Жансоога сураган М.Эшимканов Бул хансарай Максимдин "куйругу", Мелис Эшимкановдун өргүгөн жайы. Жансоогалап Темир Сариевдин инисинин атына жармашып, үйүн аман-эсен сактап калган кербези.
Молдомуса СДПКга Корголоп Кечээ оппозицияны куугунтуктап, кордук көрсөткөн Молдомуса Конгантиев үйүн элден сакташ үчүн "СДПК", "Эл менен!" деп жазып, аман-соо калгандагы көрүнүшү.
Шоу-төр
Айжандын арбын эксперменттери
Анда ырчы айым акыркы жылдардагы эксперименттерине өзү токтолуп, баян салсын:
"Ички дүйнөм өзгөрүшүнө, маанайымдын жакшырып-чөгүшүнө жараша образым өзгөрө түшөт. Жаңырткан ырларым да ошол акыбалымды чагылдырат. Маселен. Бир кезде чачымды узартып, өрүп жүргөм. Анда көңүлүм "Сары-Ой" ырын жакын санап, ошол ырды жаңыртууга түрткөн. ***
Дайым бир образды сактап жүрө албайм, жүдөп кетмейим бар. Клеопатра багытын алып жүргөнүмө жарым жылдан ашты. Азыр эмне кылып жиберсем деп, образдан образ тандап жүргөн убагым. "Чачыңды жөн койчу", - деп апам уруша берет. Кээде "биротоло кырдырып сал" дечү. Айтканындай эле, чачымды таптакыр алдырып да жүрбөдүмбү. Анын натыйжасында, жакшы чач чыкты. Анан ичимдеги букту чыгарып алдым. Жылан деле терисин алмаштырып турат эмеспи. Бирок, түсүн такыр алмаштырбайм, дайым кара түстө. Апам "сары алтыным" деп эркелеткендей, өзүм сары болсом... Анан да, менимче, кыргыздын кызы болгон соң, миң тырышсак да, блондин боло албайбыз го... ***
Кээде адам баласы турмушунда жаңы барактарды ачууда өз кебетесин да өзгөртөт. Өзүмдөн эле байкасам болот. Узакка бир образ менен жүрүп калсам, кадимкидей кысылып, бир кызык абалга тушугам. Албетте, анын баары ичтеги жеке көйгөй, жеке жагдайдан улам келип чыгат. ***
Жаңы образ жараткан маалда учуп, көкөлөп калам. Ар бир жаңы образ жашоомдо бир жаңы башаттардын башталышы катары кабылданат. Көзүмө баары жаркын, жагымдуу түстөргө боелгонсуп көрүнөт. ***
Кээ бир ырларымда күлөм, айрымдарында ыйлайм. Кээде муңдуу, кээде шаңдуу. Фольклор, классика, джаз, попса багыттарында ырдайм. Тилдери да ар кандай, кээде испанча, орусча, бир туруп казакча, өзбекче ыр жаңырта берем. Эгер жүрөгүмдө бөксө жер болсо, ырдагы ушундай ар түрдүүлүк менен толукталып турат. ***
Еванын образын жарата коем деп, көп кепке кабылдым. Бирок, мен андан өөн учураган жагдайды көрбөйм. Бул менен мен жандүйнөмдөгү нерселерди чагылдырып алгандырмын. Жыланга оролдум, колумда алма. Ева бейиште туруп, алмага азгырылды. Аял, атүгүл адамдын баары ошол. Турмушта бир нерсеге азгырылат, көпчүлүк учурда азабын тартып калат. Ал сүрөттөр менен денемди көргөзгүм келген жок, аялдарды турмушта ар кандай азгырыктарга арбалбасын тилек кылып, бир чакырык таштагым келген. Балким, бул ойлорум менен макул болгон адамдар мени терең түшүнөр. ***
Турмуш өзү да "эксперименттерден" турат. Аракет кыласың, буйруса, берекетин көрөсүң. Биринчи турмушум түбөлүк болбоду, экинчи ирет аракетке баруудан качпайм. Балким, бир жыл ичинде кайрадан ак жоолук салынып калгым бардыр. Дароо катар-катар бала төрөп, үйбүлөмдү кеңейтем. Ошол күндө да ырды таштабайм. Себеби, ырдан, үйбүлөм, Мекенимден башка байлыгым жок экенин аңдаган куракка жеттим. Азыркы тапта кыздуу болсом экен деген тилек менен жүрөм. Эгерде мен аялдык бакытты ырга салсам, анда угармандарым, күйөрмандарым "Айжан, бактысын тапкан экен" деп бүтүм чыгарышса болот. Жазып алган Айым НУРЖИГИТОВА
Сайт жөнүндө: ► Бул айылда негизинен кыргыз гезиттери электрондук тиркеме түрүндө жарыяланат. ►Архивге, емейлге жана редакцияга шилтемелер
ошол гезиттин башбарагында берилген. ► Жеке макала жарыялоого буйрутмалар кабыл алынат.
Сведения о сайте: ► На сайте публикуются в основном кыргызскоязычные газеты
в виде электронных подшивок данных газет. ► Ссылки на архивы, емейл и данные о редакции указаны на главной странице конкретной газеты. ►Принимаются заказы на публикацию частных статей.