Б.Алиев мүдүрүлдү, эл тараза болсун!
Буга чейин Орусиядагы Бахтияр Алиев кыкеңдерге сыр болуп, "ой, ал ФСБда иштеген киши тура, Путиндин досу, кыргыздан чыккан эр экен!" деген азгырыктар менен табышмакталып аткан. Бирок, Бахтияр мырза кечээ анык жүзүн көрсөтүп, Нариман Түлеевди колдоп чыгуусу менен кыргыз интеллигенциясын түкүрүнттү! Бизге Наримандын ким экени айдан ачык эмеспи. Убагында ( 2005-жылы ) Берметке кошомат кылып, ак кепкачандарды элге тукуруп, чагымчылык жасаганын билебиз. Акаевдердин үйбүлөсүнүн кареги менен тең айланып, кантип байыганы да белгилүү. Кийин бакиевдердин үйбүлөсүнөн жылчык таап, "Атам Курманбек" деп чыккандан да уялган эмес. Кан төккөн бийликтин эрке баласы болуп, майлуу кызматтарды аркалап келип, 7-апрелден кийин качып жоголгон. Артынан кылмыш иши козголуп, издөөгө алынганы маалым. Кызык, мына ушундай артында булганыч кеби көп Н.Түлеевди Москвадан Б.Алиевдин колдоп чыкканы кандай? Аны тим эле "кризис-менеджер" атап, мындан иш билги, кыйын адам жок сыңарындай мактаганына күлкүң келет. Же Нариман дагы да жол тапкычтыгына салып, Бахтияр мырзанын көңүлүн алып койгонбу? Неси болсо да, Б.Алиев бу саам кыргыз элинин астындагы жүзүн жоготкондой кадамга барды окшойт. Мүдүрүлдү. Эл тараза болсун!


К.Кабилова кыймылдай баштады
Москвада жүргөн Клара Кабилова саясый топ түзүүнү көздөп, аракеттерин көрө баштаптыр. Атаңгөрү, азыр кыймыл, топ түзбөгөн адам калбады го. Эми Клара айым анчалык деле саясый айдыңда күзгүдөй боло албайт. Бир учурда "Максим мени коркутту" деп артын карабай Москвага качып кеткен, андан соң кайра Бишкекке келип, баштагы сөздөрүн танганы эсибизде. Өзүнүн коркунучка баткан абалын шылтооломуш этип, Максимди актап, кайрадан кошомат кылгандай билдирүү жасаган. Бир сөз менен айтканда, ал "үйбүлөдөн" жабыркабай эле жүрүптүр да. Кыскасы, К.Кабилованын ошол кадамына түшүнбөй калганбыз. Натыйжада, ушундай айымдар кайрадан саясат менен алпурушуп кирсе, "кайсы жүзү менен?" деп таңгалат экенсиң.


"Ата Журттун" штабын Садыр башкарат
Айтылуу "Бригада" тобу шайлоого "Ата Журт" партиясы менен аттанары коомчулукка белгилүү. Аталган партиянын штаб жетекчилигине Садыр Жапаров шайланып атканы, билегин түрө ишке киришкени белгилүү болду. Эми С.Жапаровдун Кыргызстанга эмес, өзүнүн жердештери болгон көлдүктөргө аброю жок экени айтылып жүрөт. Анан кантип оор жүктү көтөрөт бу "кайбар"? Же бакиевдер бийлигинде иштеп жүрүп, топтогон байлыгын чачып тынабы? Баса, Садыр мырза депутат кезинде самолеттон Акмат Келдибековдон таяк жеп, ыйлаганын укканбыз. Буларга айла жок экен да. Бакиевдер доорунда "Ата Журт" партиясы ишенимдүү "жасоолдордун" милдетин аткаргандай иштеп келишкен. А бүгүн болсо бийликке умтулгандары кызык, пенсияга кетишпейби?!


Чүйгүндөр кечээ "жатып" берсе, бүгүн тура калат...
Ушул күндөргө чейин чүйлүк аксакалдар Темир Сариевди Чоң Казатка туу кылып алып чыгууну көздөп атышкан. Ал эми соңку маалыматка караганда, аксакалдар Темикеден айнышып, "мындан көрө Амангелди Муралиевди колдосок аброй алабыз го..." дегендей ыргылжың мүнөзгө өтө башташыптыр. Не дейли? Саясатыбыз аялдын көңүлүндөй кубулуп, ушунакай көрүнүшкө аксакалдарыбыз да ыктап алганынан уяласың. Кечээ болсо бакиевдер бийлигине ушул эле Чүйдүн чүйгүндөрү "жатып" бергени эсибизде. Арга жок экен да!


