Ышкыбоз!

Жакыпбек Абдылдаев, акын:
"Каржы каатчылыгы кекиртектен алып..."
Өткөн айдын аягында Бишкек шаарында балдар адабиятына арналган эл аралык сынак өттү. Бир нече көрүнүктүү мамлекеттердин акын-жазуучулары катышкан ал сынакка биздин Жакыпбек Абдылдаев аттуу агабыз катышып, биринчи орунга арзыды.

-Бул конкурска кандайча катышып калдыңыз?
-Чыгармачылыгымдын олуттуу бөлүгү балдар темасына арналган. Анан "Азур" басма үйү "Балдар китеби-2009" аталган эл аралык сынакты уюштуруп, кыргыз, орус тилдериндеги проза жана поэзиялардын кабыл алынып жатканын угуп калдым. Ага кыргызча поэзиямды жөнөткөм.
-Кайсы мамлекеттер катышты?
-АКШ, Израиль, Россия, Өзбекстан, Казакстан жана биздин өлкөдөн акын, жазуучулар катышты. Биринчи орунга 1000 Евро байгеси бар экен. Дал ошол биринчиликке поэзия жаатында мен жетиштим. Ал эми проза боюнча израилдик акын биринчи орунду ээледи.
-Чыгармачылыктан башка эмне менен алексиз?
-Өндүрүш тармагында 30 жылдан ашуун эмгектинип келатам. Ошол себептен адабиятка баш отум менен кире алган жокмун. Бирок тагдырдын буюруп берген өнөрү жанды жөн койбойт тура. Акыры калемим колуман түшкөн жок. Анүстүнө чыгармачылыкка чыйыр салган учур Советтер Союзу мезгилине туш келди. Ал убакта маданият жаатына катуу көңүл бурулчу. Гезитке жазылып окуп, китепканага бат-бат каттап турчубуз. Бул чыгармачылыкты өнүктүрүүгө чоң өбөлгө түзгөн. Ал эми өндүрүш тармагындагы ишим турмушта керектүү, кадырлуу кесибим. Азыр да ал тармакта эмгетенип келем.
-Чыгырмачылыкта кризиске учураган мезгилдер болобу?
-Албетте. Күнүгө эле жаңы идея келе бербейт да. Атайын бирөөгө арнап жазган ыр укмуштуу деле болбойт. Жүрөгүңө эргүү келип, жаның жай албай, жүрөктөгү нерсени кагаз бетине төкмөйүнчө керемет саптар жаралбайт. Ансыз болор-болбос саптар жазылып кетиши ыктымал.
-Ал эми экономикалык кризистин таасири калемдин шилтемине тоскоол болбойбу?
-Кантип болбой койсун? Болгондо да кандай болот. Чыгарма коомдогу окуялар, ичтеги сезимдердин аркасы менен жаралат да. Ал жаралары менен окурманга жетип турганы жакшы. "Темирди ысыгында чап" дегендей. Ал эми каржы каатчылыгы кекиртектен алып, китеп чыгармай турсун башкасына каражат жетпей турса, кантип элге чыгармалар жетмек эле. Эл да мындай маалда китеп окубайт да. Ошентип далай жакшы ырлар жарык көрбөй кала берет.
-Чыгармачылыгыңыздын негизги мазмуну эмнеде?
-Менин чыгармачылыгым үч бөлүктөн турат десем болот. Лирикалык ырлар, сатира жана пародия жанры. Сатира жана пародиялык чыгармаларымда коомдо болуп аткан терс көрүнүштөрдү, аял-эркектин терс кылыгын шакабалайм. Бирок алар атайын бир адамга тиешелүү эмес, жөн гана жалпы коомчулуктун талуу жерлерин ачып көрсөтүү максатында жазылат. Анан балдарга арналган чыгармаларым дагы көп. Айтып кеткендей жогорудагы сынакка дал ошол бөбөктөргө арналган ырларым менен катыштым.
Бегимай Бакашева




  Уютма

Алишер Тоотаев:
"Аялыма сүздүрө элекмин"
Алишер ырчылык, обончулук өнөргө кеч келди. Азыркы учурда онго жакын чыгармалары менен эл ичинде оозго алына баштады. Алсак: "Балалык", "Күтүшкөн күндөр", "Айылга" ж.б.

