Кыргыз гезиттеринин жањылыктары •
Кыргыз гезиттери ggle_h

ggle_v


Жанызакка келген каттар жана Жанызактын кайрылуулары
email  •  архив
Кайрылуу каттары
жана келген каттар:

Россиянын жарандыгын алган кыргыз патриот болбой калабы?...
Орус атуулдугун алган кыргыздар кийин Кыргызстанга келсе киргизеби?...
“Учур” гезитине айтып койгулачы...
Айгүл ШАРШЕНдин китептерин кантип сатып алам...
“Колжазма терем” дегендерге жумуш бар...
Кыргызча китептерди окугум келет, бирок тамгалар башкача чыгып калып жатат...
Кайсы диндесиз? Сайтка китеп чыгарса болобу?
Ушул сиздин сайтыңыздагы рекламалардан канча акча табасыз?
Жибербеген тыйынды “жибердим” дебегиле...
Бермет менден бир китеп сураптыр...
Жанара бизден “Тамчы” гезитиндеги материалды сураптыр...
Арабаев университетинен Жанызакка кат келиптир...
Адабий китептин биринчи бетине жаш жубайлардын ажайып сүрөтү керек......
"Кытайлык деле эмесмин, кыргызстандык элемин" деп жазыптыр Нурзада...
"Текебаевдин видеосу бар дебедиңиз беле..." деп сураптыр Меймансаптан бирөө
"Мидиндин эшек дептеринде" эмнеге "Мидин" дегенибиз "Жапар" делинип калган" дейт...
"Кыргызстанда кайсы мектеп жакшы, кызым быйыл мектепке барат эле" дейт...
Жуңгодогу “Актилек“ сайтынын ээси кечирим сурады...
Супсулууну кой, "Обонду" таппай жатыптыр...
Жуңгодогу (Кытай) “Актилек“ сайтынын “ууру“ кыргыздарына эскертүү...
Жуңго кыргыздарынын “Актилек” сайтына..
"Заман Кыргызстан" гезитине тергич тууралуу түшүндүрмө кат..
Реферат сураган экен..
Кытай кыргыздарынан ризограф сурадым эле..
Деректирдин емейл дарегин сураптыр..
Кытайлык кыргыз кызы Нурзада Расул кызы Айгеримге нааразы..
Ашкере динчилден кат келиптир..
Сулуу кыз менен таанышат элем дейт..


Поиск
Керектүү материалды ушул жерден издегиле:
ggle_h

Эдилдин жаны баарынан таттуубу?
Убактылуу өкмөттүн аппарат жетекчиси Эдил Байсалов Швециядан келе калып, кыйынсынып киргенинен жакабызды кармадык. Элдин баарын башкарып кирди эй! Айтмакчы, карапайым калктын башына кыйын иш түшүп, оппозиция бакиевдер бийлигинен очорулуп, кордук көрүп турганда Эдил куйругун түйүп, батышка качып кеткени эсибизде. Плащы "Форумда" калган, анысын алганга үлгүрбөй... Бүгүн алып кетчи, дагы эле илинген боюнча турат. Эгер эркек болсо качпайт эле. Маселен, Аликбек Жекшенкулов, Исмаил Исаков, Эркин Бөлөкбаев, Сапар Аргынбаев, Уран Рыскулов сыяктуу патриоттор качкан жок. Түрмөгө отуруп чыгышты. Кордукту көрүштү, бирок сынышпады. А Э.Байсалов безген бойдон качып кетип (жаны өзгөчө таттуу беле?), эми эл жеңишке жеткенде чоң болуп чыга калганына жол болсун. Мындай бовойт да, туугандар! Кимдин ким экени кыйынчылыкта билинет. Кокус эртен бирдеме болсо, кайрадан Эдилге окшогондор жылт койбосо дейсиң. Эгерде бийликтеги адамдардын ырааттуу, таза жолу көрүнбөсө, анда жаңы өкмөттүн да өмүрү кыска болоору ажеп эмес.


