Ден-соолук

Анемия
Баш айланып, көздүн караңгылашы, тырмактын жука тартып тез-тез сынып туруусу, ооздун жыл бою кеберсип, кесилип жүрүшү, чачтын жукарышы деген сыяктуу толгон оорулардын баары анемия менен байланыштуу. Биз санап өткөндөр анемия менен жабыркаган адамдын сырткы келбетине гана тиешелүү. Бул оору аркылуу адамдын ички органдары да ондоп саналган ооруларга чалдыгат.


Анемия - бул азкандуулук. Мында адамдын канында эритроциттер азайып, органдарга кычкылтек жетишпей калат. Жыйынтыгында адам өзүн таң эртеден эле чарчаңкы сезип, эч нерсе кылгысы келбейт. Дайыма башы айланып, дем алуусу оорлойт. Өзүн сынап көргөн адамга эч жери оорубаганы, бирок, дайыма кыйналып турганы сезилет.


Анемиянын пайда болуу себептери:
o Организмде темирдин жетишсиздиги;
o Ар кандай себептерден улам көп кан жоготуу;
o Бөйрөк оорулары;
o В12 витамининин жетишсиздиги;
o Организмдеги инфекциялар.

Ал эми анемия ички органдардын кайсынысына залалын тийгизет?
o Баш мээ оорулары;
o Боор, өт, жүрөк оорулары;
o Ашказандагы гастрит.

Дарыланууга бир нече ай керек
Анемияны дарылоого бир нече ай талап кылынат. Эң жемиштүү дегенде дарыланууну баштагандан 3 жума өткөндөн кийин гана билинер-билинбес жылыштар байкалышы мүмкүн. Көпчүлүк аз кандуулар дарылануунун жыйынтыгын 9-10 жумадан кийин гана сезе башташат.

Аялдарга анемия өзгөчө коркунучтуу!
Бүгүнкү күндө аз кандуулук илдетин аялдар жана жаш кыздардан көбүрөөк кездештирүүгө болот. Анткени, жаш кыздардын арасынан этек кири мезгилинде көп кан жоготууга учурагандары анемияга чалдыгышат. Андан ары билинбей жүрүп, өрчүп кетет. Ошентип анемия аял боюна бүткөн мезгилде өзүнөн катуу кабар берет.

Кош бойлуулук мезгилинде
Азкандуулук кошбойлуулук учурунда өрчүп кетүүгө жөндөмдүү. Ал төрөт убагында чоң коркунуч жаратып, балага да таасирин тийгизет. Ошол себептен, анемиясы бар келечектеги энелерге врачтар өзгөчө көзөмөл кылышат. Мындайда дарыгерлер кошбойлууларга диета кармоону да сунушташат. Ал диетанын маңызы кошбойлуу туура тамактанып, кандагы темирди азайта турган тамак-аштан баш тартуусунда. Мисалы, аз кандуулар кара чайдан толугу менен баш тарпаса да, анын күнүмдүк өлчөмүн азайтуусу шарт. Наристе күтүп жаткан аялдар жалаң жер-жемишке гана эмес, эт азыктарына басым жасашы зарыл. Анткени, изилдөөлөрдөн улам өсүмдүктөрдө 0,2% гана темир болсо, эт азыктарында 6% болору далилденген.

Наристелердин аз кандуулугу
Эмчек эмген жана ал курактан бир аз өткөн жаш балдарда дагы аз кандуулук илдети көп кездешет. Анткени, алардын рационунун 70%ын түзгөн сүт азыктарында организмге жетиштүү темир болбойт. Ошондуктан, дем алуусу оор, оюндан тез чарчап, чыр сала берген балдарды сөзсүз дарыгерге көрсөтүү керек. Себеби, кичине балдардын анемиясы анын физикалык жактан өрчүүсүн басаңдатат.

Кимге кайрылуу керек?
Анемияны гематолог дарылайт, бирок оорулууну ага терапевт даяр анализдер менен жибериши керек. Аялдардын гинекологиялык анализдеринин жыйынтыгынан да азкандуулук билинет.

Элдик медицинада
Элдик медицинада азкандуулукту көбүнчө бал менен дарылашат. Анткени, андан В группасындагы бардык витаминдер жана темирдин чоң өлчөмүн алса болот. 30 күн бал менен дарылануудан гемоглабин 10-13% көтөрүлөт. Бул учурда адамдын алсыроосу кетип, баш айлануусу жоголот. Ал үчүн 200 грамм сүткө 1,5 аш кашык балды салып жакшылап аралаштырыш керек. Муну күнүнө төрт жолудан 40-50 күн кайталоо зарыл.


