Чачпак

"Шаттык" бий тобунун жеңиши!
"Шаттык" элдик бийчилер тобунун катышуучулары Екатеринбург шаарында "Жер шары - жалпыбыздын үйүбүз" аттуу эларалык сынакта 2-орунду жеңип келди.

Сырга Жапар кызы, бийди койгон хореограф:
"Дельфия оюндарына" аттанабыз"
- Балдар бийчилик өнөргө канча жашынан белсенсе болот?
- Екатеринбургду багынтып келген балдардын көбүнчөсү эрте келишкен. 4-6 жаштан дегеним. Алардын асты менин тарбиямды көрүп келаткандарына 10 жылдан ашып калды.
- Конкурска эмне деген бий менен барышкан?
- "Жайлоодогу майрам" деген бий менен чыгышты. Мындан эки жыл мурун ал жерге биз да барып, мааракелерине катышып келгенбиз. Анда конкурс эмес фестиваль болчу. Бир жылдан кийин конкурс уюштурганы тууралуу угуп калдык.
- Атын "Жайлоодогу майрам" атаганыңызга эмне түрткү берди?
- Мен ар бир бийдин композициясын түзөөрдөн мурда сюжети тууралуу көп ой толгоо кылам. Атам тоодо өскөн адам катары ал адамдын ар бир кеңеши мен үчүн баалуу болду. Жайлоодо балдар эмне ойношот? Кыз-баланын мамилеси, ата-эненин орду, ар курактагы адамдардын кийген кийимдери, кылган иштери жөнүндө айтып берип, менин чыгармачылык эргүүмдү ойготту. Бий композициясын түзүүдө ушул ойлор дыкат иштелип чыкты. Майда-баратына чейин.
- Бир бийди даярдаш үчүн канча убакыт талап кылынат?
- "Жайлоодогу майрамга" бир жарым жылдан ашуун убакыт кетти. Түйшүктөрү абдан көп болду. Костюмдарын эле даярдаш азап да. Ага жараша музыкасы. Бий кыймылдары болуп. Канча жолу кайра-кайра бий элементтерин кынаптадык. Ушунун баары, барып-барып өзүн актады.
- Быйылкы Екатеринбург шаарына барган балдардын жеке керт башына канчадан бий киймдери тигилген, ага канча каражат кетти?
- Ар бир бала 6-7 бий кийимдерден алып барышты. Анын ичинде конкурстун ачылышына жана жабылышына колдонгон өзгөчө кийимдер. Эми ар бир бий кийими орто эсеп менен 200 доллардын каражатында тигилди.
- Конкурста татыктуу 2-орунду алганы үчүн акчалай сыйлыктары болдубу? Жок дегенде корогон каражаттын бир бучкагын чоюп...
- Конкурста акча түрүндө сыйлык берилген жок. Бирок беришсе деле болмок. Анткен менен балдарымдын даражасы көтөрүлүп, кийинки чоң фестивалга жана конкурстарга жолдомо алып келишти. Ал жерден Кыргызстандын желегин желбиретишти. Бу дагы биздин Кыргыз улутуна кошкон салымыбыз деп ойлойм.
- 18ге чукул баланы конкурска жиберипсиңер, алардын жол кире, тамак-ашы, жаткан жери ким тараптан чечилди же демөөрчүлөр кол кабыш кылдыбы?
- Демөөрчүлөргө 15 жыл мурун кайрылганбыз. Жолдошум, ошол эле учурда "Шаттык" элдик бийчилер тобунун көркөм жетекчиси Эрик Латыпов жардам сурап барса, "ой, сен жаш эле жигит турбайсыңбы? 300дөй баланы багып кете албасаң эмнеге кармап жүрөсүң?" деп шагын сындырып коюптур. Андан бери эч жакка барып сурагыбыз келбей калган. Мында, конкурстун уюштуруучулары ичкен тамагын, жаткан жерин, экскурсия жагын толугу менен көтөрдү. Жол киренин 50 пайызын ата-энелер, элүүсүн концерттен түшкөн каражат менен жаптык. Бир балага 10 миңдей кетти.
- Жакынкы арадагы иш пландарыңдан айта кетсең?
- Июндун 25инде "Дельфия оюндарына" балдарымды жөнөтөм. Балдардын искусство жана маданият жаатында олимпиадасы деп түшүнсө болот. "Элдик бий" номинациясына чыгышат. Ал жерде кыркка чукул мамлекеттин бийчилери барышат. Ал жерден да кур кол келишпейт деген чоң үмүттөмүн.

