sMs


Урматтуу окурман, эгер сиздин бактыңыз ашынып, жүрөгүңүз толкуп турса, же тескерисинче, көңүл чөгүп, кыжырыңыз келсе, биз сиз менен бөлүшүүгө даярбыз. Үкөгүбүздө СМСке орун көп. Мейли куттуктоо жазыңыз, же кимдир бирөөгө сүйүү арзууңузду билдиресизби, же коомдук саясый турмушту талкуулайсызбы, өз эркиңиз.
Билдирүүлөр аптанын ар күнү кабыл алынат.


Алмаз Атамбаев эркек экен, калгандары узу-ун юбка кийсин!

2701. Бек Борбиевди бажыканага Конгантиевдердин буйругу менен келген деп угуп калган жайым бар.
3157 абоненти

2702. Адахандын куулугуна таң каласың!
Кыргыз патриоту

2703. Токтайым Үмөталиева, элдик адам болсоң башында эле түштүккө барбайсыңбы, башка атактуулардай болуп!
9807 абоненти

2704. Баяман Эркинбаев тирүү болгондо аябай жакшы болмок. Ал жалпы кыргыз элине ат көтөргүс кызмат кылмак. Азыркыдай катуу жаңжал чыкмак эмес. Аны болтурбоого күч аракетин жумшамак. Түштүктөн чыккан Шер эле!
9807 абоненти

2706. Салам "Учур"! Ушул жумада кайсы тема талуу болот?
4448 абоненти

2707. Сураныч! "Каттанини" Нарынга кайра губернатордун милдетин аткаруучу кылып койгулачы? Рекеттер күч алып кетти.
8865 абоненти

2708. 2391 абоненти, Бакиевдердин куйругун жалап болбой калыпсың. Жаңы өкмөткө тийишпей, ошо "сарттын" артынан кеткин!
Манап

2709. Урматтуу кыргыздын аксакалдары! Болсоңор, Дооронбектей болгула! Болбосоңор, болбой эле койгула!
Атбашылык

2710. 7-апрелден кийин, кыймылдар менен саясый партиялардын көптүгүнөн баш адашат.
Атбашылык

2711. Текебаев! "Башмыйзамды өзбек тилине которолу" деп, түштүктөгү коогалаңга тиешеңиз бардай болуп калды. Эмне деп жооп берер элеңиз?
Меч

2712. Бостон, мен сени аябай сүйөм. Сен менин идеалымсың!
Жаның

2713. Мен баарыңарды жакшы көрөм!
Нуржан

2714. "Ата Мекендин" мүчөлөрү! Лидериңер Текебаев Башмыйзамды өзбек тилине которобуз деп оозунан жаңылып алгандай. Силерде улуттук ар-намыс барбы?
Меч

2715. Максим, буюрса Бишкекке келсең айрабыз. Бакиевдерге өлүмдөн башка жаза жок!
Талгатбек

2716. Байболов Кубат байке, сиз супер чекист экениңизди эл билет. Эми баарын кармап, ачыкка чыгарыңыз!
Акылбек

2717. А.Мадумаров, "Референдум болбойт" деп, М.Ниязов "Кыргыз армиясынын күчү жок" деп кыйкырды эле. Эми алар 180 градуска бурулуп кетишти го.
Бурул

2718. Өмүрбек иним! Эми чыныгы комиссар экениңди далилде! Акжар айылы ишенип турат.
Крупская

2719. А.Салымбеков, А.Мадумаров, М.Ниязов, Т.Үмөталиева, М.Эшимканов, Н.Мотуев - булардын саясаттан кеткени, Кыргызстандын стабилдүүлүгүнө кошкон салымы!
Атбашылык

2720. Түштүктө улут аралык жаңжал деп айтканга кантип ишенесиң? Өзбек-кыргыз бир эл. Куда-сөөк, биртууган, тили да, дили да бир болуп калган. Бул ишти Үсөн Сыдыков, Исхак Масалиевдердин, о.э.Жаныш менен Максимдин пландары ишке ашып, пачакты чыгарып жатышат го. Азыркы өкмөттүн боорукерлигине таң каласың. Жоо аяган жаралуу болуп, элдин канын соруп атышкандай. Чыккынчыларды үй камагына чыгарып жиберип, мына жыйынтыгы! Азыр дагы, жанагы беткап кийген, тыштан жалданып келген кан ичкичтерди эмнеге аяп жатасыңар? Ушунун баары мага түшүнүксүз болуп атат.
4729 абоненти

