Жарака

Алмазбек АТАМБАЕВ, Убактылуу өкмөт жетекчисинин биринчи орун басары:
"Жаныш жокто Азике, Максим жокто Темике..."
Апрель окуяларынан кийин бир катар имиштер тараган. Убактылуу өкмөт мүчөлөрүнүн ортосунда чоң жарака кетип, элдин келечегин ойлогон чыныгы демократтар менен өз кызкчылыгын ойлогондор экиге бөлүнөрү тууралуу ар кандай сөздөр айтылып. Бүгүн бул имиш чындыкка айланып отурат. Убактылуу өкмөт жетекчисинин биринчи орун басары Алмазбек Атамбаев менен дагы башка орун басарлары Темир Сариев, Азимбек Бекназаровдордун ортосунда кара мышык өтүп турган кези. Жума ичинде А.Атамбаев журналисттерге эки жолу маалымат жыйын өткөрүп, келишпестиктердин себебин ачыкка чыгарды. Ким чыныгы демократ, а ким өз капчыгын ойлоп атканын эл өзү баалап алар.

Ким пара алса камалыш керек
Жекшемби күнкү маалымат жыйынында А.Атамбаев Бекназаров менен болгон телефондук сүйлөшүүдөгү айтылган 400 миң долларды ким алган болсо, аны жоопко тартуу керектигин айтып, Башпрокурор Байтемир Ибраевди дагы жыйынга чакырган. Бирок, Башпрокурор Азимбек Бекназаров менен Ысык-Көлдө жүргөнүн билдирип, маалымат жыйынга келген эмес. Анын орун басарлары дагы катышкан жок. Буга А.Атамбаев "Байтемир, Маевкадагы чатак боюнча 80 адамды камаш керек болгондо дагы сен Бекназаровдун буйругу менен Ысык-Көлгө кетип калган элең, бүгүн дагы пара алган адамды камаш керек болуп атса, Ысык-Көлдөмүн дейсиң" дедим. Башпрокуратура Бекназаровдун менчиги сыяктуу ой калтырып жатат. Мен күнөөлүү болсом мени камасын. Менин эч качан пара албашымды Азимбек Бекназаров билип туруп, эмне үчүн минтип айтканын түшүнбөй турам" деди нааразычылыгын билдирип.

Миллион чатак
Шейшемби күнү А.Атамбаевдин маалымат жыйынын өткөрүүсүнө Убактылуу өкмөт мүчөсү Эмилбек Каптагаевдин тараткан билдирүүсү себеп болгонун айтты. Э.Каптагаев Бекназаров менен Сариевдин сүйлөшүп аткан миллионун стабилдүүлүк менен коопсуздукту камсыз кылуу үчүн сарпталганы тууралуу атайын документ бар экенин, ал документтердин баарында А.Атамбаевдин колу турганын айткан эле. Каптагаевдин бул сөзүн угар менен Атамбаев аны болгон документтерди алып келүүсүн суранган.
- Анткени, бул боюнча бир гана документ болгон. Бул документ 12-14-май күндөрдөгү окуяларга байланыштуу. Бул документте өлкөдөгү социалдык-саясый системаны стабилдештирүүгө Улуттук банктан 2 млн. сом бөлүү тууралуу сөз жүрөт. Бул жерде башка өкмөт мүчөлөрү менен катар эле менин да колум бар. Мен муну танбайм. Элдин башын айландырып жатышат. Бекназаров менен Сариевдин сүйлөшүп атканы такыр башка болчу. Тескерисинче, алар документтерди жок кылып, кайдадыр кетип аткан акчаны көрсөтпөө боюнча сүйлөшкөн, - дейт А.Атамбаев.

