Сабыр сай!

Бакыт кушу конду, асырай алабызбы?
"Конституциянын долбоорундагы кеңири укуктар асмандан түшкөн жок,
биз ал үчүн 85 баатырыбыздын канын төктүк!"
Курманбек Бакиевдин авторитардык режими кулап, убактылуу өкмөт бийликке отурганына 21 күн болду. Убактылуу өкмөттүн алгачкы декреттери элдин негизги көйгөйлөрүн бир жаңсыл кылып, тариф саясаты калыбына келтирилип, итбекер кеткен элдик байлыктар кайра мамлекетке кайтарылды. Мамлекетти талап тоноого катыштыгы бар коррупционерлерге карата кылмыш иштеринин козголушу калктын убактылуу өкмөткө ишеним артуусун шарттады. Ошол эле убакта, мурунку бийликтин калдыктары, ар кандай жеке кызыкчылыкты көздөгөн провакаторлор, портфель жетпей ичи күйүп калгандар, түшүнүгү тайкылыгынан кычуусу канбай, талап тоноону көздөгөндөр, ар кандай шылтоолор менен стабилдүүлүктү бузууга аракеттенүүдө. Алар Кыргызстандын келечеги үчүн шейит кеткен 85 эр азаматтын, миңдеген жарадарлардын убалына калган канкор Бакиевдердин бири да кармалбай кутулуп кетишин бетке кармап, "убактылуу өкмөт кызмат талашуудан башы бошобой, кыргынга күнөкөрлөрдү жоопко тартууну унутта калтырды" деп айыптап, өлкөдөгү стабилдүүлүктү бузууга жандалбастоодо.
7-апрелдеги элдик төңкөрүштөн кийин дендароо болуп калган укук коргоо органдары өзүнө келе албай, биртууган бакиевдерди кармай албай жатышы ырас, о.э. убактылуу өкмөттүн айрым жетекчилеринин кызматка дайындоолордогу ашепке "күжүрмөндүктөрү" коом ичиндеги нааразычылыктардын күчөшүнө себеп болуп жатканы чын. Натыйжада, борбордук аянттагы бозүйдө Бакиевдерди кармап, жоопко тартууну талап кылгандар ачкачылык акциясын баштап отурат. Учурдан пайдалангысы келген ар түркүн күчтөр, стабилдүүлүктү бузганга ачыктан-ачык аракеттенишип, "булар (убактылуу өкмөт) легитимсиз, эмнеге өзүлөрүнөн-өзүлөрү эле бийликке келип алышты, кетсин! Андан көрө кол көтөрүп койгула, биз эле кыргыз элинин ролун аткара туралы, Конституциялык Сотту жойбош керек болчу, "акжолчуларды" чакырып батасын ала коюш керек, ошентип бул бийликти тезинен легитимдештире койбосок болбойт, чет элдиктер бийлигибизди тааныбайт, иш чатак болот" деп келжирешип, элдин башын айландырууда.
Кеп чынын айтсак, жексурун болгон бийликти кулаткан эл бийлик башына оппозициянын - Бириккен Элдик Кыймылдын (БЭК) келишин мыйзам ченемдүү көрүнүш катары кабылдаганы бекеринен эмес. Анткени, БЭК К.Бакиевдин авторитардык режими менен болгон күрөштү уюштуруп, элге баш көз болгон бирден-бир элдик кыймыл экенин ким танат? Азыр кыйын болуп бийлик талашкандар анда кайда эле? Көргөн эмеспиз. Ал эми Бакиевдерди, ж.б. кылмышкерлерди кармоо иши токтотулбаганын укук коргоо органдарынын жетекчилери тастыктоодо. Бакиевдер да Кыргызстандан чыгып кете элек (четке чыкса Конгантиевдей болуп тез кармалаары да белгилүү болуп отурат). Андыктан аларды колго түшүрүп, сазайын берүү убакытка гана көз каранды. Ал эми, азыр сөз эркиндиги келгенде телеге, радиого, гезит беттерине батпай көчө-көчөдө айкырып жаткан миңдеген эргулдар Бакиевдер камап, сабап, өлтүрүп жатканда кайсы чээнде жатты эле (?) дегиң келет. Ошондо бир ооз калыстык кебин айтып, "кой-ай" дегенге жарабагандар, кыжырды келтирбей, жок дегенде бүгүн кичине айбыгып, убактылуу өкмөткө тоскоол болбой, эки метр болуп ооздоруна батпай жаткан тилдерин жарым жылча көчүктөрүнө тыга турса боло дегиң келет. Кечиресиздер, жан күйгөндөн ушинтип айтууга туура келип жатат, ой!