Адахан түрктөрдөн тайып, корейлерге жабыштыбы?
Экс-аткаминер Адахан Мадумаров баягыда түрк ишкерлерине ыктап, алар менен жан багуу саясаты айтылганы гезиттерге чыккан. Анан көп өтпөй алардын ээринен шыпырылып түшкөнбү (?), айтор, тынчып эле калганын укканбыз. Эми болсо корей улутундагы ишкерлер менен жакындашып, алардын офисине баш калкалап, саясат менен алпурушканга өткөнү айтылууда. Эмне, Адаханды кыргыз ишкерлери батырбай калганбы? Азыркы ачкан офисинде соксоюп өзү эле отурат дейт. Киши барбай аткан го...


Ү.Сыдыков Түштүктөн лидер издеп убара
Өткөндө Үсөн Сыдыков Түштүккө эс алганы кеткенин укканбыз. Үсөн аке кандайча эс алат (?) деп таңгалгыча дагы бир кабарды эшиттик. Ал бияктагы чоңдордун көзүн будамайлап коюп, Түштүк лидерлеринин башын бириктиргени, бийликке жетүүгө ниеттенгени байкалып калды. Жадыңардан өчпөсө, бу киши кезинде Курманбек Бакиевди лидерликке көтөрүп, "Түштүк бийликти алыш керек" деген идея менен Аскар Акаевди коңторуп түшкөнгө салым кошкон. Көрдүк го, анан Түштүктөн түшкөн немеси А.Акаевден ашып түшүп, өлкөнү сазга батырып, элине ок атуу менен качып кетти. Мына ушул К.Бакиевдин келишине Үсөн аке чоң аракет кылган да. Натыйжада, ошол моралдык күнөөсүн азыр сезип да койбостон, кайрадан Түштүктөн лидер издегенине түшүнбөдүк. Же дагы бир канкорду таап, кыргызды кырдырганы жатабы? Кыскасы, Ү.Сыдыковдон сак болбосок болбой калды, туугандар!


А.Жекшенкуловду жаштар колдойт!
"Акыйкат" партиясынын лидери Аликбек Жекшенкуловдун акталбай атканы коомчулукка маалым. Дал ушундай көрүнүшкө жаштар кабатыр болуп, "Жекшенкуловду актоо" акциясын башташып, учурда 20 миңдей кол топтоп коюшканы кабарланды. Эски бийликтин жоругун убактылуу өкмөт кайталабай эле койсо болмок, кандай өкүнүчтүү?


"Акшумкардан" СДПКга өтө качканда...
Азыр баардык эле райондордо "Ата Мекен", СДПК, "Акшумкар" партияларынын мүчөлөрү кызмат ээлеп атканы жашыруун деле эмес. Буга мисалдар арбын, айталы, Токтогул районунун акимчилигине "Акшумкар" партиясынан Тынычбек Иманалиев дайындалып, анан ал жогор жактагы СДПКнын чоңдоруна жагынайын дегениби, айтор, ыңгайдан пайдалануу менен дароо өз партиясын чанып, СДПКга өтө качыптыр. Кыязы, "креслоң бекем болот" деген сөздөр болсо керек да. Мына, биздин партиялардын "аракеттеринен" ушундайларды көрсө болот.


М.Өмүракунов кылчактай баштадыбы?
Акыркы убактарда "Замандаш" партиясынын лидери Мухтар Өмүракуновдун таскагы басаңдап калгандай. Бизге жеткен маалыматтар боюнча алганда, ал кайсы бир саясый күчкө ыкташуу менен шайлоого барары каңкууланууда. Атаңгөрү, Мухтар мырза саясый айдыңда бышып калгандай көрүндү эле, а неге кылчактап атат? Би-ир коркунуч, же ишенбөөчүлүк болуп аткан жокпу? Капчыктуу мындай жигиттер өз күчүнө таянуу менен күрөшкө аттанса болот эле. Күтө туралычы эми.


Бильярд кумарынан саясатка азгырылган Б.Т.
Бекболот Талгарбеков деген экс-аткаминер бар. Акаев доорунда Айыл чарба министрлигин жетектеп, ызы-чуу менен кызматтан алынган. Кийин бош жүрүп, бильярд кумарына бата баштаган. Кез-кезде ой калчап, макала жаза койчу. А азыр болсо Бекболот мырза "саясатка билек түрө киришем" деп, "Акшумкар" партиясынын штабын жетектөөгө ашыгып атыптыр. Катуу жаңылып калбайбы?