К.Ташиев сүрдөп, тапанчасы атылып...
Дүйшөмбү күнү экс-министр Камчы Ташиев Бишкектен Ошко учат. Аэропорттун коопсуздук кызматы анын куралын алып чыгууну суранат. К.Ташиев сүрдөп олдоксон кыймылдаганбы, айтор, сууруп чыккан тапанчасы "тарс" этип асманга атылып, анын үнү бүт аэропортту жаңыртыптыр. Ансыз деле паникада турган эл "бомба жарылдыбы!" деп коркуп, жабыла сыртты көздөй качыптыр. Бирок, К.Ташиевдин бактысына жараша куралдарынын документтери жайында экен, оңой кутулган экен. Эмкисинде башкача болчудай...


Экс-депутаттын кеңсесинен ок-дары чыкты
Кечээ Ош шаарында күч органдары жүргүзгөн тазалоо операциялары учурунда Жогорку Кеңештин экс-депутаты, республикалык өзбектер борборунун жетекчиси Жалалидин Салахутдиновго таандык "Ошкрастекст" ЖЧКсынан ок-дарылар табылды. Бул тууралуу Ош шаарынын комендатурасынан билдиришти. Ош шаарынын коменданты Курсан Асанов "Азаттыкка" билдиргендей, бул факты боюнча учурда тергөө амалдары башталып, ок-дарылар кимге таандык экендиги иликтенүүдө.


Таза адамга көө жукпайт
Ысык-Көл районуна караштуу Садыр аке айыл округунун мурунку башчысы Жумабек Шатенов деген неме бар. Бу киши 7-апрелге чейин бакиевдердин табакташ, үймө-үй катташкан досу, мурунку губернатор Кыдыкбек Исаевдин бир тууган бөлөсү. Ысык-Көл облусунун губернаторунун милдетин аткаруучу Мирбек Асанакуновду "бакиевдердин камчысын чапкан" деп каралап, жалган маалымат таратып келген. Бу күндөрү да жөн жатпай, айылдагы акча менен аракка алданган "дүжүр" ажаан аялдарды кайрадан тукуруп, айыл элине бүлүк салып, тынчыбай турган чагы. Эмне, экс-депутат Мирбек Асанакуновдун Балыкчы окуясына катышканын унутуп койдубу (?) же жөн гана ич күйдүлүк кылып алдыда боло турган референдумга тоскоолдук кылып атканыбы? Баары бир таза адамга көө жукпайт эмеспи. Ал эми Мирбек мырза оппозициянын суугуна тоңуп, ысыгына күйүп жүргөнү бизге белгилүү. Андыктан, Ысык-Көл губернаторуна баткак чачыратабыз деп, азапка калып калбагыла.


М.Султанов кимдин этегине эрмешти?
Төңкөрүштөн кийин Москвадагы Омар инисиникине качып кетип, анан кайра келген экс-каржы министри Марат Султанов Исмаил Исаковдун "Азаттык" партиясы менен Феликс Куловдун "Ар-намыс" партияларынын эшигин сагалап жүрөт имиш. Жүрөрүн го жүрөт деңизчи, бирок буга чейин булар кайнаса каны кошулбай жүрүшпөдү беле? Эске салсак, 2005-жылкы шайлоодо И.Исаков экөө атаандаш болуп, анан эл алдында Исмаил Исаков "мына силерге Марат деген саан уй алып келдим, саап ичкиле, акчасын алгыла, бирок добушту мага бергиле" десе, ага ызаланган Султанов "мен саан уй эмесмин, керек болсо эркектигимди далилдейм" деп туталанган жайы бар эле. Былтыры, Исаков камалып түрмөдө жатканда абакка барып көңүл сураганды мындай кой, алайлыктар чогулуп, акча жыйнап, жардам берели деп баргандарды "ага бир тыйын ыраа көрбөйм" деп кууп чыкканын да унутуштубу?



"Республикага" кимдер кирет?
Кыргызстандын саясый айдыңында "Республика" деп аталган жаңы күч пайда болду. Анын башында Өмүрбек Бабанов турганы белгилүү болчу. Бул партиянын айланасына мурунку бийликтин тушунда да, азыркы бийлик тушунда дагы ыплас иштерге аралашпаган саясый фигуралар биригет экен. Бизге жеткен маалыматтарга караганда, бул партияга Канат Исаев, Чолпон Султанбекова, Алтынбек Сулайманов жана башкалар кошулуп жатат дейт. Бул бери эле жагы экен. Албетте, саясатта булганбаган инсандардын биригип, өлкө үчүн кызмат кылуу максатында жаңы дем, жаңы күч, жаңы идея менен чыгып жатышканы жакшы жөрөлгө эмеспи. Бул партияга дагы кайсы аттуу-баштуулар кирер экен, көрө туралы?


Ж.Сатыбалдиев мэрликти эңсегенде
Оштун мэри Мелис Мырзакматовдун кызмат ордун кузгундай аңдып, Ош менен Бишкектин ортосунда Убактылуу өкмөттүн эшигин сагалап, эски партократ Жантөрө Сатыбалдиев жүрөт дейт. Шумдугуң кур, ушу киши Ошко мэр болуп турганда шаарды жарыткан эмес, артында алкай турган иши да калган жок. Эми Шодокондун бүркүтүндөй жулунуп, ЕврАзестеги 20 миң долларлык айлыгын таштап коюп келгенине караганда, Оштун мэринин айлыгы көп сыяктуу. Же бул кызматтын "май-талканына" азгырылганбы?


