Учурмаек

Аликбек ЖЕКШЕНКУЛОВ, "Акыйкат үчүн" кыймылынын лидери:
"Сабырдын түбү сары алтын"
Оппозиция өкүлдөрүнөн эң көп кордук көргөндөрдүн бири - Аликбек Жекшенкулов. Ал Ош облусунан легендарлуу парламентке депутат болуп шайланган, Кыргыз Республикасынын элчиси, тышкы иштер министрлик даражасына чейин жетип, ошого катар саясый илимдердин доктору да болгон. Бул - адамдын учкай бейнеси. Ал эми өткөн күндөргө кылчайсак, бийлик А.Жекшенкуловдун өзүнө гана кысым көрсөтпөй, жалган жалаалар менен инисин камап, уулуна издөө жарыялаган. Өзү УКМКнын түрмөсүндө 6 айга жакын жаткандан кийин үй камакка алынып, соту бир жылга созулуп отуруп, аягында 5 жылга шарттуу түрдө эркинен ажыратылды. Аликбек мырза түрмөдөгү шарт, абал, кысым тууралуу биринчи жолу биздин гезитке айтып берди. Аны менен катар бүгүнкү саясый кырдаалга өзгөчө көз карашын билдирди.

- "Оппозиция өкүлдөрүнүн арасынан Аликбек Жекшенкулов унчукпай эле жатат, эмне үчүн ал ушул убакытка чейин жок дегенде бир жолу интервью берип койбойт?" дегендей сындар айтылды. Буга кандай жооп кайтарар элеңиз?
- Мындай татаал кырдаалда, "мен саясатчымын, мен лидермин" деген адамдар ар бир сүйлөгөн сөзүнө өтө жооптуу мамиле жасашы керек. Сабырдуу болуу абзел. "Түрмөдө жатып, көрбөгөн кыйынчылыктарды көрдүм. Мен гана эмес, инилерим дагы камалды, уулум качып жүрдү. Көрбөгөн кордукту көрдүм" деп мактангандан алысмын. "Сабырдын түбү сары алтын" дегендей, сабыр кылып жүрдүк. Кудайдын сыноосу болду окшойт. Түрмөдөн чыкканда башым ооруп жүрүп, азыр Кудайга шүгүр, ден-соолугум жакшы. Активдүү чоң саясатка киришип турам.
- Сизди кандай камерада камашты, шарттары кандай эле?
- Түрмөдө мени камерага жалгыз камап коюшту. Күңүрт жарык күнү-түнү күйүп турат. Телевизор жок, гезит-китепке уруксат жок, киргизбейт. Бир жумада бир гана жолу сырттан тамак-аш киргизет. Анан бир жолу сыртка сейилдеп келгенге чыгарат. Капаска түшкөн карышкырдай болуп, үч метр аралыкта ары-бери баса бересиң. Ар түрдүү спорттук көнүгүүлөрдү жасайсың. Адвокаттарым курсагына катып, Куран китепти киргизип беришти. Ошону эки сыйра окуп чыктым. Мага бул китепте айтылган сүрөлөр дем берип турду. Акыркы убактарда камерада кандайдыр бир ышкырыктар пайда болду. Ошондон кийин башым айлана турган болуп калды. Ошол үндү укпайын деп кулагыма кебез тыгып алчумун. Убагында мен ал ышкырыкка көңүл бөлгөн эмес экенмин, кийин психологияга терс таасир тийгизүү үчүн атайын ушундай ыкма колдонуларын айтышты. Аң-сезимге катуу таасир бергенби, айтор, акыркы кездерде дубалдардан жыландар көрүнүп баштаган. Кийин башым айланып жыгылгандан кийин үй камакка чыгарышты. Анан дарыланып баштадым.
- Ал жакта да өзүнүн мыйзамдары болот экен...