Эми минтип, "болоор иш болду…" дегендей, кыргыз эли төңкөрүш жасап салгандан кийин, баары түп тамырынан бери өзгөртүлүп, революциялык шартта легитимдешкени эле туура. Убактылуу өкмөт болсо, алты айлык мөөнөттө баш мыйзамды кабылдоону, таза, калыс, адилет шайлоо өткөрүүнү уюштуруп берип, эл шайлаган бийликке бийликти өткөзүп берүү милдетин, жоопкерчилиги менен кошо өз моюнуна алып, учурдагы оор кырдаалда өлкөдөгү абалды турукташтырууга жетишип отурат. Анан ушундай шартта, эзели элге жарыгы тийбеген Конституциялык сот менен "акжолчуларды" жаңы бийликти легитимдештирүүгө аралаштырабыз деп булгабайлы, 85 шейиттин арбагын нааразы кылбайлы. Ошондой эле чет элдиктер да тааныбаганы тааныбай эле койсун, тура турушсун алты айча ар жакка. Кыргыздын тагдырын алар эмес кыргыздар өзүбүз чечишибиз керек. Андан кийин алардын тааныбагандары менен таанышып аларбыз. Андан көрө, кыргыз мамлекетинин келечегине кайдыгер эместер азыр убактылуу бийликке колдоо көрсөтөлү да туугандар, ит болбойлу. Жыйырма жыл чыдаган жаныбыз, чыдайлы дагы бир алты ай.

Конституция сунушталды
Ошентип, убактылуу өкмөт алдыга койгон алты айлык иш планын аткарууга ашыгууда. 27-июнга белгиленген жалпы элдик референдумга коюлуучу Башмыйзамдын долбоорун талкууга койду. Бул долбоордогу Башмыйзамды кабыл алуу менен Кыргызстан парламенттик республикага айлана турган болуп отурат. Парламенттик республикага каршы болуп, күчтүү президенттик республика керек дегендер да бар. Алар "Кыргызстан кеңири демократиялык нормаларга даяр эмес, партияларыбыз чийки, 95% эл эч бир партияга мүчө эмес, партияда жоктордун укугу басмырланып калат, мурун бир киши монстр болсо, азыр 90 же 120 баштуу ажыдаар пайда болот. Анан ошончо баштын тууган-уруктарынын талап- тоноосуна кантип чыдайбыз, жакшы мыйзам, жакшы Башмыйзам керек эмес, жакшы адам керек" деп жатышат. Балким, ал адамдардын айрымдары Башмыйзамдын убактылуу өкмөт сунуштаган долбоорун окуп чыккандан кийин пикирлерин өзгөртүшөөр.
А биз болсо алардын келтирген жүйөлөрү боюнча акыл калчап көрөлү. Орто Азияда демократиянын аралы деген атка конгон Кыргызстандын, эркиндикти эч нерсеге алмаштырбас эр жүрөк кыргыз эли, үч ирет акыйкаттык үчүн көтөрүлүп, бийликтин ээси эл экенин далилдеп жатса, анан бизди кантип демократиялык нормаларга даяр эмес деп айтууга болот. Ал эми чийки деген партияларыбыз так ошол партиялардын ролу көтөрүлүп, оппозициянын ишмердүүлүгү камсыздалган турмуштун реалдуу шартында өзүнөн-өзү бышат эмеспи. Аларды кайсы инкубатордон бышырып келгенин күтүп отурушубуз керек. Партияда жоктордун укугу тебеленип калат деген да болбогон сөз. Компартиядай кылып санды көбөйтүү, взнос үчүн эле керек болбосо, элдин баарын партияга мүчө кылып деги эле кереги жок. Эл деген партияларды унаа тандагандай эле тандап миниш керек (шайлоодо), баспай калганын башкасына алмаштырып алуу укугу болсо болду. Мисалы, октябрда боло турган шайлоодо элдин көпчүлүгү "Ата Мекен" же КСДП партиясын тандап, экөөнүн бирөө жеңип чыкты, жеңгени өкмөттү курап, ошолордун идеясы, программасы менен жашай баштадык дейли. Ошондо жаманын тандадыкпы, жакшысын тандадыкпы ага өзүбүз жоопкер болуп, убайын да, азабын да өзүбүз тартабыз. Анан "тандаган тазга жолугат" болсок, кийинкисинде "…айранды үйлөп ичет" болобуз. "Кокуй булар ит экен" деп, кийинкисинде башка партияны шайлайбыз. Анан ошентип отуруп, баягы кыргыздын "көч бара-бара түзөлөт" дегенине келип, руханий жардылануу процесстери кайра тартып, оорулуу коомубуз да сакайуу жолуна түшөт.
