К.Кадыров таза барактан баштады…
Бакиевдер үйбүлөсү Кубанычбек Кадыровго эбегейсиз куугунтук жасашканы көпчүлүккө белгилүү. Ак жеринен Балыкчы окуясы боюнча күнөөлөшүп, негизсиз түрдө эле депутаттык мандатынан ажыратып тынышкан. Анан күчкө салуу менен "камакка алабыз" дегенде, Кубаныч мырза өлкөдөн чыгып кетүүгө аргасыз болгон. Жарым жылдан ашуун чет жерде жүрсө да, Кыргызстандагы коомдук-саясый турмуштан четте калбады. Бийликке болгон көз карашын байма-бай чагылдыруу менен бакиевдерге айбатын кылып, элдин рухун ойготуп келгенине күбө болдук. Ошого катар массалык маалымат каражаттарында К.Кадыровду колдогон кайрылуулар чыгып турду. Эл тараза экенине күбө болдук. Акыры бакиевдер кланы кулады. Натыйжада, карапайым калк колдоосундагы азаматтардын бири - Кубаныч мырза мекенине кайтып, Ички иштер министрлигинин орун басарлыгына отурду. Мына ушул аз убакытта анын тоодой үмүттөрдү жаратканына күбө болуудабыз. Өзүнүн кол астында иштегендерге катуу эскертүү бериптир: Түндүк-Түштүккө бөлүнүүгө, улуттар аралык теңсиздикке, акчанын күчү аркылуу карьера жасоого жана чин-даража сатууга кескин бөгөт коюп. Кыскасы, эски бийликтин паракорчулук менен коррупциялашкан ит оорусуна күрөш баштап, ИИМ системасын оңдогонго жан үрөп аткан кербези экен. О.э. кесиптештеринин эл астындагы аброюн көтөрүүгө да камылга көрүп баштады. Баса, Балыкчы чатагында К.Кадыров камалып, Түптөгү кээ бир милисалар кол көтөрүшкөн. Мына эми заман өзгөргөндө аларды оңдурбагандай жазалайт го десек, тескерисинче, ошол милисалардын баарын кечирип, айкөлдүк иш кылыптыр. Ток этерин айтканда, баардык кадамын таза барактан баштаганына кызыгып турубуз. Бир чети "атаңды өлтүргөнгө энеңди алып бер" деген философиянын маанисинен үлгү көрсөтүп…


А.Жекшенкулов неге акталбай атат?
Ушул кезде Исмаил Исаков баштаган бир катар саясый куугунтук кейипкерлери акталууда. А неге "Акыйкат үчүн" кыймылынын лидери Аликбек Жекшенкуловду актабай атышат? Муну менен бийликтин бут тосуусу кылтыя баштадыбы?.. Эсиңерде болсо, эски бийлик А.Жекшенкуловду алты ай УКМКнын зынданына камап, ага удаа иниси Таалай Медеркулов да Балыкчыдан камалып, балдары куугунтукталып, аларга издөө салынып, айтор, бир үйбүлөгө жашоо бербей коюшкан. Кыянатчылык, зулумдук орноп. Дал ушундай жагымсыз жоруктар бакиевдер заманында ишке ашып, адилетсиздиктин арааны күчөгөнү эсибизде. Жыйынтыгында күчкө таянган бийлик урап түштү. Мындай шартта акылыбызга келип, адилеттүү заман орнотууга ашыксак болмок. Эгерде болбой эле Аликбек мырзаны актоо кечеңдей берсе, анда араң турган калк кайра козголушу ажеп эмес. Себеби, кыргыз элинин рухун бир да бийлик сындыра албасы белгилүү. А чындык жолунда А.Жекшенкуловдун ак экени талашсыз. Ойлонбойбу оендор?!


Исаков-Текебаев тиреши чыкпайбы?
Өлкөнүн утурумдук аскер башчысы Исмаил Исаков жаңы даярдалып аткан Башмыйзамга ичи чыкпай атканы маалымдалды. Башмыйзамга өзгөртүү жана толуктоолор боюнча Өмүрбек Текебаев иштеп аткан. Кызык, эми реалдуу күрөштө Исаков-Текебаев тиреши чыкпайбы? Эмнеси болсо да, эл үчүн татыктуу талкуу, анча-мынча талаш-тартыш ашыктык деле болбойт. Эң башкысы, кең келечекке жандарын үрөшсө, майдадан өйдө туруп…


Баягы эле буттан чалмай эски жорук
Өткөндө генерал Бакирдин Субанбековду убактылуу өкмөттүн мүчөсү Темир Сариев губернаторлукка түртө койгонун кабарлашкан. Натыйжада, дал ушул көрүнүштөн ички келишпестиктер жаралып, жаңы бийлик аралчасында ыйкы-тыйкы чырдашуулар желдей тараган эле. Ал эми Бакирдин мырза кызматка кызыкпаганы, бирок, ишеним көрсөтүшсө Чүйдөгү оор ахвалды жөнгө салуу менен иштеп берүүгө оюн билдириптир... Ушундай ыңгайсыздыктан кийин Б.Субанбеков Чүйдүн тыңчыкмаларын кичи мекенине чогултуп, жылкы союп, эт үстүндө астыдагы саясый багыттарын тактап алышты. Кудай сакта!