2721. Канкор Бакиевге, урук-тукумуна, куйруктарына каргыш. Оомин!
4465 абоненти

2722. Адахан! Партияңа кантип мүчө боло алам?
3819 абоненти

2723. Азыркы беткап кийген, тыштан акчага жалданып келген бандиттерди эмнеге аяп жатасыңар? Ордунан атып салуу керек. Карапайым элдин колунда кайдагы курал? Тынчтыкты тилеп, коркуп жашап жатабыз. Мурунку бийликтегилер байлыгын кантип сактап калыш үчүн жасап жатат. Аларды эч аябаш керек. Камалгандардын элге аты-жөнүн толук билдиргиле. Күтөбүз!
Шаир

2724. Барпы салам! 0553-91-71-92 телефонуна чал.
Нурик

2725. "Бөлүнбө кыргыз" десе болбой бөлүнүшөт. Түштүк Кыргызстандын оң көзү болсо, түндүк сол көзү эмеспи. Ичи ириген душмандар ынтымаксыздыгыбыздан пайдаланып, эң биринчи баш көтөрдү байкадыңарбы? Ынтымакта бололучу. Бакиевдер бизден акылдуу болуп кетпеш керек болчу. Өзбектер эч нерсе эмес. Улуу көзачык Ванганын айтымында, "кытайлар кол салат" делет. Кошуна өлкөлөргө абдан эле уят болдук. Ынтымагы жок элдин, ырыскысы төгүлүп, чачылып, уруштан башы чыкпайт да. Өрттөн кыйрагандар, канча жылдап чогулткан оокаттары эмеспи байкуш элдин. Афганистанды алалычы мисалга. Биздин айырмабыз кайсы болуп баратат? Акыл деңгээлибизге дүнүйө жүзү баа берип жатат азыр. Кыргыздар ынтымактуу болсок, баары жакшы болот. Окуяга терең көз чаптыралы. Убактылуу өкмөттү колдойлу. Мекенибиз жок болуп кетпесин!
1170 абоненти

2726. "Учур" газетасына чыгармачылык ийгилик каалайм!
Жылдыз

2727. А.Атамбаев, Ө.Текебаев, К.Байболов, Ө.Суваналиев, бул адамдар Манас атанын урпактары! Элди колдогула. Нарктуу элдин намысын коргогула. Элимде ынтымак болсун!
Төлөмүш

2728. Бакиевдин бийлиги кулай элек окшойт.
3514 абоненти

2729. Ноокаттын Жар-Коргон айылындагы Орозовдорго салам жолдойм. 2010-жылдын бүтүрүүчүлөрүнө ийгилик!
Иманбек кызы Зарина

2730. Гезит аркылуу таанышкан акылдуу досторум, байкелериме чоң салам! Силер менен сыймыктанам. Ар дайым бар болгула!
Зарина

2731. СМСчилер менен таанышам. Мени да кошуп алгылачы. Достошом!
Тел: 0558-24-03-93. Маяк кылбагыла.

2732. Бою 170 см.дан жогору, жашы 18-40 жашка чейинки толук кыз-келиндер СМС жазгыла. Өзүм 25 жаштамын.
Тел: 0772-68-77-85

2733. Бакиевдин эли-жери жок. Жада калса үйү да жок. Канча адамдын каргышына калды. Балдарын, неберелерин, чөбөрөлөрүн элсиз, жерсиз калтырды. Каяктагы мансап үчүн! Балдары чоңоюп, "Ата, менин элим, жерим ким?" десе, "эмне" дейт? Же Лукашенконун элин жана белорусия жерин көргөзөбү? Өз элине чыккынчылык кылгандан, элинин канын төккөндөн Кудай сактасын! Бакиевдер, силерге бир гана жол бар: сарайга кирип жип менен асынып өлүү!
Болот

