"Атамекенден" "Учурга"

Аликбек ЖЕКШЕНКУЛОВ:
"Эл аралык мамилелерде эмоцияга орун жок"
Жаңыдан уюшулган "Акыйкат" партиясынын лидери, саясый илимдердин доктору Аликбек Жекшенкулов эл аралык саясатта азыркы Кыргызстандын орду жана өлкөдөгү кырдаал туурасында "Атамекен" интернет гезитине маек куруп берди.

- Аликбек мырза, коңшу мамлекеттерге кыр көрсөткөндөй болдук, кийинчерээк мунун кедергиси тийип калбайбы?
- Ички саясатта кандай өйдө-ылдый көрүнүштөр болбосун, эл ишенимине ээ боло алган кандай өкмөт келбесин, башка мамлекеттер таанып, эл аралык мамилелер улана берет. Эгерде өзүңдү лидер санап, чоң саясатчы катарында көрсөң, мамлекеттер аралык маселелерде ар бир сөзүңдү талдап, айткан кебиң эки тараптуу мамилелерге кандай таасир этээрине өтө кылдат кароого тийишсиң. Буюрса, алдыдагы шайлоолор өткөн соң, биздин коңшулар да, башка мамлекеттер да кек сактабайт деп ишенели. Анткени, эл аралык мамилелерде мамлекет башчылары, дипломаттар артка кылчайбастан, алдыга умтулушат. Бирок, баары бир эки тараптуу мамилелер тарыхында өзүнчө файлда сакталып калары анык. Себеби, дипломатияда ар бир мамлекет менен байланыш түзүлгөндө файл ачылып, ал байланыштын өнүгүшү менен толукталып отурат. Ага эки тараптын лидер, саясатчыларынын качандыр бир кездерде жасаган билдирүүлөрү да камтылат.
- Кыргызстан утурумдук бийлиги эл аралык саясат айдыңында одоно катачылыктарды кетирип аткан жокпу?
- Шашмалык менен кээде алар ар кандай билдирүүлөрдү жасоодо, интервьюларды берүүдө эмоцияга алдырган учурлары да кездешип жатат. Эл аралык мамилелерде бул абдан жат көрүнүш. Убактылуу өкмөттүн мыйзамдуулук маселелери чечиле элек убакта да бийликтегилер шашып, кээде мамлекеттин атынан жеке ой-пикирлерин да жар салып атышат. Эки тараптуу мамилелерди баалоонун, чоң чечимдерди кабылдоонун алдында өз баасын да, чечимин да адистер менен талкуулап алуу кажет.
- Дегеле, биз тышкы саясатта ушул кырдаалда кандай багытты карманганыбыз оң?
- Ички жана тышкы саясат тыгыз байланышта. Ошол себептен, тышкы саясатыбызды түзөөдөн мурун адегенде ички саясатыбызды оңдоп алууга тийишпиз. Ички саясатыбызды калыпка сала албай, экономикабызды эптей албай жаткан кезде бизди эч бир мамлекет теңата санабайт. Бирок, тышкы саясатты жүргүзгөндө кайсы бир мамлекеттин аты аталбай, эң негизги орунда биздин УЛУТ кызыкчылыгы болушу шарт. Улуттук кызыкчылыктарга таянып, башкы орунга улут таламын чыгарсак, бардык мамлекеттер түшүнүү менен кабылдайт, сыйлайт жана байланыш-мамилелердин уланышына кызыкдар болот. Бакиевдер ойногондой, тигил же бул жакка ооп кетүү эл аралык мамилелерде сыйга, ишенимге татыбайт. Экинчиден, эл аралык мамилелерде өтө жоопкер өнөктөш болуу керек. Сөз бердиңби, анда аткарууга тийишсиң. Ал эми сөз берердин алдында миң ойлонуп, миң кеңешип, миң салмактап, анан чечим кабылда. Эки анжы, эки жүздүү саясатка жол берилбейт. Эки тараптуу мамилелерден сырткары да көп тараптуу мамилелер бар. Биз мүчө болгон ар бир эл аралык уюмда улут кызыкчылыгы эске алынган өзүбүздүн бекем позициябыз болушу абзел.
- А.Лукашенконун кадамы, анын натыйжасында Беларусь өкмөтүнүн жардамынан баш тартканыбыз эки мамлекет байланышын бузуп койбойбу?
- Ушул жерде Убактылуу өкмөт туура кадам жасады. Албетте, Беларусь президентин чектей албайбыз, бирок, А.Лукашенко жеке мамиледен эки мамлекеттин байланышын жогору койсо дурус болмок.
- Байкасаңыз, апрель окуяларынан бери эл аралык эксперттер өлкөбүздү Ооганстанга да теңеп жиберишти...
- Ооганстанга теңелгенден Кудай сактасын! Андай эч качан болбойт, анткени, биз бүтүн элбиз! Оогандардан маданият, тарыхыбыз да таптакыр башка. Мындай пикирге эч кошула албайм. Бизде коопсуздук маселесинде эки ири жагдай - Түштүк-Түндүк кыргыздар жана кыргыз-өзбек маселеси бар. Мен жетектеп турган партияда Кыргызстандын жети дубанынан, ар түрдүү улуттардан мүчөлөр бар. Тамырын тартып сүйлөшүп көрсөм, баары түшүнүп турат. Кайсы улут болбосун, кайсы регион, кайсы уруу болбосун, кыргыз мамлекетинин бүтүндүгүн тилеп, Мекенибизди сүйөт. Баары өлкөдөгү кырдаалдын жакшырышына, тынчтык орношуна, эл-жер өсүп-өнүгүшүнө кызыкдар, Кыргызстандын келечегине кайдыгер эмес. Бул жердеги башкы маселе - кыргыздын айрым саясый "каймактары" өтө ирип бүткөнү. Алар бар күчүн жумшап, эл жана мамлекеттин кызыкчылыгы менен эсептешпестен, беш-он жылдан бери топтогон байлыгын сактап калуу же бир портфелге ээ болууну гана көздөшөт.
(Уландысы 9-бетте)




