Учурмаек

Алмазбек Атамбаев:
"Бакиев сот алдында сөзсүз жооп берет"
Убактылуу өкмөт жетекчисинин биринчи орун басары Алмазбек Атамбаевдин маеги centrasia.ru сайтына чыкты. Маекте СДПК лидери өлкөдөгү саясый кырдаалга өз баасын берип, бүгүнкү баш аламандыкты кимдер жүргүзүп атканын ачык айтып берген.

- Эмне үчүн Кыргызстандын жаңы бийлиги өлкөдөгү кырдаалды көзөмөлгө ала албай жатат?
- Ким айтты? Мен кырдаалды колго алдык деп ойлойм. Албетте, жер басып алуу сыяктуу жагымсыз көрүнүштөр болуп жатат. Бул турулуу иш болчу, анткени, Бакиевдердин бандиттери талкалаганга жетишпей калган жерлер дагы көп болчу. Алар алып алган акчаларын ошондой жол менен актап атышат.
- Жер басып алууга аракет кылган кимдер?
- Бишкекте, дагы башка райондордо атайын уюшкан топтор ар кандай шылтоолор менен башаламандыктарды уюштуруп жатышат.
- Булар кимдер? Аларга ким төлөп атат? Булардын артында турган кандайдыр бир уюмдар барбы? Же бул табигый эле көрүнүштөрбү?
- Алардын бир гана максаты бар - өлкөдөгү кырдаалды оорлотуу. Бул үчүн аларга акча таратылган. Алар акча, арак жана башкаларды таратып жатышат.
- Ким акча таратып жатат?
- Ким болмок эле, акчасы бар Бакиевдер да.
- Укук коргоо органдары качан кырдаалды жөнгө салат? Айрыкча, борбордун сыртындагы аймактарда...
- Кырдаал толук көзөмөлдө экенин дагы кайталайм. Бирок, бир эле күндө тынчып калгыдай оңой иш эмес. Баары жакшы болот. Бир күн алардын акчасы деле түгөнөт да.
- Ал эми Түштүк облустарда жагдай кандай, мисалы, Бакиевдин тарапкерлери бар Жалал-Абад облусунда?
- Жалал-Абадда чындыгында эле Бакиевдин тарапкерлери бар. Биз деле кан төгүлбөсүн деп, ал жердеги кагылышууга кылдат мамиле кылып атабыз. Ал эми башка коңшулаш облустарга мен мурдагы күнү барып келдим, аянтта эл менен жолукканымда алар убактылуу өкмөттү колдоорун билдиришти.
- Жалал-Абадда Бакиевдин тарапкерлери менен кандайдыр бир сүйлөшүүлөрдү жүргүзөсүздөрбү? Же баары бир күч операциясы болобу?
- Кырдаалды оорлотууга аракет кылып аткандардын алган акчасы деле түгөйт. Куралдангандардын жарымы кетет. Кандай гана болбосун, биз тынч жашап аткан элге зыян келтирбегенге аракет кылабыз. Албетте, биз дароо эле күчкө салгандан алыспыз, анткени, күнөөсүз адамдардын каны төгүлүшүн каалабайбыз. Кайталап кетейин, Жалал-Абадда анык каршылашуу, согуш жок. Болгону куралданып алып, акчасын чачып, өзүн аялдар жана тынч жашап аткан эл менен корголоп алган 300дөй гана адам бар. Бул топ өзүнөн-өзү акырындап жок болот. Демек, бул нерсе бир-эки жумада тынчыйт.
- "Курманбек Бакиев кайрадан Кыргызстанга кайтып келет экен" деген маалыматтар бар. Буга кандай карайсыз?
- Албетте, бул абсурд.
- Эмнеге?
- Мындай нерсе болушу мүмкүн эмес. Бул жакта аны эч ким күтпөгөнүн Бакиев өзү жакшы билет.
- Баары бир Жалал-Абадда анын колдоочулары бар да...
- Ал жакта кырдаалды бузууга аракет кылып аткан Бакиевдин анча-мынча бандиттери, жакын туугандары гана калды. Бирок, аларга калтырып кеткен акчалары түгөнгөндө эле кара тилектерин таш кабат.
- Сиз Москвада, Казакстанда болдуңуз. Кандай тосуп алышты?
- Түшүнүү, колдоо менен тосуп алышты. Мен ушул эки өлкөгө, Казакстан менен Россияга ыраазычылык билдирем. Ушундай эле жылуу маанай менен Түркия да тосуп алды.
- Сүйлөшүүлөрдү расмий түрдө жүргүзүп жатышабы?
- Мени менен бул өлкөлөрдүн биринчи адамдары, президенттери менен премьер-министрлери жолугуп жатат.
- Республиканын экономикалык маселелери канчалык деңгээлде олуттуу? Чын эле казынада акча калбаптырбы?
- Албетте, маселелер бар, бирок алардын баарын чечсе болот. Биз аларды чечүүгө көзүбүз жетет, Кыргызстан андан ары тынч, өнүгүүдө жашайт.
- Бирок, азырынча акча жок окшойт го...
- Акча бар, бирок көбүрөөк болсо элге дагы жакшы да. Кайсы бир өлчөмдөгү акчаларды конфликт чыгардын астынан бакиевдер алып чыгып кеткен.
- Бул каражаттарды көзөмөлдөөгө мүмкүнчүлүк барбы? Же акчалар биротоло Кыргызстандан чыгып кеттиби?
- Албетте, биз бул акчаларды кайтарууга аракет кылабыз.
- Муну реалдуу деп ойлойсузбу?
- Эмнеге болбосун? Дүйнөлүк коомчулук деген бар. Кош стандарт болбосо эле, бул акчалар кылмышкерлери менен бизге кайтарылып берилет деген ойдомун.
-Бакиев сот жообуна тартылабы, же сиз айтып аткандай, жасаган бандиттик иштери үчүн жооп бербей чет өлкөдө кала береби?
- Ал сөзсүз түрдө сот жообуна тартылат.
Кыргызчалаган
Дилбар АЛИМОВА




