Ассоль аткаминер айымдарды кийинтет
Шоуледи жана акыркы кездери өздүк брендин иштеп чыккан Ассоль Молдокматова жакында "Саясаттагы айымдар" аталган маданий долбоорун ишке ашырат. Бул туурасында Ассоль өзү жар салып, бул долбооруна катыша турган кыргыз коомчулугунда кеңири белгилүү айымдардын ысымдарын атады. Алардын арасында, Жогорку сот Жаңыл Алиева, вице-премьер Тажикан Калимбетова, вице-спикер Чолпон Баекова жана айым министрлер бар. Булардын катарына мыйзамчы айымдар да кошулмакчы. Долбоордун алкагында, Кыргызстан, Россия жана Казакстандын саясатчы айымдары үчүн кыргыз оюу-чиймелери салынган иш костюмдары даярдалат. Ал эми аталган көргөзмө Бишкекте май айына белгиленүүдө.

"Манас" деп ураан чакырып...
"21-кылымдын Манасчысы" аталган эл аралык сынак жарыяланды. Бул боюнча, "Манас-Мурас" жана "Айтыш" коомдук фонддору билдирди. Улуу рухтун касиетин даңазалап келаткан 16 жаштан улуу манасчылар аталган сынакта күч сынашат. Конкурстун соңунда эки гана манасчы калтырылып, алардын арасынан бир жеңүүчү табылат. Сынактын байге фонду - 1 млн.сом.

Мультфильмге айланчу эпос
Кыргызстанда "Манас" эпосу боюнча балдарга арналган мультфильм тартылат. Мындай ниетин өлкөнүн Маданият агенттигинин директору Ибрагим Жунусов кечээ парламентте билдирди. Анын айтымында, 20 сериядан турган мультфильмдин сценарийин алып келгендер болгон. Кыргызстандын маданиятын алдыга сүрөчү Ибрагим мырзанын пикиринде, кыргыз наристелер америкалык мультфильмдердин каармандарын баатыр санабай, "Манас" эпосу менен тааныш болуулары тийиш.

Дайыр - күйөрмандарына демөөрчү!
Студенттик күндөрүн даңазалаган Дайыр Исмадияров гастролдук сапары менен Түштүк жергесинде. Жаңырчу жуманын алгачкы күнүнөн тарта Ош шаарында алгач ирет жеке концертин берет. Ал эми жаш ырчыны жакын санаалаш-мамилелеш сахналаштары Нурлан Насип, Сайкал Садыбакасова, Бегимай Эсенгулова, Ильяз Андаш, Замир Мырза, Айдин Шер менен бирге кудуулдар да коштомокчу. Эске салсак, Дайыр Исмадияров Ош шаарындагы ыр кечесинде Ысык-Көлгө эки кишилик жолдомо ойноторун жарыялаган.

"Титандардын кагылышы"
Ушундай аталыштагы тасма бүгүнтөн тарта дүйнөлүк кинотеатрларда көрсөтүлө баштайт. Узактыгы 115 мүнөткө созулуп, жанры боюнча боевик-фантастика. Башкы ролдордо Сэм Уортингтон, Лиам Нисон, Рейф Файнс ойношот. Эске салсак, Сэм Уортингтон "Аватар" тасмасынан соң, зор популярдуулукка жетишкен. Ал эми "Титандардын кагылышында" ал Байыркы Грециядагы Персейдин ролунда.

"Мен кыргызмын"
Гүлзат Байзакова, Дилшат Кангелдиева, Нуриса Абазова өңдүү жети ырчы айымдардан турган "Досторго" тобу "Мен кыргызмын" деп аваз салышты. Мындай аталыштагы патриоттук ырды аталган кыздар курама тобу Улуу жеңиштин 65 жылдыгына карата даярдашкан. Эске салсак, жакында эле узаган Нооруз майрамында "Бекбекей" ырын элге белек кылышкан.

Кундуз махабатка кабылдыбы?
Мүчө-боюн ырга салып, элге таанылган Кундуз Канатбек кызынын жүрөгүн ээлеген жан табылган өңдөнөт. "Бир сен үчүн" деп жар салып калганында бир кеп бардай. А балким, сүйүүгө кабылганы анык болсо, ак жоолук салынып калгысы да бардыр. Анткени, Кундуз быйыл жогорку билимин тастыктаган дипломду колуна алат. Эске салсак, Кундуз Канатбек кызы Кыргыз улуттук университетинин Экономика адистиги боюнча билим алат. Ал эми турмуш чындыгында, баарынан үй-бүлөнү бийик коерун айтып келет.

"Бумерчен" Ильяз
Жаш ырчы Ильяз Андаш угарман-күйөрмандарын кайгырбоого чакырып, жаңыдан чыгып келаткан сахналашы Медер менен "Жок, жок, кайгырба" деген дуэт жаздырды. Ыр даярдап гана тим болбостон, аны экрандаштырууга да үлгүрдү. Клиптин сюжети туурасында азырынча ооз ачпай, сыр сактоону чечкен ырчы болгону өтө заманбап болгонун гана кошумчалады. Баса, жакында эле Ильяз Андаш мурдагы машинесин "Бумерге" алмаштырды.

Бишкек таттуу татым алабы?
Кыргызстандын борбор калаасынын күнүнө карата Бишкекте кондитердик азыктардын фестивалы өтөт. Фестиваль "Таттуу Бишкек-2010" аталып, анда шаар тургундарынын назарына Бишкекте өндүрүлгөн ажайып кооз жана тамшандырган таттуу азыктардын сансыз түрү коюлат.

Даярдаган Айым НУРЖИГИТОВА