  Океан ары жагынан

Бермет БУКАШЕВА, журналист:
"Эжең элчи деп башпаанек бербей коюшту"
Орус тилдүү гезиттердин арасында алдыңкы катарда жүргөн "Лица" гезитинин бир кездеги ээси, редактору Бермет Букашева азыр Америкада жүрөт. Ал жакка эмне себептен кеткенин, кандай иш менен алек болуп жүргөнүн, кайра кайтар-кайтпасы тууралуу интернет аркылуу кеңири маектештик.

- Бермет айым, сиздин Америкадан башпаанек сураганыңызды билебиз. Башпаанек бериштиби же жокпу?
- Жок, мага башпаанек беришкен жок. Азыркы жаңы бийликтеги кишилер, мурдагы оппозиционерлер "Кыргызстанда журналисттерди өлтүрүп атышат, Бермет Букашевага башпаанек бергиле" деп, кат жазып сурашса деле бербей коюшту. Негизги себеп катары менин эжемдин АКШда элчи экенин айтып баш тартты. Мен эжемден такыр башка жерде, алыс штатта жашап атсам дагы, саясый көзкараштарыбыз эки башка болуп атканына карашкан жок. Мен башпаанек сураганда "бул демократиялык өлкөдө кимге ким тууган экенин карашпайт" деп ойлогом. Бул жактагы адвокаттар дагы ошондой жооп болгонуна таң калышты. Анткени алар мага башпаанек берилерине 100% ишенип турушкан да.
- Анда сиз Замира эжеңизден башка жерде жашайт турбайсызбы?
- Албетте, мен түз эле Бишкектен Огайо штатындагы Цинциннати деген шаарына учуп келгем. Бул жакта эки дос кызым жашайт. Вашингтондогу элчинин резиденциясына бир күн дагы токтогон жокмун. Америкада жүргөнүмө бир жыл болду, ошол убакыттын ичинде эжемдикине бир эле жолу конокко барып келдим. Ошондо ал жерден Байболовдор менен да жолуккам. Алар деле күбө. Ал жердеги кыргыздар "эжең элчи болуп турганда жыргап эле бекер резиденцияда жашай бербейсиңби" дешкенде, мен "жок, мен үчүн бул жерде жашаган бакиевдердин бир бурчунда жашагандай" деп болбой койгом. Мен тууралуу чындыкка туура келбеген ар кандай ушактарды интернетте, гезиттерде жазып жүрүшөт, "эжесинин жанында жыргап бизнес жасап журөт" деп. Бизде журналисттердин, анан саясатчылардын арасында ичи тарлык, көралбастык, ушак көп.
- Эски бийлик кеткенден кийин башка өлкөлөргө кетүүгө мажбур болгон башка жарандарыбыз кайтып келди. Сиз кайра Мекенге кайтуу тууралуу ойлонбодуңузбу?
- Албетте, ойлонуп атам. Менин биякта кармалып атканыма бир нече себептер болуп жатат. Америкада квартираны арендага алганда, бир жылга келишим түзүп гана ала аласың. Баламдын бала бакчасынын шарты дагы, менин англис тили боюнча окуумдун дагы шарты ошондой экен. Ал келишимдерди бузуп кетсем, алдын ала төлөнгөн акчамдын кайтарылбай калганы аз келгенсип, олчойгон айып салынат экен. Менде Американын бир дагы социалдык документтери жок болгондуктан, келишимдердин шарттары дагы өзгөчө катуу.
- Ал жакта эмне иш менен алексиз?
