Ой, шумдугуңку-ур! Жакаңды кармайсың
Саясаттын ой-кырына түшүнүп болобу? Өзгөчө 7-апрелден кийин кыйла аткаминерлер анык жүздөрүн көрсөтүштү. Ошолордун бири - Бектур Асанов. Кечээ эле Кыргызстандын Пакистандагы толук ыйгарымдуу элчиси болуп жүрүп, анан өлкөдөгү абал өзгөргөндө ойт берип, Курманбек Бакиевге күтүүсүз оппозиционер болуп чыга келди. Ой, шумдугуңку-ур! Жакаңды кармайсың. К.Бакиевди тим эле душманындай сындап, жаңы бийликке ыктап чыга келгени кандай? Кыргызстандагы абал өзгөргөнгө чейин бакиевдер менен аке-үкалашып жүргөнү чындык. Анан көрүп ал, жоо качканда кызмат үчүн жанталашкандай түр жаратып, дароо эле Жалал-Абадга губернатор болуп отуруп калды. Көп өтпөй бакиевдердин тарапташтары Бектурду креслосунан оодарып салышты, бирок, убактылуу өкмөттүн жардамы менен кайрадан губернаторлукка секирди. Кыскасы, чалды-куйду жоруктар. Жалал-Абадга мындан абройлуу, эл сыйлаган адам барганда, балким башаламандыкты кескин түрдө токтотмок. Эмне дейли эми, айта берсе арман көп тура…

"Акжолчулардын" бети ачылганга аз калды
"Акжолчу" Пархад Тулендибаев деген депутат бар болчу. Улуту уйгур. Бу эл өкүлү кыргыздын кызыкчылыгы үчүн Жогорку Кеңештен сүйлөгөнүн укпаптырбыз. Биздин билгенибиз боюнча алсак, ал кафе-ресторандарды гүлдөтүп иштеткенди, анан Жаныш Бакиевге кошомат кылып, "жата" калганы белгилүү эле. Дал ушунун кылыктары боюнча келерки санда жазмакчыбыз. Ошого катар бир канча "акжолчу" депутаттардын былыктарын да изилдеп атабыз. Жакынкы күндөрдө кө-өп кызыктардын бети ачылмакчы…

И.Давыдов кайырмакка илинүүдө
Экс-энергетика министри Ильяз Давыдовго кылмыш иши козголду. Бул тууралуу Башкы прокуратуранын басма сөз кызматы маалымат тараткан. Ага ылайык, Улуттук электр тармактары ишканасынын жетекчисинин биринчи орун басары И.Давыдов "Ситихолдинг" ишканасынын жетекчиси Ш.Алибакиев менен зыяндуу келишим түзгөнү аныкталган. Натыйжада Улуттук электр тармактары ишканасы кымбат баада автотрансформатор сатып алып, мамлекетке 30 млн. 717 миң 474 сом зыян алып келген. Учурда бул кылмыш иши дагы иликтенүүдө.