Эл баштагандардын астында Тилек жүргөн
"Ата Мекен" партиясы белдүү жигиттерге бай. Алардын бири Тилек Жаныкеев. 7-апрелде Тилек мырза "Медиа-Форумдан" Акүйдүн астына чейин элдин биринчи сабында барып, ок атышуу башталганда жаш жигиттерге дух берип, артка качкан эмес. Кудай сактады, октон аман калды. Биз бүгүнкү күндө өлгөндөрдөн, жарадарлардан сырткары да эл баштаган баатырларды эске алып койсок. Алардын көч башында Тилек Жаныкеев жүргөн болчу. Бул жигит бүгүнкү күндө "Ата Мекен" партиясынын Бишкек шаары боюнча координатору болуп иштөөдө.


Бүйүрдү кызыткан макала окуйсуңбу?
Коргоо министрлигине Исмаил Исаков барганы нааразычылык арбып, кыйын кырдаал жаралып атканын кабарлашты. Өзгөчө профессионал кадрларды иштен айдап, ордуна чалдарды апкелип атканы кандай? Мындай жорукка көпчүлүк кабатырлануу менен жандары кашайса, айрымдары өз эрки менен жумуштан кетүүдө дейт. Ишенген кожоң ушундай кылат беле? Биз эмки саныбызда И.Исаковдун "кылыктары", анын жасаган иштери боюнча бүйүрдү кызыткан макала беребиз. Ашыкпай тургула.


Ай ким билет, экөөнү ажыратпаганда...
Үч күн мурун "акжолчу" Улугбек Ормонов менен "бригадачы" Акмат Келдибеков күтүүсүз жолугушуп, саясат боюнча абдан чер жаза сүйлөшүп отурушкан дейт. Анан эле кокусунан уруша кетишиптир. Аз жерден мушташа кете жаздашыптыр. Кыязы, Улуке "Ата Журтка" кирүүдөн баштартып, "колуңардан эмне келмек эле?" деп Акматты каккан окшойт. Мындай жагдайда Акмат аке унчукпай калчу беле? Ордунан ыргып тура калып, тиреше кетишкен имиш. Экөөнү ажыратпаганда эмне болот эле (?), ай ким билет, кызыл жаян кан кетип, былчылдашып алышмак окшойт. Акмат да, Улуке да оңой жигиттерден эмес эй!


Эркиндин атасы каза болду
Эсиңерде болсо, полковник Чыныбек Алиевдин өлүмү боюнча айыпталып, камалып кеткен Эркин Мамбеталиев азыр түрмөдө. Бу жигитти "ак жеринен отурат" дегендер да арбын... Эркин мырза кезинде Алмаз Атамбаевдин жансакчысы болгону, шефин киллерден сактап калганы боюнча ММКларга чыгып, убагында катуу дүңгүрөгөн. Профессионал жансакчы экенин билгендер мактап келишет. Мына ушундай жигиттин бүгүнкү абалы кандай? Аз күн мурун Э.Мамбеталиевдин атасы каза болуп, кайран жигит түрмөдөн сыздап, атасы менен акыреттеги коштошууга бара албады. Бирок, абактан топурагын түйүп бериптир. Эмне дейли, арты кайрылуу болсун! Эгер акыйкаттык бар болсо, Убактылуу өкмөт Эркиндин ишин кайра каратып, адилеттүү чечимге келишсе болмок. Алмаз Шаршенович эмне дейт болду экен?


Элмурза элди ойлоду...
Экс-башпрокурор Элмурза Сатыбалдиев үй камагында отурганын жазганбыз. Азырынча сурак берүүдө. Сурактын жыйынтыгы кандай бүтөрүнө саресеп салып турмакчыбыз. Баса, өткөндө Түштүктөн кыргыз-өзбек чатагы чыкканда Элмурза чоң роль ойноптур. Бизге жеткен маалыматтарга караганда, ал телефон аркылуу кагылыш чыккан аймак менен байланышып, тынчтыкты сактоого, согушту токтотууга салымын кошуп, үйүнөн эле үлкөн ишти бүтүрүп коюптур эй! Негизи Түштүктө Э.Сатыбалдиевди колдогон катмар бар экени белгилүү. Мына ошолор өлкө стабилдүүлүгүнө күчтөрүн жумшаганы жакшы болуптур. А болбосо ким билет?.. Ал эми ушул күндөрү Элмурзага көптөгөн саясый күчтөр сүйлөшүүгө барып, "бирге бололу, бизге кошулсаңыз?" деп суранып атыптыр. Бирок, Э.Сатыбалдиев азырынча саясатка аралашпай турганын, о.э. Кыргызстандагы саясый кырдаалдын калыбына келишине кызыкдар экендигин билдириптир. Кырктын кырындагы жигитке саясат али алдыда да, эң башкысы, элди ойлогону жакшы болуптур...


Алмамбеттин былыктары ачылат
Соңку убактарда "Ата Мекен" партиясынын региондордогу активисттери кызык демилге көтөрүүдө. Мамкаттоо кызматына төрага болуп барган Алмамбет Шыкмаматовду партиянын тизмесинен чыгарууга, кызматынан шыпырып түшүүгө белсенишип. Бул боюнча маалыматтын чын-бышыгы кийинки санга даяр болуп калат. Кудай буюрса, Алмамбеттин былыктары али астыда. Эрикпейсиңер.


Адахан менен Мирослав уят болгондо
Өткөндө Адахан Мадумаров менен Мирослав Ниязов элди көтөрүүгө жандалбастап, бир бизнесменден чо-оң суммадагы пул алганы айтылды. Анан көпчүлүк элге тараткан имиш. Натыйжада, Ала-Тоо аянтына жүздөй гана адам чыгып, экөө жама-ан уят болду да. Контрреволюция бовой калып. Акча алгандар "азаматсыңар!" деп басып кеткенби? Кыскасы, Адахан менен Мирославды эл ээрчибей турганы тастыкталды. Эми үйүндө жөн эле жатышса дейсиң, интервью деле бербей эле коюшсунчу, коомчулукту тажатпай, чын эле да.


Эмил Каптагаев да уурубу?
Убактылуу өкмөттүн мүчөлөрү Темир Сариев менен Азимбек Бекназаровдун миллион доллар боюнча сүйлөшүүсү коомчулукка терс таасирин жаратып, "булар акча бөлүшүп, жеке кызыкчылыктары менен эле жүргөн турбайбы!" деген кыжырланууларды жаратты. Ошонун айынан "Акшумкар" партиясынан таза жаштары чыгып кетүүдө. "Урдум ушундай партияны!" деп. Темирдин аброю кетти. Ал эми А.Бекназаровго айла жок да. Урдум-соктум менен жүргөнү белгилүү. Анын кыңыр иштерин коомчулук укту. Кайталабайлы. Кызыгы, ошол "миллион долларды бөлүшүү" боюнча сүйлөшкөн сөз дапдаана болуп атса, ортодон Эмил Каптагаев чыга калып, "бул сүйлөшүүдө монтаж кылынган" деп, Азимбек менен Темирге жантартып чыкканы түшүнүксүз ой туудурду. Э.Каптагаев да уурубу?..


Т.Мамашев кимге баш кошот?
Бизнесмен Турусбек Мамашев аз күндөн кийин бир ажайып сулууга баш кошкон атыптыр. Бул боюнча анын жакындары билдиришти. Ушул күндөрү достору үйлөнүү үлпөткө, кудага даярданып атышкан чагы экен. Эмне дейли, жакшылыктын болгону жакшы да.