Мелис Карыбеков "УЧУРда"!
Эсиңерде болсо, парапсихолог Мелис Карыбеков бир жылдан бери кыргыздардын келечегине көз чаптырып, алдын ала окуялардан кабарлап келген. Албетте, Мелис мырза эртеңки күнүбүздү түз да, кыйыр да айтып, коңгуроо какканына күбө болгонбуз. Алмаз Атамбаевди эл колдоо менен бийликтин алмашышы, Ата Бейит, Чоң Казат, каргалардын Акүйдүн үстүндө айланганы, айтор, ушул сыяктуу келечекти көрүп айткандарына таңгалбай кое албайсың. Эмки саныбызда М.Карыбеков кайрадан "УЧУР" гезитине макала жазмай болду. Бүгүнкү күндөгү орчундуу окуялар менен эртеңки күнүбүздү алаканга салгандай калчайбы? Эмесе, Мелис Карыбеков кайрадан "УЧУРда"!

А.Жекшенкуловду кайрадан каралообу?..
"Акыйкат үчүн" кыймылынын лидери Аликбек Жекшенкуловду кайрадан шыбамайлар башталыптыр. "Московский Комсомолец" гезити суу кечпеген дооматтар менен асылууга ашыгышып, пилге тийишкен чычкандай эле элес калтырууда. Эми жазгандары баягы эски ыр, абройлуу адамга жабышпаган кур жалаалар. Кезинде "Агым" гезити А.Жекшенкуловго карата ыплас пиар жаза коюп, натыйжада соттон утулушкан. Бирок, Аликбек мырза кенендик кылып, ал гезитти кечирип койгон. А бүгүн болсо "МК" тийишип, кимдир бирөөлөрдүн шилтемеси менен сөйкөнүп атабы? Мындан сырткары, "Акшумкар" партиясынын мүчөсү, кезиндеги оператор Улан Карыпов КыТыРга зам болуп барыптыр. Анан баштаган эле ишин кара, А.Жекшенкуловдун интервьюсун эфирге кетирбей коюп, бир жактуу саясатты ыктагандай жорук жасап. Эмне, Т.Сариевдин заказын аткарып аткан кербезиби?