Күч берен

Турсун акенин козусун жеп, тогуз коргоол үйрөнгөн Жумамүдүн
Мамлекеттик спорт агенттиги 2009-жылдын мыкты спортчуларын аныктады.
Анын ичинде улуттук оюндардын "мыкты спорт машыктыруучусу" деп Жумамүдүн Курмангалиев агабыз сыйланды.

Блиц-анкета
Кичи мекени - Ат-Башы
Жашы - 54
Салмагы - 82 кг
Бою - 174 см
Эңсеп жеген тамагы - Бешбармак
Эс алганда - огрод менен алпурушат
Спорттогу жетишкендиктери - эларалык мелдешти 8 жолу, КРнын биринчилигин 11 жолу багындырган
Спорт даражасы - КРнын спорт чебери
Устаты - Өмөр Касмакунов
Эң жакшы өздөштүргөн ыкмасы - "Далынын оюну"


- Наамды күткөн белеңиз?
- Чынын айтсам, мен үчүн күтүүсүз болуп калды. Бирок, көп жылдан берки эмгегимдин акыбети кайткансыды окшойт.
- Тогуз коргоол оюну менен алгач качан таанышкансыз?
- 23 жашымда биринчи үйрөнгөм. Бул эми 1980-жылдарга туш келет.
- Кимден?
- Ал кезде Ат-Башы өрөөнүнөн бир топ аксакалдар бул оюнду катуу ойношуп, айыл аралап көп жүрүп калышты. Алардын ичинен Өмөр Касмакуновдун шакирти болуп, кийин Турсун Жылкычиев, Сейиз Асановдор менен таанышып, алардын ойноо ыкмаларынан эбегейсиз тажрыйба алдым, такшалдым.
- Сиз атаган аксакалдар Ат-Башы өрөөнүнөн сырт жакка чыгып ойношконбу?
- Бу кишилердин ар бири Республиканын бир нече биринчилигин жеңгендер жана Казакстандын чемпиондору болушкан. Ошондогу казактын кыйын оюнчулары биздин аксакалдардан сестенишип, түштөрүнө кирип, "инсульт" илдетине чалдыккандарын угуп калдык. Байгеси чоң мелдештерге биздин оюнчуларды чакырышпай, ич ара күжүңдөшүп, тетири саясатты да жүргүзүп ийгендерин билебиз.
- Сизге кайсынысы кыйын экен, оюнчу болуубу же устаттыкпы?
- Балдарды тарбиялаш кыйынга турат экен. Себептери көп. Мисалы, жаңыдан келген окуучуларды тогуз коргоол менен жалпы тааныштырып, оюн стратегиясын, маңызын айтып бересиң. Жол-жоболорун майдалап, эң негизги, максатын түшүндүрөсүң дегендей кеп.
- Ушу тапта карамагыңызда канча шакиртиңиз бар?
- Чыгаан шакирттерден төрт-бешөө бар. Алардын асты Казакстанга барып, көч башында жүргөн жоон-топ оюнчуларынын мойнун толгоп келип атышат. Орто оюнчулардан ончакты. Булар да атаандаштарга оңой-олтоң жеңилип, кол көтөрүп бере коюшпайт. Ыгы келе калганда эки чайнап бир жутчулар. Тогуз коргоол дүйнөсүнө жаңы баш багып, "урунаарга тоо, урушаарга жоо таппай" тургандардан 36 окуучу.
- Ат-Башы өрөөнүндө тогуз коргоолго кызыгуулар барбы?
- Мурунку жылдарда көп байкалган эмес. Райондук мелдешке 4-5 курам келип катышчу. Быйылкы жылы бул жагынан алып караганда жылыш абдан зор. Ар бир айылдын мектеп окуучуларынан турган бирден кем эмес курам болуп, баш аягы он бештен ашып кетти. Кызыгуулар жыл санап көбөйүүдө.
- Биздин ата-бабалар ойноп келаткан тогуз коргоолду казактар тартып алган имиш. Бул жагынан кабардар болсоңуз керек...
