Эл толкуну

6-7-апрель. Кыргызстан. Хроника
Талас: Б. Шерниязов баштаган лидерлердин бошотулушун талап кылышууда
7-апрель күнү эртең менен Таластагы облустук акимчиликтин алдында болжол менен үч миңден ашуун адам чогулду. Уюштуруучулар акцияга чыккандардын саны 7-8 миңге жеткенин билдиришти. Облустагы элдик курултайдын уюштуру комитетинин өкүлү Талас Кыдыралиев "Азаттыкка" алар түндө кармалган Болот Шерниязов баштаган адамдардын бошотулушун, Таласка алынып келинген милициялардын кетирилишин талап кылып жатканын билдирди.

Нарында каршылык акциясына чогулгандар облустук акимчиликке кирип барды
Нарындан келген кабарларга караганда, шаардык аянтка чогулган эл облустук акимиаттын имаратына кирип барды. Губернатор Алмазбек Акматалиев акимиаттын ичинде.

Лидерлер бошотулсун!
Жер-жерлерде эл чогулуп, оппозиция лидерлеринин бошотулушун талап кылышты. Куралданган милиция кызматкерлери абалга көз салышууда.

"Стан-Медианын" жетекчиси кармалды
Бул тууралуу НТВ телеканалынын кабарчысы маалымдады. Маалыматка караганда, "Стан-Медианын" жетекчиси Кирил Степанюкту Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик кызматтын кызматкерлери кармап кетишти. Буга чейин "Стан-Мэдианын" жабдуулары камакка алынган эле. Финполиция бул аракетти "Стан-Медиа" мыйзамсыз компютерлер алганы менен байланыштырган.

Сокулукта эл Бишкек жолун буушту
Сокулук районунун борборундагы Маданият үйүнүн алдына чогулган эл азыр Бишкек жолун буушту. Элдин алдында атчандар бар. Алар тез аранын ичинде "Ак шумкар" партиясынын лидери Темир Сариевдин бошотулушун, бул талапка жооп берүү үчүн райондун акими эл алдына келсин, деп талап кылышты.

"Форумда" кагылышуу жүрүп жатат
Кабарчыбыздын маалымдоосуна караганда, Алматы көчөсүндө жайгашкан "Форум медианын" алдында милиция менен митингчилердин ортосунда кагылышуу жүрүп жатат. Чогулган адамдар саны 2-5 миңдей экени кабарланууда. Милициянын атайын кызматтагы жоокерлери "Форумдун" алдынан сүрүлүп салынды. Алардын эки автобусу адамдардын колуна өттү.

"Форумда" милиция кызматкерлеринин куралдары тартып алынды
Бул тууралуу "Азаттыктын" кабарчысы окуя болуп жаткан жерден билдирди. Маалыматка караганда, чогулган адамдар милициянын атайын багыттагы айрым жоокерлеринин куралдарын тартып алышты. Милициянын эки автобусу өрттөнүп жатат.

Кербенде эл бийлик өкүлдөрүн кызматын тапшырышын талап кылышты
Түшкү саат бирлерге жакын Жалал-Абаддагы Кербен шаарында Элдик курултай башталды. Алар шаардагы кинотеатрдын алдына чогулуп, Аксынын акими, прокурору менен жолугушту. Элдик курултайдын катышуучулары түндө камакка алынган оппозиция лидерлеринин бошотулушун, электр энергиясына баалардын арзандатылышын талап кылышты.

Таласта милиция элди таш менен ура баштады
"Азаттыктын" кабарчысынын маалымдашынча, Талас облустук Ички иштер башкармалыгынын жанына чогулган элди милиция кызматкерлери таш менен урду.

Алайда миңден ашуун киши чогулду
"Азаттыктын" кабарчысынын билдирүүсүнө караганда, Алай районунун борбору Гүлчөдө миңдей эл чогулуп, түнү менен кармалгандарды бошотуу талабын коюп жатышат. Райондук бийликке бошотуу үчүн бир саат берилди.

Токмок: эл Чүй райондук акимчиликти көздөй жөнөштү
Кабарчыбыздын маалымдашынча, азыр Токмокто автобекеттин жанына чогулгандарга Токмоктун мэри Канатбек Исаев менен Чүй районунун акими Жумабек Болотканов келди. Курултайга келгендер аларды эл тарапка өтүшүн талап кылышты. Алардан жооп алалбаган миңдеген адамдар азыр Чүй районунун акимчилигин көздөй жөнөштү.

