Кудайдын буйругу

Кыргыз-түрк бабалардын урматы үчүн...
XI кылымда Византия империясы менен Осмон империясы согушат. Изник шаарында Осмон империясы жеңилип баратканканда кыргыздардан жардам сурап кайрылат. Ошондо 30 миң атчан кыргыз жардамга келип, согуш майданынан "артка кылчактабагыла, соккула!" деген кыргызча сөздөр угулган экен. Кыргыз атчандарынын жардамы менен Осмон империясы жеңип, Византия аларга баш ийип калат. А жардамга барган 30 миң атчандын баары боордош түрк эли үчүн жанын берген экен. Ошол кыргыз баатырларынын урматына 2004-жылы Түркиядагы Кыргыз Республикасынын элчиси Төлөмүш Океевдин демилгеси менен береги эстелик тургузулган. Ошондон бери экс-президенттер Аскар Акаев менен Курманбек Бакиев эстеликтин ачылыш аземин жасоого бир топ чыгынып, бирок ар кандай себептер менен жолу ачылбай келген. Эми жакында эле биринчи-вице-премьер-министрдин милдетин аткаруучу Алмазбек Атамбаев дал ошол Изник шаарына барып, эстеликти ачып, кан чыгарып келди. Ушул эстеликти ачсак, кыргыздардын дагы жолу ачылып кетсин деген максатта. А.Атамбаев өз сөзүндө түрк элинин башына оор күн түшүп турганда ушинтип кыргыз баатырлары жанын аябаганын айтып, азыр эми Кыргызстандын башына кыйынчылык түшкөндө боордош түрк эли да жардамын аябаса керек деген оюн айтты.
Маалымат үчүн: Түркия өкмөтү Кыргызстанга 21 млн. доллар кайтарымсыз грант берип, эгер бул акчалар максаттуу пайдаланылса, мындай гранттар дагы деле бериле турганын билдирди. Кыскасы, Кыргыз-Түрк бабалардын урматы үчүн келечегибизди туура багыттасак деген тилек.
Жолдошбек Бектурганов,
"Кыргызстан" ААКсынын
башкы директору






PDF формат