараткан. Теппинг мырза үч жылдан бери Кытайда бул компаниянын продукцияларын таратып, ийгиликтерге жетишип жатканын жашырбады. "Азырынча 20-30 миң бөтөлкөдөн алып кетип жатабыз. Бирок, биз муну менен эле чектелбей, күндөн-күнгө кеңейтип, экспорттун көлөмүн көбөйтөлү деген оюбуз бар" - дейт Джао Теппинг. Экспорттун көлөмүнүн көбөйүшүнөн "Аю" компаниясынын гендиректору Бейшен Өскөнбаев дагы шек санабайт. "Кытайда дагы сапаттуу продукцияларды аябай баалашат экен. Азыр ичимдиктерди бажыдан өткөрүү бир аз кыйынчылыкты жаратууда. Анткени, продукциялар тыкыр текшерүүдөн өтүп, 1,5-2 айда араң өтөт. Биз ишеничке кирип, бул жолду дагы багындырып алганыбыздан кийин продукциянын көлөмүн мындан дагы көбөйтөбүз", - дейт ал.
Кытайларды "Альфа" спиртинин экологиялык жактан таза экендиги, жогорку сапаты айрыкча таң калтырган. Бул спиртти "Аю" компаниясы европалык стандарттарга туура келген заманбап, жаңы техникалык каражаттар менен өндүргөнү дагы кайдыгер калтырган эмес. "Аю" компаниясынын техникалык каражаттары жаңы, заманбап болгондуктан, анан дагы "Альфа" спиртинен өндүрүлгөндүктөн продукцияларынын сапаты дагы жогору. Бул каражаттар Германия, Россия, Япония, Франция өлкөлөрүнөн гана жасалат", - дейт Теппинг мырза.
"Адеми" компаниясы кыргызстандык компаниянын алкоголдук ичимдиктерин Кытайдын бардык булуң-бурчтарына жеткирүүгө аракеттенүүдө. "Өзүңүздөр билгендей, Кытайда рынок чоң, биз ошол рынокторду ээлөө максатында Шанхайга "Адеми" компаниясынын филиалын ачтык. Жакында "Аюнун" продукцияларын көргөзмөгө коелу деп жатабыз. Көргөзмө август айында Шанхайда өтөт. Бул аракет "Аю" компаниясынын гана эмес Кыргызстандын имиджин көтөрөт деп ишенем", - дейт Кытайлык бизнесмен.
Ошентип "Аю" компаниясы өндүргөн "Альфа" спиртине суроо-талап күндөн-күнгө өсүп келет. Бүгүнкү күндө "Аю" АКШ, Кытай, Түркия, Малайзия, Россия, Франция, Въетнам, Өзбекстан, Казакстан өлкөлөрүнө өз продукцияларын экспорттоодо. Компания муну менен гана токтолбой жаңы-жаңы ийгиликтерди багындыруу аракетинде. Дүйнөлүк рынокто "Альфа" спиртинен жасалган ичимдиктерге жогорку баа берилип келет. Франциялык белгилүү дегустатор, "Нова вина" компаниясынын директору Ян ле Кёз дагы "Аюнун" ичимдиктерин Францияга экспорттоону пландап жатат. Анын айтымында, франциялык бизнесмендер "Альфа" спиртинен жасалган ичимдиктерди ичип көрүп, сапатына тан беришкен. "Мен Кыргызстанга келгичекти такыр арак иччү эмесмин. "Аю" компаниясынын арактарын ичип көрүп, спирт трюфел менен шокалад даамданып турарын байкадым. Мындай аракты бир аздан уурттап, рахат алып ичүүгө болот", - дейт Ян ле Кёз.
Эскерте кетсек, жакында эле "Альфа" спиртине Америкалык дегустаторлор дагы жогорку баасын берген эле. Алар Кыргызстандай кичинекей өлкө ушундай жогорку сапаттагы продукция чыгарарына аябай таң калышкан. Чет өлкөлүктөрдөн дал ушул "Альфа" спиртине кызыгып жатышканынын жөнү бар. Анткени, бул спирт экологиялык жактан таза, натуралдык ингредиенттерден жасалган. Аны менен бирге курамында адамдын ден-соолугуна зыян келтире турган заттар жок. "Альфа" спирти буудайдын иргелген эң жогорку сортунан, анан дагы заманбап жаңы техниканын жардамы менен жасалгандыктан жогорку баага татыктуу болууда. "Альфа" - жаңы муундун спирти!
Бекбол АЙДАРОВ