Көктөм эле

Унутта калган Маэстро
Улуу Ата-Мекендик согуштун катышуучусу, СССРдин Эл артисти, Токтогул Сатылганов атындагы мамлекеттик сыйлыктын ээси, Кыргыз Эл Баатыры, академик, дирижер Асанкан Жумакматовдун жашаган үйүнүн дубалына 7-май күнү мемориалдык тактасы илинип, анын ачылыш аземине күбө болдук. Эскерүү кечесси анын үйү жайгашкан Эркиндик менен Киев көчөлөрүнүн кесилишинде өтүп, аттуу-баштуу адамдар маэстронун бейнесине жылуу сөздөрүн арнады.

Муратбек Бегалиев,
Улуттук консерваториянын ректору:
"Асанкан агабыздын аты эч качан унутулбайт"
- Кыргыз эли дайыма өзүнүн баатырлары, улуу адамдары, таланттуулары менен сыймыктанат. Мына ошолордун эң алдыңкы катарында, бычакка сап боло турган улуу адамдардын бири - Асанкан Жумакматов. Бу таланттуу адам жөнүндө сөз көп. Анын чекесин оюп айтып бүтө албайсың. Ар кандай запкыны, адамзаттын башына келген кыйынчылыктарды жана ошону менен бирге бакытты да көрдү. Айтсак, кичинекейинен баштап, атасы "кулакка" тартылып, тээ Украинага чейин кеткен. Ошо жактан адам болуп келди. Москва консерваториясын бүттү. Кийин чоңоюп калганда Кыргыз элине кайтып, көзү өткүчө маданият чордонунда эбегейсиз кызмат кылды. Мындай адамдар эч качан унутулбайт. Кылган эмгектери дайыма эсте кала берип, жаштар үчүн үлгү болот. Азыр ушу кишини эскерип, түбөлүккө ысымын калтырыш үчүн жашаган үйүнүн сыртына, элге көрүнүктүү жерине мемориалдык тактаны сыймыктануу менен илип отурабыз. Аксакалыбыз бүгүн бир ыптасынан, бир ыптасына которулуп алат болуш керек. Арабызда жүрбөгөнүнө экинчи жылга кетип баратат, жаткан жери жайлуу, топурагы торко болсун. Өзү тирүү кезинде, анда мен минстрлик кызматты аркалап жүргөндө, бу кишинин наамында оркестрдин ысымы ыйгарылган. Кыргызстандагы бирден-бир даражалуу симфониялык оркестр деп эсептейм. Асанкан Жумакматовдун аты биз менен жашай берет. Жакшы көчөнүн атын бердириш керек. Шаардын көрүнүктүү жерине эстелигин тургузуп, мектептердин атын ыйгаруу маселелерин көтөрүп дегендей...

Дарика Жалгасынова, КРнын эл артисти:
"Аялдарды абдан сыйлаган адам болчу"
- Маэстро кыргыз искусствосуна жана маданиятына 70 жылдан ашуун кызмат кылды. Ушу аралыкта өтөгөн чыгармачылык чыйыры жана өмүр баяны тууралуу китеп жазылган. Аны Улуттук консерваториянын мугалими, искусство илиминин кандидаты Екатерина Лузанова жазды. Ал аз санда чыгып, сатыкка коюлган эмес. Түпкү варианты адистештирилген маанайда аябай дыкат жазылганын окуп чыгып, "колдон келсе кыргыз тилинде которулса жакшы болмок" деген мага бир ой келген эле. Музыка тилин да түз мааниде которуш оңой эмес да. "Муну ким которо алат?" деп көп издендим. Акыры түбү бир кишиге токтолдум. Ал Эрнис Турсунов агай болду. Себеби, бу киши Пушкиндин, Достоевскийдин чыгармаларын өтөсүнө жеткире которгон чыгаан адам да. Ошо кезде ооруп жүргөнүнө карабай макул болду. Күн-түн дебей катуу иштеди. Жада калса кеңейтилип, адабият тилде байытылып, көркөмдөлүп, баалуу жактары менен кошумчалады. Китеп сонун болуп чыкты. Бул жагынан Эрнис агайга уят болуп жүрөм. Калем акысын бералбай. Кызыктуу жерлери абдан көп. Бир эле мисал, 15 жашында оркестрде ойноп жүрүп, Москва шаарына декадага барат. Ал жерде Сталинге чуркап чыгып, "здравствуйте, товарищ Сталин!" деп айткан жери бар. Ким эле ал кезде ушул ишти кыла алчу? Өрттүгүнөн ушинткен да... Каяктан окуган, дүйнөдөгү адамдардын кимиси менен мамиледе болгон, театрдын гастролдору, иши кылса ушуга окшогон кызыктуу маалыматтар камтылган. Бу киши менен 30 жыл иштешип калдым. Жакшы тарбиясын алып, чыгармачылык ажарымды ачкан. 85 жашка келген учурда маэстрого арнап биртоп ыр жазгам. Анын ичинде агайдын таамай образын ачып берүүгө аракет кылган бир куплет ыр эске түшөт:
"Сексен беш жашка чыкса да,
Теңтуштай эле биз менен.
Хандардай жашап агайым,
Кулдардай болуп иштеген" деп. Аялдарды абдан сыйлаган адам эле. Мен бу кишини теңтуш кылып алган эмесмин. Турган турпатында жогорудан баа берип, адамдык сапатын өтө сыйлачумун. Чогуу иштеген музыканттарга карапайым мамиле кылып, алардын кем-карчтарына кайдыгер карабай, колунан келген жардамын аячу эмес. Агай менен чыгармачылыктын бир казанында кайнаганыма сыймыктанам жана бактылуу адам экеними танбайм.




