Кыргыз гезиттеринин жањылыктары •
Кыргыз гезиттери ggle_h

ggle_v


Жанызакка келген каттар жана Жанызактын кайрылуулары
email  •  архив
Кайрылуу каттары
жана келген каттар:

Россиянын жарандыгын алган кыргыз патриот болбой калабы?...
Орус атуулдугун алган кыргыздар кийин Кыргызстанга келсе киргизеби?...
“Учур” гезитине айтып койгулачы...
Айгүл ШАРШЕНдин китептерин кантип сатып алам...
“Колжазма терем” дегендерге жумуш бар...
Кыргызча китептерди окугум келет, бирок тамгалар башкача чыгып калып жатат...
Кайсы диндесиз? Сайтка китеп чыгарса болобу?
Ушул сиздин сайтыңыздагы рекламалардан канча акча табасыз?
Жибербеген тыйынды “жибердим” дебегиле...
Бермет менден бир китеп сураптыр...
Жанара бизден “Тамчы” гезитиндеги материалды сураптыр...
Арабаев университетинен Жанызакка кат келиптир...
Адабий китептин биринчи бетине жаш жубайлардын ажайып сүрөтү керек......
"Кытайлык деле эмесмин, кыргызстандык элемин" деп жазыптыр Нурзада...
"Текебаевдин видеосу бар дебедиңиз беле..." деп сураптыр Меймансаптан бирөө
"Мидиндин эшек дептеринде" эмнеге "Мидин" дегенибиз "Жапар" делинип калган" дейт...
"Кыргызстанда кайсы мектеп жакшы, кызым быйыл мектепке барат эле" дейт...
Жуңгодогу “Актилек“ сайтынын ээси кечирим сурады...
Супсулууну кой, "Обонду" таппай жатыптыр...
Жуңгодогу (Кытай) “Актилек“ сайтынын “ууру“ кыргыздарына эскертүү...
Жуңго кыргыздарынын “Актилек” сайтына..
"Заман Кыргызстан" гезитине тергич тууралуу түшүндүрмө кат..
Реферат сураган экен..
Кытай кыргыздарынан ризограф сурадым эле..
Деректирдин емейл дарегин сураптыр..
Кытайлык кыргыз кызы Нурзада Расул кызы Айгеримге нааразы..
Ашкере динчилден кат келиптир..
Сулуу кыз менен таанышат элем дейт..


Поиск
Керектүү материалды ушул жерден издегиле:
ggle_h

Н.Мотуевге кылмыш иши козголду
25-мартта Нурлан Мотуев "УЧУР" гезитинин 4 компьютерин талкалап кеткен. Эч негизсиз түрдө эле зөөкүрлөнүп. Албетте, мындай кылмышын бакиевдерге таянып жасаганы белгилүү, өзүнүн духу кайдан жетмек эле дейсиң? Анан кылган кылмышын бийликчил ММКлардан жар салып, ой-да күпүлдөгөнү эсибизде. Эми ошол кылган жоругуна кылмыш иши козголду. Бизди моралдык, материалдык жактан катуу жабыркатып кеткен Н.Мотуевдин айбандыгы кандайча жазасын алат болду экен?


"Куйруктар" үчүн элдик көтөрүлүш болдубу?
"Манас" эл аралык аэропортунун бажысын Нурлан Макеев жетектеп келген. Кадимки Акылбек Жапаровдун бөлөсү болот. Кызыгы, пулдуулардын көчүгү бекем болобу (?), айтор, Н.Макеев кайрадан ордуна бекип алыптыр. Жаңы келип аткан бийлик ушунакай көрүнүштөрдү байкабаганына таңгаласың. Кимдин-ким экенине саясый баа берүү деген кайда? Же эптеп эле бакиевдерди кетирүү менен көшөгөнүн артында чалмакей чалабызбы? Түшүнбөйсүң да. Акүйдүн астындагы окко тике карап, келечек үчүн таза саясатка чыккан жигиттердин эмгегин ойлосок боло! Эмне, жапаровдордун "куйруктары" калыш үчүн элдик көтөрүлүш болдубу?


Нариман Москвада, маанайы жакшы
Бишкек шаарынын экс-мери Нариман Түлеевге кылмыш иши козголуп, издөөгө алынган. Аны каякта деп кызыгып көрсөк, Москвада качып жүргөнү белгилүү болду. Маанайы өтө жакшы дейт. Себеби, акча деген саман да. Кыргыз элинин ырыскысын жеп кетпесе, анда качпайт эле да.


