![]() |
|
Кайрылуу каттары жана келген каттар:
Өмүрчиктин "өнөрүнө" баракелде!Кечээги 1-вице-премьер-министр Өмүрбек Бабановду Алмаз Шаршенович бир жарым мүнөт кабыл алганы айтылууда. Учурашуудан кийин эле тескери сөз айтылгандыр, себеби, Ө.Бабанов Алмаз мырзаны сатып кеткени эсибизде... Бу жолу бизнесменге бийлик жетпей калганбы, айтор, анын НТСке (телеканалга) ээ болгонун уктук. "Жоктон көрө жогору" дегендей, бу да болсо ийгилик эмеспи. Өмүрчиктин "өнөрүнө" баракелде! Б.Наргозуевди ким жазалайт? "Акжолчу" Бегалы Наргозуев: "Максим Курманбекович президент болсо…" деп Кудайдан тилеп, кыргыздын ырыскысына бүткөн бала катары Максимди айга-күнгө теңеп мактады эле. Мындай кылыгына аргасыз баш чайкаганбыз, "көзү май басып калганбы?" деп. Андан да кызыгы, Азимбек Бекназаровдун жардамчысы Самсалы Четимбаевди издеп атканын, кармаса жазалатарын да айтып жүрчү. Эми заман өзгөрдү, Самсалы мырза Б.Наргозуевдин кечээги кылыктары үчүн иш козготуп, камакка алдырбаса болду. Шамалдын мындай желин Бегалы мырза сезгенби, айтор, кылмышка шектүү достору менен жашырынып, тоо таяна түйүнчөгүн артынып жүрөт дейт. Кыязы Арашан айылындагы үч кабаттуу дачасында винодон бастырып, өткөн күндөргө өкүнүп жүргөндүр. Баса, "бу оппозиция бийликке эч убакта келе албайт, эгер келсе мен каршы чыгам" деп Б.Наргозуев эчен ирет күпүлдөгөн. Эми оппозиция болобу? Ай ким билет (?), миллиондогон акчалары менен бизнесин тарттырып ийбегей эле… Ырыскелди Момбеков отставкага кетеби? Маданият агенттигинин жетекчилигинин милдетин аткаруучу болуп Ырыскелди Момбеков дайындалган. Жигердүү дем менен ишин баштаганына күбө болгонбуз. Ал эми кечээги айрым маалыматтарга караганда, Ырыскелди мырза отставкага кетүүгө даярдана баштады дейт. Мындай кадамына түшүнбөй турубуз. Чындыкты жазган журналистке маданият агенттигинин ички турмушу жакпай калганбы? Же ыплас интригалык жоруктардан жогору турайын дегениби? К.Исабеков менен Ф.Куловдун эки жүздүүлүгү Элдик жеңиштен кийин "акжолчу" Кубанычбек Исабеков оппозиция лидерлерине жантарткандай мамиле жасап, "Курманбек Бакиев президенттигин өткөрүп бериши керек" деп айтып чыкты. Ой тоба-а, кечээ эле оппозицияны ашата шыбап, ызырынып жүргөн Кубанычбектин мынчалык тез өзгөрөрүн ким ойлоптур? Курманбек Бакиевди баласына өкүл ата шайлап, кошоматтанып жүргөнүн элита чөйрөсү жакшы билет. Эми минтип тескери кеткени К.Исабековдун эки жүздүүлүгүн айгинелеп атпайбы. О.э. Феликс Кулов да ойгонуп, К.Бакиевдин президенттик креслосунда отурууга укугу калбаганын билдирүү менен жоопко тартылуусун кыйытып өттү. Оош-кыйыш заманың ушу тура, бу экөө тең бакиевдердин арыгын чаап, ырын ырдап жүргөндөрү элдин эсинде. Анан эми заман өзгөргөндө кубулушуп, ойт берүү менен башкача сайрап чыга келишкендерин кара. Баш чайкайсың. Айла жок, айла жок… "Мен акыры президент болом!" 7-апрелдеги кандуу окуядан кийин Доктор Апас Москвадан атайын учуп келип, Кыргызстандын президенти болууга аябай аракет жасап, бирок тилеги таш каап калды. Талкаланган Акүйгө кирип, 7-кабатка да чыкты, президенттин кабинетине баш багып, өзүн канчалык мамлекет башчысы сезейин десе дагы, бул аракети э-эч коошподу. Ошол жерден эле өлкөнү башкарайын деди окшойт, бирок аны жан адам укпады. Кыялдагы эңсөөлөр менен эргип, өзүн президент сезип турганын көпчүлүккө айтып атты. Анан эки жагын карап, "мен акыры Кыргызстандын президенти болом!" деп кыйкырып алды. Жанындагы жаш балдар таңгалгандай карап койду. А Доктор Апас өзүн сөзсүз президент болоруна ишендирип атты… Кайсы күчтөрдүн рейдерлиги ыя? Бакиевдер үйбүлөсүнөн калган байлыктарды айрым шылуундар рейдерлик кылууга аракет жасашып аткандары айтылууда. Эсибизге түйүп коюш керек: