Кай заман?

Зөөкүрлүк, ээн баш жоруктарга жол жок!
КР Башкы прокурору Нурлан Турсункуловго
Кайрылуу
Урматтуу Нурлан Жанышович! 25-март күнү "УЧУР" гезитинин редакциясына президенттикке экс-талапкер Нурлан Мотуев эртең менен келип, 4 компьютерди талкалап кеткенинен кабардар болсоңуз керек. Бул боюнча дээрлик бүт маалымат каражаттары жазып чыгышты. Мотуев өзү да жасаган ишин моюнга алып, "4 компьютерди талкаладым" деп жар салганына коомчулук күбө болду. Окуя болгондон кийин Октябрь райондук жана Бишкек ШИИБинин кызматкерлери да келишти, жасалган ээн баштык ишке күбө болушту. Текшерүү иштери болуп, арыз да жазылды. Биз моралдык-материалдык жактан катуу жабыркадык. Бирок, андан бери бир жума убакыт өтсө дагы, тартип коргоо кызматкерлери Мотуевге мыйзам чегинде чара колдоно элек. Редакциянын ишин бүлгүнгө учуратканы аз келгенсип, ал акылга сыйгыс ишин бүт Кыргызстанга даңазалап, андан сырткары, "эмки кезекте башын, колу-буттарын сындырам" деп бизге карата коркутуу-үркүтүү маанисинде билдирүү таратканга да жетишти. Албетте, анын мындай алабарман сөзүнөн эч ким коркуп калбайт. Бирок, мыйзамдуу, демократияны сыйлаган өлкөдө мындай көрүнүштөр болбошу керек эле. Же биз Африканын жапайы дүйнөсүндө жашап атпасак…
Дал ушул жерден өткөн мисалдарга токтоло өтөлү. Балыкчы окуясы боюнча жок жерден күнөөлөнүп, 19 адам камакка алынганы эсибизде. Ошол адамдар мамлекеттин имаратын талкалаган эмес, атургай колдору терезеге да тийбептир. Натыйжада карапайым адамдар камалып, аягы кесилип кетишти. Ал эми биздин редакциябызды талкалап, саясый мекемеге кол салган Мотуев ээн-эркин жүргөнүнө кандай дейсиз? Тең укуктуулук деген кайда? Мунун кылган ишин биз кылмыш катары баалайбыз. Сиз Башкы прокурор катары мыйзамдуулуктун сакталышына көзөмөл кылышыңыз керек. Эгерде Мотуевге кылмыш иши козголбосо, мыйзам негизинде жазаланбаса, анда бул ишти бийликтин атайын жасаган буйругу катары түшүнөлүбү? Ансыз да бүгүнкү күндө эркин массалык маалымат каражаттарына кысымдар болуп атканы өкүндүрөт. Кыргызстан сөз эркиндигин, адам укуктарын, дегеле демократияны сыйлаган өлкө болсо, мындай жоруктар болбош керек эле. "УЧУР" гезитине жасалган ушул зөөкүрлүк ишти уккан мекендештерибиз редакцияга телефон чалышып, өтө кабатырланышып, тынчсызданганын билдиришүүдө. Мотуевдин бул окуясы бир катар эл аралык сайттарга чейин басылып кетти. Мындан ары эркин басылмага карата кыргыз бийлигинин мамилеси кандай болот (?) деп, сырткы коомчулук да саресеп салып турганын эсиңизге алышыңыз керек. Андыктан "УЧУР" гезитинин жабыркаганын эске алып, Мотуевдин кылган жоругуна жараша мыйзамдуу негизде чара колдонуп бериңиз. Кокус мындай иштер өз баасын албаса, анда коомчулукта кылмыш кылуу, анан кылмыштарын жар салуу, мактануу жоруктары өнөкөткө айланып кетери ажеп эмес. Ушул маанидеги жосундун биринчи үлгүсүнө күбө болдук. Буга чейин мындай зөөкүрлүк иш жасагандар коомчулукка жар салчу беле? Укпаптырбыз.
Урматтуу Нурлан Жанышович! Сиз Кыргызстандагы мыйзамды көзөмөлдөөчү органдын башында тургандыктан, бул ишке кайдыгер карабашыңыз керек! Сизге ишеним менен кайрылып атабыз. Бүгүнкү коомдогу ээн баш жоруктарга жол жок экенин тастыктап бериңиз!
Асланбек САРТБАЕВ,
"УЧУР" гезитинин башкы редактору




  Кара мышык аралап

НТВ: Бакиевдер үчүн үйбүлөлүк бюджетин толуктоо биринчи планда
Акыркы мезгилде Россиянын массалык маалымат каражаттары Кыргызстан бийлигинин саясатын ур-тепкиге алып жатып калышты. РТР, НТВ каналдары, бир катар гезиттери Бакиевдердин бийлигин сындаган макалаларын байма-бай чыгарышууда. Ошолордун бири НТВ каналынан берилген сюжет болду. Аны которуп окурмандарга сунуш кылдык.

Кыргызстанда "жоогазын революциясынын" 5 жылдык юбилейин белгилөө оппозициянын көптөгөн каршылыктары менен коштолду. Мамлекет башчысы коррупция менен үйбүлөлүк башкарууга чырмалып калды деп айыпталууда. Президенттен коммуналдык кызматтарга болгон тарифтерди арзандатып, чечүүчү кызматтардан өзүнүн жакын туугандарын, биринчи кезекте массалык маалымат каражаттарда эл аралык криминалдык чатак менен байланыштырылып жүргөн уулу Максим Бакиевди кетирүүнү талап кылууда.
Кыргыз өкмөтүнүн эл аралык кеңешчиси Евгений Гуревичке эл аралык издөө жарыяланды. Италия соту болсо аны камакка алууга ордер берди. Ал шылуундук, акчаны мыйзамсыз ишке киргизүү боюнча жана мафия менен байланышы бар деп айыпталууда.

