Чындыгы жок аралчада

Талап орундалбаса, ар түрдүү акциялар...
Убактылуу өкмөттүн мүчөлөрүнө
"Акыйкат" Республикалык партиясынын жаштар канатынын атынан
Кайрылуу!

Урматтуу убактылуу
өкмөттүн мүчөлөрү!
Урматтуу мекендештер!
7-апрелден кийин Бакиевдин учурунда жалган жалаа менен камакта отурган бир катар укук коргоочулар, саясатчылар убактылуу өкмөттүн кийлигишүүсү менен толук акталып чыкты. Бирок, таң калычтуусу алардын арасында бийликтин кысымына алгачкылардан болуп кабылып, түрмөгө камалып, өзгөчө жабыр тарткан, акыйкатсыз соттордун жалган жалааларына сынбаган Аликбек Жекшенкулов жок болуп чыкты.
Биз, "Акыйкат" Республикалык партиясынын жаштар канаты партиянын лидери А.Жекшенкуловдун айланасында болуп жаткан иштер боюнча тынчсызданып жаткандыгыбызды билдиребиз.
А.Жекшенкулов бакиевдердин "бөрк ал десе баш алган" жан-жөкөрлөрүнүн айынан камалып, жарым жыл жалгыз кишилик камерада кыйнашса да сынган жок. Бийликтегилерге жалынган жок, башка үзөңгүлөштөрүн саткан жок, элдин ишениминен кеткен жок. Сабырдуулук менен бийликтин ар кандай амалдуу чалма аракеттерине түшпөй, өзүнүн чыныгы жигит, татыктуу лидер экендигин далилдеди. Андан соң үй камагына отуруп, 10 ай соттон сотко сүйрөлүп, аягында түрк ишкеринин өлүмүнө байланышкан кылмыш иши боюнча толук акталып чыкты. Бирок, анын кызмат абалына байланышкан жалган кылмыш иши соттордун карөзгөйлүгү менен шарттуу 5 жылга эркинен ажыратуу менен аяктаган. Ошол эле учурда анын жакындарына бийлик тарап катуу кысым жасап, жалган жалаа тагылган уулу Беккул чет өлкөгө баш калкалоого аргасыз болду. Бир тууган иниси, Балыкчы шаарынын экс-вице-мэри Таалай Медеркулов жалган жалаа менен камакка алынган. Алардан башка бир-туугандары ар-кандай шылтоолор менен кызматтан четтетилип, жеке ишкерликтери токтотулган. Оппозиция лидерлеринин арасынан А.Жекшенкулов эң көп азап чеккени жалпы коомчулукка маалым. Кыскасын айтканда, башынан таза, ыймандуу, акыйкаттуулугу менен тажрыйбасына билими шайкеш А.Жекшенкуловду кандай гана болбосун элден окчун кармоого аракет жасагандыгына жалпы Кыргызстандын эли күбө.
Учурда биздин кыймыл Бишкек шаарынын соттук департаментине жана шаардык сотуна аталган иш боюнча кайрылсак, ал жерде мурдагы эле коррупциялык системасынын кызматчылары отурушат. А.Жекшенкуловдун иши 19-майда карала тургандыгы маалым болду. Баса белгилеп кетчү нерсе, 7-апрелден кийин А.Жекшенкуловго Тышкы иштер министрлик кызматын сунуштап, ошол эле кезде убактылуу өкмөт аны актаганга кызыкдар эмес. Бул эч бир логикага жатпайт.
Ошондуктан, бул иштин айланасында ар кандай саясый кызыкчылык, интригалардын болушу мүмкүн деген пикирлердин бар экенин дагы ачык айтып коюшубуз керек. Убактылуу өкмөттүн мындай жоруктары аларга кошумча аброй алып келбейт деп билдиребиз.
Биз, "Акыйкат" Республикалык партиясынын жаштар канаты убактылуу өкмөттүн ушул убакытка чейин ошол калыссыз, коррупцияга малынган, бакиевдердин буйрутмаларын аткарган соттор менен иштешип жатканына нааразы экенибизди ачык билдиребиз, аны менен бирге А.Жекшенкуловду жана анын иниси Таалайбек Медеркуловду 2010-жылдын, 15-майына чейин акталышын талап кылабыз.
Талабыбыз орундалбаган учурда жарандык укугубузду колдонуу менен мыйзам чегинде ар түрдүү акцияларды уюштурарыбызды эскертебиз.