баардык байлыктар мамлекеттин казынасына түшүүсү зарыл. Эгерде мындай болбосо, анда карапайым калк кайрадан толкуп кетери ажеп эмес. Жалпы эл азырынча убактылуу өкмөттөн жакшылыкты үмүт кылууда. Ал эми жең ичиндеги байлыктарды басып алуулар боюнча кийинки сандарда кабарламакчыбыз. Акүйдүн куту кетти, жаңысы курулса… 2005-жылкы төңкөрүштө Акүйдү эл басып алып, талкалап салганы эсибизде. Ошол эле жылы барыктабасовчулар да басып кирип, Акүйдү чала-була сапырган болчу. Эми 7-апрелдеги кандуу кагылышта кайрадан хан сарайга чабуул жасалып, талкаланды, атургай өрттөлүп да кетти. Кыскача айтканда, Акүйдүн куту таптакыр кетти. Мындай көрүнүшкө Аскар Акаев менен Курманбек Бакиевдин сокур саясаты себепкер экени баарына маалым. Мамлекет башчы отура турган жер улам эле тебелене берсе, албетте, кийинки келе турган бийликтин кадырына да доо кетет. Андыктан бир идея бар: убактылуу өкмөт бар күчүн жумшап, жаңы Акүй имаратын куруусу зарыл. Эгерде бул боюнча ак ниеттүү аракет болсо, анда каражат жагы да табылары турулуу иш. У.Барыктабасов жандана баштады Ушул кезде Урмат Барыктабасов да жөн жатпай, "кыргыз эли үчүн эмне жакшылык жасасам?" деген ойдо толгонуп, тымызын иштер менен алпуруша баштаптыр. Эсиңерде болсо, Урмат мырза миллиондогон сомдорду Кыргызстанга таратып, аны кайра элден кайрып алган эмес. Чөнтөгү тешик карапайым калк бир жыргап алганын билебиз. Кийин бакиевдерден куугунтук жеп, сыртка чыгып кетүүгө аргасыз болгон. Эми болсо мекенине кайтып келип, эл үчүн чоң иштерди баштаган атыптыр. Кыязы президенттик шайлоого аттанып, бар күчүн сынап көрөбү? Мындай кадамга барса, анда өзү жалгыз саясый күч болуусу кыйын. Балким аброю бар саясатчылар менен союздаш болуп, биримдикте кадам таштап чыгаар. Эгерде татыктуу күч менен бириксе, Урмат мырзанын урматы артаары турулуу иш. Б.Иманалиевдин коомчулукка жүзү жарык Эсиңерде болсо, Ысык-Көлдөгү 4 пансионат казактарга кетип атканда биринчилерден Бакыт Иманалиев Жогорку Кеңештен чуу көтөрүп, бийликтин сатмай саясатына ачык эле каршы чыккан. Кыргыз элинин байлыгын сактап калуу үчүн күрөшсө, анысы Акүйдөгүлөргө жакпай калып, каршылыктар абдан күчөгөн эле. Ошондо Бакыт мырза "тойдум байдын кызына!" дегенчелик кылып, депутаттыкты таштап баса берген. Мындай кадамы менен коомчулук астында жүзү жарык бойдон кала берди. Өзгөчө ысыккөлдүктөр Бакыт Иманалиевдин мекенчилдигин жакшы сыйлаганын билебиз. А бүгүнкү кыйын кырдаалда дал ушундай адамдар мамлекетке кызмат өтөсө, элге пайдалуу болобу дейсиң… "Бригада" тобу жандалбастаганда Кан төккөн бийликтин "Бригада" аталышындагы тобу бар эле. Алар Марат Султанов, Камчыбек Ташиев, Садыр Жапаров сыяктуу аткаминерлерден куралган. Эми ошолор убактылуу өкмөттүн мүчөлөрүнө, саясый күчтөргө тымызын сүйлөшүүгө барып атыптыр. Башкы максаттары ушул: байлыктары менен өз жандарын сактоого жандалбас урушуп. Атаңгөрү, кечээги кылыктарын эстеген киши болсочу!
WebMoney кошелек: Z189154646502 R429713653063
Тагыраак көрсөткүчтөрдү Кыргыз Улуттук Банкынан табасыз: биерде >> Макала, чыгарма, жарнама...
Алия Бактыбек:
Алия Бактыбек:
Алия Тонова:
Жамалбек Ырсалиев:
Пресс-служба Ассоциации "Дордой":
Жамиля ОРМУШЕВА:
Асылкан ШАЙНАЗАРОВА: Кармыштегин Макелек Өмүрбай уулу, профессор...
Нуркулов Канат, журналист... Айбек Усенов
Баймуратова Нурила...
Мелис Эшимканов...
Кабул Юлдашев:
Министрликтин жообу:
Турсунали Толомушов:
Асыран Айдаралиев:
подполковник Т.Сусунбаев:
Жумаш Назаров:
Турсунали Толомушов:
Майрам АКАЕВА...
Академик Аскар АКАЕВ...
Академик Аскар АКАЕВге...:
Aidai Masylkanova:
Кыргыз атуулу:
Аскар Акаев:
Кабыл Шабданов
Алексей Рощин
Назаралиев Ж.
Турсунбай Бакир уулу
Назаралиев Ж.
|
|
|
| |||||||||||||||||