"Каттаниге" баа бергендер бар
Экс-министр, экс-губернатор Өмүрбек Суваналиевдин күздөгү президенттик шайлоого чыга турганы айтыла баштады. Азырынча кайсы клан менен ынтымакка келери белгисиз. Бирок, айрым саясый күчтөр "Комиссар Каттани" менен биригүүгө кызыкдар экенин байкай баштадык. Алар кимдер дейсизби ыя?..


Азап-кайгыны көрбөгөн генерал
УКМКнын убактылуу башчысы Кеңешбек Дүйшөбаев 7-апрелге аз гана убакыт калганда БЭКке кошулуп, кресло ээлеп кетти. Ал оппозиция көчөсүндөгү азап-кайгыны, ачуу тузду көп деле татпады. Жонунан сезсе керек, бийликтин алмашып кетерин. Бир чети алдын-ала кадам жасаганы пайдалуу болду. Үлкөн кызматка отурду. Бирок, кызматтык турмуш жипке тизген шурудай эмес да. Тилекке каршы, барган сайын К.Дүйшөбаевдин ээлеп отурган ордуна нааразы болгондор арбып, аны кетирүү боюнча кептер курчуй баштаптыр дейт. Бул неси? Жадыңардан өчпөсө, Аскар Акаев бийлигин тарттырып ийген күнү Кеңешбек мырза ИИМди жетектеп калган. Анда да ок атуу боюнча кептер угулуп, бирок атылбай калган. Мына эми А.Акаевичтин ишенген генералы жооптуу кызматты мыкчып отурат. Келечеги кандай болор экен?


"Курманбек Бакиевди автомат менен коргойм!"
Түркиядагы Кыргызстандын толук ыйгарымдуу элчиси Ташбоо Жумагулов өткөн президенттик шайлоо астында кызык сөз айткан. Уялбай-этпестен эле. Биздин гезитке "Курманбек Бакиевди автомат менен коргойм!" деп балп эткизип, ошого катар Алмаз Атамбаевди жек көрөрүн жашырбаган. Кызыгы ушул, 7-апрелде Акүйдүн астында Ташбоо мырза көрүнгөн жок. Баягы автомат менен коргой турган бакылдактын үнү угулбады. Күйөсүң да, кызмат үчүн не деген сөздөр айтылбайт? Көрсө, жел сөздөр тура. Эми Т.Жумагуловго сабак болду окшойт. Мындан кийин кара жанын карч уруп, ашепке калп айтпай жүрсө. Уят болот да!


Экинчи сокку урулдубу?
"Замандаш" партиясынын балдары акчага чиренгенби, айтор, эки баланы урганы боюнча уктук. Анан тиги чоочун тарап кайрадан катылуу менен "замандашчылардын" куралдарын тартып алып, өздөрүн өкүртө сабап салышыптыр дейт. Мына ушундай маалыматтары уккан Москвадагы кыргыздардын итиркейи келип, аталган партиядан көңүлдөрү кала баштаганы кандай? Эсиңерде болсо, "Замандаш" партиясына өткөн бийлик саясый куугунтук маанисинде сокку жасаган. Бул экинчиси болдубу?


"Ата Журт" партиясын К.Ташиев тизгиндесе…
"Бригада" тобу "Ата Журт" партиясынын терисин жамынып, парламенттик шайлоону уруп түшүүгө катуу камына баштаптыр. Бул саясый топту лидер катары Камчыбек Ташиев жетектеп, артынан Түндүк-Түштүктүн тың балдарын ээрчитип чыгары айтылууда. Айрым кептерге караганда, булар бакиевдердин колдоосу менен чоң күрөшкө аттанып, андан кийин аларды "кидать" этет имиш. Ай ким билет (?), Камчыбек баштаган күрөш чатактын негизинде бүтпөгөй эле. Мындай опурталдуу аламан байге астында "жети өлчөп, бир кесүү" эп экенин эсибизге түйсөк. Же "Ата Журт" партиясы күзгө дейре багытын буруп, "Ата Мекен" же СДПКнын этегин кармайбы? Эмнеси болсо да, айланасына таза жигиттер чогулушу керек. А куйругунда калбыры бар досторуна кыйын болот го, андайлардын орду түрмө да! Көрө жаталык.