2734. Келдибековдун жардамына эч ким муктаж эмес!
7785 абоненти

2735. Келдибековдун, "Ташиевдин" бригадасы стройкага иштешсин!
Кыке

2736. Мадумаровду колдоймун.
0888 абоненти

2737. Алладан Кыргызстанга тынчтык, биримдик, ырыскы, береке тилеймин!
0888 абоненти

2738. 7548 абоненти, сага окшогон акмактар "аман" болсун!
0888 абоненти

2739. Бекназаров пара албаса, баласын кайсы акчага Швецияда окутуп атат?
0048 абоненти

2740. Башмыйзамды, Курандын закондору менен аралаш бирдикте кабыл алса болбойт беле? Алланын сөзү, эң сонун. Анда - теңдик, тазалык, акыйкаттык бар. Анан уурулук, ушак айтуу, киши өлтүрүү жок. Алдым-жуттумдук болбойт. Баары жакшылык тууралуу гана болсун дейт. Андыктан Алла улуу. Калайык калк ойлонуп көрүп жыйынтык чыгар.
Жайчыбек.

2741. Паязовтордун үйбүлөсүнө чоң салам!
Айжан

2742. Алиев, Барктабасов дегендер кимдер? Ушулар тууралуу ММКга бербей эле койгулачы!
Атбашылык

2743. Досум Кубаныч! 19-июнь туулган күнүң менен куттуктайм! Бар бол, бай бол!
8865 абоненти

2744. Жыргалбек, Адахандан айланып кет! Эмне эле ага асыласың? Ал кыргыздын патриот мырзасы! Сен элге эмне кылып койдуң эле? Ичиң күйсө өзүң туз жала! Тузга кошуп, калемпир жала!
Аида

2745. Бакиев менен тынчтык ооматы да кетти. Баркын билбеди Убактылуу өкмөт! Кыргызстандагы кандуу окуяларга, талап-тоноочулуларга силерди күнөлүүдөй сезип атам. Аллахымдын силерге көзү түз болсун! Бакиевдер бийликте турганда түштүктө өзбектер, К.Батыровдор кысчу жерин кырк жерден кысып отурушмак. Мынчалык адам өлбөй, тынч жашамакпыз.
0335 абоненти

2746. Текебаев, сенин түпкүлүгүң "сарт" эмеспи? Өзбектердин "арыгын" эмне чаап калдың? Өткөндө теледен, "мен жазган Конституцияны керек болсо семичка саткандар да колдошот" дедиң. Эмне, семичка саткандар 2-сорттогу адамдарбы, алардын адамдык касиетине шек келтиргениңди билбейсиңби? Мыйзамды жазган сен ушинтип отурсаң, анда кыргыздар жыргаган экенбиз. Керек болсо, семичка саткандардын арасында сенден да акылдуулар бар. Ойлонуп сүйлөп жүр. Сени миңдеген адам укту!
0335 абоненти

2747. Мадумаров, өзүн колдогон СМСтерди колу жооругуча жазып жатат. Каркыраны бергени үчүн, "мен кыргызмын" дегендер аны колдобойт.
Элмир

2748. Оштуктарга кайдыгер болбогон Кыргызстандын ар бир жаранына гуманитардык жардамы үчүн терең ыраазычылык билдиребиз.
Ош шаарынын тургундары

2749. Элмурза Сатыбалдиевди патриот дегендер анын туугандары же достору!..
Эркин, Ош

2750. Аликбек мырза! Мен сизди урматтап келем. Сабырдуу мүнөзүңүз мага жагат. Жаш кезиңизде сизге канча кыздар жүрөгүн арнады болду экен? Кээде туруп-туруп, кызганып кетем. Партияңызга мүчө болгондон коркуп атам. Сизге болгон аруу тилегиме алым келбей кетеби деп. Аны түшүнүп жатсаңыз керек. Бирок, Сиздин "Акыйкат" партияңызга тилегим түз.
Жанара