Эх Асел, Оксана… Кыйынсыңар да!
"24.КG" агенттиги күчөп баратат. Өзгөчө Алмаз Атамбаевди шыбаган жагынан камчы салдырбай. Чагымды эми укмуш кылышат тура, Алмаз мырза Орусиянын өкмөтүнүн адамдары менен жолугушуп келгенин айтса, булар ал маалыматты бурушуп, "Путин менен жолуккан эмес, алдап атат" дегендей чагым жасашууда. Атургай В.Путиндин басма-сөз жетекчилигинен да кабар алышып, А.Атамбаевди шыбап эле жатып калышты. Ал эми көшөгө артындагы саясаттан кеп кылсак, "24. КG" агенттигинин ээси Каныбек Жороев экендиги белгилүү. Бул фигура Алмаз Шаршеновичке элдешкис каршы адам. Маселе түшүнүктүү да, туурабы? Кызыгы, ушул агенттикти Асел Оторбаева жетектегени, анын артында Оксана Малеванная турганы, айтор, качып кеткен бийликтин бутак-шагы кайрадан козголуп, айбат көрсөтүп атканына таңгаласың. Кечээги бийликтин "жылуу достору"… Кызык да, ушундай кыйын кырдаалда жалган маалыматтар көзөмөлдөнбөсө, мунун өзү убактылуу өкмөттүн кайдыгерлигиби? Өздөрүнүн башына өздөрү муш уруп!


С.Соурбаева оппозицияны соо койгон эмес…
КТРдын Ала-Тоо маалымат программасынын продюсери бар болчу. Сюита Соурбаева деген. Түбү Жалал-Абаттан болот. Эми бул айымдын кылган кылыгы арбын. Башкасын айтпасак да, оппозиция уюштурган Элдик Курултайды бүт Кыргызстанга маскаралаган. Кантип дебейсизби? Көчөдөгү БОМЖдорду, мушташкандарды, аракечтерди журналисттерине тарттырып, "мына оппозициянын Курултайы" деп КТРдан көрсөткөн. Азыркы убактылуу өкмөткө келген оппозицияны шыбатмай жагынан Сюита камчы салдырбай келди го, чиркин! Эми ушул айымды тынчып калабы десек, болбой эле кайра кызматка чуркап, жулунуп атканын айтышты. Ушул күндө КТРдеги көпчүлүк кызматкерлер С.Соурбаевага нааразы болушуп, кыжырлары кайнап атыптыр.


Мухтардын артында күбүр-шыбыр сөздөр
"Замандаш" партиясынын төрагасы Мухтар Өмүракунов жыл сайын жыл мыктыларын белгилеп келгени белгилүү. Өткөн жылда Молдомуса Конгантиевге "Жылдын мыкты адамы" номинациясын ыйгарып, дуулдата кол чаптырган эле. А Молдомусанын кылыктарын айтпасак да белгилүү. Мына ушундай адамды даңазалаган Мухтар мырза саясый аракеттерин баштады. Албетте, М.Өмүракунов жигердүү, кыйын жигит. Бирок, өткөн күндөрдөгү катачылыктарын моюнга алып, интервью берип койсо жакшы болот эле. Болбосо күбүр-шыбыр сөздөр курчуп атат. "Жаңылбаган жаак, мүдүрүлбөгөн туяк" болбойт эмеспи.


А.Шаршеновичтин айланасында сөөк аңдыгандарбы?
Тагдырдын тамашасын кара, СДПКнын башына иш түшүп, кыйын кырдаалда партиянын мүчөлөрү эшилген кумдай эле көрүнүштү жаратышкан. Ток этери, Алмаз Атамбаевдин айланасынан качышып, баштарын калкалап баса беришкен. Алар: Өмүрбек Бабанов, Осмон Артыкбаев, Рахат Ирсалиев, Бакыт Бешимов, Эдил Байсалов, Мурат Жураев, Жусупжан Жээнбеков, Сооронбай Жээнбеков сыяктуу СДПКчылар болчу. Булар "Атамбаев менен жүрсөк аңга түшөбүз" маанисинде кубулушуп, ачык эле сатып кеткендей мамиле жасашкан. Айрымдары бакиевдердин колтугуна кире качышып, ханга салам бербей калышкан да. Азыр болсо кайрадан А.Атамбаевди айланчыкташып, сөөк аңдыган иттердин образына түспөлдөшкөнүнө, самсаалап жүрүшкөнүнө күйөсүң. Булардын асты бакыйган кызматтарга отурду. Чындык кайда, Алмаз Шаршенович?!


