Учурмаек

Байтемир ИБРАЕВ, КРнын Башпрокурорунун милдетин аткаруучу:
"Жалал-Абад банкындагы ишти ачканым үчүн кызматтан кеткем"
Эгер аны чын эле уурдап кеткен болсо, эмне үчүн мыйзам чегинде Ички иштер министрлигине кайрылышпайт?
Арыз жазса анан изделет да.
Мына бүгүн эле интернеттен окудум, ал уурдалбай эле телефондон интервью берип жатыптыр.

- Байтемир мырза, баарын азыр бакиевдердин тагдыры кызыктырып атса керек. Башпрокуратура Курманбек Бакиевди экстрадиция кылуу боюнча Белорусиянын Башпрокуратурасына кат жазганы маалымдалды. Президент Лукашенко "Бакиевди кайтарбайм" деп жатат. Негизи Курманбек Бакиевди кайтарып алуу мүмкүнбү?
- 7-апрель күнү 85тен ашык адамдын атылып өлтүрүлүшү боюнча кылмыш иши козголуп, Улуттук коопсуздук кызматы, Ички иштер министрлиги тарабынан атайын тергөө тобу түзүлгөн. Бул топ Курманбек Бакиевди бул ишке түздөн-түз тиешеси бар деген жыйынтыкка келди. Сырттан айыбы угузулуп, 4-май күнү сот органдары Курманбек Бакиевди камакка алуу боюнча чечимин чыгарды.
Шериктеш өлкөлөрдүн Башкпрокуратураларынын ортосунда өз ара келишимдер болот. Минск, Кишенев конвенциялары деген келишимдер бар. Бул келишимдердин негизинде, мисал үчүн, Белорусиядан бирөө кылмыш кылып, Кыргызстанга качып келсе, биз аны крмап, кайтарып беришибиз керек. Ошондой эле биз дагы Белорус Башпрокуратурасына "Курманбек Бакиевди кайтарып бергиле, ал биздин Кыргызстанда кылмыш жасады" деген өтүнүч кат жолдодук. Белорус Башпрокуратурасы биздин катты карап, ошол келишимдердин негизинде жооп бериши зарыл.
- А эгер сиздердин өтүнүчүңүздөрдү четке кагышсачы?
- Биз мыйзамдуулукту сактаган орган болгондуктан, алардын жообун алмайынча, божомол менен сүйлөбөшүбүз керек.
- Жаныш Бакиев каякта? Эмнеге кармай албай жатасыздар?
- Азырынча Жаныш Бакиев жана башка инилерине, ошондой эле эки уулуна тергөө тобу тарабынан баш коргоо чарасы катары камакка алуу тандалып, Улуттук коопсуздук кызматы менен Ички иштер министрлигине жөнөтүлгөн. Ушул эки орган иш алып барууда, алар жүргүзүп аткан иштердин азырынча жыйынтыгы боло элек. Жыйынтык болор менен алар коомчулукка жарыялашат деп ойлойм.
- Акмат Бакиевдин жоголгону кабарланып, буга убактылуу өкмөт мүчөлөрүн күнөөлөштү эле. Анын каякта экенинен кабарыңыздар барбы?
- Бирөө отуруп алып "баланча жоголду, түкүнчө жоголду" десе эле, же калп, же чын экенин аныктаганга, албетте, бизде убакыт жок. Аны ошол "Акмат Бакиевди уурдап кетти" деген сөздү чыгарган адамдардан сураш керек. Балким, муну ойлоп чыгарып жатышкандыр. Эгер аны чын эле уурдап кеткен болсо, эмне үчүн мыйзам чегинде Ички иштер министрлигине кайрылышпайт? Арыз жазса анан изделет да. Мына бүгүн эле интернеттен окудум, ал уурдалбай эле телефондон интервью берип жатыптыр.
- "Данияр Үсөнов сыяктуу айрым чиновниктер убактылуу өкмөт мүчөлөрүнө чоң-чоң суммадагы акчаларды берип, качып чыгып кеткен" деген сөздөр айтылууда. Убактылуу өкмөттүн мүчөлөрү Данияр Үсөновду "сен Жаныш Бакиевди кармап бер" деп бошотуп койгону логикага сыйбаган нерсе" деп эл арасында ишенбөөчүлүк пайда болууда. Мунун канчалык деңгээлде чындыгы бар?