2751. Бишкекте олтуруп алып, бийликти эч кимге бербейбиз деп жанталашышат. Бийликти ким талашып атат силерден же көлөкөңөрдөн коркуп жатасыңарбы? Ошко келип, элинен кабар албаган Убактылуу өкмөт мүчөлөрүнө таңгаласың. Жаныңар элдикинен да ширинби? 7-апрелге чейин тынч пейил турмушта жашап эле жатканбыз. Ким танат? Ошум кара түтүнгө малынып, бейкүнөө адамдар кырылып, кан суудай акты. Айланайын бийликке тойбогондор! Бийлик деп жан талашасыңар, бийлигиңер башыңарда калсын. Элибиздин башына азыркы саясатчылардан таптакыр башка Кудайдан корккон, таза инсандар келсе деп Кудайдан тилейм.
Жүрөгү ооруган эне, Ош

2752. 7548 абоненти, сенин казак же дунган экениңди билбейм? Бирок, Кыргызстандын 65% калкы түштүктө.
3819 абоненти

2753. Текебаев чоң кызматта иштебесе да, Акаев менен "май талкан" болчу дегенин уккам.
Меч

2754. Кыргызстанда бийлик вакууму түзүлгөндө пайда боло калган Барктабасовду түшүнсө болот. Жүрөк жок болсо эмне кылсын байкуш.
Элмир

2755. Кыргыздын башына каранкүн түшкөндө жол баштап, жарык көрсөтүүчү сенсиң Адахан. Эч качан актыгыңдан жазба! Мирин жүрө берет, иттер үрө берет. Партияңа мүчө болоюн.
Меч

2756. Кызыл гүл ачылбасын, ачылса да жабылбасын. Дүйнөдө, адамзат сүйгөнүнөн айрылбасын. Мен да бир күндөрү сүйгөнүмдү жоготуп алдым эле, азыр бар болсо да, аны негедир сүйө албадым.
Нэля

2757. Алмаз Атамбаев кыргыздын туу саяр азаматы! Кайнап турган жигит. Бар болсун.
Арстан, Ысык-Көл

2758. Аликбек Жекшенкулов дипломат жигит. Чет элдер менен тил табыша турган жагынан эч кимиңер жетпейсиңер!
Жанара

2759. Бир гана А.Атамбаев эркек экен. Калгандары узу-ун юбка кийсин!
Муся

2760. Элмурза Сатыбалдиевге тийишпегиле. Жөн жүргүлө. Ал киши чыгармачылыкты укмуштуудай баалаган жигит. Слуху жок болсо да, жүрөгү бар шер! Опера ырларын ырдай албаса да, КРнын эл артистери ырдаган ырларды катырып коет.
0578 абоненти

2761. Адилет министри Аида Салянованы сүйүп калдым. Жинди болуп кетпесем экен!
Айдар, Бишкек

2762. Салам "Учур"! Акыбал оор. Ушул учурда коррупцияны жоюнун бир жолу бар. Алдын ала кабарды жеткирүү институту ачылсын. Аны силердин гезит менен бирдикте Генпрокуратура, ИИМ, СНБ болуп келишим түзсө. Элде силерге бере турган кабар аябай көп.
Марат

2763. Салам "Учур"! Алтыным, ишеничтен чыкпачы! Мени кыйнабачы!
Айнура
2764. Кыргыз элим, Аликбек Жекшенкуловду колдойсуңарбы? Кантип?
Жыргал

2765. Башмыйзамдын жаңы долбоорунун катасы бар. Көп добуш алган партия 55% тан ашпайт дептир. Бул система "Ак жолдун" көчүрмөсү. Анткени 120нын теңи 60. Демек 55 эл өкүлүнүн чечими бир гана лидердин, бир гана үйбүлөнүн тагдырын чечип калат деген сөз. Менин оюм, бир партиянын саны 35% тан ашпаш керек. Демек калган 95 адам менен эсептешип иш кылып, чыныгы демократиялык өлкө боло алабыз.
Кубаныч, Атбашы

2766. Партиялык система демократиялык өлкөгө туура келбейт. Партияда жок адам өзүнүн талапкерлерин кое албайт. Демек, бул жерде адам укугу тебеленип жатат.
Кубаныч, Атбашы

