Темикенин насаатчысы В.Богатрев болсо…
Валентин Богатырев деген политтехнологду ким билбесин? Кезинде "Алга, Кыргызстанга" жабышып жүрүп, анын түбүнө жеткендей болду эле. Анан суудан кургак чыкандай секирик жасап, "Акжол" партиясына акыл үйрөтүп баштаган. Натыйжада, "Акжол" да аңга түштү. Кызыгы, ушул күндөрү Валентин жөн жатпай туйлап, "Акшумкар" партиясына насаатчы болууга ашыгып, Темикени айланчыктап атыптыр. Эми "Акшумкарды" аңга тыкпаса болду, Кудай деги жөөт сымалдардан кутултпайт экен го…


Үсөн аке элден кечирим сурайбы?
"Карт бөрү" Үсөн Сыдыков түрмөдөн үн катыптыр. "Эл астында кечирим сурайм" деген мааниде. Ошондой эле буга чейинки саясый сырларды айтууга, УККга тымызын маалыматтарды берүүгө батынып атыптыр дейт. Анын абактан сынганы боюнча да кептер курч мүнөздө айтылууда. Айтор, түрмө адамды тарбиялайт эмеспи, Үсөн аке кандай таалим алар экен?


"Эл арманы" эски ойлор менен тажатабы?
Мирослав Ниязов "Эл арманы" партиясынын съездин Кыргызстан профсоюздар федерациясынын имаратына өткөзүптүр. Башында 120 чакты адам келип, бирок съезди бүткүчө эле нааразычылык жаралганы кандай? Келген элдин жарымы этектерин кагып, басып кетишкенине түшүнбөй калдык. Кыязы, Мирославдын сөздөрү жагымы жок угулган го, анын үстүнө келгендер сыноо үчүн да байкашты да. Натыйжада, баягы эле эски ойлор менен куру кыйкырыктар айтылса, мындайга чыдабагандар эшикти "тарс" жаап кетишкени кызык. Эми "Эл арманы" жөн гана арман боюнча кала береби? Жээкке сүрүлүп.


Эдил президенттикти кыялдана баштадыбы?
Акыркы күндөрү Эдил Байсалов жаштарды өзүнө тартып, тымызын күч түзүүгө ашыгып атыптыр. Эмне эле жанталашып атат (?) десек, көрсө Эдилдин дымагында президенттик кресло ойноп, бийик кызматты кыялдана баштаптыр. Ой тобо-о, кечээ эле качып кетип, өзүнүн алапайын таппай жүргөн бала президент болом (!) десе кызык экен. Кайсы арына? Кокустан дагы да саясый кагылыштар, куушмай-сүрүшмөйлөр болуп кетсе, Э.Байсалов безип берет да. Бир качып көнүп калган киши кача берери белгилүү. Жаштар алданбаса дейбиз, көздөрүн чо-оң ачышса…


Ө.Текебаев эйфорияда!
Өткөн жума күнү "Ата Мекен" партиясы конференция өткөздү. Баягы оппозициядагы күндөрдөн айырмаланып, бу жолку "Ата Мекендин" жыйыны алда канча көзгө көрүнүктүү өттү. Дүркүрөп. Концерт беришти. Капчыктуулар арбын экени кашкайып, бай-манаптуу мүнөздө өткөнүнө тан бердик. Заман деген өзгөрөт тура. Кечээ эле Өмүке партиясынын офисине тыйын таппай кыйналып жүрчү эле, а бүгүн акча саманбы? Кайдагы акча ыя? Ө.Текебаев эйфорияда…


