К.Бакиев өлкөдөн чыгып кетти
Кечээ кечки саат 21.00дө президент Курманбек Бакиевдин учагы "Манас" аэропортунан учуп кеткени кабарланды. Бул маалыматты REGNUM маалымат агенттиги билдирди. Такталбаган маалыматтарга ылайык, ал аэропорттун имаратынын ичине кирбестен, түздөн-түз самолетко жеткирилген. Учак кайда кеткени белгисиз. Техникалык жагдайлардан алып караганда, К.Бакиев учкан самолеттун күйүүчү майы чектеш өлкөлөргө гана жетээрин, андан ары кайра май куюш керектигин орус массалык маалымат каражаттары кабарлады.