Кыргыз гезиттери
меню
Чакан бизнес кеңештер
Чүчбара өндүрүү ишкерчилиги
Глазирленген быштакчаларды (сырок) өндүрүү ишкерчилиги
Карапа өнөрканасын кантип ачуу керек жана андан кантип акча тапса болот?
Балмуздак өндүрүү боюнча ишкериликти ачуу
Үйлөнүү үлпөт тойлорун жана ар кандай майрамдарды аба шарлары менен кооздоо
Дүкөнчө, соода чатырчасын же күркөнү кантип ачуу керек?
Желим бөтөлкөлөрдү кайра иштетүү бизнеси
Кагаздарды кайра иштетүү бизнеси
Өзүңдүн маршруткаң, же Маршруттук такси бизнес үчүн
Кондитердик цехти кантип ачып киреше тапса болот?
Нан бышыргыч жай ачып кантип киреше тапса болот?
Курулуш цемент кирпичтерин өндүрүү боюнча бизнес
Азык-түлүк өндүрүшүндө жана коомдук тамактануу жайларындагы 5 бизнес- идеясы
Дизайнердик жашылчалар жана эт азыктары
Энергетикалык эмес суусундуктар
Аялдардын үйдөн сырт жасоочу бизнестерине идея
Үлпөт көйнөгүн тигүү ательеси, же аны ижарага берүү
Майга бышырылган тоголок токочтордун (пончик) өндүрүшүн кантип ачып, акча тапса болот?
Хот-дог сатуу бизнесин кантип ачуу керек?
Кездемелер дүкөнүн кантип ачып жана акча табуу керек?
Миллионго багытталган бизнес идеясын кантип ойлоп тапса болот?
Бизнести уюштуруу ыкмасы
Жыгач коттеждерди куруу перспективасы - чакан бизнестин идеясы
Каркас-модулдук технология:
Курулуш шаймандарын жана техникаларын ижарага берүү бизнеси
Кечки көйнөктөрдү жана карнавал костюмдарын ижарага берүү бизнеси
Мончо бизнеси: сауна жана мончолорду куру
Бүйүндү (рак) үй шартында өстүрүп, көбөйтүү менен бизнес ачуу
Жеке автотранспорттук компания бизнес катары
Салтанат-тойлорду уюштуруу бизнеси
Андан ары - азык-түлүк сатып алуу
Жеке кичи- майжувазды кантип ачууга болот?
Автокинотеатрды кантип ачуу керек: ачык асман алдындагы тасма
Жаңы Жылга тирүү балатыларды сатуу боюнча бизнес
Сыра бар-ресторанды кантип ачуу керек?
Мейманкана бизнеси, же кичи мейманканы кантип ачуу керек?
Акы төлөнчү балык уулоону уюштуру бизнеси
Дүйнөдөгү эң бир кирешелүү бизнес идеялар
Курал-жарак сатуучу дүкөндү кантип ачуу керек?
Жыл бою кулпунай өстүрүү бизнеси
Козу карын бизнеси: шампиньон козу карындарын өстүрүү
Жеке фотостудияны кантип ачуу керек?
Үйлөмө аттракциондордогу бизнес (батут)
Бала бакчаны кантип ачуу керек? (Кичи бакча)
Балдар кийиминин жана товарларынын дүкөнүн кантип ачуу керек?
Жалбырактарды чогултууну кантип бизнеске айландырса болот?
Оригиналдуу курулуш материалдарын өндүрүү боюнча бизнес
Курулуштардагы кошумча элементтерди өндүрүү бизнеси
Үй шартында жасалган тирүү квасты өндүрүү бизнеси
Даараткана кагазын жана кагаз аарчыгычтарды өндүрүү бизнеси
Эт бизнесин уюштуруу
Кичи бизнестин идеясы: суу аттракциондорун ижарага берүү
Мектеп окуучлуары жана студенттер үчүн портал
Заманбап гаджеттерди чакан колдонмо тескөө жана тейлөө - өркүндөгөндөрдүн бизнеси
Кум шоусу бизнес катары, кум аниматорлору канча акча табышат?
Чыгыш кошулмаларын жана даамдарын сатуу бизнеси
Кызыктуу жана оригиналдуу бизнес идеялар
Компьютердик сервисти кантип ачуу керек?
Тату салонун кантип ачып, акча табуу керек?
Окуу борборун кантип ачып, акча табу керек?
Батирлердин ичин оңдоо боюнча кичи бизнес
Дөңгөлөктүн үстүндөгү блинчик -кафесинякантип ачуу керек
Парфюм- косметикалык дүкөндү кантип ачуу керек?
Аттракциондор паркын ачуу ири бизнестин катарында
Уй этин өндүрүү боюнча бизнести кантип ачуу керек?
Жарнамалоо долбоорундагы бизнес
Чай бизнесинин өзгөчөлүгү
Жүргүнчүлөрдү ташуу тармагындагы өзгөчөлөнгөн 5 бизнес идея
Ченеми жок такси кызматы
Агробзнес чөйрөсүндөгү жети өндүрүштүн идеясы
Убакыт менен текшерилген бизнес- стартап- зоодүкөн ачуу
Дизайн, мектеп университеттин белгиси кадалган кийимдерди жасалгаларды сатуу
Сапаттуу шпаргалка жасоо бизнеси