- Коңшу казак өлкөсү бул ишти туура эмес кылып атышат. Тарых биз тарапта экенине маани бербегенсип. 16-кылымда Токмокко жакын жердеги Буранада таштан чегилген тогуз коргоол табылган. Муну казактар билбейт дейсиңби? Жөн эле көтөн зордукка салып, кээ бир жаштары өпкөлөрүн чаап аткансыйт. 1970-жылдарда Өмөр, Турсун, Сейиз акелер казак жергесине барганда, алар бул оюнду билип көрбөгөнүн айтышкан. Ушул адамдардан алгач үйрөнүшүп, кичинеден өздөштүрүп отуруп, 1990-жылдарда аябай өнүктүрүп жиберишкен. Муну биз моюнга алуубуз кажет. Коңшу казактар эмнени гана бизден талашкан жок. Бозүйдү да талашып атышат... Мынчалык карасанатайлыкка барбаш керек эле.
- Ушундай кырдаалда кандай чараларды көрсө болот?
- Бул жөнүндө эки өлкөнүн билимдүү адамдары кепке келип аткансыйт. Өзгөчө казактардын улуу мундары, "тогуз коргоол оюну кыргыздардыкы" деп моюнга алышып, бул ишти кайра карап чыгууга ынтызар экенин билдиришкен.
- Шакирттерди тандап аларда эмнесине басым кыласыз?
- Биринчиден баарлашып көрөбүз. Эсеп сабагын кандай окуйт, эс тутуму кандай, жөндөмдүүбү, шахмат оюнун ойноп көргөнбү деп. Сабагыма бир аз катышкандан кийин байкалат. Кээде математика сабагын начар окуган бала деле тез өздөштүрүп кеткенин байкагам. Мисалы, 1995-жылы Мамбеталиев атындагы орто мектептин 6-классынын окуучуларын 10-классты бүткөнгө дейре машыктырдым. Ошондо буга чейин орто окуган окуучулар арасынан 18 ударник, 9 отличник чыкты. Мугалимдердин баары таң калып, тогуз коргоолдун тийгизген пайдасына туура баасын беришкен. Дагы баса көрсөтүүчү нерсе, мурун айыл ичин сапырып, суукуйду тентек бала 3 жыл катары тогуз коргоолдон машыккандан кийин, жибектей созулган жигит болуп чыга келип атпайбы. Адептүү, ыймандуу, жаман жакка барбаган...
- Өмөр, Турсун, Сейиз аксакалдардан тогуз коргоолду үйрөнгөнүңүз тууралуу кеп айтып кеттиңиз. Ал кишилер кимден үйрөнгөн болду экен?
- Мен билгенден Ак-Моюн айлында жашаган Турсун акенин үйүндө, жайы козунун этин жеп, саамал кымыздан ичип, кышы согумдан салдырып, "элик бакырык" бозосун шынгытып коюп, тогуз коргоолдун сазайын берген аксакалдар да эске түшөт. Осмон, Карасарт аттуу кишилер. Турсун аке ушу кишилерден тогуз коргоолдун четин үйрөнгөн экен. А кишиден биз үйрөндүк. Жада калса оюн артынан сая түшүп жүрүп, ошол айылдын кызына аруу тилегимди арнап, үйлөнүп да алгам.




Дзюдо
Алмаздын алтынга тете күмүшү
Бангкокто Азия биринчилиги өттү. Кыргыз балбандары жакшы көрсөткүчтөрдү көрсөттү. Жалпы жонунан 1 күмүш жана 3 коло медалды багындырышты. 15 жаштагы Алмаз Алтынбек уулу алтынга тете күмүш медалды мойнуна такты. Коло медалга Болот Токтогонов, Виталий Рыжков, Юрий Краковецкий аттуу балбандарыбыз татыды.

