Добул какты

"Ата Мекен" өлкөдөгү кырдаалды талкууга алды
Өткөн жумада Опера жана балет театрында "Ата Мекен" социалисттик партиясынын Чүй облустук партиялык конференциясы өтүп, анда партиянын ички иштеринен сырткары, өлкөдөгү өзөктүү тема Ош жана Жалал-Абад облустарындагы кырдаал туурасында кеңири талкууланды. Конференциянын башында, апрель окуяларында набыт болгондорго арналган видео тасма көргөзүлүп, аларга бир мүнөттүк аза күтүү жарыяланды. Конференцияга партия жетекчилиги, райондук уюмдардан шайланган делегаттар, Бишкек шаардык уюмунан чакырылган коноктор катышты. Партиянын облустук конференциясы жогорку деңгээлде уюштурулду. Албетте, муну облустук координатор Турат Мадылбековдун эмгеги десек болот.


Өмүрбек Текебаев:
"Бийликти элге кайтарып берүү үчүн келгенбиз"
- Урматтуу Мекендештер, Чүй облустук конференциясы өтө чатак мезгилде өтүп жатат. 27-июнда биз жаңы Конституция тандап алабыз. Бул Конституция коомдук-саясый мамилелердин түп тамырынан берүү өзгөртө турган жаңы Башмыйзам. Бул саясый системаны өлкөнүн ичинде гана эмес, сыртында дагы каршы болуп жактырбагандар бар. Алардын эмне үчүн жактырбай жатканын сиздер жакшы билесиздер. Биз Конституцияны революциялык кылып өзгөрттүк... Биз, Убактылуу өкмөт бийликке келип, кожоюндук кылуу үчүн эмес, бийликти элге кайтарып берүү үчүн, бийликти адилеттүү бөлүштүрүү үчүн келгенбиз. Биз бийликке келе элекпиз. Биз убактылуубуз. Ошого карабастан, берген убадаларыбыздан артка кайтпастан, анын 90%ын аткардык... Биз референдумду өткөрүп, мыйзамдуулукка алып келишибиз керек. "Эгер силер референдумду өткөрө албасаңар, ордуңарга биз келебиз" деп даярданып аткандар бар. Бакиев жана анын командасы түздөн-түз бийликти басып алганга мүмкүн эместигине көздөрү жетти. 12-13-майларда эл аларды Түштүктө да, Түндүктө да колдобой койду. Ошондон кийин алар бийликти алмаштыруунун башка жолун тандап алышты. Бул улут аралык, ич аралык конфликттерди чыгаруу. Бакиевди өзүңүздөр билесиздер, Түштүктү бөлүп алам деп ачык эле айтты. Кыргыз экиге бөлүнбөдү. Эң назик болгон улут аралык мамилелерди пайдаланып, Токмокто, Маевкада, Ошто, Жалал-Абадда, Ала-Букада ушундай чатактарды чыгарды. Жүз миңдеген адамдар орун которууга мажбур болду, балким миңдеген адамдар өлдү, бүгүн алардын так эсебин эч ким чыгара албай жатат... Бүгүн эми айрым топтор баш көтөрүп, Убактылуу өкмөттүн жасаган ишин сындап жатышат, алар кечээ эле Бакиевдин саясатына кол чаап, баласын, үкасин мактап жүргөндөр...