Жаныш жокто Азике, Максим жокто Темикеби?
- Башпрокурор Байтемир Ибраев "Телефондук сүйлөшүүлөр боюнча кылмыш козгоо үчүн Алмазбек Атамбаев арыз менен кайрылыш керек" деген жалган билдирүү таратты. 2006-жылы 3-ноябрда телефондук сүйлөшүүлөрдү мыйзамсыз тыңшоо боюнча Куловдун сүйлөгөн сөзүнөн кийин ошол эле Башпрокуратура биздин баарыбызга кылмыш козгоп, мен бир канча жолу УККга сурак бергеним эсимде. Бул бирөөлөргө мыйзамдуу болуп, дагы башкаларга мыйзамсыз болуп калат экен. Кечээ жакында интернетте А.Бекназаров менен Б.Асановдун сүйлөшкөн сөздөрү пайда болду. Мен Бектурду чакырып сүйлөшкөнүмдө, мындай сүйлөшүү чын эле болгонун тастыктады. Бул сүйлөшүүдө Азимбек Бекназаров "Мени укпагандардын баарына иш козгойм, Артыкбаевге дагы кылмыш козгойм" деп сөгүнүп сүйлөп атат. Башпрокуратура мурда Жаныштын менчиги болуп келген болсо, эми азыр Бекназаровдуку болуп калды. Көптөр мени шайлоого даярданып жатат деп айтып жатат. Атамбаевдин шайлоого барайын деген ою жок. Ал өлкөнүн экономикасын көтөрүп, Роза Исаковнага жардам берейин деп жатат. Эл экономиканы көтөрсө болорун билсин. Атамбаев Жаныштын ордунда Бекназаров, Максимдин ордунда Сариев болушун каалабайт. Бизде эл кожоюн болушу керек. Эл чындыкты билиш керек. Болбосо эмне үчүн бийликти алмаштырдык?

Т.Сариев саботаж жасап жатат
- Роза Отунбаев Сокулукта сүйлөп жатып, "400 миң параны ким алганы түшүнүксүз. Чын эле алганбы, жокпу?.." деп сүйлөдү. Күч структураларынын куратору Бекназаров алган деп сүйлөп атса, өзүнүн сөзүнө жооп берсин да. Мыйзам бирөөлөр үчүн иштеп, экинчилер үчүн иштебейби?.. Улуттук банкка РСКнын директорлор кеңешинде бир ай иштеген адамды жетекчи кылып коюшту. Акчаны оңой уурдаш үчүн коюшту да. Банкирлер шок болуп мага чалышты. Мен Улуттук банкка тийбеш керек деп айттым. Максимдин Өнүктүрүү фондунан мамлекетке которула турган акча дагы деле которула элек. Экономика министринин орун басарына башкача буйрук беришиптир. Транспорт министри "жол куруу башталды, бирок акча которула элек" деп айтат. Бар акча эмнеге которулбай жатат? Таластын губернатору телефон чалат "биздин имарат өрттөлүп, иштей турган орун жок. 10 млн. бөлбөй жатат" деп. Биздин эсепте миллиарддаган акчалар бар. Которбогула деген команда беришти да. Барган сайын Кудая тобо деп баратасың да. Бу эмне кылып атабыз деп. Кечээ күнү Жаныш Бакиев каалаганына кылмыш иш ачса, бүгүн Азимбек каалаганына ачып атса. Акча турса дагы жолду оңдобой жатсак. Өй, биз эл билбей эле койсун деп атсак. Эл, эмне, маңкуртпу?.. Мен Темир Сариевдин өзүнө дагы айттым, "Сен саботаж жасап атасың" дедим...

Министрлердин бири камакка алынды
Алмазбек Атамбаев азыр кайсы бир министр камакка алынгандыгын билдирди. Бирок азырынча анын атын атабай турууну чечти. Убактылуу өкмөт жетекчисинин орун басарынын айтымында, бул иштеп жаткан министр жана анын иши боюнча териштирилиши керек. Ал азырынча күбө катары суракка алынууда. Мыйзамга ылайык биз күбөнү 48 саат камакка алууга болот. "Эгер ал министрдин күнөөсү жок болуп калса, мен андан кечирим сурайм, а эгер күнөөсү аныктала турган болсо коомчулукка жарыялайм", - деди Атамбаев. Кечээ Дүйшөбаев мага чалып, "Биз үч киши өлтүргүчтү эмнеге бошотуп койгонун билебиз. Этият болуңуз" дейт. Мен сак эле болуп жүрөм, Кудай мени колдоп жүрөт. Тордогу куралсыз адамдар кантип эле качып кетсин, бул атайын уюштурулган.