Т.Жумабекова чемонданын көтөрө чуркап...
"Акжолчу" депутат аял бар, Турдукан Жумабекова деген. Курманбек Бакиевдин иниси Марат менен курсташ болуп чогуу окуп, ошол аркылуу тизмеге кирген. "Акжолдо" отурган жалгыз вазийпасы парламенттин коридорундагы, ашканасындагы ушактарды калтырбай бакиевдерге жеткирип турган "кулак" болгон экен. Эми Турдукан чемоданга 200 миң доллар салып алып, улам бир партиянын эшигин түртүп жүрөт имиш. Бирок, бир дагы партия аны тизмеге киргизбей баш чайкап атышыптыр. Туптуура кылышат, эмки парламентти Турдукандардан кудай сактасын!


СДПКчылар жөө жүрүштө
"Чүй-Арашан" деген аталышта Кыргызстандын Социал-демократиялык партиясынын ыктыярдуу кошууну жөө жүрүш баштады. Бул демилгени Сары-Өзөн Чүй боорундагы 18 жаштан жогорку партия мүчөлөрү колго алган. Аталган жүрүш апрель жана июнь окуяларында каза болгон мекендештерибизге арналып, "Ата-Бейит" комплексинде сөөктөрү коюлган мекендештерге жана улуу жазуучу Чыңгыз Айтматовго куран түшүрүүдөн башталган. Башкы максаты: Чүй облусу жана Бишкек шаары боюнча тартипти орнотууда укук коргоо органдарына жардам берүү. Зарыл болгон абалда, ыктыярдуу кошуундун мүчөлөрү Ош, Жалал-Абаддагы абалды турукташтыруу үчүн аймактарга жөнөп кетүүгө даяр. Өлкөдө тынчтык толугу менен орногонго чейин акысыз ишин уланткан бул кошуунду даярдоого Кыргызстандын Куралдуу күчтөрүнүн полковниктери тартылган.




  Көлдүктөр толкуну

Чагымга алдырбайлы, биримдикте бололу!
Ысык-Көл областынын ынтымак коомдорунун жыйынынын кыргызстандыктарга кайрылуусу

Урматтуу кыргызстандыктар! Апрель революциясынан кийинки өлкөдө түзүлгөн кырдаал турукташпай бычактын мизинде турат.
Мурунку бийликти кайра алып келебиз деген күчтөр, Убактылуу өкмөттүн саясый-экономикалык кырдаалды турукташтыруу багытындагы иштерине бут тосуп, Ош, Жалал-Абад аймагында провокацияларды уюштуруп, элди кыргынга, өлкөнү коогалаңга түрткөн аракеттерин токтотпой жатканын угуп, көрүп жатасыздар.
Жүздөгөн адамдар каза болуп, миңдеген адамдар жаракат алып, эки шаарыбыз бүлгүнгө учурап, эки элдин ортосундагы ынтымакка чоң жарака кетип отурат. Биз коогалаңда каза болгондордун үйбүлөсүнө, туугандарына терең кайгыруу менен көңүл айтабыз. Биз сиздерди ачууну басып, акыл токтотуп, тынчтык жолуна түшүүгө чакырабыз.
Кыргыз элинде "ынтымак" деген сөз кылымдар бою элдин уюткусу дегенди билдирип келген. Элибизди эл кылып кылымдар бою сактап келген улуу нарк - ушул ынтымак.
Биз мына ошол улуу наркты - ынтымакты бардык деңгээлде эл ичине кайра калыптандыруубуз керек, адеп, ыйман, калыстык, адилеттүүлүк, абийир, намыс деген түшүнүктөрдү эл ичине кайруубуз зарыл. Ылдыйдан өйдө нукура элдик, калыс жана адилеттүү бийлик системасын түзүүгө шарт түзүүбүз керек: ар бир айылда, аймакта, өлкөдө өнүгүүнүн туруктуу социалдык, экономикалык багыттарын, жакырчылыктын каатынан чыгуунун жолдорун табуубуз керек.
Жаңы Конституцияны кабыл алып, убактылуу президенттин бийлигин мыйзам чегине буруп, парламенттик шайлоо өткөрүүгө жол ачып алсак, ички коопсуздукту сактоого, тышкы байланыштарды өнүктүрүүгө, өлкөдөгү социалдык-экономикалык кырдаалды турукташтырууга, элдин турмушун оңдоого ыңгайлуу шарттар түзүлөт.
Ал үчүн биз, биримдикке келип, ушактарга ишенбей, чагымчыларга алданбай, элибиздин, мамлекетибиздин келечегин көздөп, алдыдагы референдумду өз мөөнөтүндө, жогорку уюшкандыкта өткөрүп, алдыга жылуубуз зарыл.
Биз жалпы кыргыз элин, кыргызстандыктарды 27-июнда бир кишидей референдумга катышууга чакырабыз.