Чырпык саясыңбы?

Кайгыны кубанычка улай турган баалуулук
Айланадагы жалган жашоонун сырларына даба барбы? Адам баласы жашоосунда кызыкчылыктар, азгырыктар, анан кумар сезимдери менен гана күн өткөрөрү белгилүү. А башка дүйнөчү? Маселен, саясаттан, көр турмуштан сырткары да руханий баалуулуктардын барактары, анын кооздуктары түбөлүктүү экенин билген жандар аз го, чиркин! Дал ушул мааниде алыска ат чаптырбай эле, арабызда жүргөн Ташкул Керексизовдун эмгектерине көз чаптырып көрбөйлүбү? Башкасы башка, ал эми бүгүнкүсүчү? Мунун өзү зор эмгек сыңарындай бааланат.
Кеп башынан болсун. Эл билген "Аалам Ордонун" маңдайына, тоо боорундагы катаал шартка, жар кырына Ташкул аба мемориалдык комплекс куруп бүттү. Бул эмгек Акүй астынан бейажал курман болгон кыргыздын баатырларына арналып, алардын арбактарына таазим этүү менен ак ниеттикте жасалды. Ушул саамалык шейит кеткен 86 баатырдын арбагы үчүн тургузулду. Болгондо да 21 күндүн ичинде 86 карапайым жигиттердин тери куюлуп, күн-түн дебей жан үрөп иштеп бүтүрүштү. Албетте, кыргыздын баатыр мүнөз рухун улантып, алардын арбактарын даңазалай турган да адамдар керек экен. Бир чети "ааламга кеткен жол айылдан башталат" демекчи, айылдан чыккан жигиттер ушунчалык мээнет менен аз убакыттын ичинде түбөлүктүү иш кылышты. Кылган эмгектеринин акысына акча, акыл сурабастан тер төгүшүп. Муну патриоттук дух дейт! Кыргыздын жүрөгүнөн соккон сезим...
Натыйжада, курман болгон жигиттердин кыркын өткөзүү үчүн Ташкул Керексизов 16-майда атайын элди чакырып, куран окутуп, Кудай жолундагы ишти жасаганы жатат. Ал жердеги Умай эненин астындагы таасир, Манас атанын арбагы, анан кыргыздын үнү, доошу жаңырат. Ал акындардын төкмөсү, мукамдуу күү. Мына ушунун баары кыргыздын келечеги үчүн арналат!
Эсиңерде болсо, буга чейин Кыргызстан жөнүндө терс, калпыс пикирлер айтылып келсе, а мындан ары оңоло турган, кайгыны кубанычка улай турган баалуулуктар бар экенин Ташкул аба көрсөтө баштады. Мунун өзү адамдын ички дүйнөсүндөгү жемиш...
Ошентип, 16-майда саат 12де маркумдардын кыркылыгына куран түшүрүлөт. 40 бозүй тигилет. Каалагандарга жол ачык.
Ал эми окко учкандардын ашы бир жылдан кийин болмокчу. Кыргызда Көкөтөйдүн ашы болгон, андан кийинки эле ушул жигиттердин рухун Т.Керексизов даңазалай турганын жашырбады. Эми ошол жерге кыргызмын дегендер чырпык сая алабы?
Бул - Кудайдын жолундагы иш...

Асланбек САРТБАЕВ