Кыргыз гезиттери



Бакиевдерге тиешелүү 7 млн. доллар табылды
Коммерциялык банктарда Бакиевдердин жакындарына таандык 7 млн. доллар акча табылды. Бул тууралуу убактылуу өкмөт жетекчисинин орун басары Темир Сариев билдирди. Анын айтымында, банктарда алтындын куймалары дагы табылган, азыркы кезде алар канча акчалай сумманы түзөрүн серепчилер санап жатышат.


К.Бакиев Минскиге башка аялы менен учкан
Курманбек Бакиев учурда Белорусиянын борбору Минск шаарында экени белгилүү болду. Ал кечээ КМШнын штаб-квартирасында ММКларга маалымат жыйын өткөрүп отставкага арыз жазганын мойнуна алган эмес. Аны менен катар эле башка өлкөлөрдү убактылуу өкмөт менен иштешпегенге чакырган. "Мен дагы эле президентмин. Мени өлүм гана токтотот!" - деди ал. К.Бакиев Казакстандан Минскиге элге белгилүү аялы Татьяна Бакиева менен эмес, башка кыргыз жубайы, тогуз жашар кызы, беш жашар уулу менен учканы кабарланды. Айрым маалыматтарга караганда, "Акжол" партиясы чогуу учкан дал ошол беш жашар уулунун атынан коюлган.


Түштүктөгү кырдаал А.Бекназаровго эле керекпи?
Убактылуу өкмөттүн төрагасынын орун басары Азимбек Бекназаров бүгүнкү күндө өрт өчүргүчтү элестетип аткандай. Анткени, Таласпы, Жалал-Абадбы, айтор, кайсыл жерден чатак чыкса убактылуу өкмөт мүчөлөрү Азикени "өчүрүп" келүүгө жиберет. Мурдагы күнү дагы Жалал-Абадда Бакиевчилер тарабынан уюштурулуп аткан митингди, провокацияны басуу үчүн ошол жакка аттанып кеткен. Көп өтпөй эле чагым иштерин уюштуруп аткан Курманбек Бакиевдин тарапкерлери, өзүн губернатор атап алган Пайзуллабек Рахманов колго түшкөнү кабарланды. Анан отуруп ойлойт экенсиң, Түштүктөгү абалдын турукташы Бекназаровго эле керекпи (?) деп. Эмне үчүн Өмүрбек Текебаев, Исмаил Исаков, Топчубек Тургуналиев, Дүйшөн Чотонов сыяктуу Түштүктүн башка тыңчыкмалары бул башаламандыкты токтотууга барып аракет кылышпайт? Баары чогуу барып, эл менен жолугуп, түшүндүрүү иштерин жүргүзсө алда-канча жеңил болмок эле го... Түштүктүн эли азыркы тапта Азимбек мырзаны заманбап баатырларга теңеп, ыраазы болуп атканын айткандар бар.


Маевка айылында абал тынчыды
Кечээ Маевка айылында абал тынч өттү. Бул тууралуу ИИМдин басма сөз катчысынын милдетин аткаруучу Рахматулло Ахмедов кабарлады. 19-апрелдеги жер талаштын айынан 5 адам каза таап, Маевка айылында 7 үй өрттөлүп, дагы бир канча турак-жай талкаланган. Мындан сырткары 40 чакты адам жаракат алганы расмий айтылган. Жабыр тарткан түрк улутундагылар менен кечээ Түркиянын Кыргызстандагы элчиси Нежат Акчал жолугушуп, Убактылуу бийлик менен сүйлөшөөрүн айткан.


Бакиевдер митингчилерге 15 миң сомдон таратып
Кечээ Жалал-Абадда митингге чогулган эл тарап кетти. Эске салсак, 2-3 күн катары менен Жалал-Абад шаарында Курманбек Бакиевдин тарапкерлери башаламандык уюштурушкан. Аларга каршы убактылуу өкмөттү колдогон эл чыгып, эки тарап тиреше кетишкен эле. Бакиевдин тарапкерлери облустук ички иштер башкармалыгын басып алып, Пайзуллабек Рахмановду губернатор кылып шайлап алышкан эле. Кечээ кайрадан элдик губернатор Бектур Асанов өз ордуна келип отурган. Жергиликтүү калктын маалыматына караганда, Курманбек Бакиевдин бир туугандары митингге чыккандарга 3 миң сомдон, трибунага чыгып убактылуу өкмөткө карата ыплас сөздөрдү айткандарга 15 миң сомдон таратып берген.


УТРКны коомдук каналга айлантуу зарыл
Убактылуу өкмөт жетекчисинин орун басары Өмүрбек Текебаев УТРКны коомдук каналга айландыруу керектигин айтып, билдирүү таратты. Анын айтымында, убактылуу өкмөт демократияны калыбына келтирүү үчүн чечкиндүү аракеттерди жасайт. Бул үчүн эң негизги үч принципти ишке ашыруу керек. Биринчиден, реалдуу саясый атаандаштыкты камсыздоо керек. Экинчиден, ишкерлик менен экономикалык атаандаштыкка эркиндик берүү зарыл. Үчүнчүдөн, сөз эркиндигине кепилдик берип, көз карандысыз ММКлар системасын өнүктүрүү керек.


