Үсөн аке дагы кимдер менен сүйлөшкөн?
"Жаңы Кыргызстан" партиясынын төрагасы Үсөн Сыдыковдун камакка алынганы коомчулукка маалым. Ал эми бизге жеткен маалыматка караганда, Үсөн аке түрмөдөн сынып, капкара болуп кетиптир. Мындай күтүүсүздүккө кемпири катуу кабатырланып, Ү.Сыдыковдун дагы бир топ адамдар менен телефондон сүйлөшкөнүн, алар А.Бекназаров, И.Исаков, М.Абдылдаев, А.Мадумаров сыяктуулар экендигин каңкуулаптыр. Эгер ушул адамдар менен "сүйлөшкөнү" чын болсо, а эмнеге коомчулукка жарыяланбайт? Же би-ир мандемдин башы кылтыйып турабы?


Амантайды көзгө урган Күмөндөр
"Саркашка" атка конгон төкмө акын Амантай Кутманалиевди ким билбесин? Ырдаса оозунан ыры куюлуп, көпчүлүктү кол чаптырган таланты бар. Ушунакай акыныбызга куудул Күмөндөр Абылов Таластан кол көтөрүп, көзгө урганы белгилүү болду. Көзү ачылбай калыптыр. Кыязы, Күмөндөрдүн бир жерин "төгүп" ийип, абийирин кетирген го, кайран "Саркашка"…


Бек Борбиев саясатка бороз салабы?
Ыр күйөрмандарынын сүймөнчүгү, обончу Бек Борбиев Бажы кызматындагы креслосун таштоого ниеттенип аткан. Неге дегенде, ага акыркы күндөрү ар кимиси кыйынсына баштаганы, иштөөгө мүмкүнчүлүк берилбегени ачык байкалган. Мындайга чыдабаган Бек мырза жигитче кадамы менен кызматын тапшырайын десе, кайра анын кетүүсүнө чоңдору каршы болуп атыптыр. Кыязы, түзүк кадрдан ажырагысы келбей жатышканыбы? Эске сала кетсек, Б.Борбиевдин Бажы кызматы боюнча жогорку билими менен бир канча жылдык тажрыйбасы өзүнө тирөөч болушу мүмкүн. Ошондой эле бизге жеткен дагы бир маалыматка караганда, Б.Борбиев чоң саясатка кадам таштаганга ниеттенип аткан имиш. Эгерде чын эле саясатка аралашса, анда ал упай топтоп, чыгармачылыгын сыйлаган калың катмар менен Токтогул өрөөнүнөн зор колдоого татый турганын жашыра албайбыз.


Оксана айым пул ыргыттыбы?
Эски бийликтин секретариатын жетектеген Оксана Малеваная үй камагына бошотулуп, баш коргоо чарасы өзгөргөнүнө күбө болдук. Кыргызда "кылгылыкты кылып, кыл жип менен буугандарды" катуу жазалачу эле. Оксана айымдын кылыктарын жазбасак да, тар чөйрө менен тергөө органдарына белгилүү. О.Малеваная камакка алынганда ачкачылык кармап, жаңы бийликти коркутуу менен абактан чыктыбы (?), же жең ичинен пул ыргыттыбы? Айтор, кыргыз элинин патриоттору түшүнбөй эле калды. Иш жүзүндө Оксананы бошоткондон кийин, башка былгытмаларды кармап кереги барбы?..


К.Бакиевдин "куйругу" эсеп палатасын тейлейт
Оппозициянын кыйын күндөрүндө чээнде жатып, анан элдик көңтөрүлүштөн кийин пайда боло калгандарга даба жок экен да. Маселен, А.Акаев режиминде да, К.Бакиев доорунда да үлкөн кызматтарда жүргөндөрдүн ичинде бирөө бар эле. Сабыр Молдокулов деген. Бу киши бакиевдер тушунда Экономика министрлигин эптей албай кызматынан алынган болчу. Эгерде кыйын экономист болсо, ошондо эле Кыргызстандын өнүгүүсүнө салым кошмок да, туурабы ыя? Анан эми кадр табылбай калгансып, убактылуу өкмөт С.Молдокуловго ишеним көрсөтүп, Эсеп палатасына төрага кылып шайлаганы кандай? Түшүнбөдүк. Каңырыкты мына ушундайлар түтөтпөсө болду. Кечээги К.Бакиевдин "куйругу" бүгүн чоңоюп, Эсеп палатасын башкарат деген эмне шумдук? Чалмакей чалынып, ишпалдабыз кетпесе экен?! Ой, деги жаш, таза кадрлар Кыргызстанда калбай калган жок да. Деги кыкеңдер кадр саясатына алабармандык менен мамиле жасап, анан акырында бармактарын тиштечү эле.