2767. Жети-Өгүз айылында Д.Иманов мектебинин 1994-жылы туулган Садиев Бектен Мырзабекович! Мен сени сүйөм. Жаным, күндөн да жылуусуң, айдан да жарык адамымсың!
5081 абоненти

2768. Жети-Өгүз айылына жана Бодобаевдерге ысык салам!
Нурзат

2769. Элибизде патриоттор көп экенин билебиз. Бирок, үйлөрдү, шаарды өрттөгөн эркектикке, патриоттукка таптакыр жатпайт!
Талант

2770. Бишкектин деңгээлинен чыга албаган Акаевдин "көчө шыпыргычы" Дүйшөбаевдин бети жокпу? Оштогу зордукталган кыздар жөнүндө сураса, "Бишкекти сакташ керек" деп тантыйт.
8088 абоненти

2771. Анвар Артыков жездебиз болсо, Текебаев менен К.Батыров шилекейлеш болсо, анда түштүк эмес түндүк дагы жакында өзбектешет болуш керек!
Меч

2772. Бекназаров, Сариев, ошончо элдин убалына чыдап, кантип бетиңер кызарбай бийликте отурасыңар! Элдин каргышынан коркпойсуңарбы?
Меч

2773. А.Акаев "Кыргызстан наш общий дом" деп жүргүзгөн саясатынын үзүрүн көрбөй калды. Аттиң!
7110 абоненти

2774. Баратбай Аракеевге чоң ийгилик! Чыгаан инсан. Кара кылды как жарган мен сыйлаган журналист. Көл аймагынан чыккан, эч кимден коркпогон, жүрөгү тоо чыгаан жигит. Жазганында чындыктан башка эч нерсеси жок, калеми курч жазмакер. Мындай чыгармачыл адам бир кылымда бир төрөлөт. Биз ал жигитти кээде барктабай келебиз. Эмнеси болсо да, аман-эсен, Караколдун кырааны болуп жүрө берсин!
7548 абоненти

2775. Темир Сариев Минфинге калькуляторду нормально баса албаган жердештерин топтоп алыптыр. Булардын так эсеп чыгарышына ким ишенет? Жердешчилик оорусу айыкпас болду го.
Бекен

2776. Болот Шер байке! Эгер случайно креслоңуздан ыргып кетсеңиз, кайрадан Шерниязов болуп калбайсызбы? Кореецтердин фамилиясына окшоп калды сиздики.
Бектурсун

2777. Мадумаров өз айылында сельсоветке депутат боло алабы?
Эмил

2778. Түштүктө кан төгүлүп, Ош шаарыбыз кыйрап жатса, Роза айым эмне Референдум өткөрүүгө шашат?
8147 абоненти

2779. А.Атамбаев, Ө.Текебаев, Р.Отунбаева күчтүү, бирдиктүү жана ынтымактуу болуп таза иштесеңер, эл силер менен. Калайык калк силерди колдойт.
3888 абоненти
2780. Бекназаров! Эки фронтко ойногонуңду токтотпойсуңбу? "Бригаданын" акырынан жем жегениң көрүнүп калды.
5215 абоненти

2781. Роза Исаковна! Ушул калыбыңыздан жазбаңыз! Ичи күйгөн кээ бир эркек сөрөйлөр туз жалашсын. Элиңиз сиз менен!
5215 абоненти

2782. Отунбаева, эл сиз менен. Кудай колдосун!
Мөндүр

2783. Бишкектеги молдочалыш сөрөйлөр! Теледен чыга берип элди тажатып ийдиңер. Андан көрө Ош, Жалал-Абадга барып, эки элдин ынтымагын чакырып, дават кылбайсыңарбы? Эмнеге бул жерде кыйынсынасыңар, түшүнбөй турам силерди!