"Акыйкат" Республикалык партиясынын жаштар канаты
2010-жыл,4-май.




  "Акжолдун" да агы барбы?

Пархат ТҮЛЕНДИБАЕВ, экс-депутат:
"Кудайдын буйругусуз, дарактан жалбырак да түшпөйт"
- Биздин өткөн сандарыбызга сизди кафе-ресторандарын гүлдөтүп, Жаныш Бакиев менен жакшы мамиледе дегендей макала чыккан эле. Кандай кабыл алдыңыз?
- Мен беш маал намаз окуган адаммын. Эч качан калп айтпайм. "Мен Жаныш Бакиевди тааныбайм" деп жүзүңүзгө карап туруп, тайманбай айта алам. Бул макалага албетте таң калдым. Мен азыр эч кандай жан сакчысы жок эле жүрөм, мурда кандай иштер менен алек болуп жүргөн болсом, дале ошолорду улантып эле жүрөм. Эгер менин кандайдыр бир күнөөм бар болсо минтип жүрө албайт элем да. Себеби, мен эч кимге жамандык кылган эмесмин. Колумдан келишинче жакшылык, кайрымдуулук иштери менен алекмин. Кала берсе эл мага "Жылдын меценаты" деген наам да ыйгарышкан. Эл келип арыз-муңун айтып турчу коомдук кабылдама уюштуруп койгон элем, азыр деле ошол ишимди улантуудамын.
- Сиздин партиялаштарыңыз "акжолчулардын" көбү бизнесмен экени чын. "Ошол бизнесмен-депутаттар Жаныш Бакиевге "салык" төлөп турушчу" деген маалыматтар бар. Булардын катарында сиз дагы бар белеңиз?
- Мен эмне үчүн кимдир бирөөгө "салык" төлөмөк элем? Жогоруда айтпадымбы, кала берсе ал кишини тааныбайм деп. Чынын айтканда, мага "Жусуп Бакиев атындагы фондго мүчө бол" деп кайрылышкан. Мен макул болбой койгом. Бул маалыматтар ошол фонддун архивин көтөрсө деле чыгат. Балким, башка бирөөлөр кошоматтанса кошоматтангандыр, бирок андай нерсе менин табиятыма туура келбейт. Анан мени "ресторандары көп" деп жазыпсыңар. Менин рестораным жок, кафем бар экенин танбайм. Мен аны 1992-жылы Баткенде өрүк, жүн чогултуп, аларды Кытайга алып барып сатып, соода кылып тапкан акчама салгам.
- Мына өлкө ушундай кырдаалга келип такалганына бийлик күнөөлүү деген баа берилип жатат. Эмне үчүн сиздер, "акжолчулар" бийликтин партиясы болгондон кийин "ушундай жолдо баратабыз, койгула" деп токтотподуңуздар?
- "Акжол" партиясынын программасын карап көрсөңүз, программасы аябай жакшы. Бирок, ошону иш жүзүндө аткарганга мүмкүнчүлүк болгон жок да. Биз деле, мисал үчүн, тарифтердин көтөрүлүшү, мамлекеттик ишканалардын менчиктештирилиши боюнча нааразчылыгыбызды айтып чыкканбыз. Өкмөт келип, "уурдоолор көп болуп жатат, эгер менчикке берсек, булар токтойт" деп түшүндүрдү. Тарифтерди дагы "жыйырма жылдан бери ремонт жасалган эмес, линияны оңдошубуз керек" деп айтышты. Парламент партиялык система менен шайлангандан кийин, партиянын чечимине баш ийбеске айла жок да. Менчиктештирүүнү мурдагы чакырылыштын депутаттары дагы көтөргөн экен...
- Эмне үчүн текейден арзан сатылганына каршы болгон жоксуздар?