- "Түрмөгө жылан жатпасын" дейт эмеспи. Ал жерде эч кимге арызданбашың керек. Арыздансаң, алсыз адам катары эсептешет. Мен муну кыйноо катарында эмес, Кудайдын сыноосу катарында кабыл алдым. Өзүмдүн ак экениме ишенип, "мени элим карап турат" деп көңүлүм ток болду, өзүмдү бекем кармадым. Өзүңөр билесиңер, мага чейин дагы бир катар оппозициялык саясатчылардын ичинен камалып, сынып, кайра бийликке кошулуп кеткендери болбодубу? Азыр ким гана болбосун бетине түз карай алам. Убактылуу өкмөттүн айрым мүчөлөрү болобу, башкабы, кези келгенде түз нерселерди бетине айтам. Анткени, жүзүм жарык. Азырынча, аларга унчукпай турам. Себеби, аларга азыр ансыз деле кыйын болуп турат.
- Сиздин сот процесстериңиздин башында оппозиция өкүлдөрү келип катышып жүрдү эле. Кийин алар көрүнбөй кетти. Оппозиция өкүлдөрүнүн арасынан сизди "Бийлик менен сүйлөшүп алган, ошон үчүн бизди "сотко келбей эле койгула" деп айтты" деген сөздөрүн укканым бар. Ушул чынбы?
- Мен өзүм да таң калам, бийлик менен сүйлөшүп алган адам камерада жалгыз отурабы? Же бир жыл сотто сүйрөлүп жүрөбү? Анан беш жылга кесилеби? Экинчиден, ошол айрым саясатчылар мага көралбастык кылып, ушундай оюндарды жүргүзүштү да. Мен жеке өзүм "келбей эле койгула" деп эч кимисине айткан эмесмин. Кээ бирлер "адвокатың айтты" дейт. Мен адвокатка андай укук берген эмесмин да. Бул жөн гана мени көралбай, өздөрүн актап аткандык. Мезгили келгенде мен катуу нерселерди айтам. Өзүңөр билесиңер, 2008-жылы декабрь айында шертке кол койбодук беле? "Ынтымактуу болобуз, бирөө баардыгы үчүн, баардыгы бирөө үчүн" деп. Ал кайда калды? А эмне үчүн менин башыма кыйын кырдаал түшүп турганда, аракеттерди көрүшкөн жок? Кимдин-ким экенине тарых өз баасын берет.
- Ошол оппозиция өкүлдөрүнүн арасынан камакка болобу, же чыккандан кийин үйүңүзгөбү, кимдер акыбалыңызды сурап келди?
- Ачык айтканда, Өмүрбек Текебаев, Абдыганы Эркебаев жана Алмазбек Атамбаев болушту. Калгандары сурап койгонго жарашкан жок. Бирок кээ бирлери доомат койгонго, ушак таратканга уста экен.
- Түрмөдөн сизге күч колдонушкан жокпу?
- Мага тийише алган жок. Бирок, ачка жатам, үч маал кайнак суу менен түрмөнүн тамагын "баланда" деп коет, ошондой берет. Кошуна камерада телевизор көрүп, тамак жасап жеп атат. Берки жагында бирөөнү келип сабап атышат. Мага ушундай жол менен психологиялык жактан басым жасаганга аракеттеништи... Кудайдан гана коркуш керек. Ошол жактан ичимдеги көп ойлор, көз караштарым чыңалды деп ойлойм.
- Курманбек Бакиевдин тушунда саясый куугунтуктун айынан камалган бардык саясатчылар акталды. Эмне үчүн сиздин ишиңиз дагы деле создуктурулуп келатат?
- Эми бул суроону ошол убактылуу өкмөт өкүлдөрүнө берсеңер жөндүү болчудай. Мен азыр бир нерсеге таң калып жатам, ошол кезде биз тууралуу адилетсиз чечим чыгарган соттор, бүгүнкү күндө да биздин тагдырыбызды чечип жатат. Азыр жаштар каршылык акцияларына чыгабыз деп жатышат. Бирок мен аларды кармап турам. Анткени, азыркы күндө стабилдүүлүк керек болуп жатпайбы. А эгер болбой эле, дагы деле созо беришсе, албетте, менин тарапкерлерим да өзүнүн сөзүн айтаар. Мен баары бир акыйкаттык жеңерине терең ишенем.