Малдыбай Кайыпов, шаардык маданият башкармалыгынын башчысы:
"Агайыбыз элибизден жаралган сейрек инсан эле"
- Бу кишинин ысымын шаардын кайсы гана жерине ыйгарбайлы, жарашса керек. Менин карамагымда бир канча музыкалык мектептер бар, аларга да койсо болот. Шаарга караштуу эс алуучу парк, гүлзарлардын ысымы да татыйт. Анүчүн, коомчулук тараптан салмактуу демилге көтөрүлүп, журт башылардан колдоо табышы кажет. Кыргыз искусствосуна, музыка маданиятына опол тоодой эмгек кылды. Мындай киши биздин бактыбызга жаралганына мен сыймыктануу менен карайм. Асанкан агай Кыргыз элине чанда жаралган инсан.

Жамила Жумакматова, кызы:
"Ала-Арча" көрүстөнүндө атамдын эстелиги тура элек"
- Эсиме көп нерселер келип турат. Ичим ачышып, атамдын арабызда жок экенине дале болсо ишенбей кетем. Жумуштан үйгө келгенде, "менин аяз атам келди" деп астынан тосуп чыкчумун. Мени аябай жакшы көрчү. Каалаганымды алдыртып, мойнуна асылып эркелечүмүн. Ага атам ар убакта даяр эле. Катуу айтып же кол тийгизип, адамдын көңүлүн калтырып көргөн эмес. Ата мээримин эстеген сайын жаман болуп, көзүмөн жаш тегеренип кетет. 2008-жылы июль айында ооруканага ден-соолугун чыңоо максатында жатып калды. 19-июлда ооруканага барсак бөлмөсүндө жок экен. Медсестра кыздан сурасак, "эшикте бирөөлөр менен жүрөт" деп жооп берди. Ишемби күн болчу. Уюлдук телефон колдонбогондуктан эч нерседен кам санабай үйгө кете бердик. Дүйшөмбү күнү ооруканадан суук кабар келди. Уккан кулакка ишенбестен жетип келдим. Окуяны майдалап айтууга мүмкүн эмес. Ооз барбайт. Алгач соттошуп да көрөйүн дегем. Майнап чыкпасын түшүндүм. Эмне үчүн ал жердеги иштеген адис адамдар оорулуунун кайда кеткенин, кай жерде жүргөнүн, кечки дарысын ичтиби, кечинде бөлмөсүнө келдиби (?) деген суроолор кызыктырбаганы мени таң калтырат. Кырк күндүгү белгилегенден кийин мамлекеттик комиссия башкы дарыгерге сөгүш жарыяламыш этип койду. Бир адамдын өлүмү катардагы сөгүш менен чечилип калгансыды. Лифттин бери жагындагы жарым метрдик жылчыкта камалып калган кишини эч кимиси издеп да коюшпаганына жаным ачышат. Аттуу-баштуу кишиге ушундай мамиле кылышты. Катардагылар анда биякта эле калса керек. Бир сөз менен айтканда, ошо жердеги иштеген догдурларды абийир сотуна койдум. Азыр тирүү болсо, мүмкүн Москва шаары чакырган Улуу жеңиштин 65 жылдыгына барып келмек. Небере-чөбөрө кубаныч күлкүлөрүнүн кучагында жүрмөк. Анан эң аянычтуусу, ушу кезге чейин "Ала-Арча" көрүстөнүндө эстелиги тура элек. Шаар ичинде эстелиги жөнүндө сөз кылбай туралы. "Дордой" ассоциациясынын директору Аскар Салымбековго рахмат. Минтип мемориалдык тактасынын толук чыгымын көтөрүп бергенине. Ал кишинин жардамы тийбегенде бул иш да аткарылмак эмес. Эми келечек астыда. Мурунку бийликтин каталарын келаткан жаңы бийлик оңдоп, Асанкан Жумакматовду эскеришип, Кыргыз элине кылган эмгегинин акбыбети кайтып, алгы иштер менен толукташаар деген үмүттөмүн. Атама кайрылып,"качандыр бир, небереңиздин же чөбөрөңүздүн бирөөсү сиздин улуу дирижерлук ишиңизди улап кетээр" деген да аруу тилегим бар...

Сурат Жылкычиев