Футбол спорт падышасы
Алгач күндө абалың кандай, топ аке?
16-июнь
Нелспрейт, Гондурас 0:1 Чили (Н)
Дурбан, Испания 0:1 Швейцария (Н)
Претория, ТАР 0:3 Уругвай (А)
17-июнь
Полокване, Франция 0:2 Мексика (А)
Йоханнесбург, Аргентина 4:1 Түш. Корея (В)
Блумфонтейн, Греция 2:1 Нигерия (В)
18-июнь
Йоханнесбург, Словения 2:2 АКШ (С)
Кейптаун, Англия 0:0 Алжир (С)
Порт-Элизабет, Германия 0:1 Сербия (D)
19-июнь
Рюстенбург, Гана 1:1 Австралия (D)
Дурбан, Голландия 1:0 Япония (E)
Претория, Камерун 1:2 Дания (E)
20-июнь
Блумфонтейн, Словакия 0:2 Парагвай (F)
Нелспрейт, Италия 1:1 Жаңы Зеландия (F)
Йоханнесбург, Бразилия 3:1 Кот-д Ивуар (G)
21-июнь
Кейптаун, Португалия, 7:0 КНДР (G)
Порт-Элизавет, Чили 1:0 Швейцария (Н)
Йоханнесбург, Испания 2:0 Гондурас (Н)
22-Июнь
Рюстенбург, Мексика 0:1 Уругвай (А)
Блумфонтейн, Франция 1:2 ТАР (А)
Полокване, Греция 0:2 Аргентина (В)
Дурбан, Нигерия 2:2 Түш. Корея (В)

Жакынкы таймаштар
24-июнь
Рюстенбург, Дания - Япония (Е)
Кейптаун, Камерун - Голландия (Е)
Йоханнесбург, Словакия - Италия (F)
Полокване, Парагвай - Жаңы Зеландия (F)
25-июнь
Дурбан, Португалия - Бразилия (G)
Нелспрейт, КНДР - Кот-д Ивуар (G)
Претория, Чили - Испания (Н)
Блумфонтейн, Швейцария - Гондурас (Н)
26-июнь
Сегиздик финал
Порт-Элизавет, 1А - 2В
Рюстенбург, 1С - 2D
27-июнь
Йоханнесбург, 1В - 2А
Блумфонтейн, 1D - 2С
28-июнь
Дурбан, 1Е - 2F
Йоханнесбург, 1G - 2H
29-июнь
Претория, 1F - 2Е
Кейптаун, 1Н- 2G

Марадонадан Луис Фабиано кем бекен?
Бразилия менен Кот-д Ивуардын мелдешинде бразилиялык оюнчу Луис Фабиано колунун жардамы менен экинчи топту атаандаштын дарбазасына киргизгенин коомчулукка өзү жар салып жиберди. "Аны талаа калысы байкабай калса мен күнөлүү эмесмин. Мен эмне, Марадонадан кемминби?" дегенсип.


Француздардын чатагы
Раймон Доменектин топ тепкичтери 20-июнь күнү машыгууга келип, жашыл майсанга чыкпай коюшат. Себеби, Доменек менен Николя Анелька экөө 17-июнь күнү ата-жотолоруна жете сөгүшө кетишкен. Натыйжасында Анельканы курамдан айдап чыккан. Буга команда каршы экенин бойкот менен билдирген. Бир сөз менен айтканда француздардын абалы өтө эле оор. Сегиздик финалга чыкпай да калышы ыктымал.
Ажаткананы таппай адашып
Лондондон атайын футбол көргөнү келген бир күйөрман Алжир менен Англия беттешүү учурунда стадиондон адашып кеткен. Туалет таппай Англиянын курамы кийинип чечинчү бөлмөсүнө кирип барган. Ал жерден айтылуу Дэвид Бэкхемге бетме-бет жолугуп калат. "Өз жеримде бир көрүүгө зар болгон Дэвид кандайсың?" деп шашкалактап, кайра ажаткана издегени атып чыккан. Ал жерден полицайлар кармап алып, ажатканасын жана абагын да көрсөтүп койгон.

Күйөрмандын үнү чыкпай калган
Мексика менен ТАР өлкөсүнүн ортосундагы мелдештен кийин Ивон Майердин үнү чыкпай калган. Африка чоорун (вувузел) үйлөй берип тамагы айрылып кеткен. Азыр ооруканада катуу режимде дарыланып атат.

Нигериянын оюнчусу өлкөгө кайтпай калдыбы?
Греция менен Нигерия таймашында Сани Кайтка кызыл карточка көрсөтүлүп, оюндан четтетилген. Ошонун себебинен Нигерия курамы Грецияга уттуруп (1:2) ийген деген тыянакка келген сүрөөнчүлөр, эми аны Нигерия өлкөсүнө кайтып келишин каалабай атышат. Келсе эле бир түндөн чыгарбайбыз дегенсип.

Күйөрман 26 доллар айып төлөй албай
Аргентина курамынын күйөрманы дүкөндөн сыр уурдап, жергиликтүү полицай тарабынан кармалды. Соттор 26 доллар айыпка жыгып, андан тышкары өлкөдөн чыгып кетүүгө мажбурлаган. Ал эргул чогуу келген досторунан эптеп-септеп атып айып пулду төлөп берип, айткан күндөн 3 күн кечигип, өлкөдөн чыгып кеткен.