- Кызматка эмнеге барбай койдуңуз?
- Негизги себептер айтылды окшойт. Бирок, мен "коомдук ишмер катары жардам берүүгө даярмын" деп айттым. Эгер мага ошондой полномочие беришсе, башка өлкөлөргө барып, сүйлөшүүлөрдү жүргүзүп келүүгө даяр болчумун. Менимче, ошондон дагы айрымдар кызганышты окшойт. Ага карабай айрымдары кеңеш сурап турушат.
- Сиздин мындан аркы кадамдарыңыз кандай болот?
- "Акыйкат үчүн" кыймылынын негизинде "Акыйкат" республикалык партиясын түзө баштадык. Менин кубанганым, убактылуу өкмөткө жыдыган саясатчылар кызмат сурап кезекке туруп атышкан болсо, мага негизинен таза жаштар колдоо көрсөтүп атат. Эң маанилүүсү - жети облустан тең келип, партия ачууга мага түрткү болуп жатышат. Бардык улуттардын, бардык региондун кызыкчылыгын камтыган, өзгөчө жаштарга басым жасаган партия түзөлү деп жатабыз. 18-май күнү "Акыйкат" республикалык партиясынын Курултайын өткөрүүгө камылга көрүүдөбүз. Эмне үчүн республикалык партия? Себеби, эгемендүүлүгүбүздү сактап калуу биздин биринчи максат. А эмне үчүн "Акыйкат"? Акыйкаттуулук боюнча "Манаста" да, Куранда да, Библияда да айтылган. Акыйкаттуулук Европалык баалуулуктардын да бири болуп эсептелет. Ал жакта адам укуктары, эркиндиктери биринчи орунда турат. Ошол эле Япония, Сингапур, Малайзия болобу, биринчиден, улуттук кызыкчылык менен ыймандуулукту коргойт, экинчиден, илимий техникалык өнүгүүгө таянып иш жүргүзөт. Дегеле, менин оюмча, ар бир адамга акыйкаттык керек, саясатта болобу, экономикада дагы, керек болсо маданиятта дагы акыйкаттык өкүм сүрүш керек. Биз ушул кыйын кырдаалдан өтүп кетсек, Кудай буюрса, мамлекетибиздин келечеги, элдин жашоо-турмушу жакшы болоруна ишенем.
- Кыргызстан парламенттик башкаруу системасына өтөт өңдөнүп калдык. Сиз кайсы башкаруу системасын колдойт элеңиз?
- Мен убактылуу өкмөт мүчөлөрүнө кайрылып кетер элем. Буга чейин Акаев да, Бакиев да шашып-бушуп Конституцияны элге таңуулаганга аракет кылган эле. Азыр да ошол көрүнүшкө окшоп кетип жатат. Эки жумага гана талкууга коюп, дароо референдумга алып чыгуу, менимче, шашылыш кадам. Менин оюмча, референдумга Конституцияны эмес, башка маселени коюу керек. Супер-президенттик башкарууну көрдүк биз. Бизге бул башкаруу системасы туура келбейт экен. Эми парламенттик башкаруу болуш керекпи, же президенттик-парламенттик болушу керекпи? Мына ушул маселени элге салса туура болот. Ал эми референдумга эл келеби, колдойбу? Келбей калса эмне болот? Анда убактылуу өкмөт бүт бойдон отставкага кетиши керек да. Бул өтө чоң тобокел. Өзгөчө азыркы абалда. Анткени, азыр экономикабыз жардын учунда турат. Азык-түлүк кымбаттай баштады. Эл болсо бардык нерседен көңүлү калгандай. Орто-чакан бизнес, ири бизнестер токтоп калды. Убактылуу бийлик "баары көзөмөлдө, баары жакшы" деп жатат. Чындыгында өлкөдө кырдаал башка, убактылуу өкмөттүн баа берүүсү башка. Элге ачык айтыш керек, алдаган болбойт. Андан көрө "Кыйын заман келди, белиңерди бекем буугула! Мамлекеттүүлүгүбүздү сактайбыз десеңер, бизге жардам бергиле!" деп айтса туура болот. Жөн гана айтып койбой, эмне себептен ушундай болгонун түшүндүрүп берип, анан кыйынчылыктан чыгуунун жолдорун көргөзүшү керек. Азыр мага айыл жергелеринин тургундары келип жатат. "Убактылуу өкмөт күйүүчү майларды алдык деди эле. Бизге качан жетет? Канча тонна келет?" деп сурап. Бул жөнөкөй эле мисал, элге туура маалыматты ачык айтып туруу керек.