А.Атамбаевдин жинине тийген Азике
Эсиңерде болсо, кандуу көңтөрүлүштөн кийин Бажы кызматында башаламандык башталган. Айталы, 8-апрелде Темир Сариев а жерге чоң кылып Дмитрий Федоровду шайласа, эртеси Азимбек Бекназаров шашылыш түрдө Эрнист Акматовду дайындаган, андан соң Алмаз Атамбаев Кубаныч Кулматовду Бажы кызматынын төрагасына бекиткен. Мына ошол Кубаныч мырза иштеп атат. Бирок, бажы системасын көзгө көрүнө тургандай оңдоп деле ийе элек. Болгону эски кадрлар менен жогор жактын көзүн будамайлап келаткандай. Мындай шартта А.Бекназаров жөн жатчу беле (?), Э.Акматов дегенди чоң кыла коем деп, А.Атамбаевден шагы сынып калган болчу. Дал ушул күндөрү Азике кыжырланып (өзүнүн кадрын кое албай калганына), Бажы кызматынан К.Кулматовду чаап түшүүгө аракетин баштады дейт. Бир айдын ичинде уруп түшүүгө белсенип атыптыр. Эгер А.Бекназаров минтип отурса, Алмаз мырзадан катуу кагуу жебейби? Кабылан сүр бир кашайса, Азикени талаага кууп жибербегей эле. Айтор, экөөнүн тиреши күчөп баратат го...


"Келечектин" келечеги жарга асылууда
"Аю" арак заводунун директору Бейшен Өскөнбаевге Ички иштер министрлиги кылмыш ишин козгоп, суракка алганы атыптыр. Биз билбеген бир канча миллиондогон сомдор моюнуна илинери кабарланууда. Иши татаалдашып. Эсиңерде болсо, буга чейин Бейшен мырза "Келечек" аттуу кыймыл түзүп, саясатка аралаша баштаган. Түз айтканда, күздөгү парламенттик шайлоону уруп түшүүгө ашыкканын байкаганбыз. Ал эми шефи, алкомагнат Шаршенбек Абдыкеримовдун "арты" казылып, ошол эле ИИМ тарабынан укурук ыргытылган. Натыйжада, "келечекчилер" байлыгын коргоо үчүн 12-апрелде Жогорку Кеңештин астына митингге чыкканбы? Ал күнү Нариман Түлеевдин адамдарына кошулуу менен жаңы бийликке сес көрсөтүшкөн эле. Мындай кадамды Алмаз Атамбаев чагымчылардын аракети катары баалаган болчу.


Көшөгө артындагы А.Келдибековдун "оюндары"
Салык кызматынын төрагалыгына Акмат Келдибековдун мурдагы орун басары Адыл Касымалиев дайындалган болчу. Жарыктык бу киши "кой оозунан чөп албаган" жоош неме. Биздин угушубузга караганда, ушул күндөрү аны эски шефи үйүнөн эле башкарганы, кадр саясатына кийлигишкени маалым болду. Адыл акең "жок" дей албай бүжүрөп, А.Келдибековдун айтканы менен болуп атканы кандай? Маселен, Салык кызматынын төрага орун басарлыгына Эркин Сопоков дегенди отургузду. Бу оен экс-төраганын жакын досу, 7-апрелде шефинин үйүн кайтарып, көчө балдарынан сактаганын билебиз. Дал ушул Эркин сыяктуулар Акматтын чооруна бийлебейт деп кепилдик бере алабызбы? Мындан да кызыгы, Ош шаарынын салык башчысына Матазимов отурса, а Ош облусунун салыгын айтылуу Туташев чогултканы турат. Бул киши элди салык төлөөчүлөрдү жадаткан. О.э. 1-май райондук салык инспекциясына А.Келдибековдун жээни дайындалса, ал эми Аламүдүн районуна чоң болуп Мамакеев деген Жаныш Бакиевдин кадры иштөөдө. Мындай майлуу-сүттүү орундардан Данияр Үсөновдун кишиси да кур калган жок, Матыев деген "сүймөнчүк" адис бар эле, мунусу Салык кызматына статс-секретарь болуп дайындалды. Айтор, дал ушул системада кечээги лөктөрдүн "куйруктары" ыңгайлашуу менен отуруп, өз арбайларын сого башташты (баса, кыйын кадрлар небак эле куулуп калган ). Натыйжада, төрага Адыл Касымалиев болсо "кукла" сымал роль ойноп, эски шефтеринин сөзүнөн чыга албай атканы кызык. Минтип отурушса Убактылуу өкмөттүн иши оңдуу болбойт го. Же "убактылуулар" деле "окшошконго мушташкандай" болуп, бакиевдердин чыйыры менен кете беришеби? Аңга түшүп калышпаса экен! Кыскасы, ушул системадагы көшөгө артындагы "оюндардан" бир үзүм тартуу эттик. Акмат аке оңой эме-ес...