Шаар мэрине кулак кагыш!
Орто-Алыш суу дамбасы Ордо калаабыздын жана ага жакын жайгашкан жүздөгөн жаңы конуштардын 90дон ашуун пайызын, таза суу менен камсыз кылат. Бул стратегиялык объект 1956-жылы курулуп баштап, 300 гектардан ашуун жерди ээлеп, 177 суу сордуруп чыгаруучу жабдуулары орнотулган. Н.Түлеев шаар мэри болуп келген күндө бул объектинин жетекчилигине жакын адамы К.Сулайманов, М.Сейдалиев, В.Игнатенкону коюп иштеткен (чынында иштеген эмес). Натыйжасында, дамбалардагы суу сордургуч жабдуулардын 56 пайызы керектен чыгып кеткен жана таза суу абалы өтө коркунучта экендиги тууралуу малыматты "Бишкексууканал" ПЭУсунун "Горводопровод" ишканасынын инженер-геологу К.Мейманов билдирген. Урматтуу Иса Шейшенкулович! Тез аранын ичинде Игнатенкого окшогон шылуундарды көзөмөлгө алып, туура иш кылбасаңыз болбой калды.


Болот Шерниязов дарыланууга чыкты
Бир калыпка салынбай аткан тармактардын башында ички иштер министрлиги турат. Тартипти сактоо үчүн милиция кызматкерлери суудай керек болуп турганда, алар бир жагынан иш таштап атса, экинчи жагынан улам жетекчиси алмашууда. Кечээ күнү ички иштер министринин милдетин аткаруучу Болот Шерниязовдун ден-соолугуна байланыштуу дарыланууга чыкканы кабарланды. Азыр анын ордунда Бакыт Алымбеков иш алпарууда.


Ишкерлер неге атын жашырды?
Ысык-Көлдөн чыккан бизнесмен жигиттер кечээ Бишкектин чок ортосундагы кафелердин биринде 7-апрелдеги кагылышта шейит кеткендерге куран окутушту.
Андан сырткары, 7-апрелде окко учкан жарандардын бүлөлөрүнө жардам иретинде 300 миң сомдон акча бөлүп, мындан ары Мекенибизде тынчтык болушун тилешти."Жакшылык кылсаң, жар салба" деген принципти карманыштыбы, айтор, жардам бергендери менен көлдүк бизнесмен жигиттердин биринин да ысымы аталбады.


Т.Турдумамбетов менен Н.Түлеев сурак берүүгө даяр
Маммүлк агенттигинин экс-жетекчиси Турсун Турдумамбетов азыркы бийликке баш ийип, тергөө иштери боюнча жардам берерин билдирди. Бул тууралуу убактылуу өкмөт өкүлдөрү билдиришти. Маалыматтарга караганда, козголгон кылмыш иштерине байланыштуу маалыматтарды берүүгө экс-маммүлкчү даяр. Т.Турдумамбетовго стратегиялык объектилердин сатылышы боюнча көптөгөн суроолор бар экени турулуу иш. Мындан сырткары, экс-мэр Нариман Түлеев дагы сурак берип, убактылуу өкмөткө жардам берүүгө даяр экендигин билдирген.


Е.Гуревич кармалды дейт
"Эл аралык издөө жарыяланган MGN Group компаниясынын жетекчиси Евгений Гуревич Алматыдан кармалды" деген маалыматты "Дело №" гезити жазып чыкты. Ал маалыматка караганда, азыркы учурда Кыргызстанга алып келүү иш-чарасы көрүлүүдө. Ал эми Башкы прокурордун орун басары Кубан Асангелдиевдин маалыматына караганда, Евгений Гуревич али кармала элек. Азыркы тапта укук коргоо органдары тарабынан кармоо аракеттери көрүлүүдө.


Муратаалы ажы Жумановду уурдап кетишти
Кыргызстан диний башкармалыгынын мурдагы муфтийи Муратаалы ажы Жумановду белгисиз бирөөлөр уурдап кетишкенин "Азаттыктын" кабарчысына муфтийдин биринчи орун басары Сүйүн ажы Кулиев билдирди. Анын айтымында, мусулмандар курултайына чейин Уламалар Кеңеши болбойт. Уламалар Кеңешинин жыйыны бүгүнкү күнгө белгиленген болчу. Анда жаңы муфтийдин шайланаары күтүлүп жаткан. Ал эми Ички иштер министрлиги бул боюнча иштер жүрүп жатканын кабарлады. Ал эми Диний башкармалыктын дагы бир кызматкери Рахматулло ажы мурдагы муфтийди үйүндө экенин айтып жатат.







кыргыз тилиндеги гезит "Учур"
email • архив • редакция 
22-апрель, 2010-ж.:
1-бет
Ой, шумдугуңку-ур! Жакаңды кармайсың
2-бет
Алмазбек Атамбаев:
"Бакиев сот алдында сөзсүз жооп берет"

3-бет
Аликбек ЖЕКШЕНКУЛОВ, "Акыйкат үчүн" кыймылынын лидери:
"Портфелди эмес, элдин келечегин ойлойлу"

4-бет
Бийлик адилеттүү жана таза болсун!
5-бет
Түштүктөгү кырдаал А.Бекназаровго эле керекпи?
6-бет
Дүбүрт арасындагы дүбүрт
7-бет
"Исаков менен Бөлөкбаевдин орду бош…"
8-бет
"Келечек" жаштарга!
9-бет
Асия:
"Подвалда үч күн камалгам"

10-бет
Юристанбек Шыгаев,
Г.Айтиев атындагы улуттук көркөм-сүрөт музейинин директору:
"Бийлик алмашканын иркутскиден уктук"

11-бет
АСЕМА:
"Модельердик кесипке кадам таштадым"

12-бет
Талант байырлаган үйбүлөдө...
13-бет
Гороскоп
14-бет
НБАны самаган Жаныш, Байыш
16-бет
"Куурчактар ой чабыты"