Өмүрбек ТЕКЕБАЕВ,
"Ата Мекен" партиясынын лидери:
- Гуревич белгилүү шылуун, эл аралык масштабдагы адис жана ал кандайдыр бир жол менен Кыргызстанга келип калып, Кыргызстандын дээрлик бардык активдерин башкарып калды.

Дал ушул Гуревич жакынкы күндөргө чейин Кыргыз бийлигине стратегиялык ишканаларды менчиктештирүүгө жана мамлекеттик активдерди башкарууга жардам берип келген. Алардын ичине президенттин уулу Максим Бакиев башкарган Өнүктүрүү фондунун каражаттары дагы кирет.

Вячеслав НИКОНИН,
саясат таануучу, "Саясат"
фондунун президенти:
- Бакиевдин кланы каржы жана экономика менен алектенет. Алар үчүн чоң үйбүлөлүк бюджетин толуктоого байланышкан маселелер биринчи планда турат.

Өткөн жылдын ноябрь айында Максим Бакиев атасынын буйругу менен ЦАРИИнин башчылыгына келген. Бул кызматка отуруу менен ал чоң-чоң акчаларды калчай баштаган.

Токтайым ҮМҮТАЛИЕВА,
Бейөкмөт уюмдар
ассоциациясынын төрайымы:
- Кыргызстандын бюджетин кармап турган объектилер менчикке өтүп кетти. ЦАРИИ башка инвесторлорду киргизбей, өлкөнүн орчундуу саясый объектилерин сатып атат. Булардын баарын бир гана жетекчи - мамлекет башчынын уулу көзөмөлдөп турат.
Мафиялык чатак элге билинип калгандан кийин Гуревич Кыргызстандан тез аранын ичинде чыгып кеткен. Бул тууралуу жазып чыккан массалык маалымат каражаттардын айрымдарына убактылуу бөгөт коюлса, айрымдары биротоло жабылган. Анткени, Кыргызстанда каршылыктын бардык түрүнө бийлик катуу жооп берет.
Беш жыл мурда "Үйбүлө кетсин!" деген чакырык "жоогазын революциясынын" лозунгу болгон болчу. Үйбүлөлүк башкарууга кирип алды деп айыпталган мурунку президент өлкөдөн чыгып кеткен. Ал эми кийинки президенттин үйбүлөсү андан дагы чоң чыкты - 7 бир тууганы, эки баласы бар. Улуусу жогорку кызматта, ал эми кичүүсү болсо Кыргызстандагы эң бай адамдардын катарына кирерине шек жок.

Топчубек ТУРГУНАЛИЕВ,
Саясый куугунтукка каршы
комитетинин уюштуруучусу:
- Ууурулук менен коррупция мамлекеттик саясаттын деңгээлине чыгып кетти.

Максим Бакиевдин аты Массалык маалымат каражаттарында Бишкек шаарында азыркы учурга чейин ишин улантып аткан "Алтын" зергер дүкөнүнүн контрабандалык иши жана рейдерлик басып алуу менен байланыштырылып келет. Буга "Утёс" пансионаты мисал. Алгач пансионаттын кожоюну Андрей Проскун менен Наталия Сиротинаны пансионатты өз каалоосу менен беришин сунушташкан.
- Бир кишилер келип бизге "50 пайызын Максимге бергиле, 50пайызы өзүңөрдө калат" деп айтты.
"Бербейбиз" дегенди уккан рейдерлер административдик ресурсту колдонуп, "Утёстун" кожоюндарына кылмыш ишин козгогон. Алар темир тордун артында отурганда пансионат жаңы кожоюндун карамагына өтүп кеткен. Орусиянын депутаттары мекендештерине жардам берүүгө аракет жасашкан, бирок жыйынтык чыккан эмес.

Виктор АЛКСНИС,
РФнын мамлекеттик
думасынын экс-депутаты:
- Заказ президенттин уулу Максим Бакиевдин пайдасына чечилген.

32 жаштагы президенттин уулу өзүнүн өндүрүштүк империясын рекорддук кыска мөөнөттүн ичинде куруп бүткөн. Анын аты базардагы баадан он эсе арзан сатылган Кыргызстандын кирешелүү ишканаларынын менчиктештирилиши боюнча байланыштырылып келет.

Алексей Малашенко,
саясаттаануучу:
- Тендерлерди дагы Бакиевдин адамдары гана утуп чыгат. Менимче, эң ири ишканалар боюнча 18 тендер жүргүзүлдү жана алардын баары Бакиевдердин колуна өттү.

Акчаларды мыйзамсыз ишке киргизүү, мафия, камакка алуу боюнча санкцияга байланышкан Гуревичтин кезектеги чатагы Бакиевдердин кланы үчүн башына кар түшкөндөй эле болду. Өнүктүрүү фондунун жетекчилиги шашылыш түрдө Гуревичтин компаниясын четке какты да, коомчулукту кабатыр болбоого чакырды.
Биринчи кезекте президенттин уулу Максим Бакиевге бериле турган суроолор көбөйгөн сайын анын актануусу кечикти. Азырынча, ал тараптан эч кандай комментарий болгон жок.
Которгон Дилбар АЛИМОВА