- Мен азыр Америкадагы эки эң популярдуу "В новом свете" жана "Комсомольская правда в Америке" орус тилдүү гезиттери менен иштешип жатам. Бул гезиттер Нью-Йорктон басылып, АКШнын баардык аймагына тарайт. Бул жакта орус тилдүү бир нече миллион киши жашайт. Бирок бул гезиттердин төлөгөн гонорарлары абдан аз. Ошон үчүн Американын англис тилиндеги гезиттерине жазууга аракет кылып, окууларга барып, англис тили боюнча билимимди арттыруу менен алекмин. Андан тышкары, эки-үч китеп жазууну баштагам, убакыт жок бирөөсүн да бүталбай жатам. Үч жашар тынчы жок уулум деле өзүнө көп убакыт алып, иштетпейт. Ал балабакчада болгон убакытта кана компьютерге отуруп иштейм. Кээде акча керек болгондо аргасыздан бирөөнүн үйүн тазалаган кундөр да болот. Балаңдын курсагын тойгузуш үчүн мындайдан дагы кача албайт экенсиң. Айына бир эле кишинин жашоосуна эки жарым миң доллар керек. Андан аз кирешелүүлөргө пособие берилет. Мага болсо башпаанек берилбегендиктен, бир да тыйын жардам берилбейт экен.
- Ачык айтканда, башка өлкөгө кетүүңүзгө эмне түрткү болду эле? Кандай куугунтуктар, корткутуулар болду?
- Биринчи коркунучтуу окуя, орусча айтканда, шок, Сыргак Абдылдаевди бычактап өлтүрүүгө болгон аракет болду. Ал "Репортер Бишкек" менен кошо менин "Лица" гезитим менен дагы иштешип, бизге макала жазып берип жүрдү эле. Мен ошол күндөрү Венада бир конференцияда жүргөм. Интернеттен окуганда жүрөгүм ылдый түшүп кетчүдөй болду. Менде өзүмдүн корреспондентимди жарадар кылгандай эле сезим болду. ОБСЕнин бир бөлүгүнүн конференциясы эле, башка темада сүйлөй турган сөзүм бар болчу, чыдай албай ал жердеги ар кайсы мамлекеттен келген журналисттердин, укук коргоочулардын алдына чыгып, "Кыргызстанда бакиевдер журналисттерди өлтүрө" башташты деп айттым. Анан келип ооруканасына барсам, Сыргак "сен ким деп ойлойсуң?" деп сурады. Мен өз оюмду айттым, "Максим болуш керек" деп. Сыргак болсо "сен өзүң абайла, бул сага деле алардан чоң эскертүү болуш керек. Гезитиңди жаппасаң болбой калды" деди. "Репортердун" ошол кездеги баш редактору Турат Акимов деле "баарыбызга эскертүү болду, сен эмне кылганы жатасың? Биз болсо жабылабыз, жабылбасак да мен жумуштан кетем" деп айтты. Ошол күндөрү БиБиСиге интервью берип, "Сыргакты ошончолук сабагандан кийин баарыбыз - журналисттер, саясатчылар, укук коргоочулар аянтка чыгып, кыргыздардын кошок айткандай сыяктуу катуу өкүрүк жасашыбыз керек, андай кылбасак сөз эркиндигин такыр жоготобуз. Анан "эл унчукпайт экен, боло берет экен" деп, алар дагы саясый өлтүрүүлөрдү жасашат" деп айттым. Ошондой эле болду, 10 күндөн кийин Садыркуловду өлтүрүштү, анан мен кеткенден кийин Павлюкту жайлашты.
(Уландысы 8-бетте)