  Шоу-төр

АСЕМА:
"Модельердик кесипке кадам таштадым"
- Түркияга болгон сапарыңдын жыйынтыгы кандай?
- Кудай кут кылсын, ийгиликтүү болду. Стамбулда алгач ирет болдум. Аябагандай чоң, кооз шаар экен. Биринчи жолку сапарды аз эле убакытка пландагам. Ошого карабастан, кыска убакыттын ичинде эмне максаттар менен барсам, баарын ишке ашырууга аракет кылдым. Тилекке каршы, убакыт гана тар болду.
- Билишибизде, дизайнердик ишмердиктеги студиялар менен таанышып кайтмаксың...
- Аталган өлкөдөгү, тагыраак, Стамбулдагы эки дизайн студиянын эмгектери менен жакындан таанышып, ал жердеги кызматкерлер менен кенен баарлашып, мындан ары байланышта болууга убадалаштык. Алар туурасында азырынча кеп кылуу бир аз эртерээк. Буюрса, убактысы, сааты чыкканда баарына бирге күбө болобуз. Ал эми Түркияга болгон сапарым биринчи болгону менен, Кудай буюрса, акыркы сапарым эмес. Буюрса, жолун ачып алдык, эми бат-баттан каттап турам. Ошондо дагы да жакындан таанышып, биргеликте иш алып барабыз деген тилектемин.
- Жеке коллекцияңа качан күбө болобуз?
- Эми бул туурасында кеп козгобой кое турсамбы дегем. Буюрса, али баары алдыда. Алтын башыбыз аман болсо, калганын убагында көрө жатаарбыз.
- Модельердик менен алектене баштасаң, ыр жана кино жааты экинчи планга жылабы?
- Кичинекей кезимен сүрөткө шыгым бар. Курбу кыздарыма моделдердин сүрөттөрүн тартып, белекке берчү элем. Тартканда да аларга ар кандай фасондогу көйнөктөрдүн, кийим-кечелердин эскиздерин чиймелечү элем. Модельердик кесипке профессионалдарча жаңыдан гана кадам таштап отурам. Буюрса, акырындык менен анын да кандайдыр бир өтөөсүнө чыгып, жакшы бир деңгээлге көтөрсөм деген чоң тилегим бар. Анткени, мындай нерсе бүгүн баштап, эртең таштап кое турган иш эмес. Дайым жаңыланууну, көптөгөн акыл, эмгек, күч талап кыла турган кесип. Ал эми кино жана ырчылык туурасында болсо, колдон келишинче үчөөнү тең бирдей алып кетүүгө аракет кылуу менен Кудайдан акыл-ой, күч-кубат тилейм. Себеби, бул үчөө тең чыгармачыл чөйрө. Менимче, бири бирине тоскоол этпес.
- Азыркы тапта кино жаатында кандай жаңылыктарың бар?
- Учурда кино жаатында сунуштар бар. Дагы эле жанагы ой, бышалек ишти алдын-ала айтуу мен үчүн бир аз ыңгайсыз болуп турат. Жаратылышымдан негизи, жасай турган ишти бүткөрүп туруп, элге тартуулаар алдында сөз кылганды жакшы көрөм. Жогоруда тилектерим менен бөлүшкөнүм - сиздердин көңүлүңүздөрдү кыя албадым. Буюрса алдыда боло турган иштерди Жаратканым колдоп, ишке ашып калса, ошол учурда гана күйөрмандарымды кубантайын.




  Трибуна сурайм

Урмат УСЕНОВ:
"Илгери умүт менен кооптонуу кучагындабыз"
Кыргызстандагы акыркы окуяларды баштан кечирген бир топ мамлекет бар. Алардын көпчүлүгү, тилекке каршы, ушул убакка чейин жарандык согуштан башын чыгаралбай, тартипти колго алалбай келишет. Кыргыздын жараны катары баштан кечиргенибиз ушул менен токтоп, тартип бат эле колго алынарына ишенгим келет. Шейит кеткендердин саны 85ке жетип отурат. Ошол баатырларча курман болгон жигиттердин өлүмүн бүгүн кайгыруу менен кабылдап атсак, энелери сыздап, жакындары жоктоп атса, эртеңки күнү жалпы кыргыз эли алардын ар биринин ысымын сыймык менен тарых барактарынан окуй турган деңгээлге жетсек экен.