Р.Отунбаевага көпчүлүк эл нааразы
Роза Отунбаеванын өткөөл мезгилдин президенти болгонуна көпчүлүк нааразы боло баштады. Себеби, Убактылуу өкмөттүн эрки менен, болгону 14 кишинин чечиминде Роза эжекебиз президент болуп койкоюп отуруп калышы кандай? А жалпы элдин тандоосу, алардын ой-пикири эсептелбейби? Айтор, Р.Отунбаеванын бир жарым жылга креслосун бекемдеп кетишине капалангандар арбын. Булар эмне коомдук пикирди уруп ойношпойбу? Анысы ал, анан эми Роза эжекебиз чындык үчүн чыркырап турат го десек, тескерисинче, Темир Сариев менен Азимбек Бекназаровдун "акча чуусуна" аралашып, аларга жантартып чыга келгенине түшүнбөдүк. Калыстык иретинде экөөнө карата коомдук комиссия түздүрүп, эл астында ачык айкын иш алпарса болмок. Тилекке каршы, Р.Отунбаева Темике менен Азикеге болушуп, коргоп чыкты. Түшүнбөдүк. Же бөлүшкөнбү?.. Минтип күңүрттөшө беришсе, референдумга жетпей эле президенттик кресло шалкылдап, урап калбайбы?..


"Акацияда" көлдүн тыңчыкмалары чер жазганда
Акыркы кездери Ысык-Көлдүн тыңчыкма кулундары ынтымактарын чыңдап, алдыдагы саясый күрөштөрдө бирге турууга белсенип аткандай. Маселен, 22-май күнү Көк-Жар конушу тараптагы "Акация" кафесинде Бакыт Иманалиев, Темирбек Курманбеков, Кубаныч Кадыров баштаган бир топ белдүү адамдар кезигишип, чер жаза сөз кумарына батып отурушту. Өткөн-кеткен күндөрдөн ой калчашып, о.э. алдыдагы саясый күрөштөргө да саресеп салышып. Негедир булардын арасында Эмил Каптагаев көрүнбөйт, кыязы аны бөлүп салышкан го. Айтор, бөлүнгөндөрдөн башкасына "Акация" кафеси жагымдуу кеч тартуулап келгенине күбө болуудабыз.


Алике менен Жусуке Нарындан келди
Соңку убактарда "Акыйкат" республикалык партиясы жанданып, эл ичинен чоң колдоого татый баштады. Өзгөчө Аликбек Жекшенкулов менен Жусупжан Жээнбековдун бириккени Түндүк-Түштүк катмарына жагып, күйөрмандар көбөйө баштаганы эмнени каңкуулайт? Эки лидер ушул жуманын башында Нарын облусуна барып, эл менен жолугушуу өткөрүп келди. Бизге Аликбек мырзанын мыкты дипломат, кыйын уюштургуч экени белгилүү. Ал эми Жусупжан аке Түштүктөгү тополоңдордо дайыма эл астына чыгып, журтчулуктун бейкуттугу, тынчтыгы үчүн күрөшүп келгенин билебиз. Өткөн күндөрдөгү чатактарда да Жусуке Жалал-Абадда болуп, элди биримдикке чакырып, өлкөнүн стабилдүүлүгүнө салым кошту. Эң башкысы, кыргыз-өзбек чатагын токтотууга күчү келерин аңдадык. Эми мындай лидерлер турганда, Кыргызстандын келечеги бар экенинен шек санабайлы.


К.Жумалиев эки анжы ойдо чайналып
Гезитибиздин өткөн санында жазганбыз, Кубанычбек Жумалиев "Адилет" аттуу партияны жандантып, шайлоого катышканга кызыгып атканы боюнча. Артында устаты Аскар Акаев турганда талпынат да. Бирок, Кубанычбек чоң саясый күрөштөн жалтактап, "Акшумкар" менен да иштешсемби, кошулсамбы?" деп да кылчактаганын укканбыз. А бүгүнү күндө болсо ал оюнан кайтып, Темикенин акча чуусу коомчулукка угулуп кеткенден кийин сак-сактап турат дейт. Анүстүнө "Акшумкар" партиясы ич ара тытышып, ынтымак кеткени боюнча кабарланууда. Мындай шартта К.Жумалиев да башка аэродром издейт го, эгер келечегин ойлосо…