Бакиевдердин 35 миллиону мамлекетке кайтарылды
"Азияуниверсал" банктан 35 млн. доллар мамлекетке кайтарылды. Бул тууралуу Убактылуу өкмөт жетекчисинин орун басары Азимбек Бекназаров билдирди. Анын айтымында, бул мыйзамсыз чогултулган акча каражаттары Курманбек Бакиевдин уулдары Марат, Максим Бакиев жана алардын санаалаштары Алексей Елисеев, Ульяна Пак, Сергей Ким, Вячеслав Ким, Михаил Надел, ошондой эле мурдагы коргоо министри Бакыт Калыевге таандык экендиги аныкталып, мамлекетке кайтарылып берилди. А.Бекназаров ошондой эле өлкөдө көптөгөн экономикалык кылмыштардын бети ачыла баштаган сайын, мыйзамсыз каражаттарын сактап калуу максатында айрым бир күчтөр элди Түндүк-Түштүккө бөлүү, улуттар арасында жаңжал чыгаруу аракеттерин көрүп жатканын, алар ким экендиги жана ал күчтөрдүн кыймыл-аракеттери укук коргоо органдары тарабынан көзөмөлдө турганын, жакын арада аларга мыйзам чегинде чаралар көрүлөрүн белгиледи.


Айбек Турганбаевдин сыры эмнеде?
Башкы прокурордун орун басары Айбек Турганбаев учурда бакиевдердин ичип-жегенин кустуруу, 7-апрелде ок аттыргандарды табуу боюнча катуу иштеп аткан кези. Бул киши гезиттерге маек бергенди да, өз ишин айтып мактанганды да жаман көрөт. Анан тергөө иштеринин сырын катуу сактайт го, чиркин. Журналисттер кандай коколосок да бир сөз чыкпайт. Айбек Турганбаев ушундай бир сырдуулугу менен, анан иштермандыгы менен Убактылуу өкмөттүн катарында калды дешет. Жаза өтөө башкармалыгын жетектеп турганда унчукпаа-ай жүрүп алып, бул системага улам долбоор жазып, чет өлкөдөн миллиондогон жардамдарды алып келип, жаңы түрмө салып, абактардын техникалык базасын чыңдаганын айта кетпесек болбос.



БУУ Кыргызстанга жардам берет
Бириккен улуттар уюму Кыргызстанга 12 млн. доллар жардам бермей болду. Бул тууралуу БУУнун баш катчысынын атайын өкүлү Мирослав Енча билдирди. Анын айтымында, бүгүн БУУнун эксперттери Кыргызстанга келип, Конституциянын жаңы редакциясына укуктук баасын беришет. Ал ошондой эле Кыргызстандагы кырдаалга жараша каржылык жардамдын өлчөмү көбөйтүлөрүн белгилеп, Убактылуу өкмөттүн кырдаалды турукташтыруу аракеттерине БУУ тыгыз кызматташууга даяр экендигине токтолду.


Өзбекстан Ошко газ берүүнү чектеди
Өзбекстан Ошко газ берүүнүн чектеп койду. Бул тууралуу "Азаттык" кабарлады. Маалыматка караганда, Өзбекстан Ошко саатына 2,5 миң кубометр газ берип келсе, азыркы учурда саатына 800 кубометр газ берип калды. Учурда Туран, Амир Темир кичи районундорунда эле газ бар. "Ошгаз" жетекчиси Маматкалык Аматов кыргыз тарап Өзбекстан менен түшкө чейин карыздары боюнча эсептешпесе, түштөн кийин газ толук жабылышы ыктымалдыгын айткан. Ал Кыргызстандын Өзбекстанга карызы 1 млн. 600 доллар экенин, анын ичинде Ош шаарынын карызы 21 млн. сомго чыгарын билдирген.


Мүчөлүктөн баш тарткан "Акжолчулар"
ЖК депутаттары Д.Молдошева, А.Мамасалиев, И.Летовалар "Акжол" партиясынын мүчөлүгүнөн чыгып, Конституцияга жана ЖК регламентине ылайык депутаттык ыйгарым укуктарын тапшыргандыгын жарыя кылышты. Алар ошондой эле Убактылуу өкмөттү саясый атаандаштарды кысымга алып, коркутуп-үркүткөн аракеттерди токтотууга, тезирээк укуктук талаага кайтып келүүгө чакырышкан. Ушул эле күнү "Акжол" партиясынын төрагасынын орун басары А.Арабаев дагы бул партиянын катарынан чыкканын билдирген. Депутаттын айтымында, ал буга чейин "Акжол" партиясынын саясый кеңешинин чогулушун жана партиянын Курултайын күткөнүн, ал иштер болбогондон кийин өлкөдөгү саясый кырдаалдын туруктуулугу үчүн партиянын катарынан чыгып жатканын белгиледи.