- Ушунчалык оор кылмыштарды жасагандарды убактылуу өкмөт мүчөлөрү эмес, жөнөкөй жарандарыбыз кармап алса да сүйрөп келет болуш керек. Акчасын албастан. Бизде адамдык парз, патриоттук сезим бар да. Мындай сөздү биринчи жолу сизден угуп жатам. Бул эч кандай чындыкка жатпайт.
- Тергөө иштерине жардам берүүнү каалап аткан экс-чиновниктерге жазалар жеңилдетилеби, же биротоло бошотулабы?
- Жаза берүү маселесин сот чечет. Биз өздөрү тергөөгө келген чиновниктердин өз каалоосу менен келгендиги тууралуу кагазды ишине тиркеп жатабыз. Мен ойлойм, алар жазадан бошотулбашы керек. Анткени алардын арасында өлкөнүн экономикасына өтө чоң зыян келтирген экс-чиновниктер бар. Биз аларды "Жок, бул өзү келди. Жөн коелу" деп жаап-жашырбашыбыз керек. Өз каалоосу менен келгени - бул анын эрки, милдети. Өзү келбесе, эртеби-кечпи баары бир кармалат. Өзүнүн келгени, албетте, сот органдары тарабынан эске алынса керек.
- Өз каалоолору менен келип, тергөөгө жардам берип аткан чиновниктердин атын атап бере аласызбы?
- Мисалы, Элмурза Сатыбалдиев мурунку президенттин коргоонуу маселелери боюнча мамлекеттик кеңешчиси, энергетика министри Ильяз Давыдов да качпастан ушул жерде эле жүрүптүр, өзү келди. Президенттик аппараттын мурунку башчысы Каныбек Жороев бир канча сүйлөшүүлөрдүн натыйжасында келди. "Кыргызгаз" ишканасынын жетекчиси дагы өзү келип, тергөө кызматкерлерине жардам берип жатат. Андан сырткары, облустук деңгээлдеги чиновниктер бар, алар дагы тергөө менен тыгыз байланышта иштеп жатышат.
- Түштүктө Кыргызстанды бөлүүгө чакырыктар жасалып атканы баарын кооптондурду. Бирок, тараткан адамдар кармалган жок. Бул факты боюнча кылмыш иши козголуп, кандайдыр бир аракеттер жасалып жатабы?
- Мындай чакырыктар болсо тиешелүү органдар мыйзамда көрсөтүлгөн аракеттерди көрүшү керек. Кыргызстан - бул биздин мамлекетибиз. Биз анын бүтүндүүлүгүн сактаганга аракеттенебиз. Бул багытта Улуттук коопсуздук кызматынын, Ички иштер министрлигинин оперативдүү кызматкерлери тиешелүү иштерин жүргүзүп жатат. Эл арасында ушундай бөлүүгө чакырыктар жасалып жатат деп айтылды, бирок мындай адамдар кармалган жок. Кармалбагандан кийин мындай факты жок деп айтып койсок болот.
- Медет Садыркуловдун өлүмү кайрадан каралып атканынан кабардарбыз. Алгачкы жыйынтыктарга токтоло кетсеңиз...
- Бул боюнча өзүңүздөргө белгилүү болгондой, биздин өлкөнүн атуулуна "жол кырсыгы болгон" деген айып коюлуп, соттолуп кеткен. Биз Медет Садыркуловдун өлүмү боюнча сот органдарына кайрылдык. Жаңы ачылган жагдайлар менен деген түшүнүк бар, ошонун негизинде сот органдары мурунку сот чечимдерин бузуп, кайрадан тергөөгө жиберүүсүн сурандык. Бизге сот тарабынан иш кайтарылып бергенден кийин, тергөө иштерин жүргүзүп, жыйынтык болору менен маалымдайбыз.
- Эл арасында "Бакиевдер азыркы лидерлердин баарын аттырат экен" деген кептер жүрүп атат. Кооптонгон жоксуздарбы?