Күрөш
Азияга аттанган балбандар жана генералды эскерүү
Кыргыз курамына кирген грек-рим, эркин жана кыз-келиндер күрөшү боюнча балбандарыбыз Индия өлкөсүнүн Нью-Дели шаарына аттанып кетишти. Алар 12- майдан 16-майга чейин өтүүчү Азия биринчилигинде күч сынашат. Ошол эле учурда Бишкекте Улуу Ата Мекендик согуштун баатыры генерал Панфиловдун жаркын элесине арналган грек-рим боюнча эскерүү турнири аяктады. Бул турнир эларалык денгээлде өтүп жүрөт. Бирок, бу жолу чек аранын жабык болгонуна байланыштуу коңшу Казакстан, Өзбекстан, Тажикстан жана Россия балбандары келип катыша алган жок. Андыктан жеңүүчүлөрдүн баары өз жердештерибиз болуп калды. Баатыр Жанбаев, Эрбол Жапаралиев, Роман Царев, Бектияр Көбөнов, Магомед Мутаев, Камбар Жоробеков, Эсенгелди Кожобек уулу, Аскер Эфендиев.

Футбол
"Алганын" дагы бир жеңиши
КРнын биринчилигинин кезектеги турунда "Алга" командасы Бишкектин "Шер" клубун кабыл алды. Оюндун биринчи мүнөттөрүндө "шердин" оюнчулары катуу чабуул жасап, анын жемишин тез эле көрүштү. Бирнчи тайм бүтө жаздап калганда "алганын" топ тепкичтери жөн калбай, жообун берип үлгүрдү. Экинчи таймда эки жолу "шердин" дарбазасына гол кирип кетти. 3:1 эсебинде "Алга" кезектеги оюнун утту.




Шахмат
Күч атасын жана апасын да тааныбайбы?
Кыз-келиндер арасында КРнын биринчилиги аяктады. Тогуз күн созулган бул таймаш курч мүнөздө өтүп, 8 упай топтоп Александра Самаганова биринчиликти жеңип алды. Күч апасын тааныбай. Ирина Острий (Александранын апасы) 7,5 упай менен экинчини багындырды. Коло медалга 6 упай топтоп Бактыгүл Тиленбаева чыкты. Мына ушул адамдар Ханты-Мантийскиде өтүүчү бүткүлдүйнөлүк шахмат олимпиадасына жолдомо алып, жай айларында барпалаңдап барып калышат.

Тогуз коргоол
Кадамжайды багындырган Бишкектиктер
Өлкөнүн кезектеги биринчилиги Баткен облусуна караштуу Кадамжай шаарында өттү. Турнир бир четинен Улуу Ата Мекендик согуштун 65 жылдыгына арналган. Мелдеш жаатык, эркектер жана кыз-келиндер арасында болуп, жеңүүчүлөр аныкталды. Жааттык боюнча Бишкектин коргоолчуларына эч ким жетпеди. Экинчи орунду Ош, үчтү Жалал-Абад курамдары жеңди. Кыздар арасында биринчиликти Айдай Нурбек кызы, эркектерден Анарбек Дүйшөнбек уулу чемпион болушту.

Эрежесиз эр уруш
Азиянын таламын талашкан Рафаэль
8-май күнү Москва шаарынын "Мытище" спорт аренасында континент аралык чемпионду аныктоо мелдеши болуп өттү. Бизден Азиянын таламын талашканы Рафаэль Физиев барган. Беш раунддук мушташта өзүнөн эки эсе күчтүү украиналык Богдан Лукин деген мушкерге чыккан. Ал буга чейин дүйнөнү бир нече жолу багындырган эле. Калыстардын чечими менен биздин жердештин колун көтөрүп, жеңүүчү деп табышкан. Рафаэлди бул таймашка Эмил Токтогонов агайы даярдаганы белгилүү болду. Рафаэль өзү жаш (17де) болсо да, рингде өжөрлүгү менен айырмаланып келет.

Даярдаган Сурат Жылкычиев