А.Келдибековдун аялы күчтүүбү, же Д.Ниязалиевабы?
Саламаттыкты сактоо министрлигинин эң "майлуу-сүттүү" жери деп эсептелген медициналык мекемелерге иштегенге уруксат кагаз берип гана отурган лицензия бөлүмү бар. Аны Бакиев режими орногондон бери айтылуу Акмат Келдибековдун аялы, Бакиевдин акыркы учурлардагы кеңешчиси, экс-министр Нурмамат Токтоматовдун кызы - Аида Токтоматова деген неме мыкчып кармап, "өзүн-өзү билип, өтүгүн төргө илип" келген. Аида айымга бирдеме дейин дегендер анын күйөөсү менен атасынан коркуп, атургай министр Марат Мамбетов да ооз ачалчу эмес. Жаңы министр Дамира Ниязалиева келгенден бери Токтоматованын үстүнөн анын паракорчулугу, ар түрдүү ээн баштыктары тууралуу арыздар жамгырдай жаай бергендиктен, министр атайын комиссия түздүрүптүр. Эгер ушул фактылар аныктала турган болсо, "аябайм" деп катуу киришти дейт. Анча-мынчаны тоотпой көнгөн Токтоматова "керек болсо мен министириңердин өзүн кетирем!" деп айкырып, арыз жазып, бир кезде өзү кызматка койдурган кишилерин топтоп, кол койдуруп, өкмөттүк эмес уюмдардагы тааныштарына жең ичинен, гезит беттеринен жаңы министрге карата маалымат согушун ачкан имиш. Бул ортодо Дамира айымды жалган жалаадан коргоп берүүнү Убактылуу өкмөт жетекчисинен суранып, СДПК партиясынын 50дөн ашык мүчөлөрү кол койгон кат редакцияга келип түштү. Карап туралычы, кимиси жеңет экен? Келдибековдун аялы күчтүүбү же Ниязалиевабы?



Жалал-Абаддагы тополоңго бакиевдер күнөөлүү
12-майда Бишкекте, 13-14-майда Жалал-Абадда болгон окуялардай эле бул жолку тополоңду дагы бакиевчилер уюштурган. Бул тууралуу Убактылуу өкмөт укук коргоо орагандарынын маалыматына таянып, билдирүү таратты. Маалыматта
"Кулатылган президент Бакиевдин жактоочулары Таласта, Бишкекте жана Жалал-Абадда бир нече жолу бейкүнөө адамдардын канын төгүп, Кыргызстандын элин коркута алышкан жок. Эми алар бийликти кайтарып алуу үчүн эң коркунучтуу чектен чыгып кетишти. Бул жексур адамдар өздөрүнүн кандуу оюндары аркылуу улуттар аралык мамилени бузуп-жарып, этникалык кагылышууларды чыгарып жатышат",- деп айтылат. Убактылуу өкмөт ар кандай чагым салып, тополоң уюштурган күчтөргө катуу чара көрүлөрүн, Кыргызстанда демократиялык эркин коом куруу кадамынан артка кайтышпастыгын баса белгиледи.

Кадыржан Батыровду ким тыят?
Жалал-Абадда кайрадан тополоң чыгып, 71 адам жаракат алган. Алардын экөө көз жумганы кабарланууда. Нааразыларды тыңдасак, Кадыржан Батыров аттуу өзбек лидерин камакка алуу талабын койгондор, аз жерден анын атындагы университетти өрттөп жибере жаздашкан. 17-майдагы тополоңдо К.Батыровдун адамдары (өзбектер) "Черный Айбектин" үйүн өрттөшкөн соң, Бакиевдердин үйлөрүн да өрттөшкөнүн, анан атайлап кыргыздардын чатагынын жыйынтыгы катары көргөзүү максатында жасалганын да айтышууда. "Кыңыр иш кырк жылда" демекчи, бакиевдердин убактылуу өкмөткө кекенүүсүн туудуруп, чатакты ырбатууга айлануучу иш, теңирден тескери эффект берип, улуттар аралык кагылышууга айланууда. Кадыржандын ойлонбой жасаган иш аракеттеринин натыйжасы, же эки өзбектин жекече кек алышууларынын 17-майдагы контрреволюция менен жуурулуштуруу граждандык согушка айлануу коркунучуна алып келди. Кыргыздарды акча менен жалдап дүрбөлөңгө салуудан түңүлө баштаган бакиевдер (иши кылып кыргын болсун деген ниетте) абалды колдон келишинче курчутууга жандалбастоодо. Жагдайдын турукташуусун каалабаган сырткы таасирдүү күчтөр дагы, сырттан аскердик контингент киргизүү аркылуу регионго көзөмөл кылууга кызыкдар экендиги айтылууда. Андыктан, өзбек, кыргыз аксакалдары кырдаал оорлоп кыргын болсо, бейкүнөө адамдар кырылаарын эске алып, кызуу кандуу жаштарды, Кадыржанга окшогондорду тыйып, кеч боло электе эки элдин ынтымагын сактап калуу аракетин көрүүлөрү керек. Болбосо абал оор.