***
Айрымдар 7-апрелди майрам күн катары кабылдоо туурасында сунуштарын айтып атышат. Майрамдай турган кези келээр. Ага ашыкпай, биз азыр атайын белгилей тургандай деңгээлге жетүүгө умтулуубуз зарыл.

***
Болгон окуя көптөр үчүн, айрыкча, биздин жогору жактагы адамдар үчүн чоң бир сабак болушу кажет. Эл башкаруучулардын ар биринин көкүрөгүндө кандай күндө да ойлонууга түртүп турган бир сезим тутанды деп ишенем. Себеби, башка элдерден айырмабыз, чындап эле кыргызды башкаруу кыйын экен. Бир багыт, бир агым менен агып кете берүүбүз күмөн экен. Ушундай эркиндиги күч элдин тилин таап, мамлекеттин бүтүндүгүн, улуттун улуулугун сактап кала турган адам журт башчылылыгына келээрине чоң үмүт артам.

***
Бизде коңшулардыкындай мунайыбыз болбосо да, өз ресурстарыбыз өзүбүзгө жетерлик. Менимче, орто өнүккөн мамлекеттердин катарына чыгарууга көп деле убакыт талап кылынбайт. Эгер биз мамлекеттин патриоту болсок, анда ар бирибиз Баш мыйзамды сыйлай билели. Ар кимибиз аны өзүбүзгө ыңгайлаштырбай, жалпы мамлекет, жалпы журтка кызмат өтөгөндөй Конституция кабылдайлы. Батыш мамлекеттерде Баш мыйзамы акыркы ирет качан өзгөртүлгөнү жарандардын эсинде жок. Анткени, ал бир түзүлдү, бир оңдолду, ошол бойдон мамлекетине кызмат кылуу үстүндө. Реформа деген нерсени өзгөчө дал ушул Баш мыйзамга келгенде азыраак пайдалансак болоор эле. Ошондо анын ыйыктыгы артаар.

***
Парламенттик башкаруунун артыкчылы арбын экендигине ынанам. Бирок, кылдат карап, кеңири талкууга албасак, президенттик башкаруудан пайда көрө албаган соң, парламенттик башкаруу андан да татаал экенин эске алалы. Парламенттин курамын абдан тыкыр карап, таза адамдардан куралышына жан үрөйлү.

***
Азыр ар бир кыргыздын жүрөгүндө илгери үмүт менен кандайдыр кооптонуу бар. "Өлкө тынч алаар бекен, тартип колго алынаар бекен, элдин ичинен улам козутуп, жаман нерселерге түрткөн күчтөр тынаар бекен, журт башына татыктуу, айкөлдүгү менен акылмандыгы айкалышкан адам келээр бекен?" деп түйшөлткөн сансыз соболдордун кучагындабыз.

***
Сырттан көз салып тургандарга биз укмуш коркунучтуу, кооптуу сезилип калдык. Туристтер эми шыр келалбай, биз жакка сапар алгандан буйдалып, ойлонуп калышат. Эми биз ошондой жаман атты өчүрүүгө тийишпиз. Бир адамдын жасаган кылыгынын азабын эми ар бирибиз, саясаттагыбыз да, карапайым күн кечиргенибиз да башыбыз менен тартууга туура келет. Кудай таала кыргызга ушул тапта сабырдуулук берсин!

Даярдаган
Айым НУРЖИГИТОВА




кыргыз тилиндеги гезит "Учур"
email • архив • редакция 
22-апрель, 2010-ж.:
1-бет
Ой, шумдугуңку-ур! Жакаңды кармайсың
2-бет
Алмазбек Атамбаев:
"Бакиев сот алдында сөзсүз жооп берет"

3-бет
Аликбек ЖЕКШЕНКУЛОВ, "Акыйкат үчүн" кыймылынын лидери:
"Портфелди эмес, элдин келечегин ойлойлу"

4-бет
Бийлик адилеттүү жана таза болсун!
5-бет
Түштүктөгү кырдаал А.Бекназаровго эле керекпи?
6-бет
Дүбүрт арасындагы дүбүрт
7-бет
"Исаков менен Бөлөкбаевдин орду бош…"
8-бет
"Келечек" жаштарга!
9-бет
Асия:
"Подвалда үч күн камалгам"

10-бет
Юристанбек Шыгаев,
Г.Айтиев атындагы улуттук көркөм-сүрөт музейинин директору:
"Бийлик алмашканын иркутскиден уктук"

11-бет
АСЕМА:
"Модельердик кесипке кадам таштадым"

12-бет
Талант байырлаган үйбүлөдө...
13-бет
Гороскоп
14-бет
НБАны самаган Жаныш, Байыш
16-бет
"Куурчактар ой чабыты"





Яндекс.Метрика