2784. М.Ниязов, А.Мадумаров, силерге түшүнбөйм. Максатыңар эмне? Козукарынсыңарбы?
Мөндүр

2785. Ассалому алейкум бийликтегилер, алыскы Американы коюп, Түрмөнстандандан тарбия алсаңарчы! Элдин шорун кайнаттыңар го! Уят эле иш болду.
1855 абоненти

5786. Мен күч органдарына кайрылат элем. Шаардыктардын оружиесин көрсө керек. Аны срочно тазалабаса, шаарда жүрүш кыйын болуп калды. Коркосуң. "Канга кан, ким каерден атып таштайт экен" деп менде жан жок!
Талант

2787. Ү.Сыдыков менен И.Масалиевдердин телефондо сүйлөшкөн сөздөрүнүн арты Ош жана Жалал-Абад жаңжалы болду. Буларды катуу жоопко тартыш керек. Канча адам канга боёлду? Эмнеге эле бооруңар ооруп атат түшүнбөйм.
7548 абоненти

2788. Жаңы өкмөт качып кеткендерди эмне чакырып атасыңар? Алардын азайганы бизге жакшы болот беле?
Ш...

2789. Кадыржан Батыровду кармап, камабайсыңарбы? Аны эмне эле эркелеттиңер!
Ш...

2790. Урматтуу Роза Отунбаева, сиз күчтүү аял жана эне экенсиз! Сизге жалпы Кыргызстандын аялдары тизе бүгүп, таазим кылабыз. Бар болуңуз!
3888 абоненти

2791. Адахан элин ойлогон инсан!
3155 абоненти

2792. "Учур" гезитинин жамааты, сиздерге ийгилик, ден-соолук каалайм!
Меч

2793. Дүйнөдөгү эң кымбат апакемден айрылдым. 90% жашоом кызыксыз болуп калганын туйдум. Үшкүрүнүп кала бердим. Айла жок тура!
0405 абоненти

2794. Бекназаров, Сариев (!), тобуңар менен отставкага кеткиле!
0998 абоненти

2795. Мария эже, кандайсыңар? Үйдөгүлөр жакшы турабы?
0998 абоненти

2796. Бүбүй эже, Алпамыш, Айым, Бекжан, Эржан кандайсыңар?
Бөлөңөр

2797. "Үзөнгү-Кууштун сатылышына макулмун" деп добуш берген экс-депутаттардын тизмесин кара тамга менен көрүнүктүү жерге илип коюш керек. Эл ары-бери өткөн сайын тизмени окуп, наалат айтып, аларды каргап турушсун!
Меч

2798. "Ата Мекен", КСДП, "Акшумкар" партиялары, силер бийлик дегенде ачкүсөндөй болуп чуркайсыңар. Ал эми кыргыздар кырылып жатса, коңулга кирип жашынасыңар.
Меч

2799. Урматтуу Казармандыктар! Мен Эпеев Мурат деген жигитти издейм. Келинчегинин аты - Бурмайым. Мурат, экөөбүз Политехте бир группада окуганбыз. 2004-жылы бүткөнбүз. "Алтында" иштейм дечү. Жашы - 38-39дарда. Муратты билгендер, көргөндөр же өзүң окуп калсаң мага чал!
Нуркан (Талас), телефонум 0777-76-64-14

2800. Сарыойлуктарга ысык салам!
Бекжан

2801. Кыргыз элим амансыңарбы? Урматтуу калкым, ар кандай чагымчылдык күчтөргө ишенбей, тынч эле жашайлычы!
Бекжан

2802. Атамбаев, сиз элдик кишисиз!
Бекжан

2803. Исмаил Исаков, сиздей кыргыз үчүн күйгөн адам, өзгөчө бийликтегилерде жокко эсе. Сиздин бир ооз эле сөзүңүздү гезиттен окуп алып, чын жүрөгүмдөн ыраазы болдум. Сизге окшогон, кыргызга күйгөн инсандар көбөйсө экен деп Кудайдан миң мертебе суранам!
Муктар

2804. Ошко бара албаган Болот Шер, Сариев, өз жеринде баатырбы? Ушулар эл башкара алабы?
8088 абоненти

2805. Көкүрөгүн окко тосуп, Ошту тынчтандырып жүргөн Курсан Асановго МВДны өткөрүп бериш керек. Ушундай баатырлар жарайт кыргызга. Урматтуу Болот Шер, мен сизге кайрылып атам!
8088 абоненти