Турат МАДЫЛБЕКОВ, "Ата Мекен" партиясынын Чүй облустук координатору:
"Бизде эл ишенимине шек келтирбөө милдети бар"
- Бүгүнкү биздин областтык Партиялык конференциясынын иши өтө маанилүү убакта, өлкөбүздө олуттуу өзгөрүүлөр болуп, элибиз зор үмүт менен өзгөрүүлөрдү күтүп, калкыбыз ак боз атын теминип алдыга аттанып калган мезгилге туш келгенине баарыбыз күбө болуп отурабыз. Акаевдин, андан соң Бакиевдин үйбүлөлүк авторитардык бийликтери менен талыкпастан күрөшүп, алардын башкаруу ыкмаларын түп тамырынан таш талканын чыгарып, жок кылууга биздин саясий социалисттик "Ата Мекен" партиясы зор салым кошкону жалпы кыргыз элине жакшы маалым. Өзгөчө акыркы жолу 2010-жылдын 7-апрелинде болуп өткөн жалпы элдик революцияга Чүй областындагы биздин партиялаштарыбыз эң активдүү катышып, элдин алдыңкы авангардында болдук десек жаңылбайбыз. Ошондуктан, биз менен чогуу катарга туруп, канкорлордун огуна учкан Камбаров Акжол жана башка көптөгөн партиялаштарыбызды бүгүн эскерип жана алардын жаркын элестерин эч качан унутпастан эсибизде сактап жүрүшүбүз керек. Эгерде алар өз салымын кошуп, жалындап күйүп жаткан оттон жана жамгырдай жааган октон да кайра тартпай, жан-дили менен Бакиевдин бийлигине туруштук берип турбаганда, балким, бул жеңиш келээр беле ким билет... Биз мурда оппозицияда жүргөн жылдары иш-аракеттерибиз менен чечимдерибиз мезгил ыргагына жараша ар кандай абалда болсо, бүгүн биздин айрым лидерлер бийликке келип, чечкиндүү аракет жасоого жол ачылды. Аны менен бирге биз ар кыл сыноолорго кабылып, кымындай катачылыкка жол бербөө, эл ишенимине шек келтирбөө жоопкерчилигин моюндап отурабыз. "Ата Мекен" саясий социалисттик партиясынын оппоненттери менен каршылаштары биздин жаңылыштык жана кемчиликтерибизди сынап отурушат. Аны унутпай, биз ар бир ишке тыкан жана жоопкерчиликтүү мамиле жасоого тийишпиз.
Акыл БАКТЫБЕКОВ




Былык-кылык

Медакадемиянын
ректору Бакиевдин
сүрөтүн неге айрыды?
И.Ахунбаев атындагы Кыргыз медициналык академиясынын ректору Аширалы Зурдиновго коллективинин арасында нааразы болгондор көп. Алар ректордун көптөгөн туура эмес иштерди жүргүзгөнүнө, академиянын ишин артка тартып келгенине кабатыр экен. Советтер союзунун учурунда экинчи орунда турган окуу жайдын кадыр-баркы кетип, коррупцияга чулганганына жамаат нааразы.