- Ооба, коомчулукта ушундай ушактар тарап жатат. Менде мындай кооптонуу жок. Убактылуу өкмөттүн башка мүчөлөрүнөн дагы мындай коркунучту байкаган жокмун. Бирок, эгер ушундай коркунуч болуп калса, ар бир адам өз коопсуздугун сакташ үчүн аракеттерди көрүшү керек. Мындай аракеттер көрүлүп жатат болуш керек деп ойлойм.
- Сиз Башпрокурор болуп дайындалганга чейин каякта иштедиңиз эле. Бул боюнча кыскача айтып өтсөңүз. Анан мурунку Башпрокурорлордон кайсы сапатым менен айырмаланам деп ойлойсуз?
- Мурунку Башпрокурорлордон кандай сапатым менен айырмаланарымды, же айырмаланып жатканымды эл баалап алар. Мен башка Башпрокурорлордон айырмаланышым керек деген максатты койгонум туура эмес болуп калат го. Мен болгону өзүмдүн милдетимди, ишимди так аткарууга аракеттенем. Кези келгенде эл өз баасын берсин. Окууну бүткөн 1991-жылдан бери эле прокуратура кызматында иштеп келатам. Эмгек жолумду Ысык-Көл облусунун Түп райондук прокуратурасынан баштагам. Тергөөчү, өзгөчө иштер боюнча тергөөчү, бөлүм башчы, прокурордун орун басары болуп иштедим. 2002-жылдан 2005-жылга чейин Жалал-Абад облусунун Сузак райондук прокурору болуп эмгектендим. 2005-жылы бир жылга жетпеген убакыт Жалал-Абад облусунун прокурору болуп иштедим. 2005-жылдагы март окуяларынан кийин Курманбек Бакиев башында турган жаңы бийлик келгенде, "жакшы иштейт го" деп үмүт кылып иштеп атканыбызда, Жалал-Абаддагы Улуттук банкты талкалап, 22 миллион сомдон ашык акча уурдалып кетти. Бул иш боюнча мен кылмыш иш козгоп, "Ички иштер министрлигине жумушка туура эмес кирди, анткени, бул иш боюнча Жаныбек Бакиев шектүү болуп атат" деп ал кездеги министр Мурат Суталиновдун атына сунуш кат жаздым эле. Сунушум жакпай калдыбы, өзүм жакпай калдымбы, айтор, ал жактан мени алып салышкан... Жалал-Абад облусунун прокурорлугунан кеткеним менен башка облустарда прокуратура тармагында иштедим, бирок, кийин баары бир болбогон шылтоолор менен кетиришти. Акыркы убакта бош жүргөм, убактылуу өкмөт чакырганынан, Башпрокурордун милдетин аткаруучу болуп иштеп жатам.
- Азыр эми бардык иш өзүңүздүн колуңузда болуп аткандан кийин, ошол банк боюнча ишти дагы ачып атсаңыз керек...
- Азыр ошол ишти көтөртүп жатам. Жалал-Абад облустук прокуратура тарабынан сотко кайрылуу жүргүзүлүп, кайрылууну сот канаатандырды. Азыркы учурда тергөө иштери жүрүп жатат.
- Ар бир райондук прокуратураларга бешке чейин жаш юристтерден кошуу боюнча буйрук чыгардыңыз. Бирок аларды дароо толук-кандуу жумушка албайт экен. Эч кандай айлык-акы төлөнбөй, жөн гана иштеп жүрүп, 5 айдан кийин гана резервге кошулат экен. Анда дагы кошулса... А кошулбаса, жөн гана убара болуп кала беришеби? Дегеним, бул тармакка кызматка орношууда дагы коррупция аябай күч алган. Чөнтөгүңдө жок дегенде 5 миң долларың болбосо ишке кире албайт экенсиң...
- Мен бул буйрукту жаштарды жумушка тартууну максат кылып чыгаргам. Жумушка кире албай жүргөн юридикалык билими бар жаштарыбыз көп. Мына ошолордун прокуратура кызматына жумушка киришине шарт түзүлсүн деп, коомдук жардамчыларды алууну чечтик. Коомдук жардамчыга айлык төлөнбөйт. Прокуратура кызматына жардам берип турушат, өзүн жакшы көрсөтсө, орундар бошоп калганда кызматка кирет...
Маектешкен Дилбар АЛИМОВА