Гүлжан менен Нуржамалдан башка сулуулар жокпу?
Ой, чүрөктөр! Гүлжан Гулмамбетова менен Нуржамал Бурханова кайрадан КТРдан сайрай башташты го. Кечээ эле оппозицияны шыбап, табалаган жылмаюулар менен жыргашып, а мындай көрүнүштөн Кыргызстандын кыйыры кыжырданды эле. Эми болсо эч нерсе болбогондой жаркылдашып, оппозицияны мактап киришкенине таңгаласың. Адам болгондон кийин принцип, туруктуу позиция болуш керек да. Ушунчалык да кубулма жүздүү болушабы? Кудайды карашса боло! Жок дегенде уялып, эфирден оолак тура турушпайбы? Мына ушундайлар КТРдын жүзү болуп келишкени, натыйжада элди ирээнжиткени белгилүү. Чындык үчүн айтып коюш керек: Гүлжан менен Нуржамалдан башка кадрлар жок бекен? Булардан профессионал, билимдүү, акылдуу, аябагандай сулуу кыздар толтура эй! Эмне, КТР жетекчилиги ойлонбойбу?



Темикенин жанында
портфелчен бизнесмендер
7-апрелден кийин убактылуу өкмөттүн мүчөсү Темир Сариевдин айланасында портфель көтөргөн бизнесмендер толуп кеткени, бура бастырбай атканы боюнча кабар алдык. Ошол портфелдердин ичинде эмне бар болду экен? Эмнеси болсо да, Темике такшалып калган саясатчы эмеспи, аларга алданбаса керек. Биз дагы ушул сыяктуу көптөгөн маалыматтарга кызыгып турмакчыбыз…


Жыдыган аткминерлер "эшик жыртып"…
Кызматың түшкүрдүн кумары ушунча да бети жок болобу? Кечээги жыдыган аткаминерлер бүгүн жанданып, убактылуу өкмөттүн "эшигин жырта" башташты. Маселен, Жантөрө Сатыбалдиев, Карганбек Самаков, Алмамбет Матубраимов ж.б. Таңгаласың, адамдар ушунча да өзгөрүлмө болобу?


М.Суталинов Алматыда бугуп жатат
"Мурзилка" Мурат Суталинов Кыргызстандан качып кетти. Бизге жеткен маалыматтарга караганда, ал Алматыда бугуп жатат. Муратка кылмыш иши козголуп, издөөгө да алынды. Казактардын бизге көңүлү түз болсо, М.Суталиновду кармап бериши керек. Кечээги кылмыш иштерине жигитче жооп берсин да.






ggle_v

кыргыз тилиндеги гезит "Учур"
email • архив • редакция 
15-апрель, 2010-ж.:
1-бет
Жалал-Абадда ок атышуу болдубу?
2-бет
"Портфель-мародерлугунан" бийик туруп…
3-бет
Д.Медведев: "Кыргызстандагы абалга бийлик күнөөлүү"
4-бет
Таласта куралдар кайтарылууда
5-бет
Канкорлукка каршы
6-бет
Бакиевдин режиминен ок жегендер
7-бет
Өмүрчиктин "өнөрүнө" баракелде!
8-бет
Эх Асел, Оксана… Кыйынсыңар да!
9-бет
Н.Мотуевге кылмыш иши козголду
10-бет
Э-эх, мародер...
11-бет
Эр жүрөк баатырлар, элдин жүрөгүндө!
12-бет
Жакыпбек Абдылдаев, акын:
"Каржы каатчылыгы кекиртектен алып..."

13-бет
Быкмын деп, букамын деп мактанды эле.
Бык эмес али байлоо торпок тура...

14-бет
Спорт агентигинде жаңы жетекчи
16-бет
Жансоога сураган М.Эшимканов

ggle_v

oh_kaptal
WebMoney кошелек:
Z189154646502
R429713653063

Яндекс цитирования
ggle_v


Курс валют
Курсы валют к сому


Тагыраак көрсөткүчтөрдү
Кыргыз Улуттук Банкынан табасыз: биерде >>


Эркин макалалар
Макала, чыгарма, жарнама...
Алия Бактыбек:
Парламент коом жана бизнестин кызыкчылыктары үчүн иштей баштады