Чек ара кантип ачылган?
Журналисттердин арасынан бирөө "Сиз Таластан Казакстанга кеткен сууну бууп, чек араны ачтырганыңыз чынбы? Анан казак мамлекетинин премьер-министрин коркуткан сыяктуу сөздөрдү айтканыңыз тууралуу кеп уктук эле" деген суроо берди. Алмазбек Атамбаев "Казакстандын, Өзбекстандын премьер-министрлери менин досторум, мен алар менен каалагандай сүйлөшө берем тамашалашып. Ал эми Таластагы суу тетиктери бузулуп калып, эки күн суу Казакстанга өтпөй калганы чын" деп жооп берди.
Дилбар АЛИМОВА




  Учурмаек

Жусупжан ЖЭЭНБЕКОВ:
"Жаналгычтардын качышы - атайын уюштурулган иш"
Экс-депутат, экс-сдпкчы, учурда "Акыйкат" партиясынын тең төрагасы Жусупжан Жээнбеков учурдагы өлкөдөгү кырдаал жана тун уулунун өлүмүнө айыпталгандардын качып кетишинен улам жаралган кооптуу жагдайды алдын-алуу аракеттери боюнча суроолор менен кайрылып, кеңири маек курдук.

- Жума башында сиздин уулуңуз жана депутат Р.Шаботоевдун өлүмүнө айыпталып аткандар качып кетишти. Өз коопсуздугуңузга чара көрүп атасызбы?
- Ички иштер министрлигинин орун басарларынын бири мага кабарлап, "Сактанганды Кудай сактайт" дейт, этият болуңуз" деп өтүндү. Кудай сактасын, шаарда эле жумушка барып-келип жүрөбүз. Анчалык зөөкүр эместир...
- Ал киши менен бетме-бет келип, бетме-бет сүйлөшпөдүңүз беле?
- Ал жигитти сотто гана көрдүм. Куралсыз адамды атып өлтүргөндү жигит деп деле аташ кыйын. Зикирбаев өзү жолугушуудан качкан. Сотто "Жакшы бала болуп чыкканыңда атаң 200 миңдик эмес, 500 миңдик ат минмек. Мен сага эч кандай жамандыгым жок. Себеби, мен мыйзам чегинде жүргөн адаммын. Мыйзам чегинде жазаңды аласың. Экинчи жагынан, мен сени бир гана Кудайга салдым" дегем. Адам баласы андайлардын деңгээлине түшпөгөнү оң.
- Алар качкан күнү сот болорунан кабардар белеңиз?
- Уулум боюнча эпизод мурун бүткөн. Акыркы полемикалары болмок экен. Ал күнү Нарында элем, Бишкекке келгенимден аз өтпөй эле мага кабарлашты. Аябай кейидим, анткени, Кыргызстан үчүн өтө терс көрүнүш. Акылга сыйбаган оор иш. Кимдин күнөөсү бар, такталаар. Буга аябай таңгалдым, себеби, мурдагы сот жараяндарына күзөттөгү беш-алты бала автоматчан, командири пистолетчен келчү. Бул ирет күзөтчүлөр куралсыз, бир гана командиринде курал болгон. Сыртка алып чыккан маалда кылмышкерлер качууга аракет кылгандыгынан командир эскертүү иретинде асманга аткан. Кайран жигит, жаш экен. Аны атып өлтүрүп, күтүп турган машине кылмышкерлерди салып кеткен. Баарынан таңкалыштуусу үч кылмышкердин колунда кишен болгон эмес. Бул иш түздөн-түз алдын-ала даярдалган. Атамбаев "К.Дүйшөбаев эскертти, аларды атайын мени өлтүртүш үчүн чыгарышы мүмкүн" деп билдирди. Демек, булардын кандайча качып кеткенин Атамбаев да, Дүйшөбаев да билет. Тез арада кармашпаса, алар куралчан, азыр эл арасында да курал көп, биздин укук коргоо органдарынын аброюна дагы доо кетет. Жаналгычтар качып жүргөнү кантип жакшылык болсун? Өзүмдү коерго жер таппай, бала-чакамды аяп, Кудай сактасын деп турам.
(Уландысы 9-бетте)