"Куурчактар ой чабыты"
Ушундай аталыштагы куурчак театрлар экинчи эл аралык сынагында Муса Жангазиев атындагы кыргыз куурчак театры да катышууда. Тажик жергесинде өтүп жаткан сынак бүгүн соңуна чыгат. Бул фестивалга КМШ өлкөлөрүнөн жана алыскы чет өлкөлөр куурчак театрлары катышты. Ал эми биздин куурчак театр аталган сынакка "Сыйкырдуу челек" спектаклин сунуштаган.

Жар-жар...
"Кыз бурак" кыздар тобунун аткаруучу директору жана топтун түптөөчүсү Гулшайыр Садыбакасованын оң колу Кенже ДҮЙШЕЕВА ушул айда ак жоолук салынмакчы. Күйөө бала коңшу Казакстандан, ысымы Талгат. Кесиби боюнча юрист, бир топ жылдан бери прокурордук кызматта. Алгач таанышкан кезде Талгат Кенженин ырчы экендигинен да кабары жок эле. Акыры билгени менен чыгармачылыкка каршылыгын билдирбестен, тескерисинче колдоп, концерттерге күйөрман катары атайын Алматыдан ат арытып келип көрүп кетип турчу. Кенже өзү убада кылгандай, "Кыз буракта" бир муундаш Айжамал Кабылова менен Гүлнара Калдарованы турмушка узатып коюп, эми өз бактысын табууга кадам жасап турган убагы.

Шейит кеткендердин элесине
Бүгүн "Туңгуч" театрында "Узап кетпе, бугу эне" спектаклинин кайрымдуулук иретинде 7-апрелде борбордук аянтта окко учкан жарандарыбыздын элесине арналып көрсөтүлөт. Ал эми Улуттук филармонияда баатырларча курман болгон мекендештердин элесине багышталып, эскерүү кечеси 24-апрелге белгиленген. Ал эми аза күтүүгө ылайык, бул маданий жайда бардык көңүл ачуу кечелери жылдырылган.

Жанардын айынан жолдо кармалып...
Исландиядагы жанар тоонун түтүнүнөн улам Америка, Европаны кыдырып, концерт берип келген кыргыз өнөрпоздору Кыргызстанга кайта албай убара тартышты. Алардын арасында Макс Бегалиев, Айбек Замиров жана продюсер Миргүл Эсеналиева бар. Ал эми алар менен бир учкан Бактыгүл Бадыева Алатоодон тыш сапарын дагы узарткан.

Актердун алиментке "жыгылганы"
Голливуд актеру Мэл Гибсон орус ырчысы Оксана Григорьевадан кол үзгөнү ортосундагы наристеси Люсия үчүн алимент төлөп бермекчи. Бирок, алимент ай сайын эмес, бир гана ирет төлөнөт. Буга - эки таланттын расмий түрдө никеге турбагандыгы себеп. Бирок, орустун дал ушул сулуусу үчүн актер 28 жыл бирге жашаган жубайын жана жети баласын таштаган. Мэл Гибсон - Голливуддун эң мыкты актеру, режиссеру катарында жана "Эр жүрөк", "Аялдар эмнени каалашат", "Акылсыз Макс", "Апокалипсис", ошондой эле диний талкуу жараткан "Христов кумарлары" аттуу тасмалары менен таанымал.

Мелдештин айынан чач алдырып...
Ырчы ТИМА имиджин кескин өзгөрттү. Бөлөсү Сайкал Садыбакасова менен мелдешип, утулган соң, анын шартын аткарып, чачын таптакыр алдырууга аргасыз болгон. Чыгармачылыгынан кеп салсак, кол үзгөн продюсери менен кайра табышты. Ал эми келерки айдын орто ченинде Москвага сапар алууну пландоодо.

Эсендикте эстей жүр!..
Арабыздан узаганына ай айланалек МИКАЭЛдин элесине багышталып, жекшембиде куран окутулду. Ата-энеси, бир туугандары ырчы жана шоумен уулдун бүт жакындарын, кесиптештерин, досторун чакырып, эскеришти. Тирүүсүндөй күлүмсүрөгөн сүрөтү келген элдин көз жашын кылгыртып, ал эми 24 жашка толгондогу туулган күн кечесинин тасмасы айрым дос-жакындарын ыйлатып да, тасмадагы жайнаган жүзү, курган тамашасы Микаэлди арабызда жүргөнүндөгүдөй жылмаюу жаратуу менен эске салып атты.

"Өз Америкасын ачкан" Каныкей
Океан ар жагына сапар алып, андан бери Европаны кыдырып келген КАНЫКЕЙ дал ушундай пикирде. "Контраст, бүйүр кызыткан, колориттик жана ар кырлуу өлкө катары эсимде сакталат. Узап баратып, ушул өлкөгө дагы далай келериме ишенип турдум. Америка туурасында ким кандай айтпасын, мен бул чындап улуу мамлекет экендиги боюнча өз бүтүмүмдү чыгардым. Кайсы шаарына барсам да, жылуу кабылдап жатышты. Баарынан да кыргыздардын ынтымагынын бекемдиги, өз көйгөйлөрүнө карабастан, Мекенибиздеги багар-көрөрү жок наристелерге кол сунуп, жардам берүүгө ынтызарлыгы мени өзгөчө кубандырды.
...Алган таасирим абдан чоң. Бирок, канчалык баары сонун болсо да, Кыргызстанды чын дилимден сүйөрүмдү даана сездим. Мындай сапарды уюштуруп бергендердин баарына ыраазымын, себеби, "үчүнчү көзүм" ачылды. Эми дүйнөгө бир аз башкачараак карайм", - дейт ырчы. Эске салсак, Каныкей кыргызстандык кесиптештери менен мындан бир ай мурун АКШ жана Европанын бир катар шаарларына сапар алган эле...

"Ак шоола" Ашхабадда
Ушул тапта аталган балдар ансамбли Түркмөнстандын борбор калаасында. Бир жумага созулган "Адамзаттын руханий кенчи" улуттук фольклор жана декоративдүү-прикладдык чеберчилик эл аралык сынагында Кыргызстандан "Ак шоола" ансамбли жана Бишкектеги С.А.Чуйков атындагы көркөм мектебинин окуучулары катышууда.