кыргыз тилиндеги гезит "Учур"
email • архив • редакция 
15-апрель, 2010-ж.:
1-бет
Жалал-Абадда ок атышуу болдубу?
2-бет
"Портфель-мародерлугунан" бийик туруп…
3-бет
Д.Медведев: "Кыргызстандагы абалга бийлик күнөөлүү"
4-бет
Таласта куралдар кайтарылууда
5-бет
Канкорлукка каршы
6-бет
Бакиевдин режиминен ок жегендер
7-бет
Өмүрчиктин "өнөрүнө" баракелде!
8-бет
Эх Асел, Оксана… Кыйынсыңар да!
9-бет
Н.Мотуевге кылмыш иши козголду
10-бет
Э-эх, мародер...
11-бет
Эр жүрөк баатырлар, элдин жүрөгүндө!
12-бет
Жакыпбек Абдылдаев, акын:
"Каржы каатчылыгы кекиртектен алып..."

13-бет
Быкмын деп, букамын деп мактанды эле.
Бык эмес али байлоо торпок тура...

14-бет
Спорт агентигинде жаңы жетекчи
16-бет
Жансоога сураган М.Эшимканов

Кыргыз гезиттеринин жањылыктары •

Поиск
Керектүү материалды ушул жерден издегиле:
ggle_h


Жалал-Абадда ок атышуу болдубу?
Кечээ кечки саат 10дон өткөндө Жалал-Абад шаарында ок атышуу болуп, белгисиз куралчандардын тобу салгылашканы маалымдалды. Эки тарап 10 минутага чейин атышып турду дейт. Азырынча жаракат алгандар боюнча кабар ала албадык. Бул кайсы каршылашкан топтор экени белгисиз. Эгерде Түштүк жергесинде мындай ок атышууга чекит коюлбаса, анда оор кырдаал курчуп, мамлекеттүүлүккө шек кетпесе дейсиң.

Ж.Бакиев ок атууга буйрук бергенин айтты
Укук коргоочулар Азиза Абдрасулова жана Төлөйкан Исмаилова Жалал-Абадга барып, Курманбек Бакиев жана анын иниси Жаныш Бакиев менен сүйлөшүүлөрдү жүргүзүшкөн. К.Бакиев жеке керт башына жана үйбүлөсүнө коопсуздук сурап, буга чейин кайталап келген талаптарын дагы бир ирет кайталаптыр. Анан дагы азыркы убактылуу өкмөттүн мүчөлөрүнүн ичинен Роза Отунбаевага ишенерин айткан. Ал отставка боюнча арызды алуу үчүн убактылуу өкмөт мүчөлөрү Жалал-Абадга барыш керектигин, алардын коопсуздугуна жооп берерин билдирген. Ал эми иниси Жаныш Бакиев ок атууга команда бергенин мойнуна алган. Бирок команда бергендерден ал жалгыз эмес экенин кошумчалаган. Айтымында, Ж.Бакиев президенттин жеке коопсуздугуна жооптуу болгон. Ал эми Акүйдө Данияр Үсөнов менен катар бир канча башка министрлер, УКМК төрагасы дагы буйрук бергенин кыйыткан.

Кыргыз милисасы аянтка чыгат
Эртең эски аянтка милиция кызматкерлери жыйналып, тартип сакчылары экендигин тастыктаган күбөлүктөрүн таштоого ниеттенип жатышкандыгы туурасында маалыматты www.atamekenkg.com сайты жарыялады. Бул аракети менен кыргыз милисалары "Биз элди коргойбуз, ал эми бизди ким коргойт?" деген нааразылыгын билдиришмекчи. Кошумчаласак, милисалардын арасында да бул акцияга аралашкысы келбегендер да бар.








ggle_v


oh_kaptal
WebMoney кошелек:
Z189154646502
R429713653063

Яндекс цитирования
ggle_v


Курс валют
Курсы валют к сому


Тагыраак көрсөткүчтөрдү
Кыргыз Улуттук Банкынан табасыз: биерде >>


Кыргыз гезиттеринин жањылыктары •
Балбай АЛАГУШОВдун
казынасынан:

Жазуучу Чыңгыз АЙТМАТОВ
жана композитор
Муратбек БЕГАЛИЕВ

жазуучу Айтматов менен композитор Муратбек Бегалиев
“Чыңгыз Айтматов жана доор” аттуу түрмөктүн жаңы саны композитор Муратбек Бегалиевдин залкар жазуучу Айтматов менен чыгармачылык байланышына арналды.



“ДОЛОН” ЫРЫ
КАНТИП ЖАРАЛГАН?

Чынгыз Айтматов
1961-жылы жазуучу Чыңгыз Айтматовдун “Кызыл жоолук жалжалым” аттуу лирикалык повести “Дружба народов” журналына жарыяланат. Белгилүү обончу, эл артисти Калыйбек Тагаев “Долон” аттуу ырды жазат..