Биз бул максатыбызга жетиш үчүн таза, калыс, адилет шайлоолорду өткөргөндү үйрөнүшүбүз керек. Башка жол жок. Парламенттик республиканын шартында президенттин ыйгарым укуктары кескин чектелип, номиналдуу гана укуктарга айланышы, аткаруу бийлигин түзүү толугу менен парламентке өтүп, өкмөт аткаруу бийлигинин укуктары менен кошо жоопкерчилигин да толук моюнуна алышы, партиялардын реалдуу атаандаштыгын, оппозициянын ишмердүүлүгүн камсыздоо маселелери да Башмыйзамдын долбооруна кирип жатышы демократиялык нормаларды орношуна кеңири шарт түзөт деп ишенимдүү айтсак болот. Депутаттарды курулай эле ажыдаарга айлантуу да куру сөз, парламенттик республика шартында партиялык жоопкерчилик биринчи планга чыгат, кийинки шайлоодо ит болуп, шайланбай каларын сезген бийликтеги партия ичинен тазаланганга ынтызаар болот, жаңы шартта реалдуу күчкө айланган оппозиция да жоорун чукуп турат. Ошентип кутуруп, казынага беш колун салган партия элдин ишениминен ажырап, шайлоодо жеңилип калат.
Ал эми күчтүү президенттик республика керек дегендерге, "андай авторитардык республиканы көрдүк, 20 жыл жашадык, тойдук десек" да жетиштүү болбой жатканы таңкалыштуу болуп жаткандай. Болбой эле жакшы мыйзам эмес, жакшы адам керек дей беришсе, "ой, XX-XXI кылымдагы кыкеңдер Манас туубай калса эмне кылалы, оозубузду ачып отура бербей, жапа тырмак кыймылдайлы" десек, угушаар болду бекен?
Ошентип, Башмыйзамды талкуулоо башталды. Башмыйзамдагы президенттин антындагы адам укугун камсыздоо тууралуу жазылган милдеттенмелеринин 56-статьянын 3-пунктуна жазылбай калышы, аткаруу бийлигин түзүү аракеттеринде, курама көпчүлүктүн санынын конституциялык көпчүлүккө айланып кетпешинин кепилдиги, сот адилеттүүлүгүнүн улуттук кеңешинин соттордун барымтасында калгыдай абалды элестетип, элдин ишенимден толук кеткен соттордун чексиз кутуруп кетүүсүнө алып келбейби (?) деген санаркоону туудурушу, мамлекеттик кызмат адамдарын ар кайсы партия улам шайлоодон кийин штаттан чыгарып эрмектөөгө албагандай, алардын туруктуу иштеп өнүгүүсүнө кепилдиктерди кароо ж.б.у.с. айрым таалуу маселелерди талкуулап, кошумча киргизүү керектигин айтпаганда, долбоорду жарактуу дегенге толук негиз бар. Эми ошол алымча-кошумчаларды, деги эле долбоорду кеңири талкуулоону кийинки сандарга калтыралы, антпесек макалабыз гезит бетине батпай калчудай.
Эң негизгиси, убактылуу өкмөт тарабынан сунушталган Башмыйзамдын долбоорунда, буга чейин кыргыз жеринде болуп көрбөгөн эркиндиктин нормаларынын сунушталып жатканын туура түшүнүшүбүз керектигин гана айткым келет. Мындай демократиялык нормалар коңшу мамлекеттердин түшүнө деле кире элек жана жакынкы аралыкта өңүндө көрөөрлөрү деле өтө күмөндүү. Бул кеңири укуктар биздин элге асмандан түшкөн жок, биз ал үчүн эбегейсиз баа төлөдүк - 85 баатырыбыздын канын төктүк. Эми Теңир колдоп, эсирип кетпей, колубузга конгон бакыт кушуна татыктуу ээ боло алсак болгону.
Сабыр Муканбетов (карышкыр),
саясый серепчи