- Кыргызстанга ОДКБнын куралдуу күчтөрүн киргизүү керек дегендей ойлор да айтылды. Бул боюнча оюңуз кандай?
- Биринчиден, эгемендүү мамлекет болгондон кийин убактылуу өкмөт тартипти сактаганга өзү аракет кылуусу керек. Тартипти көзмөлгө алалбаса, башаламандык болуп, бир топ кайра бийликти басып алып, анысын дагы башкалар кууп чыгып атса, анда мамлекеттүүлүктү сактап калуу үчүн ОДКБнын куралдуу күчтөрүн киргизүү керек болот. Менимче, ОДКБ уюшулган 1992-жылдан бери ал бир мамлекетке кирип, тартипке салган тажрыйба боло элек. Бул дагы чоң маселе. Эгер мындай кырдаал пайда болуп калса, өлкөнүн абройлуу сасатчылары кайрадан чогулуп, бул кырдаалдан чыгып кетүүнүн жолдорун талкуулоо керек болот.
- Түштүктү бөлүп алабыз дегендей чакырыктар жасалып жатат. Менимче, бул абдан кооптуу маселе. Кыргызстандын экиге бөлүнүп кетүү коркунучу барбы?
- Ачык айтканда, бул өтө сабатсыз саясат. Бул чагымды кыргыз элининин тарыхын билбеген, дүйнө жүзүнүн тажрыйбасын көрбөгөн адамдар жасап атат. Түндүк Түштүксүз, Түштүк Түндүксүз жашай албайт. Биз куштун эки канатындай элбиз. Бөлүнүп-жарылуу деген өтө ыплас саясатты өзүнүн керт башын, байлыгын ойлогондор көздөп атканы көрүнүп турат. Партия уюштуруп жаткандан бери, мага айрыкча, Түштүк, Түндүк облустардан келип, колдоо көрсөтүп жатат. Өзүңүздөргө маалым болгондой, мен бир топ жыл Ош жергесинде иштегем, карапайым элдин адилеттүү, тынч жашагысы келерин жакшы билем. Калың эл бөлүнүүнү каалабайт. Мындай чакырыктарга азгырылбайт. Биздин калкыбыз аз болгону менен өзүбүздүн үйүбүз-мамлекетибиз бар экенине кубанып, ошону сактап калышыбыз керек. Көп калктуу канчалаган улуттар өз мамлекети жок жүрүшпөйбү. Адам улутуна, жердештигине, уруусуна эмес, кандай адам экендигине жараша, адилеттүүбү же калпычыбы, билимдүүбү же билимсизби, ушул сапаттарга караш керек. 7-апрелдеги окуялар биздин рухубуз-духубуз бийик экенин, Манастын урпактары экенибизди көрсөттү. Ошон үчүн кыргыз эли эч качан бөлүнбөйт деп ишенем.

Маектешкен Дилбар АЛИМОВА