2806. "Керемет көч" берүүсүндөгү эшектин такыйы кыргыздын дүйнө таанымына туура келбейт. Анын ордуна кулунду коюш керек болчу. Бул мага кыргызды басмырлагандай таасир калтырып атат.
Майрамбек Деркембаев

2807. Ошто, Жалал-Абадда курман болгон бир боор кыргызым! Силер эл намысы үчүн шейит кеттиңер! Жаткан жериңер жайлуу болсун! Биз, түндүктүн эли, жүрөгүбүз ооруп турат. Биз силер мененбиз!
Муктар

2808. 1990-жылдагы көрүнүштү кайталабайлы. Дагы эле кыргыздар күнөөлүү болуп калбасын?
Муктар

2809. Б.Мамбетов атындагы мектептеги Аська, мени кечир. Мен сени сүйөм!
Нурик

2810. Мадумаров, Келдибеков, Ташиев, Сарыгулов, Ниязовдор, элди аллергия кылбагылачы!
1298 абоненти

2811. А.Жекшенкулов, сиз түзгөн партияга мүчө болуп, партиянын үзүрлүү ишине көмөк көрсөткүм келет. Жакында Бишкекке барганда калганын сүйлөшөлү. Биз жакта көп жаңылыктар бар.
Тилек

2812. Кыргызстанда эң абройлуу адам - Өмүрбек Текебаев. Андан кийинки орунда Аликбек Жекшенкулов турат.
1298 абоненти

2813. Бакиевдин "супер күчүгү" М.Мырзакматовду Убатылуу өкмөт камабайбы? Анткени анын арты таза эмес. Айтты, айпады дебегиле!
Асел

2814. Элмурза Сатыбалдиевге рахмат! Кыргыз Республикасынын волейбол федерациясын жандандырды. Чет жакада кыйын ойногон кыргыз балдарды тартып, аларга ойногонго жакшы шарт түзүп берди. Ушул басыгыңдан жазба!
Мыкчыгер

2815. Мен бир кызды сүйөм! Ал мени сүйбөйт. "Сүйбөгөнгө сүйкөнбө" дегенсип, айла таппай курудум. Жардамга келгиле.
Арген, тел: 0773-83-62-15

2816. Кагылайын Меч! Убактылуу өкмөттөгүлөрдүн балакетин албай, жечү погуңду жөн же. Патриот бол. Эркек болсоң!
0514 абоненти

2817. Акаев, Бакиевдин убагында жегениң эле жетишет. Бекназаров, сага Акүйдө орун жок!
9445 абоненти

2818. "Алиби" гезитине Осмон Рыскулбеков деген бир пенде Адахан Мадумаровду дуэлге чакырыптыр. "Ыйлаар бала атасынын сакалы менен ойнойт" демекчи, мүйүздүү болом деп, башыңдан айрылбасаң эле болду.
Меч

2819. Роза Исаковна, сизге күч-кубат тилейм. Жаныңызда жүргөн "убактылуулардын" беттери бет болбой эле бетон болуп калган окшойт. Сиздин кыргыз элине чын ыкластан кызмат кылып атканыңызды көрө алышпай, жардам бергендин ордуна, акчанын кулуна айланып баратышат. Сиздин жогорку деңгээлдеги адамгерчилигиңиз алардын мээлерине жетпейт окшойт. Болгон чектери ошобу?
Курманжан

2820. Меч, сен эмне, болбогон былжырактарды жазып жатасың? Бакиевге жан тарткың келсе, Минск шаарына барып, К.Бакиевдин жок дегенде бир жолу башын жазып, 200 грамм арак куюп берсең, пайдалуу иш кылмаксың. Бу жерде туруп алып элди кайрабай.
Чокмор

2821. Парапсихолог Мелис Карыбековду сүйүп калдым. Мен барган кафеге ал дайыма келет...
Сайкал

2822. Алмаз Атамбаев болбосо, Убактылуу өкмөт чилдей тарамак!
0743 абоненти

2823. Түштүккө Элмурзаны жибериш керек болчу. Ошондо жаңжал болмок эмес. Бийликтегилерге кеп-кеңеш...
7055 абоненти




Гороскоп
28-июндан
4-августка чейин
Кой (21.03 - 20.04)
Коомдук иштерден колуңуз бошобойт. Сүйүктүү адамыңызга жетүүгө зар болосуз. Кызматта бир тепкич көтөрүлгөнгө ыңгайлуу абал түзүлөт. Жума аягында жеке иштериңиз менен алек болуңуз. Натыйжасын бербей койбойт.

