Бири кем дүйнө...

МИКАЭЛЬ, элесиң дайым биз менен!
Туура бир жума мурун шоумен жана ырчы Микаэль аттуу жигитибизден айрылдык. Анын өлүмү, ким өлтүргөнү дале табышмак бойдон. 24 жаш курагында белгисиз бирөөлөр тарабынан 27 (!) ирет бычакталып, бул дүйнө менен кош айтышты. Сөөгү табылган батиринин номуру 42 экен. Тескери алып карасак, 24! Ушундай жапжаш курагында ата-энесин, биртуугандарын сыздатып, күйөрмандарынын жүрөгүн ачыштырып кете берди. Жаркылдаган, жанындагыларды дайым жаркын маанайга үндөгөн Микаэль дайым эсибизде! Ал менен март айын утурлап кезигип, жылуу маек курдук эле. Келечек максаттарынан кеп салган. Аларды орундатууга үлгүрбөдү. Маеги көзү өткөндө жарыяланып отурганы биз үчүн да оор...

Кыргызмын! Кыргыз болгондон кийин кыргызча так сүйлөөгө тийишмин. үйдө ата-энем менен кыргызча сүйлөшүүгө аракет жасайм. Жакын досторум менен деле кыргызча баарлашабыз.

- Акыркы кезде шоумендикке көбүрөөк басым жасагандайсың...
- Мурдатан эле клубдарда шоу программаларды алпарып жүргөм. Продюсерим менен таанышып калгандан кийин гана ырга аралаштым. Негизинен, ырдап чыгуу менин бүткүл эңсөөм, каалоом эле. Азыр да ар кандай кече, телеберүүлөрдө алпаруучулукту аркалап келе жатканыма күбөсүңөр. Менимче, экөөнү тең бирдей алып кете алам деген ойдомун.
- Түнкү клубдагы ишмердигиң дале уланып атабы?
- Ал жакта менсиз болбойт да (күлүп). Андан сырткары, лаунч-барларда да иштеп калам. Бир эле арт-директор эмес, менеджер, уюштуруучу катарында да иш алпарам. Түнкү Бишкекти жактыргандар үчүн ар дайым жаңы стилде эс алууну куруп беребиз. Жаштардын тили менен "тусовкалардын" багытын, темасын улам жаңылап уюштурабыз. Биздин өнөр адамдарын чакырабыз, сырттан мейман жылдыздар келген учурлар көп. Клубдагы ишмердигим да шоуга байланышкан.
- А бул ишмердигиңдин чыгармачылыкка кедергиси тийбейби?
- Чынын айтайынбы? Жетишпейсиң, бир аз тоскоолдук кылат. Азыраак уктайсың. Ага карабастан, баштаган ишти улашың керек. Ыр жаздырып, радиолорго таркатып дегендей... Кыргыз тилиндеги "Сүйүү сырлары" деген жаңы ырым чыккан. Эң алгач "Миң кыял FM", кийин дагы башка радиолорго бергем. Кудай буюрса, угуп каласыңар.
- Бишкектик жаштардын түнкү шоуларына көп күбө болуп жүрсөң керек. Жаштарыбызда ыйман маселеси кандай?
- Жаштар эс алуу үчүн түнкү клубдарга келген учуру көп. Өздөрүн клубда алып жүрүүнү билгендер да, билбегендер да бар. Менимче, анын баары алган тарбиясынан көз каранды. Айрымдары спирт ичимдиктерин таткан күндө да, өздөрүн туура алып жүрө алышат. Мушташып кеткендер да жок эмес. Бирок, бир тартип бузгандар экинчи ал клубга киргис болушат. Анткени, фэйс-көзөмөл бар. Кыргызстандан көбүрөөк сыртка чыгып жүргөндөр да клубда өзүн алып жүргөнүнөн байкалып калат. Пайыздык деңгээлде карасак, жаштарыбыздын сексен пайызы клубдук маданиятты карманышат.
- Алардын арасында кыздарчы?..
- Кыздардын тамеки тартканы болбосо эле, клубдарга алар дайым майрамга келгендей жасанып келишет. Көпчүлүгү арак эмес, коктейль, шарап же шампан ичкендерин байкап жүрөм. Бирок, алардын деле өздөрүн эл арасында алып жүрүшү үйүндө алган тарбиясына жана чөйрөсүнө жараша.
- Эң жаман нерселер түнкү клубдан башталат дешет го, кошуласыңбы?
- Жогоруда айткандай эле, баары адамдын өзүнөн. Эгер алкоголду көтөрө алса, мушташпаса, жаштар керээлден кечке окуп, иштеп жүрүп, майрам же эс алуу күндөрүндө түнкү клубдарга келип бийлеп, бир аз эс алып кеткенинде жаман нерсе жок. Мен билгенден дал ушул түнкү клубда таанышып, баш кошкондор бар. Үйлөнүү үлпөтүнөн соң, клубга келип бийлеп кеткендер да жок эмес. Тескерисинче, клуб эс алуу маданиятын көтөрөт.
- Азыркы кезде кыргыз тилге басым жасап, кыргызча да таптак сүйлөп калыпсың...
- Менимче, ар бир адам өз эне тилин жүз пайызга билбейт. Кыргызмын! Кыргыз болгондон кийин кыргызча так сүйлөөгө тийишмин. Үйдө ата-энем менен кыргызча сүйлөшүүгө аракет жасайм. Жакын досторум менен деле кыргызча баарлашабыз. Бирок, иште орусча сүйлөшкө туура келет. Ачыгын айтсам, өз эне тилимди 60-70 пайызга гана билем десем жаңылышпайм. (Ред.- Микаэль кыргыз, орус тилдеринен тышкары, англис, түрк тилдеринде да эркин сүйлөй алчу).
- Бир ирет басылмалардын бирине түркмөн кызы менен түшкөн сүрөтүңдү берип, мамилеңер соңуна чыгып калганын билдиргенсиң. Деги келин бала кыргыздын эле кызы болобу?
- Ооба, эсимде. Ал кызды сүйүп, көпкө достошуп жүргөнбүз. Бирок, буйрук экен, ортодо азыр эч кандай мамиле жок. Шашылбастан, өз бизнесимди баштап алып, жок дегенде үч-төрт бөлмөлүү квартирага жетип, анан үйлөнсөм деп жүрөм. Бирок, ата-энем эки жыл аралыгында эле үйлөнткүсү бар. Бирок, менин алдыга койгон максаттарым арбын. Өзүм да ырды таштабай, ырдайм деп ашыккан жаш таланттарга да жардам бере турган ниеттерим бар.
- Үйлөнөрдө улутуна карабайсыңбы?
- Сүйүү сокур болот дешет. Сүйүп калсаң, эч нерсеге карабайсың. Мен улутчул эмесмин. Адам өзү жакшы, ички дүйнөсү таза, татына болсо болду. Ал эми байлыгы эч кандай мааниге ээ эмес. Өтө деле сулуу аял алгым келбейт, жылдыздуу, жагымдуу, тарбиясы жакшы, көрөңгөсү кеңири бир кыз менен турмуш кургум келет, Кудай буюрса...

Маектешкен Айым НУРЖИГИТОВА