Күмүшбек тизгинин тарта жүрсө…
Бажы комитетинин төрага орун басары бар болчу. Күмүшбек Курманалиев деген. Бу кадр Данияр Үсөновдун артынан чоңоюп, "жем жеп" жүргөнү тар чөйрөгө белгилүү эле. Эми Данчиктин күнү бүткөндө Күмүшбек тынчыйт го десек, тескерисинче, Темир Сариевди арбап, үлкөн кызматка сүйлөшүп атканын уктук. Баягы эпостогу "отко салса күйбөгөн, сууга салса чөкпөгөн" баатырдай болуп, К.Курманалиевдин дарамети кыйын го ыя? Кызматты чуркаган эмес, буюрган аларын көрүп жүрбөдүкпү. Андыктан Күмүшбек тизгинин тарта жүрсө дейсиң. Андан башка да азуусу курч карышкырлар бар да эй! Көзгө көп эле илине бербесе…


Мыйзамдуулук качан орнойт?
7-апрелден кийин кылмыш дүйнөсүндөгү топтор да козголуп, Кыргызстандын булуң-бурчтарында атышуулар болгону кабарланууда. Мындай кабар мекендештерибизди кыйла чочута баштады. Эгерде өлкөдө стабилдүүлүк болбосо, атышууларга күч органдары көзөмөл кыла албаса, анда өлкөбүздүн аброю кетип, эл аралык коомчулукка кабылданбай да калышы ыктымал. Ошон үчүн мыйзамдуулукту эртерээк орнотуу зарыл. Күч органдары караңгыдан көз тапкандай ойлонсо дейсиң. Коңгуроо кагып.


Көчөдө мушташтык эй (!), неге кан төктүк?..
Былтыркы президенттик шайлоонун астында "УЧУР" гезитине аябагандай кысым көрүлүп, башкы редакторубуз Асланбек Сартбаевге кылмыш ишин козгоо боюнча чагымдар жасалып, андан сырткары гезитти сотко сүйрөшүп, о.э коркутуп-үркүтүүлөрдүн үстөмдүгү байма-бай курчуганын кантип жашырабыз? Кызык дейсиң, мындай жорукту ким жасады? Башкасын айтпасак да, "УЧУРду" болбогон айып менен Бозулан Мамазаиров сотко берип, анын артынан редакторубузга иш козготуу кагазын жөнөтүп, айтор, сындыруунун айла-амалын көргөндөрүн кантип унутабыз? Чындыгы жок бу дүйнөдө суроолор түгөнбөйт экен да. Турмушта кечээгини унутсаң, алдыдагы ишиң майнапсыз болору ажеп эмес. Андыктан өткөн күндөргө баа берүү абзел. Ошол "Жаннат", "Монте-Карло", "Алтын-Казына", "Ташрабат", "Мэри" сыяктуу толгон-токой кафе-ресторандын ээси, бизнесмен Бозуландын кылыгы бүгүн жуулуп кеткендей. Атаңдынгөрү! Качкан бийликтин колтугундагы Б.Мамазаиров эркин басылманы жарым жыл эзип, үстөмдүгүн кылып келгени көпчүлүк окурмандарга маалым. Ал эми бүгүн болсо эч нерсени билмексен болуп, жаңы өкмөттүн шылуундары менен мамиле түзүүгө ашыкканы байкалууда. Албетте, Бозуландын байлык үчүн жасаган аракеттери өзү үчүн пайдалуу дечи. Бирок, ушул сыяктуу кечээги бийлик балдарына көз жумуп, баа бербесек, анда жаңы келе турган бийликтин иши оңунан чыкпайт. Анда неге "Форумдан" милисалар менен мушташып, Акүйгө не сапар алдык? Бийликтин ушунакай ыпластыгы үчүн кан төккөнүбүз талаага кетеби? Кыскасы, суроолор көп.


