Катар жолдо

Талант байырлаган үйбүлөдө...
Талантуу жубайлар Бакыт Чытырбаев менен Айдай Стамкулова шаардан алыс эмес Байтик айылында турушат. Бакыт кыргыздын кыл кыягын өркүндөтүү менен бирге багбанчылыкты да кайсы бир денгээлде өздөштүрүп алган. Айдай болсо айыл ичиндеги балдарга өнөр арнап, бош убактысын чыгармачылык изденүүдөн тажабай келет.

Бакыт Чытырбаев:
"Багбанчылык менен күү тартууга сүнгүдүм"
-Бакыт, акыркы учурда сахнадан кыл кыягың менен көрбөй калдык. Себебин эмне деп түшүндүрөт элең?
- Жаңы кесипке ооп кеттим. Чакан питомник ачып алып, багбанчылыкка убакыттын баары арналып атат. Болгон себеп ошол.
- Багбанчылыкка жөн эле жерден келе койгон жок болсоң керек?
- Анын жөндөрү да бар. Кичинемден эңсеген алма багын өстүрүү кыялымды иш жүзүнө ашыруудамын. Ага жер шарты ыңгайлуу болуп тургансыйт. Огородумдун кеңдиги өбөлгө түзүп. Мына ушул мүмүнчүлүктөн пайдаланып атам. Андан сырткары, бул ишке батынуума, биздеги атактуу багбан кишиге жолугуп калып, көп нерселерди үйрөндүм. Таалим-тарбиясын алдым. Ал киши жапыз бойлуу алма бактарды өстүрөт экен. Артыкчылыгы, бая биз көнүп калган тартайган бактардай көп жерди ээлебейт. Түшүмдүүлүгү жана даамы боюнча да бир канча эсе жогору турары далилденди. Дагы бир артыкчылыгы - көчөттү отургузган жылы түшүм бере баштаган жагын өздөштүрүп алдым.
- Үлгүлөрүн кайдан алып жүрөсүң?
- Көбүнчөсүн жанагы багбан кишиден . Казакстандын Мерке айлында да бир багбандан алдым. Андан сырткары, интернет сайттарын казып отуруп таап алып аттым. Дүйнөдөгү питомниктерге баш багып көрсөң болот да. Жапыз бойлуу бактар менен иштөөнүн түркүн-түркүн жолдорун изилдеп дегендей.
- Сенде алма бактардын канча сорту бар?
- Алманыкы кырктан ашты. Деги эле дүйнө боюнча алып караганда, алма сорту миңден ашып кетет. А мен болсом биздин климаттык шартка ылайыктап, жакшы өсүп, түшүмүнө карап, талдап карагандагым кырктан ашты. Муну менен токтобойм деп турам. Жакында эле эл арасына бир кездерде кенен жайылып, анан жок болуп кеткен "Бабушкино" сортун таап алдым. Анын кыйыштыруу жагын жакшы жолго салгандан кийин эл билип калып, менден көчөтүн тындырбай алып атышат. Алмадан башка алмуруттун, алчанын, көк өрүктүн, гиластын да бир канча сорттору бар.
- Көчөттөрүн сатып атасыңбы?
- Чынын айтсам, багбанчылыкка келгениме 12 жылдын жүзү болду. Көчөттөрдү сатып баштаганыма 4 жылга кетип отурат. Биринчи жылы 200дөй, мурдагы жылы 600, былтыр 1200, быйыл 3 миңден ашуун көчөттү алып чыккам. Анын 2 миңден ашууну сатылып кетти.
- Сезону бүттүбү? Сатылбай калса эмне кыласың?
- Быйыл жаз 15 күнгө кечигип келди. Майдын онуна чейин да убакыт бар. Ал эми сатылбай калгандары болсо, көчөттү кайра алып барып отургузуп коем. Андан эч коромжу болбойт. Быйыл бир аз жайлап өскөнү менен, кийинки жылы отургузганда түшүмдүүлүгү артып, дүркүрөп өсүп, артыкчылыгы көбөйөт.
- Жапыз бойлуу алма бактарды отургузуунун жолдору болсо керек?
- Бул бактардын бойлору 2,5-3 метрден ашпайт. Отургузуунун стандарттары бар. Түндүктөн түштүккө карай багыт берип отургузуу кажет. Анткени, түшкө чейин бир капталы, түштөн кийин бир капталына күн нуру тийип турат. Бир бак менен экинчи бактын ортосу 1 метрден 3 метрге чейин жана катарлардын ортосу 3 метрден кем болбоо зарыл. Плантация негизинде дегеним. Жаңыдан казгандын чуңкурунун тереңдиги 60 сантиметрге чейин болуп, таманына 30 сантиметрче чириген кык салынат. Себеби, кийинки жылдарда бактын тамыры ошо жерден азык ала баштайт.
- Азыктандыруу жагына да токтоло кетсең...
- Биринчи кезекте суу жагынан үзгүлтүккө учурабаса дейт элем. Бактын тамырлары кургап кетпес үчүн түбүнө жалбырак же жыгачтын кезек таарындысы менен жаап туруу кажет. Азыктардын эң мыктысы - тооктун кыгы. Аны сууга эки жумадай ачытып, бир чөмүч ачыткыга бир чака сууну кошуп, жаан түрүндө сугарган жакшы. Жалбырактары оорубай, кошумча азык катары кабылдашат. Бул нерсенин баарын өзүмдүн www.beyish-baqy.narod.ru интернет сайтыма илип койгом. Калоочулар кирип окуса болот.
- Ал эми кыл кыяк жагы кантип атат?
- Кыякчылык, күүчүлүк кесипке адам башоту менен кириш керек. Мен андан алыстаган жокмун. Алыстайын деген деле оюм жок. Тескерисинче күчөп атканымды туям. Күү тартуунун терең сырларына сүңгүүдө жанагы багбанчылык кесиптин эбегейсиз жардамы тийип атат. Экөөнү дүйнөсү катар жолдо бараткансыйт. Бири-бирин толуктап. Демек ал жагынан чочулаганым жок.