Коллектив арасында кадыр-баркка ээ болбогонуна карабастан, 2009-жылы К.Бакиевдин бир туугандарынын кийлигишүүсү менен бул кызматка дайындалып, "мени президенттин үйбүлөсү колдойт" деп ачык эле мактанып жүргөн. Ал тургай президенттик шайлоодо студенттердин баарын Бакиевге добуш бердиртип, 100% катышууну камсыз кылыптыр. Мурунку бийликтин өткөргөн ынтымак курултайынын делегаты болуп катышып, бийликтин саясатын жактоочуларынын алдыңкы сабында болчу. Эми бийлик алмашаары менен экс-президенттин артынан суу куйгандардын катарын толуктап, жаңы бийликке жагынуунун амалын жасоодо. Былтыр өткөн Кыргыз медициналык академиясынын 70 жылдык мааракесин өтө төмөн деңгээлде өткөргөн. КММАнын тарыхы боюнча атайын 1000 нускада китеп чыгарып, өзүм билемдик менен китептин биринчи бетине медицинага тиешеси жок Курманбек Бакиевдин сүрөтүн койдурат. Ал китептин 500 даанасы маареке күнү эле тарап кетет. Ишенген бийлиги кулап, Убактылуу бийлик түзүлөрү менен академияда калган 500 даана китепти будуң-чаң түшүрүп, Курманбек Бакиевдин сүрөтүн тытып, алдыртып салганы не деген шумдук?
Медициналык жана фармацевтикалык билим берүүнү реформалайбыз деген жарлык менен көптөн бери эңсеп жүргөн өзүнүн кафедрасын кеңейтип алды. Бул кафедранын кызматкерлери 9дан 30га чейин өстү. Башка факультеттер имаратта кысылып атса, бул кафедра өзү эле 2-3-4-кабаттарды ээлеп отурат.
Кереги жок штаттарды ачып, баарына өзүнүн тууган-тааныштарын коюп алган. Мисалы, КММАнын аппарат жетекчиси, башкы экономист, башкы бухгалтердин эки жардамчысы, башкы энергетик, башкы курулушчу, ректордун жардамчысы, корректор жана башка штаттар ачылган.
Дагы да ректорлук ордун сактап калуу максатында студенттерди, кызматкерлерди мажбурлоо менен "Бизге Зурдиновду ректор кылып калтырып бергиле" деп жаңы бийликтин атына кат жолдоткон. Кол коюп бергени үчүн студенттерди жайкы сессиядан бошотууну убада кылган дешет. А негизи жамаат арасында дагы, студенттердин арасында дагы кадыр-баркы жок. Аны 1992, 1996, 2001, 2004-жылдары ректорлукка ат салышып, 6% добуш алганынан билүүгө болот.
Кесиптештери ректорду кабыл алуу экзамендирине калууга жанталашып аракеттенип, пайда көрүүнү көздөп жатат дешет. Бул максатта, кабыл алуу комиссия мүчөлөрүнө жалаң өзүнө караштуу адамдарды коюп койгон. Ал эми экзамендер аяктагандан кийин, сентябрь айында өзүнүн ордуна тууганы, өзүнүн жоруктары менен белгилүү болгон экс-замминистрди коет экен деген сөздөр жүрүүдө.
Аширали Зурдинов КРнын илимдер академиясынын корреспондент-мүчөсү. Бул жогорку чинди дагы кандай жол менен алганы кесиптештерине маалым. Бир канча жолу тийешелүү добуштарды ала албай калып, аягында Бакиевдердин кийлигишүүсү менен гана алган. Ал Жогорку Кеңешке Кара-Суу жана Араван райондорунан депутаттыкка дагы ат салышып, 1%га жетпеген добуш алган.
Ал фармакология кафедрасын жетектеп турган кезде, студенттердин арасында жүргүзүлгөн анонимдүү сурамжылоонун жыйынтыгында, анын кафедрасы эң коррупциялашкан кафедра болуп табылган. Жылда өтүп жүрчү бул сурамжылоону ректор болору менен алдырып салган. Анткени, дайыма эле өзү жетектеген кафедра чыгып калчу. "Зурдинов академияны бир жыл башкарып, чалмакейин чыгарды. Коррупциянын деңгээли өсүп, кенже курстардан бери зачет-экзамендерди акча менен бүтүрүү салтка айланып баратат. Пара алып аткан жеринен медакадемиянын мугалими кармалып, иштен айдалды", - дейт кесиптештери.
Башка жогорку окуу жайлардан, коомдук саламаттыкты сактоо факультетинен дарылоо, стоматологиялык факультеттерге Саламаттыкты сактоо жана билим берүү министрлигинин жоболорун бузуу менен аябагандай көп студенттер которулууда. Мисалы, 2-курстун студенттери Жакыпбеков, Маматкуловду которууда Зурдинов "крыша" болгонун "Дарыгер" гезити жазып чыккан.
Жамаат арасында ынтымакты камсыз кылуунун ордуна интрига менен алектенип, өз ишин мыкты билген адистерди куугунтуктап атканы кесиптештеринин кыжырын кайнатууда. Бир жылдын ичинде өзүнүн башкарууга жөндөмсүз экенин көрсөттү. Коллектив "медакадемиянын ичинде кыйын ректор болууга татыктуулар четтен табылат" деп зар какшашат.
Бекбол АЙДАРОВ