Нурлан Турсункулов унчугуп койсо дейсиң
Башкы прокуратура түп орду менен өрттөлүп кеткени белгилүү. Бул жерде көптөгөн маанилүү документтер бар болчу. Санабайлык. Анан эми башкы имараттын өрттөлүшүн ар кандай божомолдорго байлагандар көбөйдү. Кокустук менен көчө балдары өрттөдүбү, же атайын күчтөрдүн пландалган иши беле? Дал ушул боюнча экс-башкы прокурор Нурлан Турсункулов жооп берип койбойбу? Балким кандай жагдайда өрттөлгөнүн ал билеттир… Же унчукпаган үйдөй балээден кутулабы?


М.Конгантиев Түштүктө дарыланууда
Экс-башмилиса Молдомуса Конгантиев Таластан катуу таяк жеп, денсоолугуна доо кеткени боюнча бүтүндөй коомчулук кабар алган. Анын өмүрү 4 миллион сомго бааланып, таластыктардан сатылып алынганы да айтылууда. Молдомусанын мындай трагедиялуу көрүнүшү кичи мекенин козгоп, катуу нааразычылыктарды да жаратууда. Азыр болсо М.Конгантиев Түштүк жергесинде дарыланып атыптыр. Абалы күндөн-күнгө жакшырып баратканын кабарлашты.


Кызмат үчүн жулунуп-жулкунбаган Б.Ибраев
Башкы прокурордун милдетин аткаруучу болуп Байтемир Ибраев дайындалганы коомчулукка белгилүү. Бул фигуранын кандайча чыгып калганын түшүнбөгөндөр арбын. Ал эми бизге жеткен маалыматтар боюнча алсак, Байтемир мырза мыйзамдуулук үчүн күрөшкөн, башкалардай кызмат үчүн жулунуп-жулкунбаган, түз жүргөн жигит экен. Жерлиги Ысык-Көлдүн Тоң районунан болот. Өмүр бою прокуратура системасында иштеп, катуу такшалганын билгендер айтышат. Айтор, Б.Ибраев ушундай кыйын заманда мыйзамдуулуктун туура сакталышына көзөмөл кылса, эл үчүн иштеп берсе деген эле ой. Дагы да сыноодон өтөт да…


Марат Алматыда, Максим Ригада
Курманбек Бакиевдин балдарынын улуусу Марат Бакиев Алматыда экен. Досторунун үйүндө бугуп жатканын кабарлашты. Казак күч органдары кыргыз бийлигине өткөрүп береби (?), же кайдыгер карашабы? Ал эми Максим Бакиев АКШдан Эмиратка учам деп оолугуп барып, анан кайра акыл калчап, убактылуу Ригадан башпаанек тааптыр. Айтмакчы, Максимдин Ригада еврей достору бар экени белгилүү эмеспи. Алар эми канча күн коюндарына катып жатары белгисиз. Мансабы жок кишинин мааниси жок болору ажеп эмес. Өзгөчө еврейлер үчүн!






ggle_v

кыргыз тилиндеги гезит "Учур"
email • архив • редакция 
15-апрель, 2010-ж.:
1-бет
Жалал-Абадда ок атышуу болдубу?
2-бет
"Портфель-мародерлугунан" бийик туруп…
3-бет
Д.Медведев: "Кыргызстандагы абалга бийлик күнөөлүү"
4-бет
Таласта куралдар кайтарылууда
5-бет
Канкорлукка каршы
6-бет
Бакиевдин режиминен ок жегендер
7-бет
Өмүрчиктин "өнөрүнө" баракелде!
8-бет
Эх Асел, Оксана… Кыйынсыңар да!
9-бет
Н.Мотуевге кылмыш иши козголду
10-бет
Э-эх, мародер...
11-бет
Эр жүрөк баатырлар, элдин жүрөгүндө!
12-бет
Жакыпбек Абдылдаев, акын:
"Каржы каатчылыгы кекиртектен алып..."

13-бет
Быкмын деп, букамын деп мактанды эле.
Бык эмес али байлоо торпок тура...