Гүлзина Мадубраимова, Бишкектеги студенттер поликлиникасынын
акушер-гинекологу:
"Анемия адамдын ички органдары начар иштейт"
-Анемияны кантип алдын-алса болот?
-Азкандуулуктун биринчи белгилери: баш айлануу, алсыроо, тамакка табиттин жоголушу. Бул көрүнүштөрдү байкай баштаганда эле врачка кайрылуу керек. Бардык эле оорулар организмге коркунучу болору талашсыз. Бирок, анемияныкы өзгөчө. Каны аз адамдын баардык ички органдары начар иштеп, сырткы турпаты да көркүн жоготот. Жүзү дайыма бозоруп, кызарып турчу ооздордун тамдан айырмасы жок болуп калат.
-Көпкө дарыланбай жүрүп алгандарга кандай коркунуч бар?
- Коркунуч өтө чоң. Өзгөчө кошбойлуу аялдарга төрөт учурунда.
-Анемияны үй шартында дарылоого болобу?
-Болот. Бирок биринчи сөзсүз врачка кайрылуу керек. Анткени, анемиянын көп түрлөрү бар. Дарыгер анын келип чыгуу себептерин, анемиянын кайсы түрү экенин изилдеп туруп, тиешелүү дарыларды жана тамак-ашты жазып бериши керек. Ансыз дарыланууга мүмкүн эмес.




Гороскоп
31-майдан
6-июнга чейин
Кой (21.03 - 20.04)
Өткөн жумадагы сизди коштогон ийгиликтер бул жума ичи да коштоп келе бермекчи. Жумушта же бизнестеги иштериңизге кабатыр болбой эле койсоңуз болот. Сизге жакпаган жагдайларды бир аз түзөп коюңуз.

Букачар (21.04 - 20.05)
Күмөн санаган жактарыңыз негизсиз. Шектүү деген адамыңызды бекер эле күнөөлөй бергениңиз жарабайт. Санааркабай, убактыңызды текке кетирүүнүн кажети жок. Бактылуу күндөр али алдыда.

Эгиздер (21.05 - 21.06)
Бул күндөрү жакын адамдарыңыздын жардамдарына муктаж болосуз. Анткени алардын көпчүлүгү сизге жакшылыктан башканы каалабашын билип коюңуз. Аларга ишеним артып, колдоо кылып койгонуңуз эп.

Бөйөн (22.06 - 22.07)
Сиздин ийгиликтериңизди жактырбаган адамдардан бир аз оолак болуңуз. Дале болсо көз караштары түз эместей. Бирок ишкердик жагыңызда жаңы мүмкүнчүлүктөр ачылып, анын жемиштерин көрө турган маал да келди.

Арстан (23.07 - 23.08)
Көп убакыттан бери коркуп жүргөн бүдөмүк ойлордон арыласыз. Өзүңүздү кызыктырган кээ бир иштерди чечкиндүү түрдө ишке ашырсаңыз болот. Сизди түшүнбөгөн адамдарга убакыт коротуунун кажети жок.

Бийкеч (24.08 - 23.09)
Сүйүктүү адамыңызга жылуу мамиледен өтөөрү жок. Эгерде сиз аны чындап жактырып жүргөн болсоңуз. Адамдар менен кайым айтышуунун ордуна, абалдан тамаша аркылуу чыгып кетүүңүз ажеп.

Тараза (24.09 - 23.10)
Сиздин турган-турпатыңызга ичи күйгөндөр опурталдуу сын айтышы мүмкүн. Сиз ага көңүлүңүздү чөгөрүп бүк түшүп калуунун кажети жок. Тескерисинче, башты өйдө көтөрүп, баргылыктуу жашооңуздун нугунан чыкпай жашай бериңиз.

Чаян (24.10 - 21.11)
Сиздин сезимдер түгөнүп, мокоп бараткандай сезилгени менен, алдыда дала-далай жакшы күндөр бар экенин унутпаңыз. Эң негизгиси сүйүктүү адамыңызды капа кылып алуудан сак болуңуз.

Жаачы (22.11- 21.12)
Бул жумада жакшы демилгенин башатын түптөйсүз. Ал келечекте сизге жакшы ийгиликтерди тартуу кылат. Табияттын белек кылган жакшы күндөрүн өзүңүзгө арнап, татыктуу жашоонун үзүрүн көрө берсеңиз болот.

Текечер (22.12 - 20.01)
Сын айткан адамдарды көп жактыра бербестен, тескерисинче, аларга жылуу мамиле кылып, алардын сөзүн угуп койсоңуз жаман болбос эле. Мүмкүн унчукпай кутулуунун жолдорун да эп көрөсүз.

Суупери (21.01 - 19.02)
Жумуштан, жашоодон чарчаганыңыз байкалууда. Жетекчиликтен бир жума суранып эс алсаңыз жаман болбос эле. Айыл-апага барып, шаардын ызы-чуусунан оолак болгонго эч нерсе жетпей тургандай.

Балык (20.02 - 20.03)
Жакынкы арада өткөн окуяга кимдир бирөө көз кырын салып аткандай. Андан чочулоонун кереги жок. Шылдыңдагандар да болбой койбойт. Бул убактылуу экенин билип коюңуз.