Башат

"Келечек" жаштарга!
Өлкөбүздө "Келечек" аттуу патриот жаштар кыймылы түзүлдү. Ар кандай саясый кырдаалда жаштарды курал катары пайдаланылып атканы дал ушул кыймылды түзүүгө түрткү болгон.

Бейшен Өскөнбаев,
"Келечек" жаштар кыймылынын координатору:
"Жаштар гана өлкөнү көтөрө алат"
- Жаңы эле тушоосу кесилип жаткан "Келечек" патриоттук жаштардын кыймылы тууралуу айтып берсеңиз...
- Советтер Союзу тарагандан кийин идеология дагы кошо тарап кетти. Мамлекетибиз суверендүү болгондон бери жаштар Акаевдин, Бакиевдин доорунан өттү. Жыйырма жылдын ичинде саясый, экономикалык иштерге активдүү катышкан негизинен жаштар болгон. Саясатчылар, жогору жактагылар жаштарды курал катары эле колдоно башташты. Аларды шайлоодо, төңкөрүш жасаганда эле пайдаланышат да, кайра эле унутуп коюшат.
- Бул кыймылды ачууга эмне түрткү берди?
- Бул кыймылды ачуубузга 7-апрелдеги окуя себеп болду. Ал жерде курман болгондордун дээрлик бардыгы жаштар экен. Мен окко учкан көп жигиттердин үйүнө барып, ата-энеси менен жолуктум, баары тең карапайым элдин балдары экен. "Мен лидермин" дегендерге ок тийген жок да. Азыркы учурда баары бийлик талашып атса, жаштар көчөдө калды. Анан талап-тоноочулук сыяктуу ар кандай жаман иштерге барып жатышат. Биз ушул жаштардын таламын талашып, аларды көтөрүп чыгаралы деп өлкөдөгү патриот жаштарды чогултуп атабыз. Биз ошол патриот жаштарды чогултуп, көтөрүп, айыл өкмөттөн баштап, Жогорку Кеңешке чейин алып чыгалы деген максаттарыбыз бар. Ошол таза жаштар аркылуу коомду тазалап, ошолор аркылуу Кыргызстанды тазалайбыз деген максатыбыз бар.
- Сиз айткандай айыл өкмөткө, Жогорку Кеңешке алып чыгуу үчүн кыймыл деген статус жетишсиздик кылса керек...
- Кыймылдын идеялары региондорго жетип, калыптангандан кийин биз жаштар партиясына айланталы деген тилегибиз бар. Бизге белгилүү болгондой өлкөбүздө 105тей саясый партия бар болсо, анын ичинде 12дей жаштардын кыймылы, партиялары экен. Коомдогу эң эле күчтүү катмар жаштар. Жаштар гана өлкөнү көтөрө алат. Азыр карап көрсөңөр баягы эле адамдар бири-бирине эстафетаны беришип, башкарып атышат.
- Жаштар бүгүн эле бийликти өзүнүн колуна алып, башкарганга даярбы?
- Биз "бүгүн элдин баарын кетирип, өлкөнү өзүбүз башкарабыз" дегенден алыспыз. Бирок, Москва бир күндө курулган эмес да. Биз эң төмөнкү баскычтан баштап жаштарды ошол жогорку деңгээлге чейин тарбиялап, даярдап алып чыгабыз деген ойдобуз.
- Жакынкы күндөргө койгон пландарыңызга токтолуп кетсеңиз...
- Азыркы кезде биздин кыймылдын программасы, уставы даяр болуп калды. Жакынкы күндөрдө учредителдик жыйынга чогулганы турабыз. Бул жерде структураларыбыз, политсоветибиз түзүлөт.
- Кайсы жаңы кыймыл же партия түзүлбөсүн "Артында ким турат экен? Ким каржылайт?" деген суроолордун чыгары турулуу иш. "Келечектин" артында ким турат?
- Бул кыймылдын башында негизинен элим-жерим деген Кыргызстандын патриот ишкерлери турат. Атай кетсек, Шаршенбек Абдыкеримов, аны менен катар эле башка дагы ишкерлер бар.
- Азыркы саясый кырдаалга "Келечек" жаштар кыймылы кандай баа берүүдө?
- Ушунча кан төгүлүп бийлик алмашты. "Бийлик элдин колуна келди" деп сүйүнгөн эйфориядан эл чыкты деп ойлойм. Азыркы келген өкмөт деле мурунку бийликтин жолун жолдоп жатышат. Бардык райондорду айрым партиялардын өкүлдөрү гана жетектеп атат. Көп жерде кызмат талаш болуп аткан чагы. Бүгүн кызматка койгонду эртең алып ыргытып жатышат. Демократия деп атап алганыбыз менен кандайдыр бир жапайы жол менен келатабыз. Качанкыга чейин "жолду жаба калалы, муну өрттөп жиберели" деп жашайбыз. Ар бир революция болгон сайын өлкө 5-6 жылга артка кетип атат. Инвесторлор коркуп келбей жатат. Келип алган инвесторлор кандай кылаарын билбей калышты. Өлкөнү, экономиканы, элди, келечекти ойлогон адамдар керек болуп турат. Кайдыгер болбой Кыргызстандын ар бир атуулу "эртең бул мамлекетте менин балдарым, урпактарым жашайт" деп ойлошубуз керек.