14-бет
Спорт агентигинде жаңы жетекчи
16-бет
Жансоога сураган М.Эшимканов

ggle_v

oh_kaptal
WebMoney кошелек:
Z189154646502
R429713653063

Яндекс цитирования
ggle_v


Курс валют
Курсы валют к сому


Тагыраак көрсөткүчтөрдү
Кыргыз Улуттук Банкынан табасыз: биерде >>


Эркин макалалар
Макала, чыгарма, жарнама...
Алия Бактыбек:
Парламент коом жана бизнестин кызыкчылыктары үчүн иштей баштады

Алия Бактыбек:
Парламент и общество ищут пути…

Алия Тонова:
Жогорку Кеңештин депутатына 7000 жумушчу кайрылды…

Жамалбек Ырсалиев:
Темирбек Асанбековдун жомогу…

Пресс-служба
Ассоциации "Дордой":
Опровержение…

Жамиля ОРМУШЕВА:
Бразилия - новый партнер Кыргызстана…

Асылкан ШАЙНАЗАРОВА:
Жизнь, когда кости -
по 25 сомов за кг…
Кому на Руси, то есть, в KG жить хорошо?
Новая тема со старыми фигурантами
или особенности кыргызской политики
Эпатаж кыргызской политики
Вицелер парады же жумуртканы күздө санайбызбы?
"Единый Кыргызстан" ("Бүтүн Кыргызстан") един с Вячеславом Ханом?!

Кармыштегин
Макелек Өмүрбай уулу,
профессор...
"Кыргылчалдын балдары",
оозуңду тарт…

Нуркулов Канат, журналист...
"Социалдык багыттагы" көбүртүлгөн өлкө бюджети
"Социально-ориентированнный" бюджет страны с воздушными цифрами
Кыргызстандын жыртык капчыгы
же өлкө казынасын кантип толтурууга болот?
Дырявая казна Кыргызстана
или как можно пополнить бюджет страны?

Айбек Усенов
Имперский гнёт продолжается

Баймуратова Нурила...
Кыргыз Республикасынын Президенти
Отунбаева Роза Исаковнага

Мелис Эшимканов...
...кесиптештерин коноктоду.

Кабул Юлдашев:
"Я всем сердцем люблю мой Кыргызстан!"

Министрликтин жообу:
Жаңы министрликтин жообу

Турсунали Толомушов:
Жаңы министрликтин жаш кадрларынын жоруктары

Асыран Айдаралиев:
"БАНДИТ" АЖO

подполковник
Т.Сусунбаев:
Токтогулдун милициясы ИИМдин буйругун аткарбагандыктан
дисциплиналык жазасын алды.
Сотрудники милиции Сузакского района будут нести ответственность за утери табельного оружия

Жумаш Назаров:
Кочкор-Ата коркунучтабы?

Турсунали Толомушов:
Жаңы министрликтин жаш кадрларынын жоруктары

Майрам АКАЕВА...
Үмүттүн шооласы үзүлбөйт
Президенттин жарынын жазгандары
Экинчи китеп...

Академик
Аскар АКАЕВ...
Нобель сыйлыгынын лауреаттарынын жолугушуусунда доклад жасады...
Торжественный вечер, посвященный
Л.Н. Гумилеву...

Академик
Аскар АКАЕВге...:
Орустар алтын медаль беришиптир...

Aidai Masylkanova:
Улуумания
Кызык, эмне болуп жатат деги….?

Кыргыз атуулу:
Кыргызстандын жарандарына жасалган мыйзам ченемсиз эксперименттер

Аскар Акаев:
В Кыргызстане многие еще только ждут своего часа

Кабыл Шабданов
Кара-Буура Куловго нааразы

Алексей Рощин
Лучший Президент

Назаралиев Ж.
Курманбек Салиевич Бакиев, тур ордуңдан, сот келатат!

Турсунбай Бакир уулу
"Мой курс - отстранить родственников президента от власти"

Назаралиев Ж.
Курманбек Бакиев кимди мураскер кылып калтырат?
Кого Курманбек Бакиев назначит преемником?



bottom
гезит сайтка чыгарылыш туралуу Жакшылык:
емейл:presskg@outlook.com
тел.: +996557106640
 0312 87 28 79
Сайт жөнүндө:
Бул айылда негизинен кыргыз гезиттери
электрондук тиркеме түрүндө жарыяланат.
Архивге, емейлге жана редакцияга шилтемелер
ошол гезиттин башбарагында берилген.
Жеке макала жарыялоого буйрутмалар кабыл алынат.
Сведения о сайте:
На сайте публикуются в основном кыргызскоязычные газеты в виде электронных подшивок данных газет.
Ссылки на архивы, емейл и данные о редакции
указаны на главной странице конкретной газеты.
Принимаются заказы на публикацию частных статей.
Алган материалга шилтеме бериңиз!  © J.Janyzak, Kyrgyzstan  Ссылки на взятые статьи обязательны!

Яндекс цитирования