- Чыгармачылыктын башаты кайдан башталган?
- Ош шаарында Муратаалы Күрөнкеев атындагы музыкалык окуу жайдын филиалында кыргыз музыкалык аспаптар бөлүмүндө билим алуудан башталган.
2001-жылы жыйынтыктоо сынактарын ийгиликтүү тапшыргандыгым үчүн, мага Консерваториядан же Искусство институтунан билим алууга жолдомо берилген. Ал кезде жаштык кылып, ордо калаага окууга келбей койгом. Үйдүн эң кенжеси болгондуктан, ата-энеге каралашыш керек эле.
- Обон жаратууга кимдер түрткү берди?
- 1970-80-жылдарда Асанкалый Керимбаев, Токон Эшпаев, Түгөлбай Казаков аттуу залкар обончулар жана алардын жараткан ырлары мен үчүн баалуу. Бул адамдардын ар бир чыгармалары элдин жүрөгүнөн орун алган. Менин да чыгармачылык ишке киришип, обон жаратуума ушул инсандардын түрткүсү бардай.
- Ырларыңдын сөздөрүн да өзүң жазасыңбы?
- Эми мен акын эмесмин. Бирок, кээ бир обондорум сөз сурап, көкүрөктөн чыгып кетет. Андай учурда нагыз акындар менен кеңешип, ыргак, муундарын тууралайбыз. Маанисин тереңдетип. Жөн эле "мен келдим, сен келбедиң" дей бербей.
- Музыка дүйнөсүнө сүңгүп кеткен чыгармачыл адамдардын, кеч болсо да билимин уланткандары жок эмес. Сенин андай оюң жокпу?
- Көөдөндө жаткан нерсеңди кылмайынча тынч жата албайсың. Жаш кезде калган өкүттү орундатып, окуумду тереңдетсем жаман болбойт эле. Аны мен деле түшүнүп турам. Алдыга үмүт кылып, мүмкүн жеке түрүндө Улукмырза Полотов агайдан вокал жагынан сабак алсамбы (?) деп коем.
- Комузду таштайсыңбы?
- Комузду таштабайм. Училищеден жеткиликтүү эле билим алдым. Анын жардамы тийип атат. Жараткан обондорумдун басымдуусу ушул аспаптын коштоосунда. Кыргызча колориттен алыстай турган максатым жок.
- Үйлөнүп, жайлангансыңбы?
- Чыгармачылыгымдын эргүүсү башатала электе үйлөнүп, жайлангам. Үйлөнөт десе эле үйлөнүп. Бир кыз, бир уул бар. Турмуш тиричиликтен оолаксынып, обончулук, ырчылыктын казанына толук кайнай баштаганымды сезген ата-энем жана бир туугандарым, мага шарт түзүү иретинде жанымды жай коюшту.
- "Чымыны бар" адамдарды коомчулук көп түшүнө беришпейт. Бул жагынан кантип атасың?
- Чыгармачылыкта, үйбүлөң биринчи кезекте түшүнүү менен мамиле кылса дейт экенсиң. Тилекке каршы, келинчегимдин кесиби бул жактан алыс болгондуктан, көп учурда карама-каршылыктар болгон. Болгон үчүн көп нерселерге жетишпей келгем.
- Кандай каршылыктарды көрсөтчү эле?
- Аялымдын "сен ырчы болсоң, башкага кетип каласың" деген проблемасы бар. "Көрүнүктүү адам болуп кетип, башкага кетип калышың мүмкүн" дейт.
-Сүздүрүп койсоң керек да?
- Абдылда Иманкулов байкебиз айткандай, "аял киши түнкү саат 12ге чейин жакшы ойлорду ойлонуп отурат экен. Андан кийин аялдын мээсине бир неме "тык" этип, фантазиялары өтө эле өрчүшүп кетет" деп айтып калат. Анын сыңарындай, биздин жумуш көбүнчө күндөп-түндөп концерт коюп кетип калып атабыз. Кай жерде, кайсы убакта бошойбуз белгисиз болуп калат. Анан, андай жаман көрүнүп же бир-эки жолу тутулуп, сүздүрүп албасаң деле ойлой берет тура. Ушу убакка чейин сүздүрүп алган эмесмин.
- Эргүү кандай учурда келип калат?
- Бирөөгө көзүң кадалып туруп, ошого арналып чыгып кетиши ыктымал. Эми ар кандай. Мисалы, менин биринчи ырым айылга кетип бараткан жолдо жаралган. Ручка, барак жок. Бирөөнүн тамекисинин сырткы коробкасына, жолдо катар ыр жазып баргам. Кээде, үйбүлөмдүн маңдайында отурсаң келип калат. Баарын жыйыштырып, музыкалык аспапка отура жазып киресиң. Аягына чыкмайынча ордуңдан жылбай иштеп.
- Обондоруң көппү?
- Өтө эле көп дегенден алысмын. Кээ бирлери, "бир жыл ичинде он чакты ырга обон жаздым" десе таң калам. Меники андай эмес. Жарым жылда бир обон жарататтырмын. Аны дагы аябай кынаптап, сулуулап атып. Бүгүнкү күндө, репертуарымда жеңил-желпи ырлар жокко эсе. Бардыгы тең мааниси терең болуп, жүрөктөн чыккандар.
- Жакын арада жеке концерт берейин деген оюң барбы?
- Эптеп-септеп берип коюш, менин табитимдеги иш эмес. Концерттин жоопкерчилиги, жүгү деген болот. Жакшы ыр ышкыбоздору мени көп деле биле беришпеген чыгар. Бул жагынан алып караганда, мага эртерээк го дейм.
Сурат Жылкычиев