Алмаз КАСЫМБЕКОВ, "Келечек" кыймылынын мүчөсү:
"Бизге стабилдүүлүк керек"
- Ар бирибизге тынчтык, стабилдүүлүк керек. Менин жеке оюм, өлкөгө стабилдүүлүктү орнотуу үчүн азыркы убактылуу өкмөткө колдоо көрсөтүшүбүз керек. Көрүп турасыңар, жер баскынчылык, талап-тономой сыяктуу ар кандай провокациялар болуп жатат. Ошон үчүн биз тартипти сактаганга элди чакырып, убактылуу өкмөттү сындай бербей, буларга колдон келишинче жардам көрсөтүшүбүз керек.

Айнура ТЕМИРОВА, "Келечек" жаштар кыймылынын мүчөсү:
"Идеяларыбызды региондорго да таратабыз"
- Менин бул кыймылга мүчө болгонумдун себебин айтып берейин. 7-апрель окуясында биринчи шаар ичи эмес, региондор көтөрүлдү. Мен дагы ошол региондон келип бул кыймылга кошулдум. Чынында патриоттор бардык жерде бар. Мен көп жыл бою окутуучулук кесипте иштеп келгендиктен, жаштардын арасында элим-жерим деген патриоттор көп экенин билем. 2005-жылы бир төңкөрүштү, 2010-жыл мына эми дагы бир төңкөрүштү башыбыздан өткөрүп отурабыз. Ушул окуяларды карап көрсөк, чынында эле жаштар негизги күч экен. Биз Бишкек менен эле чектелген жокпуз, аймактарга дагы өзүбүздүн идеяларыбызды жайылтканга аракет кылып жатабыз.

Арстанбек САДЫРБАЕВ, "Келечек" кыймылынын мүчөсү:
"Өлкөнүн келечегине кайдыгер карабайлы"
- Өлкөнү башкарууга катышкандарга дагы жаңы муун келиши керек. Мурунку муун эскиче эле көз карашта болгондугу үчүн, эч кандай жаңылануу болбой келет. Жаштар жаңыча көз караш менен башкача башкарганда гана Кыргызстан өнүгөт деп ойлойм. Өлкөбүздүн келечегине кайдыгер карабаган үчүн биз ушул кыймылга мүчө болуп отурабыз.

Чынара ИБРАЕВА, "Келечек" жаштар кыймылынын төрагасынын жардамчысы:
"Жаш өзгөчөлүгүнө карабайбыз"
- Биздин "Келечек" жаштар кыймылынын негизги стратегиялык максаты болуп, социалдык гармониядагы коомду түзүү болуп саналат. Социалдык гармония деген эмне? Бул материалдык жактан болобу, билим берүү тармагынанбы, айтор бардык жактан жетишкен коом болуп саналат. Бул кыймылдын ар бир мүчөсү өзүнүн мүмкүнчүлүгүн көрсөтө алат. Азыркы саясый кырдаалды карап көрсөк, жалаң эле жаштар чыкты. Алардын жандүйнөсүнүн жаңырыгы болуп саналат. Анткени, жаштар "өлбө, жаным, өлбө" деген жашоодон тажашты.
- Сиздердин кыймылга канча жаштагылар мүчө боло алат?
-Биз жаш жагынан чектебейбиз. Бизге 45 жашка чейинкилер дагы келип мүчө болуп атышат. Биздин кыймылдын жактоочулары, мүчөлөрү күн санап өсүп баратат. Өлкөбүздүн келечеги жаштарды кайдыгер калтырбаганына биз аябай кубанычтабыз.

Медер ОСМОНАЛИЕВ, Координациялык кеңештин мүчөсү:
"Арам ою бар жаштарга орун жок"
- Интеллекти бийик, билимдүү, патриот жаштарды чогултуу биздин эң негизги идеяларыбыздын бири. Кандайдыр бир арам ою менен, пайда көрүп алайын деген жаштарга биздин кыймылда орун жок. Бул кыймылда эл үчүн, Мекен үчүн иштеген патриоттор болушу шарт. Биз бул жерде кайсы бир саясый, экономикалык кырдаалдарга өз көз караштарыбызды билдирип турабыз. Атайын кеңешме өткөрүп өзүбүздүн лидерлерибизди алып чыгабыз.

Даярдаган Акыл БАКТЫБЕКОВ
Молодежно-патриотическое движение "КЕЛЕЧЕК ЖАШТАРГА" оказывает бесплатную консультационную юридическую помощь всем пострадавшим в событиях 7-8 апреля 2010г.
Вам обязательно будет оказана профессиональная, качественная и оперативная юридическая консультация!
По адресу: г.Бишкек, пр.Манаса 115 (на пересечении улиц Ж-Жолу и пр.Манаса)