Саадат Таласбаева, топтун катышуучусу:
"Бий менен кыргыздын үрп-адатын жайылтабыз"
- Сырт жакка чыгып, Кыргыздын таламын талашуу кыйынга турдубу?
- Кыйын эле болду. Ал жерде чоң-чоң өлкөлөр арасында толкундандык, сүрдөдүк. Колдун келишинче аркетибизди жумшап, татыктуу экинчи орунду жеңип алдык. Биз үчүн чоң эле ийгилик. Бийлеген бийибизди сынактын калыстары аябай жактырышты жана туура баасын берди.
- Өзүң "Шаттык" бий тобуна качан келгенсиң?
- 8 жашымда. Ал убактан бери бир да жолу ийримге себепсиз катышпай калган күндөр болгон эмес. Кудай буюрса, бийди таштап салбаганга аракет кылам. Бийди өздөштүрүү менен бирге, №5 музыкалык мектепте пианино жагын үйрөнүп атам. Чет элдик жана Кыргыз композиторлорунун чыгармалары менен таанышып, музыка дүйнөсүнөн кабарым бар.
- Бийден кандай жакшы нерселерди ала алса болот?
- Бий искусствосу адамдын калыптануусуна туура багыт бере аларына көзүм жетет. Кыргыздын каада-салты, үрп-адатын калк ичине жайылтууда бийдин өзгөчө орду бар. Бий аркылуу чагылдырылып, маани-маңызын нукура түрдө көрө алса болот.
- Келечекте бийге байланышкан ой максаттарың бардыр, өзүнчө бий тобун түзбөйсүңбү?
- Андай да болушу мүмкүн. Бирок, келечекте догдур болсом деген аруу тилегим бар. Медицина академиясына тапшырып, экинчи курсун бүткөнгө чейин бийди таштабаганга аракет кылам.
- Конкурстарга көп катышкансыңбы?
- Кыргыз жергесинде көп эле катышкам. Ал эми сырт жакка биринчи жолу Екатеринбургга бардым. Эми бизди Ереван шаарына "Дельфия оюндарына" чакырышты. Жолдомо алдык дегеним.

Тамара Коновалова, концертмейстер:
"Балдардын өнөрүнө таң бересиң"
- Бийчи балдарга баш-көз болуп, Екатеринбург шаарына алып барып келдиңиз. Кандай сезимдерде калдыңыз?
- Сөз менен айтып жеткизе албайм. Шаар абдан кооз экен. 17-кылымда курулуп, архитектура жагынан кооздугу сакталып калыптыр. Элдери меймандос келип, жалпы конокторду жылуу кабыл алды.
- Атаандаштык чоң эле болдубу?
- Конкурска келген жыйырмадан ашуун мамлекеттин өкүлдөрү катышты. Анын ичинде Россия, Германия, Америкага окшогон ири державалар да бар болду.
- Биринчи орунду жеңген Молдова бийчилери чындап эле күчтүү беле?
- Моюнга алыш керек. Молдова коллективинин түзүлгөнүнө 30 жылдан ашты. Алар ушундай конкурска аябай даярданышат, биринчиликти жөн жерден алышкан жок. Бирок, биздин экинчи орунду алганыбызга аябай кубанып отурабыз. Жетекчибиз Эрик Латыпов жана бийди койгон Сырга Жапар кызынын бийчи балдарына кылган эмгектеринин акыбети кайтты. Ал эми балдарга "Баракелде!" дегим гана келет. Таң берип.
- Балдар менен жолдо жүрүү кыйынга турган жокпу?
- Андай деле болгон жок. Себеби, биринчи жолу тыш жакка балдар менен чыккан жерим жок. Анүстүнө бул балдардын асты16 жашка келгендер. Баарыле чоңоюп, акыл-эс кирген түшүнүктүү балдар да.

Сурат Жылкычиев