М.Конгантиев милиция кызматкерлерин алып чыгып кетерин билдирүүдө
Таластан кабарчыбыздын кабарлоосуна караганда, ИИМдин Талас облустук имаратында милиция кызматкерлери менен турган ички иштер министри Молдомуса Конгантиев курчап турган элге кайрылып, милиция кызматкерлерин чыгарып кетүүгө мүмкүнчүлүк берүүнү сурады. Бирок чогулган эл Таласта, Бишкекте кармалган кишилер бошотулгандан кийин андай мүмкүнчүлүк берилерин билдирүүдө.

Сокулук районунда элдик аким шайланды
Cокулук районунун акими болуп Эркин аттуу адам шайланганын "Азыттыктын" угармандарынын кыймылынын жетекчиси Өндүрүш Токтонасыров билдирди. Анын айтымында, акимчиликти курчап турган милиция кызматкерлери туш-туш тарапка тарап кетишти. Райондун азыркы акими эл менен экенин айтып, азыр демонстранттар менен турат. Сокулуктагы Элдик курултайга келгендердин бир бөлүгү Бишкек-Ош жолун толук бууп турушту. Алардын арасында "Ак шумкар" партиясынын желегин көтөргөн атчандар бар.

Москва районунун алдына 2000ге жакын киши чогулду
Район акими эл менен тилектештигин билдирди. Райондук ички иштер бөлүмүнүн жетекчиси митингчилердин тарабына өтүп, тартип коргоо кызматкерлерине курал колдонбоо тууралуу буйрук бергенин Социал-демократиялык партия кабарлады.

Нарында желим октон төрт адам жарадар болду

"Азаттыктын" кабарчысынын маалымдашынча, 7-апрель күнү Элдик курултайга чогулгандар Нарын облустук Ички иштер башкармалыгына кирүүгө аракет жасашты. Демонстранттар бир милиция кызматкерин ур-токмокко алышканы белгилүү болду. Милиция желим ок менен атты. Азыр митингчилер кайрадан Нарын шаарындагы борбордук аянтка келишти.

Токмокто митингчилер Чүй райондук акимиятты ээлеп алды
Аким эл алдына чыкты. 250дөй милиция кызматкерлери менен атайын даярдыктагы күчтөр каршылык көрсөткөн жок. 5000дей киши Токмок мэриясына жол тартты. "Азаттыктын" Жазгүл Жамангулова маалымдады.

Ак үйгө чабуул жасалууда
Ак үйдүн алдында куралчан жоокерлер жана милиция турат. Митингчилердин колдорунда да курал бар деген маалымат бар.

Талас: Ички иштер башкармалыгына май куюлган бөтөлкөлөр ыргытылууда
Кабарчыбыздын маалымдашынча демонстранттар Талас облустук Ички иштер башкармалыгына май куюлган бөтөлкөлөрдү ыргытууда. Милиция кызматкерлери митингчилерди желим ок, көздөн жаш агызчу газ менен атып жатат. Башкармалыктын имаратында ички иштер министри Молдомуса Конгантиев бар. Ал мындан мурдарак митингчилерге кайрылып милиция кызматкерлерин алып кетүүнү суранган.

Аксыда элдик аким болуп Кадыркул Өмүрбеков дайындалды
Элдик курултайга келгендер Аксынын акимчилигине кирип барышты. Ошол жерден элдик аким болуп Элдик курултайдын аткаруу комитетинин мүчөсү Кадыркул Өмүрбеков дайындалды. Райондук Ички иштер бөлүмүнүн башчысы болуп Сартпай Жайчыбековду шайлашты. Ал элди тартипке, баш аламандыкка жол бербөөгө чакырды.

Таласта ИИМдин башкармалыгы басылып алынды
Бул тууралуу "Азаттыктын" кабарчысы кабарлады. Учурда имарат күйүп жатат.Ал жерде ички иштер министри Молдомуса Конгантиев болгон. Азыркы мезгилде алардын тагдыры белгисиз.

Алайда кармалган лидерлер бошотулду
Бул тууралуу Исмаил Исаковду коргоо комитетинин төрагасынын орун басары Ормонбек Токобаев билдирди. Кечээ түнү менен Алайда жети лидер кармалган. Алар бошотулду. Токобаевдин айтымында,Гүлчөдө чогулган эл кармалгандарды бошотуу талабын коюшкан. Гүлчөдө учурда жети жүздөй кишинин турганы кабарланган.

Митингчилер Талас облустук ички иштер башкармалыгынын ичине кирип барышты
Короонун ичинде бир жүк ташыган унаа жана милициянын бекети күйүп атат. Милиция митингчилерге күч колдонуп жатканын жеринде жүргөн кабарчыбыз маалымдады. Азырынча канча адам жараат алганы белгисиз.

Акүйдүн алдында беш адам окко учту
Бул тууралуу окуянын күбө маалымдады. Маалыматка караганда, ок эки тараптан тең атылды.