ДИЛШАТ КАНГЕЛДИЕВА:
«ӨЗҮБҮЗДҮН АСПАПТАР МЕНЕН СЫЙМЫКТАНАМ»

Dilshat Kangeldieva
Республикалык «Кубулжу менин ырларым», «ХХI кылымдын жылдыздары» аттуу телесынактардын лауреаты, комузчу, ырчы Дилшат Кангелдиева менен баардашуу.



НУРАК АБДРАХМАНОВДУН ТАЛАНТТУУ ШАКИРТТЕРИ
Нурак Абдыракманов шакирттери менен
Балбай Алагушов Нурак Абдрахмановдун классында болуп шакирттеринин өнөрү менен таанышкан...



УЛУУ ТӨКМӨ,
АЙТЫЛУУ ОБОНЧУ

Барпы Алыкулов
Акын Барпы Алыкулов залкар обончу, көрүнүктүү дастанчы болгон...



КЫРГЫЗДЫН
ТУНГУЧ РЕЖИССЕРУ

Кыргыздын тунгуч режиссеру Аманкул Куттубаев
Кыргыздын тунгуч режиссеру
А. Куттубаев кыргыздын профессионалдык опера өнөрүнүн тарыхында ысымы алтын тамга менен жазылган залкар режиссер катары калары шексиз...



КАРАМОЛДО ЗАМАНДАШТАРЫНЫН ЭСКЕРҮҮЛӨРҮНДӨ
Кыргыздын залкар комузчусу Карамолдо Орозов
Кыргыздын кайталангыс шыктагы алп комузчусу Карамолдо Орозовду «элдик музыканын тирүү классиги» дешкен...



ТАҢШЫЙ БЕР, САЛИМА!

Азыркы учурда эстрада ырчыларынын арасында жаш ырчы Салима Балтаеванын ысымы да сыймактануу менен айтылып келет...



«ТЕҢИРЧИЛИК -
АЛТАЙ ЭЛДЕРИНИН ДҮЙНӨ ТААНЫМЫ»

Tehirchilik
Теңирчилик боюнча ар кандай кызыктуу ойлор, сунуштар айтылды...



ӨЧПӨС ЭЛЕС,
ӨЧПӨС ЫРЛАР

ырчы Тєлєш Турдалиев
Белгилүү ырчы, аткаруучу, таанымал обончу, жамакчы
Төлөш Турдалиевдин туулган күнүнүн 85 жылдыгына...



ЭЛДИК ЭСТРАДА ЫРЧЫ
кыргыз эстрада ырчысы Алтынбек Сапаралиев
Кыргыз улуттук эстрадасынын
негиз салуучуларынын бири,
таанымал ырчы-аткаруучу
Алтынбек Сапаралиев...



АЙТЫЛУУ АСАН КАЙГЫ
Айтылуу Асан кайгы
Кылымдан-кылымга уламага айланган залкар шайырдын бири –
Асан Кайгы болуптур...



АК ТАҢДАЙ АКЫН
АШЫРААЛЫ 80 ЖАШТА

Кыргыз эл акыны Ашыраалы Айталиев
Ак таңдай төкмө акын, обончу-ырчы, таанымал дастанчы, эл артисти Ашыраалы Айталиев
80 жашка чыкты...



ӨЗҮ ӨЛСӨ ДА, ҮНҮ ӨЧПӨЙТ
Болот Миhжылкиев
Эл артисти Болот Миңжылкыевдин жаркын элесине арналган
"Өзү өлсө да үнү өчпөйт" аттуу музыкалык эстутум...



ТАҢШЫ, ГҮЛНУР!
ырчы Гїлнур Сатылганова
Таанымал эстрада ырчысы
Гүлнур Сатылганованын
бейнесине сүртүмдөр...



bottom
гезит сайтка чыгарылыш туралуу Жакшылык:
емейл:presskg@outlook.com
тел.: +996557106640
 0312 87 28 79
Сайт жөнүндө:
Бул айылда негизинен кыргыз гезиттери
электрондук тиркеме түрүндө жарыяланат.
Архивге, емейлге жана редакцияга шилтемелер
ошол гезиттин башбарагында берилген.
Жеке макала жарыялоого буйрутмалар кабыл алынат.
Сведения о сайте:
На сайте публикуются в основном кыргызскоязычные газеты в виде электронных подшивок данных газет.
Ссылки на архивы, емейл и данные о редакции
указаны на главной странице конкретной газеты.
Принимаются заказы на публикацию частных статей.
Алган материалга шилтеме бериңиз!  © J.Janyzak, Kyrgyzstan  Ссылки на взятые статьи обязательны!

Яндекс цитирования