Букачар (21.04 - 20.05)
Болгон күч аракетиңизди сүйүктүү адамыңыздын бактылуу болушуна жумшаңыз. Ошону менен бирге кызматтагы ишиңизди унутуп койбогонуңуз эп. Максатыңызга жете турган күн жакындап, ийгиликтин босогосуна келгенин сезесиз.

Эгиздер (21.05 - 21.06)
Жума ичинде тынчсызданып, бушайман болуп чыгаарыңызга шек жок. Анүчүн колуңузга тийген буюмду ыргытып, чарпына бербеңиз. Сабырдуулук баарын жеңет. Анын үзүрүн жакынкы күндөрдө көрүп калышыңыз ыктымал.

Бөйөн (22.06 - 22.07)
Ичиңизде бышып келаткан бугуңузду чыгарып, бир жарылып алганга шарт түзүлөт. Өнөктөшүңүздүн кайдыгер туруп алганы сизди кыжырдантат. Ушундай маанайда ага сиз биринчи кол сунсаңыз, ал уялып калышы ыктымал.

Арстан (23.07 - 23.08)
Өзүңүздү-өзүңүз мактаңыз. Ага сиз татыктуусуз. Чыгармачылыктагы эргүүгө табият дем-күч берип тургансыйт. Ушак тараткандардын өз убагында оозун баспасаңыз, терс таасирин тийгизип коюшу ыктымал.

Бийкеч (24.08 - 23.09)
Жума башында иш пландарыңызды тактап, эсеп-чотко салып алганыңыз оң. Басымдуу жактарына көңүл коюп, аларды аткарууга шашылыңыз. Тобокелдикке баруунун кажети жок. Ансыз деле жолуңуз айдан ачык.

Тараза (24.09 - 23.10)
Мерчемдүү идеяларга чөмүлөсүз. Аны толугу менен аткарууга күчтүү курам керек экенин унутта калтырбаңыз. Билимдүү адамдардын жардамын колдонуп, юридикалык келишим түзүп коюу кажет.

Чаян (24.10 - 21.11)
Бутуңуздун астындагы майда-чүйдөлөргө маани бериңиз. Антпесеңиз бирөөлөр сизди оңой алдап коюшу ыктымал. Кээ бир достордун жардамын күтпөй, өз күчүңүзгө ишениңиз.

Жаачы (22.11- 21.12)
Жүрөгүңүздө сүйүүнүн оту жанып, күчтүү энергетиканы сезесиз. Анын аркасы менен турмушта тоскоол кылып келген терс көрүнүштөрдөн арыласыз. Интеллектиңиз жогорулашына шарт түзүлөт.

Текечер (22.12 - 20.01)
Бирөөдөн жардам күтүп болбойт. Сиздин проблемаларыңызга эч ким күйбөйт. Жалкоолуктан арылып, өз иштериңизге билек түрө киришкениңиз, жакшы жыйынтык беришин унутпаңыз.

Суупери (21.01 - 19.02)
Алы-күчүңүздүн кетишине азыркы учурдагы кыйчалыш абалдар себеп болгон. Убактылуу нерсеге кейибеш керек. Жакында баары ордуна келерине ишенип койсоңуз болот. Пайдалуу киши менен таанышасыз.

Балык (20.02 - 20.03)
Жайдын алгачкы күндөрүнөн бери келаткан орчундуу маселелер чекесинен чечиле баштайт. Жума ичи көңүлүңүздүн өйдө-төмөн болгонуна карабай, түйшөлткөн санаалардан арылууга мүмкүнчүлүктөр ачылат.