- Баасын аныктоо өкмөттүн иши да. Биз буга таң калып "Эмнеге мынча арзан кетти?" деп сурадык. Алар "бул ишканалардын 5-10-миллиарддаган карыздары бар, алган ишкана ошол карыздары менен кошуп сатып алып жатат" дешти. "Акжолдун" мүчөлөрүнүн баары жаман эмес да. Ал жакта деле эл үчүн күйгөн, жакшы адамдар бар. Мисалы, "акжолчулардын" баары жогорку жакка кийлигише албайт. Мисал үчүн, менин жогорку кызматтагылар менен дагы, үйбүлө менен дагы эч кандай мамилем болгон эмес. Мага окшогондор биздин партияда толтура.
- Анда сиз "Акжолдун" тизмесине кандайча кирип калдыңыз?
- Мен 2004-жылы Шаардык кеңешке депутат болуп шайлангам. Медет Садыркуловдун "Менин өлкөм" партиясында мүчө болчумун. Кийин 2007-жылы биздин партия "Акжолго" кошулду. Мен сессияларда көп сүйлөгөн эмесмин. Бирок, өзүмдүн ишимди өзүмчө жасап жүрө бергем. Кааласаңар силерге жасаган иштерим боюнча отчетторумду дагы көрсөтөм. Чынбы-калппы текшерип көрсөңөр болот.
- Медет Садыркуловду киши колдуу болду деп жалгыз гана Элмира Ибраимова айтып чыкты. "Менин өлкөм" партиясынан келген болсоңуз, сиздер эмнеге бул маселени көтөрүп чыккан жоксуздар?
- Бул маселе аябай эле чуу болгон. Биз көтөрүп чыгып, атайын комиссия түздүргөнбүз. Бирок, "Мыйзам боюнча тергөө ишине кийлише албайсыңар" деп тергөөнүн маалыматтарына комиссияны киргизген жок да. Ошон үчүн комиссия дагы ИИМдин бүтүмү менен макул болуп кала берди. Комиссиянын дагы колу-буту тушалуу болуп калды.
- Садыркуловдун партиялашы катары бул кишиге кандай мүнөздөмө берер элеңиз?
- Бул киши күчтүү стратег болчу. Алдын ала көрө билген мыкты уюштургуч эле. Буга баары баа беришчү. Ал тирүү болгондо баары башкача болмок...
- Убактылуу өкмөттүн ишине, кырдаалга кандай баа берип жатасыз?
- Москва бир күндө курулган эмес. Албетте, катачылыктар кетип жатат. Бара-бара өз ордуна келет деп ойлойм. Азыр биз убактылуу өкмөткө колдоо көрсөтүшүбүз керек. Кудайдын буйругусуз, дарактан бир жалбырак дагы түшпөйт. Бул да болсо буйрук. Өз учурунда тарых баарын өз ордуна коет. Эл кимдин кандай иштегенин билет. Азыр убактылуу өкмөт иштеп, экономиканы көтөрүп, жумуш орундары менен камсыз кылышы керек. Референдум менен шайлоолор өткөндөн кийин эле абал стабилдешип калат. Мен ошого ишенем.
- "Акжолго" мүчө болуп калганыңызга өкүнбөйсүзбү?
- Эми болор иш болду да. Азыр эми "ооба, өкүнөм, жаман болду" десем уят болот го. Азыр өзүмдүн бизнесимди улантып жатам.
- Эгер сыр болбосо кандай бизнесиңиз бар?
- Жалаң өндүрүш менен алектенем. Кытайдан 400 миң долларлык инвесторлорду алып келип, тери заводун курдум. Кирпич заводунда 30-40 киши иштеп жатат. Андан сырткары терезелерди жасайбыз. Жакынкы күндөрдө Индияга барып, ал жактан дагы инвестор алып келейин деп жатам.
Дилбар АЛИМОВА