Алия Бактыбек:
Парламент и общество ищут пути…

Алия Тонова:
Жогорку Кеңештин депутатына 7000 жумушчу кайрылды…

Жамалбек Ырсалиев:
Темирбек Асанбековдун жомогу…

Пресс-служба
Ассоциации "Дордой":
Опровержение…

Жамиля ОРМУШЕВА:
Бразилия - новый партнер Кыргызстана…

Асылкан ШАЙНАЗАРОВА:
Жизнь, когда кости -
по 25 сомов за кг…
Кому на Руси, то есть, в KG жить хорошо?
Новая тема со старыми фигурантами
или особенности кыргызской политики
Эпатаж кыргызской политики
Вицелер парады же жумуртканы күздө санайбызбы?
"Единый Кыргызстан" ("Бүтүн Кыргызстан") един с Вячеславом Ханом?!

Кармыштегин
Макелек Өмүрбай уулу,
профессор...
"Кыргылчалдын балдары",
оозуңду тарт…

Нуркулов Канат, журналист...
"Социалдык багыттагы" көбүртүлгөн өлкө бюджети
"Социально-ориентированнный" бюджет страны с воздушными цифрами
Кыргызстандын жыртык капчыгы
же өлкө казынасын кантип толтурууга болот?
Дырявая казна Кыргызстана
или как можно пополнить бюджет страны?

Айбек Усенов
Имперский гнёт продолжается

Баймуратова Нурила...
Кыргыз Республикасынын Президенти
Отунбаева Роза Исаковнага

Мелис Эшимканов...
...кесиптештерин коноктоду.

Кабул Юлдашев:
"Я всем сердцем люблю мой Кыргызстан!"

Министрликтин жообу:
Жаңы министрликтин жообу

Турсунали Толомушов:
Жаңы министрликтин жаш кадрларынын жоруктары

Асыран Айдаралиев:
"БАНДИТ" АЖO

подполковник
Т.Сусунбаев:
Токтогулдун милициясы ИИМдин буйругун аткарбагандыктан
дисциплиналык жазасын алды.
Сотрудники милиции Сузакского района будут нести ответственность за утери табельного оружия

Жумаш Назаров:
Кочкор-Ата коркунучтабы?

Турсунали Толомушов:
Жаңы министрликтин жаш кадрларынын жоруктары

Майрам АКАЕВА...
Үмүттүн шооласы үзүлбөйт
Президенттин жарынын жазгандары
Экинчи китеп...

Академик
Аскар АКАЕВ...
Нобель сыйлыгынын лауреаттарынын жолугушуусунда доклад жасады...
Торжественный вечер, посвященный
Л.Н. Гумилеву...

Академик
Аскар АКАЕВге...:
Орустар алтын медаль беришиптир...

Aidai Masylkanova:
Улуумания
Кызык, эмне болуп жатат деги….?

Кыргыз атуулу:
Кыргызстандын жарандарына жасалган мыйзам ченемсиз эксперименттер

Аскар Акаев:
В Кыргызстане многие еще только ждут своего часа

Кабыл Шабданов
Кара-Буура Куловго нааразы

Алексей Рощин
Лучший Президент

Назаралиев Ж.
Курманбек Салиевич Бакиев, тур ордуңдан, сот келатат!

Турсунбай Бакир уулу
"Мой курс - отстранить родственников президента от власти"

Назаралиев Ж.
Курманбек Бакиев кимди мураскер кылып калтырат?
Кого Курманбек Бакиев назначит преемником?



bottom
гезит сайтка чыгарылыш туралуу Жакшылык:
емейл:presskg@outlook.com
тел.: +996557106640
 0312 87 28 79
Сайт жөнүндө:
Бул айылда негизинен кыргыз гезиттери
электрондук тиркеме түрүндө жарыяланат.
Архивге, емейлге жана редакцияга шилтемелер
ошол гезиттин башбарагында берилген.
Жеке макала жарыялоого буйрутмалар кабыл алынат.
Сведения о сайте:
На сайте публикуются в основном кыргызскоязычные газеты в виде электронных подшивок данных газет.
Ссылки на архивы, емейл и данные о редакции
указаны на главной странице конкретной газеты.
Принимаются заказы на публикацию частных статей.
Алган материалга шилтеме бериңиз!  © J.Janyzak, Kyrgyzstan  Ссылки на взятые статьи обязательны!

Яндекс цитирования