Айдай Стамкулова:
"Мени Мыскал эжеге окшоштурат"
- Айдай, өнөрдүн баарын тутамдап алып сыр билгизбей жүрөсүң. Четинен айта берсең болот. Аларды кайдан үйрөнгөнсүң?
- Кичинемде "Сейтек" борборунан кыл кыяктан баштагам. Шубин мектебине барып комуз үйрөндүм. Акындык жакты да чала окуп, аягына чыкпай, Күрөнкеев атындагы окуу жайдын мугалимдери оркестрдик прима кыягын үйрөтүштү. Консерваторияга комуз жагына тапшырып, ал жерде эки жыл билим алгандан кийин, эки кылдуу кыяк бөлүмү ачылды. Мугалимдердин баары, "Бакыт Чытырбаев агайды мактап, кыл кыякты сүйлөткөн, тилин билген чебер мугалим" деп калышты. Тагдырдын буйрук жазуусу менен консерваторияны кыл кыяктан бүттүм. Бүтүп эле тим калбай, Бакыт агайымдын арзуусуна арбалып, жыйынтыгында турмуш куруп алдык. Кыргыздын бактысына жаралган музыкалык аспаптарында билим алуу менен бирге ырчылык өнөрдү да өздөштүрө жүрдүм. Негизи, табитимде ырдаганды жанымдай көрөм. Кайда жүрбөйүн ырдай эле бергим келет.
- Кайсы багыттагы ырларды созуп каласың?
- Эстрада багыты мен үчүн эместей. Элдик ырларга жакынмын. Үнүмдүн тембри Мыскал Өмүрканова эженикине окшошуп кеткенсийт. Көбү айтат, "Мыскал эженин ырлары сага жакшы коошот экен" деп. Канчалык көп ырдасасаң, ошончолук такшалып, үнүң тазаланып турарын байкадым.
- Азыр эмне иш кыласың?
- Байтик айыл өкмөтүнө караштуу Арчалы, Кашка-Суу жана Байтик мектептеринде сабак берем. Комуздан, ырдан, бийден. Мугалимдик кесиптин пайдасы тийип атат. Окуучуларга өнөр үйрөтүү менен бирге, өзүңдүн тажрыйбаң артып, кыялдануу талааларына кең жол ачат экен. Такай изденүүнүн үстүндө жүрөсүң.
- Окуучуларың көппү? Жыйынтыктары барбы?
- Үч мектептен баш аягы 50 шакиртим бар. Азыркы сабак берип жүргөн мектеп окуучуларына жакшы эле шарт пайда болду. Алардын ата-энелерине. Шаарга балдарына кружок издеп барып отурушпайт. Түйшүктөрү бир топ жеңилдеди. Мектеп алкагында ырдап, бийлеп, комуз күүлөрүн черткенди үйрөнүп атышат. Карамагымдагы балдардын баары шыгы, жөндөмү бар өнөрлүү таланттар. Майрам учурунда чоң программада эл астында концерт тартуулашат. Айыл ичи түп көтөрүлө келип, элдик обон-күүлөргө көөдөндөрүн сугарып, алкоолорун аяшпайт.
- Өнөр аздектеген адамдар үчүн айылда жумуш бар турбайбы?
- Бар. Кээ бирлери айылдан шаарга барып, жумуш издеп жүрүшөт. Айлыгы көбүрөөк жер караштырып. Ошол эле акчаны бул жерден тапса болот. Анан, өзү турган айылдын маданиятын көтөрүп, жумушунан рахат алып атпайбы.
- Эл астына чыгып берген концертериңе фонограмма колдоносуңбу?
- Такыр колдонбойм. Колдонбогонго аракет кылам. Себеби, эл астына чыгуу өзүнчө татаал жоопкерчилик. Сен аны жүлүнүң аркылуу өткөрүп туйбасаң, ырдаган ырың, ойногон күүң элдин жүрөгүнөн түнөк таппайт. Окуучуларымды да жандуу ырдаганга, күү черткенге көндүрүп койгом.
- Кыл кыяктын коштоосунда ырдап көрдүңбү?
- Кээ бирөөлөр, аспаптын өзгөчөлүктөрүн көп биле беришпейт. "Кыйк-кыйк" дешип. Мен деле мурун ошондой элестетчүмүн. Көрсө тап-такыр башкача экен. Ушу тапка чейин ар бир ырдаган ырыма кыяктын, комуздун коштоосун кошуп келгем. Кийинки ырдала турган ырларымды жалгыз кыяктын коштоосунда ырдайын деп изденип атам.